Көз – ден соолук күзгүсү. Тагыраагы, ден соолугубуздун абалын көзүбүз, андагы ар кандай өзгөрүүлөрдүн жардамы менен билсек болот. Кээде көзүбүздүн өңү өзгөрүп, же улам тартылып, же башка бир белгилер пайда болгонун байкайбыз. Тилекке каршы, көпчүлүгүбүз маани бербейбиз. Мына ошол белгилерге карап саламаттыгыңыз тууралуу билип алыңыз.
Кан тамырлардын кеңейүүсү
Эгер көзүңүздүн кан тамырларынын кеңейгендигин же көзүңүздүн шишимик тартып калганын байкасаңыз, тезинен дарыгерге кайрылыңыз. Бул инсульт же жүрөк талмасынын белгиси болушу мүмкүн.
Көздүн айланасындагы сары шишикчелер
Бул белги медицина илиминде ксантелазма деп аталат. Башкача айтканда, кандагы жогорку деңгээлдеги холестеринден кабар берет.
Көздүн кызарып, кычышуусу
Бул нерсе көбүнчө жөтөл, чүчкүрүү, мурундун бүтүүсү менен коштолот. Демек, аллергиянын башталышы экендигин түшүндүрөт.
Көздүн агынын саргаюусу
Көздүн агынын саргаюусу көбүнчө боору алсыз төрөлгөн балдарда, цирроз, гепатит сыяктуу боор оорулары менен жабыркагандарда кездешет. Бул белги канда билирубин затынын бар экендигин жана анын былжырлуу тканды сары өңгө айландырганын билдирет.
Көздүн чоңоюусу
Калкан бези гормондорду нормасынан ашыкча иштеп чыккандыктан көздөр чоңоюп кетет. Натыйжада Базедова (өтүшүп кеткен богок) оорусу пайда болот.
Бир нерсенин экөө болуп көрүнүшү
Кээде бир адам көзүңүзгө экөө болуп көрүнүп атса, же жакшы көрбөй жатсаңыз, бул белгилер инсульттун башталышы экендигин эске алыңыз. Бул убакта адамдын колу-буттары алсыз болуп, башы айланып, так сүйлөй албай калат.
Көздүн кургоосу, жарыкты карай албоо
Бул белги - Шегрен синдрому аттуу аутоиммундук оорунун белгиси. Мында көздүн бириктирүүчү ткандары жабыркайт. Тезинен анализ тапшырып, сууну көбүрөөк ичип, туура тамактануу зарыл.
Көздөн жаш агуу
Көздөн улам жаш агуусу бет нервинин шал оорусу, жугуштуу вирустар (герпес, ВИЧ) же микробдор менен оору (Лайма оорусу) болушу мүмкүн. Ошондой эле май чыгаруучу бездердин иштебей калгандыгын билдирет.
Көздүн агынын көгүш тартуусу
Көздүн белогунун көгүш түскө айлануусу бир катар оорулардын белгисин билдирет. Көбүнчө Лобштейна-Ван-дер-Хеве синдрому деген оорунун башталышы экендигин адистер айтып келишет. Мында көздүн тунуктугу жогорулап кетет.
Көздүн бат-баттан тартылуусу
Эл арасында “эгер оң көз тартылса сүйүнөт, сол көз тартылса кайгырат” деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок бул туура эмес. Көздүн бат-баттан тартылуусу төмөнкү оорулардын белгиси болушу мүмкүн: баш мээнин чайкалуусу, баш сөөктөгү жаракат, мээде шишиктин пайда болгондугу, атеросклероз, кулак оору, инсульт.
Көздү ымдоо
Көздү бат-баттан ымдоо нерв системасынын, боордун оорусунан кабар берет. Андан сырткары нервге доо кеткендикти, витаминдердин жетишсиздигин, көздүн чарчагандыгын билдирет.
Көздүн астынын күрөң түскө өзгөрүшү
Мындай белги бөйрөктү текшертүү керектигин кабарлайт. Же болбосо кандагы глюкозанын деңгээлин, калкан бези, жүрөк-кан тамыр системасы жабыркагандыгын түшүндүрөт.
Окуп жана бөлүшүңүз,мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев