Кален менен Асыл шашып,кафеге киришкенде,адам жок экен,четтеги столдо чачын ак аралай баштаган,көз айнекчен, салабаттуу,жалгыз отурган адам гезит окуп отурган.
-Арыбаңыз,Айтбек Акунович
-Бар болгула.Келгиле,кыздар
Алар көпкө отурушту.Курбулар окуяны ирети менен айтып беришти.Күтүлбөгөн окуялар болуп кеткендигин,аныгына жетмейин,ишти сотко өткөрбөй турууну өтүндү Асыл.
-Мейли, өзүңөр билесиңер.Эгерде,ишти кайрадан козгоо керек болсо,мен кызматыңардамын.
Асыл убара тартып,иш жүргүзгөндүгүңүз үчүн ыраазылык билдирем деп,конверт сунду эле
-Жок,кыздар,муну ала албайм.Алдын ала аванс алгам,ошол жетиштүү болот,-деп,кайтарып берди.
Ишен Асыл менен Календи Малик жаткан больницага алып келди.Машина жаңы келип токтогондо ,дарбазадан чыгып келе жаткан келинди көрүп,Ишен :
-Маржан да келген экен,-деди эле,Асыл,силер отура тургула,деп,Маржандын алдынан утурлай басты.
Жер карай,ойлуу басып келе жаткан Маржандын тушуна жеткенде Асыл:
-Саламатсызбы,Маржан,-деп салам айтты.Маржан башын көтөрүп,Асылды башынан ылдый бир карап,жай гана
-Асыл???Акыры келген экенсиң да...таң калбай эле кой.Малик ,,Асыл,Асыл,, дей берип,атыңды жаттап бүткөм,атүгүл экөөңөр түшкөн сүрөттөрдүн баарын көрсөткөн,ошон үчүн жазбай тааныдым.Убакыт өтсө да,анча өзгөрбөптүрсүң- деди.Асыл эмне дээрин билбей калды,акырын гана
-Маликтин абалы кандай?-деди
-Күндөн-күнгө жакшы болуп келе жатат.Сен келдиң,эми анын оорусу тез айыгат.Маржан бир саамга токтой калып сөзүн улады
-Түңүлсүн деп, көңүлү калаар деп,Маликтин атынан жазган менин каттарым да сени токтотпоптур.Мен сени терс бурулат деп ойлогом.Оюм ишке ашпаптыр да
-Каттарды сен жаздың беле?
-А сен кандай деп ойлойсуң?Ал жиндиканада жатса,телефону менде болсо...
-Эмне себеп, кандай максат менен жаздың?Кызгандыңбы?Менин билишимче Малик экөөңөрдүн ортоңордо келишим бар эле...
-Ооба,башында жөн гана келишим менен үйлөнгөнбүз.Экөөбүз дос сыяктуу жашадык десем да болот,мени Ишен сыяктуу көрөт .Бирок,кийин экөөбүздүн үй-бүлө оюнубуз мага жага баштады.Ага болгон кандайдыр бир сезимдер пайда болду...Анын аялынын жөн гана ролун аткарып жатканым менен ,ушул бойдон, өмүр бою ,чыныгы аялы болуп калууну кыялдандым.Аялдык бакыттын даамын таткым келди,,Асыл,Асыл,Асылым мындай,Асылым андай,, деп кайталай бергенинен,аялдык ызам,көралбастыгым менен, экөөңөрдү ажыраткым келген.Сен Маликтен түңүлүп,өз жолуң менен кетсең,биз бирге болобуз деген сокур сезим мени алдыга жетелеген,азгырган.Бирок,андай болбой чыкты, аттиң.Мына,Малик жакшы болуп,айыгып келе жатат.Мен ага күндө келем ,өзүмө тартууга аракет кылам,ал болсо күндө сен жөнүндө гана айтат.Анын жанында,катарлаш жүрүп,алыстагы сага тең боло албадым.Мен сага атаандаш боло албасымды түшүндүм,мен сага жеңилдим.Кечээ үйдөн буюмдарымды алып, көчүрүп кеткем.Бүгүн коштошууга келгем Баса,Маликке берем деп,эсимден чыгып калыптыр,- деп,чөнтөгүнөн ачкыч алып чыгып,Асылдын алаканына салып,колунун сыртынан кысып койду.
-Бакыт каалайм...мени кечир...
-Кудай кечирсин...көзүнө жаш толгон Асыл, Маржанды узатат карап,кала берди.
Бир жылдан кийин.
Малик менен Асылдын үйүнүн дарбазасы ачык.Эшиктин алдында топураган эл.Музыка жаңырып турат:
Куда,куда,куда,кудалар,
Кудайым кошкон кудалар
Залда узатасынан коюлган столдо кудалар,куда тоскону келген жакшы санаалаштар отурушат.Төрдө кудалар-Бексултандын тууган-туушкандары.Алар Жибектин кулагына сөйкө салып,алып кетүүгө келишкен.Асылдын энеси кудаларга улай орун алган.Куда тосуучулардын башчылары Кален менен Айткул Акунович,экөө баарын үстүртөн карап,ичкиле,жегиле деп,кудалар менен баарлашып олтурушат.Асылдын бир тууганы,Маликтин бир тууганы,Ишен үчөө келинчектери менен кызматта.Жибек менен Бексултан теңтуштары менен башка ,жаштар үчүн даярдалган бөлмөдө ырдап -чоордоп жатышат.Тамак ичип бүтүшүп,короого бийлөөгө чыгышты.Жай музыка коюлуп,анын ыргагында тамада : ,,Жибектин таякеси ортого келип койсоңуз,, деп алдыга чыгарды.
-Урматтуу кудалар,ардактуу коноктор,бүгүн Жибектин таякесинин туулган күнү экен.Баарыбыз кол чаап, куттуктап коёлу.Аңгыча көчө тараптан машинанын бурулуп,дарбазадан кирип келе жаткан жарыгы көрүндү.Тургандар эки тарапка жарыла берип,ортону бошотушту.Үстүнө бантик байланып,шарлар тагылып,шөкөттөлгөн машина түз келип токтоду.Тамада микрофонду Жибекке узатты
-Таяке,бүгүнкү туулган күнүңүз менен куттуктайбыз,кыйын күндөрдө биздин таянар тообуз болдуңуз.Ушул белекти кабыл алып коюңуз.Биз сизди жакшы көрөбүз.Жибек машинанын ачкычын таякесинин колуна тапшырды.Асыл менен Малик да удаа келип,куттук айтышты.Тургандар алакан чабышты.Короо ичи мурдагыдан да шаңдуураак үнгө толду.
Ак ийилет,бирок сынбайт.Ак тилек менен салынган тамда дайыма жакшылык болуп турсун.
АЯГЫ
Айгүл Усупова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4
Малик алдамчы экен деп калдым эле