Шарттарынан:
Малды мууздаган адам.
1-Мусулман болуусу керек
2-Бойго жеткен болуусу керек
3-Бойго жете элек болсо жакшы-жаманды ажыраткан болуш керек
4-Акылы жайында болуш керек
5- соо (мас эмес)болуусу керек.
(Задул мукниь,2/264)
Мухаммад Мухтар шынкийтый .
Шарият жолу менен мууздаган Китеп ээлери иудейлер, христиандардын мал-жандыктары адал болуп эсептелет.
Аллах таалам ыйык Куранда :
“ Китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды” (Маида сүрөөсү, 5-аят)
Ибну абас,Мужаахид, саид ибну Жубейр, Иькрима “тамагы”-деген сөздү :
(Китеп ээлеринин) сойгон мал-жандыктары -деп түшүндүрмө берген.
( Ибну касир )
2-Аллах тааланын атын- атап союу керек : (БисмиЛлаахи уАллааху акбар).
Анас рываят кылган хадисте: “Пайгамбарыбыз алайхи салам (курман айтта) курман чалып, Аллхтын атын атап жана аны улуктап, эки мүйүздөрү тең -бүтүн, аппак эки кочкор мууздады”.(Бухари,5565).
Аллах таалам ыйык кураанда:
Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле! (Анткени )Ал-анык бузукулук-деди. (Аньам сүрөөсү,121-аят).
3-Курч нерсе менен союу керек
(бычак, айнек, таштын курч кыры жана башка ушу сыяктуу нерселер жарай берет).
4-Жандыкты мууздаганда анын кокосу жана кекиртегин, күрө тамары менен кошо кесүү керек.
Пайгамбарыбыз алайхи салам :
”Аллахтын ысымы айтылып, кан агызылып союлган (мал-жандыкты) жей бер”-деген.(Сахих бухари, 5498).
Четтен алып келинген мал-жандыктардын эттери:
бүгүнкү күндө адал мууздоо жолдорун аткарбай христиан, иудейлер тарабынан жиберилген мал-жандыктын этин жеш арам. Көпчүлүк аалымдардын пикиринде,
христиан, иудейлер тарабынан союлган мал-жандыктын эти адал болуштугу үчүн,
Исламда көрсөтүлгөн таризде мууздалуусу керек.
Электр тогу, тапанча же газ менен өлтүрүү, барскан менен жаныбардын башына уруп өлтүрүү арам болуп эсептелет.
Бул ыкмалар менен мусулман сойсо да жегенге арам!
Аллах таала ыйык Куранда:
"Силерге өлүмтүк (тарп), мууздалган учурда атырылган кан, доңуздун (чочконун) эти, Алладан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп
(соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар
тиштеп-тытып өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес-деди. (Маида сүрөөсү, 3)
Хадис илиминин белгилүү аалымы Шейх Насридин Албаний:
Мусулмандар үчүн үч абал бар:
1-(Четтен келген эттердин) Исламий таризде
союлбаганын билет, бул абалда алар үчүн андай этти жеш арам!
2-(Четтен келген эттердин) Исламий таризде
союлганын билет, бу абалда алар үчүн андай эттер адал.
3-(Четтен келген эттердин) кандай таризде союлганын
билишпейт. Мына ушул көпчүлүк элдин мүшкүлү.
Кара-пайым эл кайдан аныктайт андай эттердин Исламий жол менен союлганын?!
Мына ушул акыркы үчүнчү бөлүктөгү мисал, Исламий жол
менен союлдубу же (арам жол мененби?)
Бул абалда биз Пайгамбарыбыз алайхи саламдын эки хадиси менен жооп беребиз:
1-:Пайгамбарыбыз алайхи салам: “Адал-арамдыгы күмөн болгон нерсени таштап, адалдыгында күмөнү жок нерсеге ашыккын” –деген.
(Тирмизи,2442. Ахмад, 1630) Шейх Албаний
тастыктаган.
Экинчи хадисибиз алсыз хадис бирок, мааниси биринчи
хадис менен байланышы бар...
Жалпы жыйынтык: Шейх Албаний китеп ээлери тараптан келген мал-жандыктардын эттери адал сойулгандыгы такталбаса арам-деп фатуа берет.
(سلسلة الهدى والنور (131) - (00:44:30)
Ас-силсилатул худаа уаннур (131)-00:44:30).
Кыскартылып которулду, төмөндөгү шилтемеден толук угуп алсаңыз болот.
https://www.youtube.comwatch?v=Q_6nqdiDf50.
Шейх Ас-саалих Фаузандан сурап жатат:
Четтен келген (Импорт) окорочкалардын өкүмү кандай,
биз аны бычак менен же электр тогу менен
(өлтүрүрлүп) союлганын билбесек?
Шейх Фаузан: Бул нерсе азыр кооптуу (маселе),
этиятчылыка (күмөндөн сактанып) жергиликтүү жериңердин (ишеничтүү) тоок этин жей бергиле, азыр андай тоок эттери көп кудайга шүгүр.
Ал эми, четтен келген (Импорт эттерди жебей эле)
койгула. Бир эле себебин айтканда, ал эттер күмөндүү эттер болуп саналат.
Пайгамбарыбыз алайхи салам: “Ким өзүнү күмөндүү нерселерден этият кылса, Динин да, намыс-аброюун да сактап калат”-деген. (Бухари,52. Муслим,1599)
Төмөндөгү шилтемеден которулду: https://www.youtube.com/watch?v=sFNIOl22Js0 Белгилүү факих ( Фикх илиминин аалымы) Шейх мухаммад мухтар аш-шынкыйтий Заадул мукниь деген китепке түшүндүрмө берип, четтен келген (Импорт)мал-жандыктардын эттерин адалдыгын так-тактамайын жегенге уруксат эместигин билдирген. Жана төмөндөгү шилтемеде да бул маселеде кенен түшүндүрүп берген. https://www.youtube.com/watch?v=41OKoJBlo38 .
Эскертүү!
Кээбир аалымдар китеп
ээлери (христиан, иудейлер) тараптан
келген (Импорт) эттерди сурабай, тактабай эле жейберсе болот дешет!
Алардын далилдери:
“ Китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды” (Маида, 5-аят)
Ибну Абас: “тамагы”-деген сөздү союшкан мал-жандыктары-деген. (Ибну касир)
Жана Айша энебиз рываят кылган хадисте: Пайгамбарыбыз алайхи саламдан; Бизге адамдар эт алып келишет, (ал этти) Алланын атын атап сойгонун билбейбиз?-деп сурашканда,
Пайгамбарыбыз алайхи салам; “Өзүңөр Аллахтын атын атап жей бергиле”-дейт .
Айша энебиз: Алар (эт бергендер) Исламга жаңы эле кирген адамдар эле- деген.
(Бухари,5188)
Шейх Албанийден, калкы 85% христиан Динин карманган Болгариядан келген (Импорт) мал-жандыктардын эттери тууралуу сурашып, Айша энебиздин хадисин
түшүндүрүп берүүсүн өтүнүшкөндө, төмөндөгүчө жооп берет:
Айша энебиздин хадиси, мал сойгондо Аллахтын атын атап союу милдет (важип) экендигине байланышы бар.
Союлуучу малдын жол-жобоосун сүрөттөгөнгө байланышы жок.
Болгариядан келген (Импорт) эттер Аллахтын аты аталып союулдубу же аталбай союлдубу деген маселе эмес!
Шарият жолу менен союлгандыгы же өлтүрүлүп сойулгандыгы жөнүндө болгон маселе. Эгерде, биринчи өлтүрүлүп союлса анда Аллахтын атын атап жесең да ал эт адал болбойт.
Эгерде, шарият жолу менен мууздалып, бирок, Алланын аты аталгандыгынан шектенип калсаң ошондо гана Алланын атын атап жей бересиң-деп түшүндүрөт.
(سلسلة الهدى والنور (131) - (00:44:30)
Ас-силсилатул худаа уаннур (131)-00:44:30). https://www.youtube.com/watch?v=Q_6nqdiDf50 Ал эми, Китеп ээлеринин мууздаган мал-жандыктары-деген Ибну Абастын түшүндүрмөсүнө ,Шейх Фаузан: Аллах таалам ал аятта жей бергиле –деп, жалпылай мааниде айткан.
Бирок, башка аяттарда озгөчө “өлүмтүк”,урулуп” өлгөн малдарды жегенге тыйып жатат. Ал эми ,четтен келген эттер өлтүрүлүп андан соң сойулганы аныкталган-деп ;
" الأطعمة و أحكام الصيد والذبائح"
“ Тамак-аш, аң уулоо жана сойулган мал-жандыктардын эттеринин өкүмдөрү, 150-166,бет" –деген китебинде бул маселе боюнча өтө кенен түшүндүрөт жана ар бир суроого дыкаттык менен жооп берет.
Максатбек Асан Уулу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2