Кеткен аялды жамандаган жигитчиликке жатпайт деп эсептейм. Өзүң менен жаманбы,жакшыбы айтор төрт жыл бирге жашадым. Эми аркаңдан жамандасам туура болбой калат. Шүгүр,жакшы күндөр көп болду. Баары эсимде. Ортодо таарынычтар,кызганычтар,майда чуйдө уруштар болду. Үй бүлөдө баары болот экен. Сени ата энем,бир туугандарым ушу күнгө чейин унутпай,жакшы жактарынды гана айтып жүрүшөт. Айылдаштардан бери сени макташаар эле. Жаңы келгенинде айыл турмушуна аралаша албай бир топ кыйналдың байкушум. Бирок тез эле баарын өздөштүрүп кеттиң эле. Канчалык түйшүк көп болсо да чыдадын Анджу. Анджу деп апам эркелетээр эле сени. Эртең менен үрүл бурулдө тура калып алты уйду жалгыз саап, сүт тартып каймак кылып,андан кийин самоор коюп баарыбызга чай берээр элең. Ичеги карын артканынчы,шыпылдап. Эртеден кечке колуң бошочу эмес. Кундуз мени менен талаага кошо барып картөшкө отошуп,чөп чапканды да үйрөнүп алдың эле. Кечкисин чоң казанга тамак жасап. Сенин гулчөтайын менен кургак кесменди атам аябай жакшы көрчү. Азыр деле сен тартылган кинолорду ата энем калтырбай көрөт. Байкуш Анджубуз жакшы келин эле деп шыпшынып калышат.
Ээээххх де...
Баары жакшы келаткан. Болбогон эле нерседен турмушубуз бузулду окшойт. Сен өзүң да (ортобузда эчтеке жок болсо деле) азыркы аялымдан кызганып көп урушчу болдуң. Анын үстүнө сенин апаң (кайненем) да жашообузга көп киришип туруп албадыбы. Эң негизгиси сен киного тартылам, карьера үчүн деп төрөбөй да койдуң. Кийин деле төрөп жетишем деп. Бирок баары жакшы болчу. Мейли эми,кайда жүрсөң да бактылуу бол Анджу!!!
Жөн гана сени эстеп кеттим. Бүгүн ойгонгондон бери оюман кетпей койдуң. Ошол үчүн жаздым бул постту.
Береги себя Анджелина!!!
Канат Шабдалиев.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев