6- бөлүм.
Ошентип менин эркимди Жакыптын эжеси бийлеп алды,ага баш ийбеске аргам да калган жок эле.Квартирага төлөгөнгө акчам же шаарда башка баш паанек кылар адамым да жок болчу.Айылга барууга кудуретим жетпейт,айласыз ошол жерде жашап калдым.
Жакып менен Самира жөнүндө кабарды эжеден угуп турам,алар да ооруканадан чыгыптыр.Баягы шаар сыртындагы биз Жакып экөөбүз баруучу үй экөөнүн үйү экен,Самира Жакыптын ата-энесин караганы дем алыш күндөрү барып турчу экен. .Ал айылга кеткенде мени алып барчу экен кийин билсем.Самира байкуш жетимканада өскөн кыз тура,аны укканда дагы жүрөгүм бир болк этип алды.Аларды караганы эми Жакыптын апасы менен атасы келиптир.
--Жетимиш аркалап калса да апам тамак-ашка жакын адам.Кантсе да карылыкка баш ийип калды деп Самира дем алыш күндөрү барып карап ,кир- коогун жууп келчү эле.Самираны менден да жакшы көрөт апам,-дейт эже.
Мойнунан байлаган итке окшотуп калдым өзүмдү-өзүм,эч жерде иштебесем,эч кимге керегим жок болсо.Үй ичиндегилер жакшы мамиле кылган менен баары бир мен үчүн баары оңтойсуз,батынып сүйлөй албайм,батынып тамак жей албайм,ачылып күлө албайм.Бул жашоо качанга чейин уланат болду экен,аягы эмне менен бүтөт болду экен?-деп жашап жүрөмүн.Чын -чынында бир топ жашап жүрүп эженин атын да сураганы батына алган жокмун.Жолдошунун бир күнү:
--Жылдыз,бүгүнкү пландар кандай.Чогулуп киного барып келсекпи ?-дегенинен улам атын билип алдым.
---Ии,макул ,жакшы пикир Дастан,---Албина да көптөн бери жүрөгү сыгылып жүрөт.Бүгүн бир шаар айланалы ээ,-деп мен жакты карады Жылдыз эже.Ошентип жолдошунун аты Дастан экенин да билдим.
---Макул,--дегенсидим башымды ийкеп.
---Айжан батыраак келсе экен,кечигип жататко,-деп саатты карап койду.
Ошентип турганда кызы Айжан кирип келди.
--Келдиңби кызым,киного баралы,шаар айланалы деп жаттык эле.Жакшы убагында келип калдың,-деди Дастан байке.
--Ой, өзүмдүн даанышман атам.Кантип силер менен барбай калам,мен дароо даяр болом.Кийимдеримди алмаштырып чыга калайын,бат эле,-деп бөлмөсүнө кирип кетти .Ошондогу жүрөгүмдүн ичтен канаганын ким билсин,мен да убагында ушинтип ата-энеме эркелечи элемго,мен да өз атамды "даанышманым" дечи элемго... Көздөрүмдөн жаш тоголонуп эле агып жатты,эч кимге билдирбей сыртка чыгып бетимди муздак суу менен жууп алдым .Жылдыз эже байкап калыптыр,сыртка чыгып желкемден сылап,бешенемден өөп койду.Апам өпкөндөй денем калтырап кетти,дагы ыйлап жибердим:
--Койчу, эми,алтыным.Ушул сенин көңүлүңдү көтөрөлү деп баарыбыз аракет кылып жатпайбызбы,а сен ыйлайсың,-деп колундагы көтөрө чыккан чачыгы(жүз аарчысы) менен жүзүмдү аарчып койду.
--Макул ,эже,ыйлабайм,-дедим ичтен буулуп,жарылып кетчүдөй болуп турам. .Жылдыз эже алып берген көйнөк менен басаножканы кийип чыктым.
--Аииий,аябай супсулуу болуп кетиптирсизго,Албина эжеке,-деп менин көңүлүмдү көтөрдү Айжан.-
---Рахмат,-деп уялганымдан башымды араң көтөрдүм.Көзүмө Дастан байкенин мага башкача карап турганы байкалды, жүрөгүм болк эте түштү.Ошентип ,ал күнү жакшы эс алдык, киного кирдик,түнкү шаарды айландык.Жолдон жакшы ресторанга кирип тамактандык,бал муздак жедик.Анан үйгө келип ар кимибиз өз бөлмөбүзгө кирип кеттик(мага да бир чакан бөлмөнү беришкен).
Жылдыз эже сот системасында иштейт экен,кийин билсем биздин иштерди жаап коюптур.А жолдошу Дастан байке баягы биз кирип көйнөк алган дүкөндү башкарат экен.Ал кезде менчиктештирүү деген эми гана күч алып жаткан эле.Жетишкен адамдар чет элге барып товар алып келе башташкан болчу.Чет элден дүкөнгө товарды көбүнчө Жылдыз эже менен Айжан ташыйт экен,себеби ал дүкөндө аялдар кийимин көбүрөөк сатышат экен.Канчалык ичимдеги санаалар жүрөгүмдү кемирип жатса да ичимдеги кичинекей ымыркай үчүн жашоомду улантып жаттым.Алдырып салууну да ойлодум,бирок али дүйнөгө келе элек кипкичине ымыркайдын да убалына калуудан корктум.Ансыз да канчасынын убалына калдым,канча азапка баттым.
--Жылдыз, дүкөнгө Албинаны сатуучу кылып койсок кантет?-деди бир күнү чай ичип олтурганда Дастан байке.
--Эмнеге,тиги сатуучу кыз жетишпей жатабы?-деп сурады эже.
---Жок,ал кыз айылга кетем,ата-энем чакырып жатат дейт.
--Адай болсо макул,Албина эмне дээр экен,-деп Жылдыз эже мага карады.Мага жага түштү:
---Макул,мен иштейм.Үйдө кечке олтурганда эмне.Бирок..-деп токтоло калдым.Дастан байке дароо түшүндү көрүнөт:
--Коркпо,ал кыз сага бир жума баарын үйрөтүп анан кетет,-деди.
---Андай болсо жакшы экен,-деп мен өзүмчө эле бардык нерсени унуткандай сүйүнүп алдым.
---Качан баштайсың жумушуңду,жаңы сатуучу,-деп тамашалады Дастан байке мени карап күлүп.
---Сиз качан десеңиз эле мен даярмын,-дедим .
---Анда эртеңкиге даярдан,мени менен чогуу кетесиң,-деп көздөрү күлмүңдөйт.Дагы жүрөгүм бир нерсе болчудай болк эте түштү.Анан өзүмдү кайра сооротуп:
--Койчу,Албина,адамдардын баары бирдей эместа,мен эми баягы Албина эмесмин,мен эми алданбайм.-деп койдум өзүмө-өзүм.
--Жакшы болду,Албина да эми жумушка алаксыйт,-деп Жылдыз эже менен Айжан да мени колдоп жатышты.
Эртеси Дастан байке менен жумушка жөнөдүм.Эс тартканы биринчи жолу өз алдымча жумушка баратам,бул менин жашоомдогу бурулуш сыяктанды.Ата-энемдин эң кенжеси,эркеси элем.Анан окууну бүтүрүп эле шаарга жогорку окуу жайда окуп калгам.Мени айылда жумуш кылдырчуу эмес эле, атам көбүнчө мени эркелетип:
--Алтын кызым,чоңойгондо догдур болуп мени карайт.Ошондо да жумуш кылганга жетишет,менин кызымды кыйнабагыла,-деп койсо чолжоңдоп калчу элем.Ошолорду эстеп дагы бир жолу өксүп алдым,ичтен күйүп алдым.
-- Мына,жумуш ордуңа да келдик,-деди дүкөнгө жеткенде Дастан байке.Менден мурун түшүп эшикти ачты.
--Келиниздер,-деп баягы мага көйнөк берген кыз бизди тосуп алды.
---Жибек,бул Албина.Экөөбүз сүйлөшкөн боюнча бир жума бою жумуштарды жакшылап үйрөтөсүң,анан сен менен эсептешебиз,ээ.
--Макул,Дастан байке.Баарын үйрөтөм,кабатыр болбоңуз.
---Анда жумушту баштагыла,мен кабинетимде болом.Ишиңер ийгиликтүү болсун,-деп Дастан байке кабинетине кирип кетти.
Жибек кичи пейил, жөнөкөй кыз экен,бат эле тил табышып жумушту баштадык.Адегенде келген кардарларга кандай мамиле жасоо керектигин,товарлар жөнүндө кантип маалымат берүү керектигин кылдаттык менен түшүндүрүп жатты.Мен да бат эле билип алдым.
Жибектин бир жумалык убактысы бүтүп,ата-энесинин жанына кетти.Ошондо да өзүмчө бир буулуп алдым,кандай гана бактылуу кыз деп суктандым, өзүмдү жек көрүп кеттим.
Ошентип, өткөндү эстеп кейип,кайра өзүмө күч -кубат беришин,ушул кичинекейдин аман -эсен төрөлүшүн тилеп ошол жерде иштеп калдым.Жумуш андай деле оор эмес,болгону товардын сапатын айтып,сооданы өнүктүрүү.Алгачкы күнү келген кардарлар Жибекти сурап жатышты,себеби ал бул жерде бир жылдай иштеп койгон экен.Бирок мен да Жибектин үйрөткөн ыкмасы менен баарына жылуу мамиле жасап, күлүп -жайнап тосуп алып, күлүп -жайнап узатып жаттым.Соода жакшы жүрүп жатат,күндө өткөн товарларды,акчасы боюнча Дастан байкеге отчёт беришим керек экен.Кайсы товарга талап жакшы ,кайсы товардын өтүмү жок экенин да байкоо абзел экен.
--Азаматсың,Албина,соода ишине тың экенсиң.Эмне мурун да соода тармагында иштегенсиңби?- деп сурады Дастан байке.
--Жок,биринчи эле жолу.
--Колуң жеңил экен,соода жакшы болуп жатат.
---Рахмат,-дедим жасаган жумушум Дастан байкеге жакканына сүйүнүп.
Көпчүлүк учурда өз жумуштары менен көчөдө болот Дастан байке,жумуш бүтөөргө жакын келип мени алып кетет.Кээде жолдо токтоп балмуздак алып берет,кээде аябай ач калдым деп тамактанганга кирет.Каршы болгонума карабай мени да кошо алып кирет.Күндөр ошентип өтө берди,убакыт дарылайт демекчи жумушка алаксып өткөн күндөрдү унуткансып бараткам.Бир күнү жумушума Жакып кирип келди:
--Саламатсыңбы, _Албина?
--Саламатчылык,-денем дүркүрөп башкача болуп кеттим.
--Эмне кубарып кеттиң,коркуп кеттиңго ээ?
--Сиз кайдан?
--Эмнеге кайдан, билесиңда бул дүкөн кимдики экенин.
--Ии,баса,билем-деп жалдырап туруп калдым.
--Эжемден сен жөнүндө сурап турам,бул жерде жумушка орношконуңду да билгем.--Албина,мени кечир.Болуп өткөн иштердин баарына мен күнөөлүүмүн,сенде эч кандай айып жок.Мен баарын сага айтышым керек эле,үй-бүлөм бар экенин жашырган мен акмакты кечир,эгер кечире алсаң.
--Сиздин ошондогу ширин сөздөрүңүзгө алданган менде да күнөө бар,өз абийиримди тебелеткен өзүмдө да чоң күнөө бар.Ал да болсо сизди сүйүп калгандыгым болсо керек,канчалык болсо да мен өз абийирим үчүн күрөшүүм керек эле.А мен анте албадым,сиздин колуңузга өз эркимди коюп бердим--бул өзүмдүн кечирилгис катам эле.Сизди да күнөөсүз дей албаймын,үй-бүлөөлү болгон соң өзүңүздү мага жакындатпашыңыз керек эле.
---Ооба,аның чын.Бирок кантейин,мен да сени бир көргөндө жакшы көрдүм,карагаттай көздөрүң,апаппак жүзүң,узун өрүлгөн чачың-мени бир көргөндө эле мас кылып койгон эле.
--А аялыңызчы?
--Сени көргөндө аны такыр унутуп салдым ,ал сезимди өзүм да түшүнбөй калдым ошондо.Анын үстүнө Самира экөөбүз турмуш курганыбызга беш жыл болгон,балалуу болбой атканбыз.Ич ара ажырашуу жөнүндө да сөз болгон эле.Бирок Самира ата-энемди аябай жакшы карачу,анын үстүнө жетимканада өскөн кыз,бараар жери да жок болчу.
Уландысы бар.
Голоева Санавархан Айтбаевна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев