"Жаш кезимде эле аялымды боюна болтуруп коюп, уйлондум. Али жаштыкка, оюнга тое элек кезим. Иштеп, аялымды, баламды багам деп умтулбайт элем. Байкуш ата-энеме эле кыйын болгон экен. Уйго келбей, достор менен ар жерде туноп, башка кыздар менен конул ачып, уйбулоом бар экенин унутуп коюп жургом. Акыры апам аялымды уулум менен торкунуно жеткирип берди. Мени адам болбойт деди окшойт. Аялым колунда жок уйбулоодон эле. Арадан убакыт отуп, балам 8 айлык болгондо, аялым баламды которуп, жардам сурап келди биздин уйго. Аны коргондо эле, жарашканы келдиокшойт деп маанайым тушуп, уйдон кетиргенге шаштым. Балам жормолоп келип бутумду кармап, кучактады эле, бутум менен бир туртуп эшикке чыгып кеттим. Аркаман аялым баламды которуп, ыйлап мени каргап чыгып кетти. Уйдо ата-энем болбогон учун, озумду кыйын сезип, аларды кубаласам керек. Эмне учун, кайсы кылган куноосу учун, аялыма мындай мамиле кылып журдум, азыркыга чейин тушунбой келем.
Окууну бутуп, жумушка орноштум, бир кызды суйуп журуп, ага уйлондум. Эми уйбулоо деген тушунук пайда боло баштады менде. Канча аракет кылсак дагы, балалуу боло албай койдук. Анда да куноо аялымда деп, аны куноолоп журдум, уруш кобойду, иче баштадым, акыры кол которуп, кок- ала кылып урганга чейин бардым. Аялым копко чыдаган жок, ажырашып тындык. Билинбегени менен 4 жыл жашап койгон экенбиз. Кайра эле бойдокчулук... Ажырашканыма 1 жыл боло электе, 1 кызы бар келинге уйлонуп алдым. Тилекке каршы ал менен да балалуу болбодум. Врачтарга кайра -кайра корунгонго, эркектик намысым жол бербейт. Ал аялыма да жооп бердим. Ошентип 2 жылдай жалгыз журуп, дагы бир келинге уйлондум. Жок, дагы деле жок, балалуу болбодум. Ушул акыркысы болсун деп, тырышып, аны кое бербей жащаганга аракет кылдым. 3 жылга жетпей ажыраштык.
Коп ойлонуп, журогум кысылып, биринчи аялымды, уулумду эстеп, коргум келип, аларды издегендин аракетин коро баштадым. Окундум, кайгырдым, ичим куйду. Дарегин таап барып, кечирим сурадым,аялым кечирди, тизелеп баламдан кечирим сурадым,мени буту менен тээп, "Кудай кечирсин" деп эшикке жоноп кетти,мен да аны ушинтип тээп чыгып кеткенимди эстедим. Куйуп- куйуп кеттим. Эркек аттуу болуп жургонумо уялдым.Жерден башымды которо алгыс болдум. "Убалына калган экенмин балам"деп, козумдон жаштар акты. Ошол бойдон баламды коргон жокмун, кечирбей койду, уйго да жолобо деп мени келтиртпей койду, ожорлугу мени тарткан го деп коем ичимден... Азр 55 жаштамын, эч кимим жок. Жалгызмын, алсызмын, бир жагынан оорукчанмын. Откон кундорумо, жаш кезиме кайткым келет, бирок окунгон менен пайда жок деп кун кечирип келем... Жашоо ушундай экен. Жараткан да, жазалайм десе, жазалап, окундуруп коет экен. Тагдырым кандай болсо, ошондой кабыл алдым, андан башка аргам барбы?"........
Интернет булактарынан...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев