,АЙЫГАМЫН ДЕСЕҢ.
Адам баласынын өпкө ,боору, бөйрөк , жүрөгү оорурдан мурда, ички жан дүйнөсү ооруйт .
Ички жан дүйнө кантип ооруйт?
Көңүл чөгүүдөн, капалануудан,стресстен, депрессиядан ж б ар кандай себептерден улам ички жан дүйнө ооруйт.
Мындайда врачка текшерилсе бүт анализ жакшы чыга берет. А бирок адам өзүнү оорулуу сезе берет.
Жеген тамагы сиңбей, уйкусу качып , көңүлүнө эч нерсе жакпай, башы ооруп кыскасы жанын коёрго жер таппай ,врачтан врачка барып жүрүп чарчайт же төшөктөн турбай жатып алат же бөлмөдөн чыкпай олтуруп алат.
Бизде психологдорго барууну уят көрөбүз, барыш керек,жардам алыш керек.
Күчтүү адистер жан дүйнөнү айыктыра алышат.
Кээде жакшы бир адамдар менен маектешкенден кийин, адам өзүнү жеңил сезип калат.
Эмне үчүн мындай болду?
Жан дүйнө -энергиясы жакшы адамдан азык алды.
Бүгүнкү күндө үй жай, машина ,кызмат баары бар, материалдык жактан өтө бай адамдар бар.
Ошол эле учурда бири кем дүйнө дегендей ,ошол адамдарга бир нерсе жетишпегендей кыжаалатчылык болот.
Ал эмне?
Ал жан дүйнөнүн жардылыгы ?
Аны кантип кайдан алабыз?
Жан дүйнөнүн азыгын алаардан мурда мен сиздерди бир нерсеге көңүл бурдургум келет.
Жан дүйнө эмнеден ,качан, кантип жабыркады ?
Ар кимде ар кандай ???
Жан дүйнө азыксыз калып адам алсырай берет.
Жашооңду, өмүрүңдү материалдык байлык сактап кала албайт.
Өмүрүңдү жан дүйнөңдүн азыгы сактап калат.
Жан дүйнө өтө кыйналганда денени таштап чыгып кетет ,бул өлүм!
Бөлмөгө бир буюмду коёрдон мурда ,ал жерди бошотуп,тазалап анан орноштурабыз.
Же болбосо ооздо чайнап жаткан тамакты жутуп оозду бошотуп ,анан кийинкисин кабыл алабыз.
Кирдеген кийимди жууп киебиз. Идиш аякты да утуру жууп пайдаланабыз.
Ата эненин, бир туугандын, өмүрлүк жардын ,кайын топтун ,дос жардын, коло коншунун, коллективтин, уул кыз,келин күйөө баланын ,куда сөөктүн ж б баарынын көңүлүн табам деп жүрүп , өзүңдүн көңүлүн кайда калганын билбей каласың.
Өзүң үчүн жашабай ,бул жашоого бирөөлөр үчүн жашап карып кетесиң.
Жан дүйнөгө азык берээрден мурда ,жан дүйнөнү жашоодон алган негативтерден бошот.
Кантип ?
Ар ким ар кандай жолду тандайт.
Көңүл калтырган ,капа кылган нерселерди унутууга аракет кыл.
Албетте кыйын бул ,а бирок өзүңдүн жашооң үчүн аракет кыл.
Жан дүйнөнү тазалап жатып , азык берүү коштолот.
Жан дүйнөгө азыкты жаратылыштан, 5 убак окуган намазындан , гүл өстүргөндөн ,саякаттагандан, китеп окугандан ,чыгармачылык менен бир иш аткаруудан, улуу аккан дарыяны карап отуруудан ,энергиясы күчтүү адамдар менен маектешкенден ж б көптөгөн нерселерден алса болот.
Ар бир адамдын ички жан дүйнөсүнүн азыгы ар түрдүү нерсеге муктаж болот.
Кээде жан дүйнө жыргап , өзүңдү бактылуу сезип каласың.
Ал эмнеден болду ?
Байка.
Ошону кайтала. Дагы бер ошону.
Жан дүйнөгө азыкты керек болсо сатып ал, кантип?
Сен энергия алчу адамың менен маек уюштур, кафеге чакыр ,а бирок өзүнө байкатпа .
Адамдын колунан баары келет , ага аракет гана жетишпейт.
Сага жакпаган ,сени дайыма капа кылган бирөө барбы? Мүмкүнчүлүгүң болсо ,ошол адамдан алыста.
Алыстаганга мүмкүн эмеспи?
Өзүң жакшы мамиле жаса , өзүң өзгөр.
Бирөөнүн сен үчүн жакшы мамиле жасашын күтсөң, анда өзүң жакшы мамиле кыл.
Кээ бир адамдар андайга да көнбөйт, анда психологдон же бир жакшы кеңеш берчү адамдан жардам сура.
Албетте калган көңүлдү ордуна келтирүү , өткөндү унутуу өтө кыйын.
Биз жашоого бир келебиз ,ушул кыска жашоодо капа болуп ,ооруп калып өмүрдү өткөрбөшүбүз керек.
Биз аракет кылып жашоодо материалдык нерсенин баарын таап жатабыз.
А өзүбүздү өзүбүз түшүнө ,таба алабызбы ?
Баары аракеттен , тапса болот.
Тапкандан кийин эч кимден, эч качан капа болбой ,кудайга шүгүр, шүгүр деп гана жашап баштайбыз.
Келгиле группада түрдүү жаштагы ,кесиптеги жакшы адамдар бар.
Ушул теманы комментарийлерде кеңири талкуулайлы.
Кимдир бирөөгө пайдабыз тийсе , соопчулук кылган болобуз.
Бөлүшүңүз мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет...
Ташбу Жамиловна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев