Предыдущая публикация
Жаш чырпыктар, четке кетет "элеңдеп"
Ошол байкуш "жаш чырпыктар" бар үчүн.
Үйдө, үйдөгүлөр жатат кенен жеп.
Эмне кылсын, бийликтики бул болсо.
Баарысы эле "чөнтөгүнө" кул болсо.
Булар деле, жүрбөй беле жадырап.
Мекенинде "жумуш-айлык-пул" болсо.
Айта берсең, аягы жок армандын.
Чындык калган, арасында жалгандын.
Өнүгүүгө жол каякта "билбеймин.
"Ууру-кески" башчыларга калган күн.
Бүгүн дагы, саясаттан козгодум.
Эл көйгөйүн, сыртка сууруп боздодум.
Анан эмне, кагылайын кыргызым.
Тирилик деп, каяктарга тозбодуң.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 42