1-бөлүм.
--Ошол күнү менин тагдырым ошончолук талкаланып кетерин билгенимде,мен адамдардын баарын өзүм сыяктуу ичинде кири жок деп ойлобогонумда бүгүнкүдөй көз жашымды төкмөк эмесмин.Ошол каргашалуу кунгө өмүр бою наалат айтып жашамак эмесмин,-деп өксүп ыйлап жатты Албина көз жашын көлдөтүп.
--Койчу досум,"жанылбаас жаак,мүдүрүлбөс туяк болбойт".Бул ааламда жаңылган бир эле сен эмессиң,адамдар сыртынан күлүп сүйлөгөн менен ичинде канчалаган арманы, күйүтү,жаңылуусу бар экенин биз билбейбиз да.
---Ооба,досум.Бул айтканың эң туура,бирок...
Бирок мен деген ата-энемдин,бир туугандарымды баарынан кечип,өз жашоомду өзүм "тозокко"айландырган дүйнөдөгү "эң бактысыз"жанмын.Азыр ата-энем тирүү болгондо тизелеп кечирим сурамакмын,алар кечирбесин билсем да ошентмекмин.Тилекке каршы мен аларга топурак сала албай калдым,бир туугандан да жат болдум-деп сөзүн көз жаш менен улап жатты Албина.
---Анда окууну жаңы эле бүтүп турган кезим,сулуулугума көз арткандар аябай көп болду,далай жигит артымдан ээрчиди.Ата-энем да колунда бар,ток жашоочубуз.Мен үйдүн эң кичүүсү болгондуктан айтканымды жок дешчү эмес эле,эл кийбегенди кийип,ичпегенди ичип чоңойдум.Мага көп курбу кыздарым суктанып карашчу,мен ал сайын асманда жүрчүмүн.Жашоом өмүр боюу ошондой болуп өтөт деп ойлосом керек.Окууну бүтүп Фрунзе (анда ошентип аташчу)шаарына тапшырдым,албетте ата-энемдин жардамы менен.Медициналык институтка өттүм,алгачкы жылдары аракет кылып эле жакшы окуп жүрдүм.Ал жерде да мага көз арткандар көбөйдү,ар жактан келген студенттер болчубуз,досторду таптым.
Барганда эле атам шаарда жашаган карындашынын үйүнө жайгаштырып келген.Бир жыл кантсе да айылдан барган баёо сезим менен апакемдин "жакшына жүр,бизди уят кылба "деген сөзүн эстеп айылдык адепти сактап жашап жүрдүм.Шаар кантсе да шаардыгын кылат турбайбы,бирге окуган кыздардын көңүлүн карап кээде атамдын карындашын алдап"сабакка даярданабыз"деген жалган шылтоо таап кечинде олтурушка барганды үйрөндүм.Анан сабактан кечигип калат экенмин ,окуу жайга жакыныраак жерге квартирага эле чыгайын деп эжемдин үйүнөн квартирага чыктым.Ошондон баштап кантип жашоомду өзгөрткөнүмдү өзүм да сезбей калдым.Бирге жашаган курбу кыздарым жигитим деп балдарды ээрчитип келишти башташты,алар кээде эрте кетсе,кээде бир оокумга дейре олтурушат.Биз жашаган квартиранын кожоюну айылда жашайт экен,ал үйдү биз менен бирге окуган,бирок бизге караганда төрт жаш улуураак карындашы карап жашайт экен.Анан ал өзүнө шерик деп бизди квартирант кылып киргизип алыптыр.Ал эже шаарда бир топтон бери жашаганы билинип турат,медициналык окуу жайды бүтүп ,билимин жогору кылуу үчүн институтка тапшырган экен.Күн алыс эмес ошол эже жигитим деп бирөөлөр дү чакырып коноктоп турат,анан бизди чайга чакырат.Кыздар кирсе,жалгыз калуу кыйын ,мен да кошо кирем.Анан алар улуу болгондуктан спирттик ичимдик да ичишет,алгач жок деп иччү эмесмин.Бир күнү ошол эжебиз туулган күнүм деп бир топ жигиттерди,чоочун кыздарды ээрчитип келди.Көпчүлүк катары мен да кирдим.
---Оо,сулуу бийкеч,менин жаныма олтурчу ,-деп эле бир жигит шарт эле келип мени өзүнүн жанына тартып кетти.Өзүмдү тартмыш болдум,бирок айбаттуу жигит экен,мени тартып барып эле жанына олтургузуп алды.
---Жакып,-деп колун сунду.
---Албина,-дедим акырын.
---Ооо,аябай сонун атың бар экен, өзүң да аябай келбеттүү экенсиң,таанышканыма кубанычтамын,-деди шапылдап эле.Жанында олтурган кыз мени бир жаман көзү менен карады да сыртка чыгып кетти.
Менин ыңгайсыз болгонумду сезип калган Жакып:
---Бул кызга көңүл бурба,-деп кулагыма шыбырап койду.Мен унчукпай эле олтуруп калдым.Ошентип туулган күн таң атканча уланды,эч кимдин тарайлы деген ниети жок.
---Мен чыгайын, эртең окууга барабыз,-деген сөзүмдү Жакып такыр уккусу келбеди,мени эшикке чыгарбай койду.Баягы кыз ошол боюнча кирбеди, өзүмчө кыжалат болдум.Жигиттер машина менен келишкен экен,таң үрөң-бараң болгондо тарамак болушту.Жакып мага келип турарын айтып жөнөп кетти.Бир аз убакыт бар экен,кичине чырп этип алайын деген боюнча уктап кетиптирмин.Эшик тарс ачылганда турсам,баягы туулган кун тоскон эжебиз уйпаланып эшиктен кирип келди.
---Оииий эже,сизге эмне болду?-деп ордумдан чочуп турдум.
--Мага көңүл бурба,эс ала бер.Сен да окууга барбай калган турбайсыңбы?-дегенде гана окуудан калганымды сездим.
---Ай,эжеее,эми эмне болот?-деп шашкалактап калдым.
---Эч нерсе болбойт,баары сонун болот,-деп эже бөк түшө кайра жата калды.Ошентип ал күнү сабакка барбай калдык.Бир топ уктагандан кийин эшик такылдап калды,баягы мени менен олтурган жигит ,аны менен кошо жашы улуураак экөө кирип келди.
---Келгиле,-деп ордумдан шашыла тура калдым.
---Ай,силер эч убара болбой ушул жерде олтура бергиле,биз тигил бөлмөдө болобуз ,-деп баягы улуусу эжени колтуктап аркы болмого чыгып кетишти.
---Ушул жерде эле...деген боюнча кала бердим,Жакып дароо эле эшикти илип алды.
Өзүмө жакшы келе албай,башым ооругансып турган кебетемди көргөн Жакып шарт эле мени кучактап,уйпалап кирди.
--Коюңузчу,бул эмне кылганыңыз.
---Албина, билесиңби,сени ойлоп уктай албай чыктым.Сени сагындым,кечиндеги жыпар жытыңды сагындым,-деп мени аймалап,өөп -жыттап баштады.Ошол кезде мен да Жакыпка болгон ички туйгумду жашыра албай кучагына жатып бердим,анын кучагында оролуп,уйпаланып,кандайдыр бир ырахаттуу сезимге балкып,оттой жанып туйлап жаттым.Жакыптын кучагынан чыккым келбей,ал мени уйпалап өпкөн сайын коргошундай ээрип бараттым.Ошол күнү мен баёо кезим,кыздыгым менен ажырашам деп ойлогон эмесмин.Бир убакта өзүмдүн -"Апаааа"деп ачуу кыйкырганымды да сезбей калдым,бардык денем муздак болуп калтырап,шейшебим канга оролуп,ыйлап жаттым.
--Болдучу эми,Албина.Мен сени эч кимге бергим келбеди,сен мендик гана болушуңду кааладым.Сени бир көргөндө эле эч кимге бергим келбеди.Мен сени жалгыз таштап койбойм,сени өзүмдүк кылып алам,-деп жанымда Жакып сайрап жатты.Аны жек көруп кеттим,бирок жанымдан чыгаргым келбейт.Кайрадан ага өзум барып асылдым:
---Жакып,мен да сизди бир көрүп жактырдым,келишинизди күтүп жаткам.Бирок мынчалык бат эле экөөбүздүн мамиле чырмалышып кетет деп ойлогон эмесмин.Мени таштап кетпеңиз,сизден суранам.
--Жок,таштабайм,мага ишен.Мен эми сага күндө келип кабар алып турам,келчи кучагыма,-деп Жакып мени кучагына тартып алып дагы кайрадан махабаттын туу чокусуна чыктык, өзүмчө эле дүйнөдөгү эң бактылуу кыз сезип жаттым өзүмдү.Аттиң,ошол бактылуу кундөр деп ойлогон күнүм,мен үчүн азаптын башталышы экенин ошондо сезсемчи,-деп шороктойт Албина.
(Уландысы бар )
Автор:Голоева Санавархан Айтбаевна.
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып, комментарий жазып колдоп кетиңиздер
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев