Аталган демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев сунуштаган. Мыйзам долбоору ысырапкорчулукту азайтып, улуттук каада-салттарды жөнөкөйлөтүүнү көздөйт.
🔸Негизги өзгөртүүлөр жана тыюулар:
• Маркумду узатуу:
• Үчүлүк, жетилик, кыркы, жылдык сыяктуу эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салынат.
• Маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга тыюу салынат. Бирок 3 күндөн кийин куран окутууда бир жылкы же бодо мал гана союлушу мүмкүн.
• Үйлөнүү жана кыз узатуу тойлору:
• Үйлөнүү тойго 250дөн ашпаган конок чакырылат, кыз узатууда коноктордун саны 100дөн ашпашы керек. Эгер эки той бириктирилип өткөрүлсө, коноктордун саны 350дөн көп болбошу зарыл.
• Тойдо бир гана жылкы же бодо мал союлууга уруксат берилет.
• Үлпөт кортежиндеги автоунаалардын саны үчтөн ашпоого тийиш.
• Кийит кийгизүү, себет берүү, түштөндүрүү сыяктуу салттарга тыюу салынат.
• Ажылык жана умра:
• Зыяратка кеткендерди узатуу жана тосуп алуу иш-чаралары өткөрүлбөйт.
🔸Жоопкерчилик жана айып пулдар:
Мыйзамды бузган учурларда төмөнкүдөй айып пулдар каралган:
• Той ээлерине – 300 миң сом.
• Салтанат өткөрүлгөн жайдын ээсине – 100 миң сом.
• Маркумду узатууга жооптуу жактарга – 200 миң сом.
🔸Мыйзам долбоору ысырапкорчулукту азайтып, карапайым элдин жүгүн жеңилдетүүгө багытталган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев