Ошону менен дайыны билинбей кетти.Мага акча таштап кеткен,эшиктин алдында иштеп жаткан усталар ишин бүткөндө ,акчаларын санап берип,аларды узаттым.Эртеси клининг компаниясынан жумушчуларды чакырып,үйдүн ичин,тышын тазалатып,ашып калган кирпичтерди,тактайларды жыйнатып,курулуш таштандыларын бир машинага жүктөтүп жибердим,үйдү бекитип,ошону менен бүттү кылдым
Кийин келип-кеткен айылдаштардан уксам,апасы болбой жатып,өзү айткан кызга үйлөнткөн экен.Маликти деле күнөөлөй албайм,өзү айткандай,апама бирдеме болуп кетсе,өмүр бою өзүмдү күнөөлөп жүрбөйүн десе керек.Мен ойлогом,сага чалып,кечирим сурап,шартты түшүндүрүп айтса керек деп,себеби,сени абдан жакшы көрөр эле
-Кайдааан.Там бүтүп калган мезгилде дайынсыз кеткен.Телефону өчүк болуп турду,-деп жооп берди Асыл.
Ишен сөзүн улантты:
-Анан кийин, Ош шаарында той өткөрүшөт.Бир айдай убакыт өткөндө Малик мага телефон чалды.Эртең шаарга барабыз,аяш экөөңөр үй жакка барып турбайсыңарбы ?-деп.Тосуп алдык,алар келгенче аялым экөөбүз эртерээк барып, үйдүн чаңдарын,полдорун сүртүп койдук.Малик,апасы,аялы үчөө бир спринтерди айдатып,жүктөнүп алып келишиптир.Учураштык,ал-жай сураштык.Аяш апам үйдү сыртынан суктана карап,үйүңөр ак жолтой үй болуп, өзүңөр аман болгула деп бата берди.Машинадан баарылап жууркан-төшөк,килем,палас,идиш -аяктарды түшүрүп,үйгө киргиздик.Аялдар аларды үйгө ылайыктап ,орундарына коюшту.Аяш апам жаңы тамга кирер алдында арбактарга куран окутуп,коңшуларга тамак берели деп кошо келиптир.Эт,май,варенье,жаңгак,өрүк,мейиз,момпосуйдан бери салып келишиптир,аларды ашканага жайгардык.Аялдар дасторкон жайып,чай кайнаганда,куран окулуп,чай ичтик.Тааныштык,Маликтин аялынын аты Маржан ,кесиби врач экенин билдик.Чай үстүндө аяш апам экөөбүздөн башка сүйлөгөн киши болгон жок,анда-мында менин аялымдын сөзгө кошулуп калганы болбосо,Малик менен аялы унчукпай отурушту.Чайга бата берип жатып аяш апам:
-Ак өргөңөр кут болсун,кармашкан колуңар үзүлбөй, бактылуу өмүр сүргүлө,бала-бакыралуу болгула ,деп дагы бата берди.Ошондон кийин гана аяш апам келини менен үйдүн ичин кыдырып ,бөлмөлөрүн көрүп келишти.Малик экөөбүз эшиктин алдында турганбыз.Мен ал кеткенден кийинки кылган ишимди айтып бердим
-Азырынча бир бөлмөнү толтурдук,калганын акырындык менен болор,- деген аяш апам
-Малик, эртең ашты кайсы казанга басабыз.Акыры бир үй бүлөгө бир казан керек экен,орто казан сатып келсеңчи,деди аяш апам
-Казанды кайсы тулгага асмак элек?
-Ой,тиги бурчта жыйылып турган кирпичтериңден тизип,Ишен экөөңөр бирдеме кыларсыңар.Отунуң да даяр экен, жыйылып турган тактайларга кол шилтей кобурады.Ай,келиндер,дагы эмне кем-карчыңар бар,айтып койгула,эки иштен бир иш,ала келишсин.Эки келин ашканага кирип кетишип, акылдашып жатышкан,кичинекей кагазга керектүү нерселерди жазып беришти
Малик экөөбүз машинага отуруп,Ош базарына багыт алдык.
-И,сүйлө досум.Акыры аяш апам көздөгөнүнө жеткен экен да
-Эх,досум,эмнесин айтайын.Апамдын ден соолугунан коркуп,акыры макул болдум.Бирок, оюм дагы эле Асылда.Ал байкушум эмне болду экен.
-Чалып,айткан жоксуңбу?
-Кантип айтам.Эмне деп айтам?
-Бул аяш кандай анан,көнүшүп калдыңарбы?
-Үйлөнөрдөн мурда Маржан менен таанышайын,сүйлөшөйүн деп,аны жолугууга чакырдым.Эки сааттай кафеде отурдук.Кырдаалды ачык айттым,ортодо сүйүү болбогондон кийин жашоо болбосун,менин башка жашоом бар экенин баяндадым.Апамды аяганымдан үйлөнүүгө бел байлаганымды жашырбадым.Эгерде сен ,,Мага Малик жаккан жок,мен ага турмушка чыкпаймын,, деп айтсаң, экөөбүзгө тең жакшы болмок.Экөөбүздү тең бактысыз жашоодон сактап калат элең-, дедим.
Маржан да ,ачык сүйлөгөн кыз экен.Экөөбүз кичинекей бала эмеспиз,бирок менин ата-энем менен сиздин апаңыз баарын чечип коюшкан.Мен да апама каршылык көрсөттүм, турмушка чыккым келбейт дедим.Апам : Ок,антип айтчу эмес,күйөөгө тийбеген де,аял алат белең.Экөөңөр тең бир базардан өткөнсүңөр.Биринчи нике-Кудайдан,экинчи нике -адамдардын жардамы менен болот.Болбосо, биринчи никеден көңүлү калган адам үйлөнүүгө далалат кылбай калат, деп, кулак-мээмди жеп бүттү.Мага да ыңгайсыз болуп жатат,мени сизге жабышып жатат деп ойлоп албаңыз.Мен ,эгерде,сиздин апаңыз менен менин ата-энем сөздү бышырып койбогондо,балким,сиз айткан сөздү айтып,чыга бермекмин.Менин туугандарыма кабар айтылып,баланча күнү куда келет деп,күтүнүп жатышат.
-Анда,бир сунуш киргизсем ,кандай карайсыз...фиктивдүү үйлөнүүгө кандай дейсиз?
-Кандай?
-Фиктивдүү-документ түрүндөгү үйлөнүү,бирок,биз эрди-катын болуп,жашабайбыз.
-Мен окууну бүткөндөн бери Ошто иштейм.Ошко турмушка чыккам.Күйөөмдөн көрбөгөн кордукту көрдүм десем болот.Мен чынында турмушка чыккым келбейт,мага биринчи жашоом жетишерлик болгон.Ушул шаар менин бактысыз турмушумдун күбөсү,ар бир кадам сайын эске салып турат.Кетким келет.Бактысыз жашоомду унутуп ,карьера кургум келет.Кесибим врач-хирург.Керектүү билим алып,пластикалык хирургия тарабына өтсөмбү деп жүрөм.Менин буга билимим да,каалоом да жетишерлик.Ал үчүн борбор шаарыбыз мага ылайыктуу,ал жакта көп мүмкүнчүлүктөр бар.Башка жакка жер котороюн десем,ата-энем жибербейт,үч кыздын кичүүсүмүн,жана менден кийинки иним келинчеги менен турабыз.Чынын айтсам,келиним менен да мамилем жакшы эмес...Врачтын айлыгын билесиз,үй алууга жетпейт.Пластикалык хирург болсом,үй алүүга мүмкүнчүлүк болот,себеби азыр аялдардын баары сулуу болгусу келет.Эгерде сиз айткандай фиктивдүү үйлөнүү тоюн жасап,кийин чыр-чатаксыз эки жолго түшүүгө чакырүүңуз чың болсо,мен макулмун.Бул жөн гана документ болот,бири бирибизге эч кандай милдет,доомат койбойбуз.
Экөөбүз ушундай чечимге келдик.Маржандын ачыктыгы,өз оюн туура,так жеткире билүүсү менен бири бирибизди түшүндүк деди Малик
-Асылды кантесиң?
-,, Үйлөнгөндөн,, кийин Маржан менен аны да чечип койдук.Бир күнү Асыл жөнүндө айтып бериңизчи,сизди ушунча сүйдүргөн кандай аял болду экен?деп калды.Мен Асыл менен таанышкан күндөн тарта, анын мээримдүү,ажарлуу,ийкемдүү аял заты экендигин айтып бердим.Ага көп акча карыз экенимди ,аларды кандай кырдаалда,кандай шартта алганымды да жашырбадым.Салынган үйдө Асылдын салымы меникинен чоң дедим.Маржан баарын түшүндү,бул Асыл экөөңөрдүн үйүңөр, акыры, ушул үйдө бактылуу өмүр сүрөсүңөр деп ишенем ,андыктан жакшылап план түзүп алалы дейт.
Бишкекке келип,бир айча жашап,мен Питерге кетем,ал жогорулатуучу курстарга окуп,жумуш таап,иштеп,менин үйүмдө жашап турат.Экөөбүз эл көзүнө кадимки үй-бүлөдөйбүз.Күйөөсү мигрант,аялы Бишкекте иштеп жүргөндөй кейиптенебиз.Кийин, убакыттын өтүшү менен,акырындап ажырашабыз...
-Акыры, аяш апам угат да.Анда,эмне ачууланбайт дейсиңби?Ушунча той өткөрүп,убара болуп...
-Ишенесиңби,мындан башка арга таппадым.Питерде мүмкүн болушунча узак жүрүүгө туура келет
-Сен Питерге кеткенде эле түшүнөт да аяш апам,шамалдын каяктан согуп турганын.
-Бул жолу Камчаткага деп кетем.Маржан экөөбүздүн сөзүбүз бир болот.Көп акча кармап жүргөн неме Бишкектин айлыгына алымсынбай койду,акыры Камчаткага кетти ,күндө чалып турат, сүйлөшүп жатабыз,баары жакшы деп коёт үйдөгүлөргө
-Ай, билбейм,баланын оюнундай сезилип жатат
-Антпеске арга жок.Мен Асылга,Маржан эңсеген эркиндигине,карьерасына ушул жол менен бара турган болдук.Жыйырма биринчи кылымда жашап жатып,Маржан экөөбүз деле жаш эмеспиз, ошондо да,ата эне кудалашты деген эски салттын курмандыгы болдук.Баары бүтүп,өзүм жанына бармайынча Асылга эч нерсе айтпай турууну чечтим.Бирок,ушул тапта кыйналып турат го,берекем.Бир аз убакыт чыдасак,дайым бирге болобуз.Барганда баарын түшүндүрүп айтам.Ал кечирет,айкөл адам эмеспи,көзүм жетет,кечирет.Мен аны кандай сүйсөм,ал да мени ошондой сүйөт.
Эртесинде кошуналардын чакырып,куран окутушту.Аялым экөөбүз кол кабыш кылып жүрдүк.Кирпичтен очок жасап,Малик экөөбүз сатып келген казанды асып,аш бастык.Баары жакшы эле өтүп жаткан,аяш апам эл аягы суюлгандан кийин ,өзүн начар сезе баштады.Кубанычтанбы,же бүгүн күндөгүдөн көбүрөөк басып,жүрөгүнө күч келтирип койдубу,өңү кара көк тартып,жаңы жер тартып,жаным жер тартып турат деп,төшөккө кыйшая калды.Маржан аппаратын алып чыгып,кан басымын өлчөп, тезирээк ооруканага алып барышыбыз керек деп,Маликке карады.Малик,Маржан үчөөбүз аяш апаны машинага салып,ооруканага жөнөдүк.Жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти.Үчөөбүз коридордо күтүп кала бердик.Арадан жарым саат өткөн жок,дарыгер чыгып,аяш апамдын дүйнөдөн өтүп кеткенин угузду.Ыйлап кала бердик.
Сөөктү спринтерге салып,Малик,Маржан болуп,Ошко карай жол тарттык.Маликтин инисине телефондон кабар бердим.Башында Малик токтоно албай ыйлады,аяш апамдан кечирим сурап жатты,ыйлап жатты.Кайрат айтып,сабырга чакырып жаттым.Бир маалда такыр үндөбөй,бир чекитти карады да калды.Ошол бойдон бир далайга мелтиреп отурду.Бир кезде
- Бул менин жазам,Кудай мени жазалап жатат,мен апамды алдагым келген,аягы мына ,эмне болду,деп каткыра баштады.Маржан экөөбүз бири-бирибизди карап,Маликтен көзүбүздү албай отурдук.Ал бир саамга тынч отуруп калат да, бир убакта себепсиз эле күлө баштайт.Маржан экөөбүз менен деле иши жоктой.Бир туруп, кадимкисиндей боло калат...кайра ар кайсыны сүйлөп баштайт.Ишенесиңерби,көз алдымда Малик акылынан айный баштады.,, Үйдү бүтүрүш керек,досум,үйдү бүтүрүш керек,, дей баштады,мени түшүрүп койгулачы,үйдү бүтүрүш керек....кайра туруп каткырат.Бир кезде ,,Асыл,ой,Асыл, кайдасың,, деп,отургучтардын алдынан сени издеп жөнөйт.
Ошко жетмегибиз азап болду.Маржан сумкасынан тынчтандыруучу дары алып чыгып ,аны алдап соолап жатып,ичирип,биртике уктады.Шопурубуз абалды түшүнүп,артын карабай,ылдамдай айдады.Жаныбызды оозубузга тиштеп,акыры үйгө жеттик.Чуру-чуу түшүп эле жатып калдык...Маржан Маликке тынчтандыруучу дары сайып,жаткырып, көз көрсөткөнү келип,аны сурагандарга ,,улам-улам эсинен танып калып жатат,тынчтандыруучу дары сайып,уктатып койдук ,,деп жооп берип жаттык...Өлгөн аяш апамдын азабы бир тең,Маликтин азабы бир тең болду.Сөөк коюлгандан кийин Маликтин иниси менен акылдашып,Маржан аны шаардагы психдиспансерге жаткырмак болду.Иниси ,,Акемди силерге,силерди Кудайга тапшырдым,, деп,буркурап ыйлаган бойдон калды.Бизди алып барган машина менен кайра жолго чыктык.Баратканда аяш апамды жаткырып барган арткы орундукка бул жолу Маликти жаткырдык.Маржан экөөбүз келгенче лам деп ооз ачпадык.Малик дарынын күчү менен уктаган бойдон келди....
Ошондон бери ал жиндиканада жатат.Биринчи жолу үч күндөн кийин бардым,ал-абалын сурайын деп.,,Азыр киши тааныбайт,кийинчерээк келиңиз,,- дешти.Экинчи жолу барганымда жаныма отуруп,үңүлө карады,өңүнөн азыр,арыктагансып калыптыр.Бир туруп таанып тургандай,бир туруп,аркы-беркини кармалап,өзүнчө күбүрөнүп,мени менен иши жоктой отурду.Врачка кирип,сүйлөштүм.
-Адам эмнеден улам мындай абалга түшөт ,-десем
-Ар кандай факторлордон улам ушундай абалга кириптер болушу мүмкүн.Маселен,баш сөөккө катуу сокку алуудан же катуу эмоционалдык стресстен.Же көпкө созулуп кеткен депрессиядан.Мындан башкалары да бар,негизгилери ушулар.
Ооруканадан чыгып, өзүмчө ойго баттым.(Уландысы бар)
Айгүл Усупова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3