(тамашалуу ыр)
Көптөн бери сандыкта,
Жаткан экен ак жоолук.
Күндү көрбөй сагынып,
Арман ичке жык толуп.
Капа болуп ал жоолук,
Айтат экен арманын.
Нафталин жыт сандыкта,
Көпкө жатып калганын.
Он жыл мурун татына,
Жаңы жоолук мен элем.
Дордойдогу көп жоолук,
Кимиң мага тең элең?
Эстен кетпейт ошол күн,
Бир аялдын келгени.
Көп жоолуктун ичинен,
Мени тандап кеткени.
Үлпөт тойго ал барып,
Жаш келинге салды эле.
Керек кылам муну деп,
Катып койду кайнене.
Бир айдан соң чыгарып,
Кешик байлап салышты.
Кудага деп чамынып,
Ат-Башыга барышты.
Кешик ачкан жеңеге,
Мени тартуу кылышты.
Ал башканы күткөнбү,
Өзүнчө эле тырышты.
Кийин жеңе той берди,
Тоюна көп эл келди.
"Приз" жетпей кыйналып,
Берди мени ыйгарып.
Көлдөн келген таэже,
"Призди" колго кыстарды,
Идиш берсе болмок деп,
Айта албай кысталды.
Дагы үч ай сандыкта,
Жаттым мен да тыгылып.
Сандык ичи толтура,
Араң баттым сыгылып.
Күндөрдүн бир күнүндө,
Ошол сандык ачылып,
Таэже сууруп чыкканда,
Кетти жарпым жазылып.
Салынат деп башына,
Ошондо мен ойлодум.
Кубанганым бепбекер,
Чоң баштыкка сойлодум.
Кошок ыры угулуп,
Жаткан үйгө келишти.
"Арты болсун кайырлуу",-
Деп келинге беришти.
Ал келиндин апасы,
Бир жыл мурун өлүптүр.
Тууган-урук чогулуп,
Бүгүн ашы өтүптүр.
Көп жоолуктар кошулуп,
Түйүнчөккө түйүлдүк.
Арасында ар түркүн,
Ак, көк болуп үйүлдүк.
Бири атыр жыттанса,
Бири эт, май жыттанат.
Колдон колго өтүппүз,
Ал чындыкты ким танат?
Наристенин белине,
Дагы бир күн байландым.
Бир күнү аш, бир күн той,
Жети дубан айландым.
Мезгил өтүп ошентип,
Он жыл өттү арадан.
Модасы эчак өттү деп,
Киши жок мени караган.
Көз жаштарым куюлат,
Эч ким мени салынбай.
Өлүп калсам эмине,
Шорго минтип малынбай.
Ойду, тоону кыдырып,
Калбады эч дарманым.
Өрттөп мени салышса,
Болбойт эле арманым.
Жок, өрттөшпөйт эч качан,
Дагы учур күтүшөт.
Аш, тойлорго алып барып,
Ары- бери түртүшөт.
Айлампадай айланып,
"Дежур" атка мен кондум.
Өчүп турат ындыным,
Өңдөн азып мен оңдум.
Тагдыр экен ушундай,
Көтөрбөскө айлам жок.
Мода өтүп кетиптир,
Жан адамга пайдам жок.
Канча жатам белгисиз,
Чыдабаска аргам жок.
Кыргызстанды кыдырдым,
Көрбөгөн жер калган жок,
Эми өлсөм арман жок...
Автор: Ашимова Дамира. 👍👍👍😁байкуш жоолуктар,андан башкасычы ,эми калпактар да ыр жазса эле чапан чупан кошулуп 😁
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев