⠀
Конок тосконду жакшы көргөн бир сахаба бар эле. Бирок анын аялы бираз бекемирээк болгондуктан:
⠀
- Күнүгө бир канча мейман ээрчитип келесиң, алар балдарыбыздын ырыскысын жеп жатышкансыйт,- деп нараазы болот. Күйөөсү бул кобуранганын капарына да албай, үйүнө конок ээрчитип келгенин уланта берет. Сахабанын аялы акыры чыдай албай Алланын Элчисине (САВ) барып арызданат.
⠀
- Оо Пайгамбарым! Эрим күн сайын үйгө конок алып келет. Анын тапкан-ташыганы бүтүндөй конок тосконго кетип жатат. Эгер бир күнү ал ооруп калса ачка калып, мерт болобуз го деп корком,- дейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в) анын күйөөсүн чакыртып бул тууралуу сурайт. Сахаба:
⠀
- Мен конок сыйлабай коё албайм. Төрүмдө мейман болсо ошол мага бактылуулук тартуулайт жана үйгө кут-береке алып келет,-дейт.
⠀
Пайгамбарыбыз (с.а.в) бул жолу аялдан "үйгө бир гана коноктун келип-кетишине ыраазысыңбы"деп сурайт. Аял буга да ыраазы болбой:
⠀
- Мен балдарымдын ырыскысын башкалардын жеп кетишине ыраазы боло албайм,- дейт. Антип-минтип сөз кылып отуруп, акыры "ажырашкандан көрө" деп бир конокко макул болот. Бирок, ошол эле кечте күйөөсүнүн эки конок ээрчитип келгенин көрөт. Дароо бул көрүнүш жакпай, кыжырланып баштайт. Тамак даярдаганга ашканага кирип, үч кишилик тамак даярдап, үч идишке куюп күйөөсүнө карматат. Бираздан соң коноктордун бирөө ордунан туруп, эшикке чыгып кеткенин көрөт. Бир идиштеги даярдалган тамагы желбей калат. Күйөөсү бери чыкканда аялы:
⠀
- Коноктордун бирөөсү эмнеге тамак ичпей кетип калды? ,- деп сурайт. Экинчи коноктон кабары жок күйөөсү:
⠀
- Кайдагы конокту айтып жатасың? Мен бир эле конок менен келгем. Ал үйдө отурбайбы,- деп жооп берет. Аялы келген киши тамак жебей чыгып кеткенин даана көргөн эле. Ошентип, бул талашты чече албасына көздөрү жеткен эрди-катын Алланын Элчисине (с.а.в) барып жагдайды түшүндүрүп берет:
⠀
- Ооба. Үйгө эки конок келген. Бирок, алардын бирөөсү чыныгы адам эмей эле адам кейпиндеги "ырыскы" эле. Алла Таала аялыңды ойлондуруу максатында ырыскыны адам кейпинде жиберген. Аялың конок ашыкча болсо да бираз азыктын көзүнө карабай тамак даярдады, бирок, ал ырыскы азайган жок. Ар бир конок өз ырыскы менен келээрин билип жүргүлө. Жана да эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт, азайта да албайт. Алтургай конок келген үйдүн берекесин арттырат жана ал үйдө ырыскы көбөйөт.
⠀
Бул окуядан соң, сахабанын аялы терең ойго батат. Албетте, эми мындан ары арызданаар абалда эмес эле.
⠀
"Өчпөс сабактар" китебинен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев