Экөө сүйлөшүп,сырдашып,көз жашы кылганы менен кыйла жеңилдеп алышты.
-Макул,деди Асыл.Акчаңды алайын,бирок,бир шарт менен
-Эмне болгон шарт?
-Убактысы келгенде,менин да колума карга чычкан маалда,менин да көчөмдө майрам болгон учурда акчаңды кайтарып берем
-Болуптур.Анда дароо Айтбек Акуновичке чалып,айтып коёлу.Телефон чалып ,Асыл адвокатка жакында барып каларын айтты.
Ал киши сиз келсеңиз, процесс дароо башталат.Буюрса, баары жакшы болот,камтама болбоңуз деди
Бул учурда Жамила маникюр жана тырмак дизайны деген курсту аяктап жаткан.Бир жумалык практикасын белгилүү салондо өткөрүп,тажрыйба топтоп,буга керектүү куралдарын,материалдарын топтоп жаткан.
Жумуштан келип,кечки тамагын демдеп коюшуп,Асыл менен Кален эгиз козудай ээрчишип, дүкөнгө,нан алганы чыгып баратышкан.Ошол учурда эшиктин алдына,жол жээкке машина келип токтоп,андан узун бойлуу,жакшынакай жигит түшүп,пассажир тараптын эшигин ачып,колун сунуп,кызды түшүрдү.Экөө жакындан тиктеше,акырын сүйлөшүп турушту.Жигит кыздын чекесинен аярлай сүйүп,коштошкондой болду.Бул кыз Жамила эле...Асыл менен Кален басып келаткан жеринен токтоп ,бири бирин суроолуу карап калышты.Жамила жигит менен коштошуп,буларды карай басты.Жигит машинасын айдап кетти.Жамила Асылдарга жакындаганда уурусун карматкан кишидей ,ыңгайсыздана күлүп жиберди.
-Күйөө балабы,Кален жылмайыңкы сурады
-Менин кызым кичине деп жүрсөм,чоңоюп калган турбайбы,-Асыл да тамашалады.
-Ой, апа,мен качанкы Жамиламын.Мен жер каймактагандан берки Жамиламын.Питерге келгениме эле канча жыл болуп кетти деп каткырып калды.Үчөө бирдей күлүштү
-Чын да...
-Ооба,маселелерден башым чыкпай,жумуштан бошобой жүрүп,сенин чоңойгонуңду байкабаптырмын.Өмүр бою жанымда,колумду кармап жүрчүдөй ойлогон турбаймынбы,менин сулуу кызым бой жетип,жигит күтүп калган экен,садага болоюн.
-Сөз бүтө элек,дагы улантабыз.Биз нан алып келе калалы,биз келгенче уктамыш болуп калба,баары бир ойготом ,-Кален куудулданды
-Ой ,Кален эже...
Тамак үстүндө Кален :
-Суракка алалыбы,же өзүң айтасыңбы,деп тамашалады.
-Жүрөгүмдү түшүрбөгүлөчү.Өзүм эле айтам....Бул жигиттин аты Бексултан,Сокулукта турат,түбү көлдөн болот.Таанышканыбызга төрт ай болду,мен супермаркетте иштеп жүргөндө,кассада отурганда тааныштык.Адегенде ,,казашкасызбы,, деп сурады,мен ,,буряткамын,,деп,буркулдап жооп бергем,маанайым жок эле.Ошону менен чыгып кеткен.Мен аны казак го деп ойлогом.Кечинде жумуштан чыксам, күтүп туруптур.Узатып коёюн дейт,мейли дедим.Кийин билсек, экөөбүз тең кыргыз экенбиз.Ошо...
-Эмне иш кылат экен?Ошону айтчы.Кымбат машине,кымбат кийим кийген неме экен,бандит эмеспи деги,-Календин суроосуна дагы каткырып күлүштү
-Ой,эже...
-Ай, билбейм.Кымбат кийим кийип,кымбат машине минсе эле же депутат же бандит деп ойлой берем.
-Жок дегенде анан ,,депутатпы,, деп сурасаңыз боло,дароо эле бандитти айтпай ...үчөө жыгылгыча күлүштү.
-Тамак муздап калмай болду,тамактан алсаңар боло,-деди Асыл күлүп жатып.
-Ай,кайдагы тамак,адегенде тактап алалы да,депутатпы же бандитпи...күлө беришти,тамак да ичилип бүттү.Айтор,жигит Питерде ,,Кыргыз даамы,, деген дүкөн ачып жатканын,анда сары май,каймак,быштак,айран,шоро,тан,нарындын таза эттери, чучук,курут,бозо,максым, боорсок,каттама ,көлдүн алма-өрүгү ,,Ысык-Көл,, деген кагаз кутудагы ширелер,каттама сыяктуу даамдар сатылып баштаганына бир жума болгонун угушту.Башкасы Кыргызстандан ташылып,боорсок менен каттаманы ошол дүкөндүн чакан цехинде бышырыларын айтып берди Жамила.
-Бахх,кандай ширин даамдар.Мыкты жигит окшойт.Ошончодон ушуга чейин ташып келип,дүкөн ачкан.Өзү каяктан экен?
-Көлдөн болот.Көптөн бери Питерде жашап,иштеп жүрүптүр.Эми дүкөн ачты.
-Токтолуп,кагылып-согулуп эле калган жигит көрүнөт,-Асыл үн катты
- Ооба,отузга чыгарына аз калды.Апасы экөө эле жашайт.Апасы да бул жакта,биз апасы менен таанышканбыз
-Апей,Асыл, экөөбүз жашоодон артта калганбыз го.Бияктагылар таанышып башташыптыр.Экөөбүз электричкада жүрө берип......дагы дуу күлүштү.Үчөөнүн тең көңүлдөрү куунак... Ушундай бактылүү күндөрдөн Кудайым айырбасын,кызым кичинесинен менин азабымды кошо тартты,бактылуу болсо экен.Оо,жараткан жалгыз Кудай, кызымды колдой көр...деп Асыл ичинен тилек кылып жатты..
-Анан дагычы ээ,айтайынбы же коё турайынбы,-Жамила шоктоно көздөрүн күлмүңдөттү
-Айт ,эми,биротоло жакшы жаңылыкка курсакты кампайтып алып,уктайлы
-Болуптур,айтайын,өзүмдүн да ичиме батаар эмес,-Жамила бактылуу жылмайып алып,сөзүн улады,
-Бексултан өзүнүн дүкөнүнүн маңдайынан бир салонду арендага алып берди,толук жасалгасы ,мебели менен ичинде чач тарач,маникюр столдору,каш жасалгалоо орундары менен.Бир жумада практикам бүтсө,сертификат колума тийсе,буюрса,салондун кожойкеси болом.Он адамдын жумуш орду менен
Экөө оозун ачып,карап калышты.
-Жумушчуну кайдан табасың?
-Ал жагын өзүм бүтүрүп жатам.Инстаграмм баракчама ,,Жаңы салон ачылат,тажрыйбалуу чач тарач,маникюрчу жана каш жасалгалоочулар керек,, деп кулактандыруу берип, салондун ичин толугу менен видеого тартып,салып койгом.Билесиңерби,канча адам жооп жазганын....
-Жакшы,тилегиң кабыл болсун.Бирок,жигитиң менен бизди тааныштыр,материалдык жактан көз каранды болуу жакшы эмес,жаңы жашоо баштала электе ,-Асыл тынчсызданды
-Ошент,тааныштыр,баш терисин байкайлы.
-Апа,кабатыр болбоңуз,ишим жүрүшүп кетерине көзүм жетет.Тажрыйбалуу мастерлерди клиенттер артынан издеп келишет.Аренданы да кийинки айдан тарта өзүм төлөйм.Бул айдын аренда акысын окууңдү бүтүшүң,иштин башталышы үчүн белек катары кабыл ал деп,Бексултан мени көндүрдү.Болбосо,бул айдыкын да кайтарып берем дегем.Турмуш өзү сабак болбодубу,өзүңө бекем бол,өзүңө гана ишен деп.Мен да ар бир кадамымды абайлап басып калгам
-Үйлөнүү деген планыңарда барбы?
-Ал сунуш бир ай мурда түшкөн,мен бир жылга ,,отсрочка,, алдым.
-Туура кылгансың бири бирибириңерди жакшылап таанып,билгиле
-Бизде да жакшы жаңылык бар...деп,Кален адвокат менен болгон сүйлөшүүнү төкпөй -чачпай,айтып берди.
-Оо, жакшы жаңылык.Ушул күн да келет экен ээ.Мени айтып коюп, экөөңөр деле Штирлицтей иштеп жаткан турбайсыңарбы.
-Кредитти жаап,баарынан толук кутулуп,Кыргызстаным, кайдасың деген бойдон жөнөйбүз .(Уландысы бар)
Айгүл Усупова
-
-
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2