Жан далбастап, дагы бир ирет жашоого кайтып келүүсүн өтүнөт ажалдан.
Ажал макул болуп бир шарт коёт:
“Ата-Эне, бир туугандарындыкынан башка, сени жоктоп ыйлап жаткан үч адамдын бирден тамчы жашын алып келсең, жаныңды албайм. Чындап ыйлаган адам болсо жашынын түсү жок болот.
Калганы ар башка түстө.
Табалап турса жашыл түстөгү жаш,
Ырас болуптур, деп жатса кызыл,
Калп эле ыйлаган болсо Сары болот.
А сен мага түсү жок үч тамчы жаш алып келесиң” деп денесин ооруканада алып калып, жанын кое берет экен.
Кыздын жаны чыйпылыктап дос кыздарына барат, алар бейкапар гана дос кызынын авария болгонун, анын жаман мүнөзүн ушактап отурушкан болот.
Жакшы көргөн жигитине барат, ал болсо досуна: Бул эми авариядан кийин айыгып, ордунан турса деле майып болуп, же оорукчан болуп калды да, мага оорукчан аялдын эмне кереги бар эле? деп айтып жатканын угуп шалдайып отуруп калат....
Ошентсе да, жан деген таттуу да, жүгүрүп башка дагы жакын, санаалаш адамдарын кыдырат.
Айтор барбаган, таанышы, досу, мугалим, кошуна, группалашы калбайт.
Ооруканага да келип ыйламыш этип, бышактап кетишет бирок көздөрүнөн чыккан жаштар ар башка түстө.
Бир гана кемпир ооруканага келип, кыздын ата энесине жолугуп ыйлап кетет.
Ал кемпир алысыраак турган кошунасы экен. Өз баласы жок болгондуктан кызды кичинесинен жакшы көрүп таттуу сунуп, мектептен келе жатса алма өрүк берип, кийин кыз чоңойгондо “Апакелеп” үйүнө кирип чыгып ынак болуп калган кошуна энекеси экен.
Кемпир кеткенде кыздын колуна бир тамчы түшөт.
Кудуңдаган кыз дагы да үмүт артып өзү үчүн чындап күйгөн адам издейт.
Тилекке каршы ажал берген үч күндүк убакыт бүтүп калат.
Шылкыйып бир тамчы жаш менен ажал алдына келген кызга, ажал:
“Мына чындык ушундай оор болот! Адам үчүн адам күйбөйт, ажал алса ааламы эңшерилбейт. Бир гана ата- энең менен бир туугандарың шорлойт” дептир...
Ишенген досторуна, курбуларына, жигитине Ыза болгон кыз: Мен өлүмгө даярмын алып кете бер деп ажалга эч каршылык көрсөтпөй, моюн сунган экен....
Мына ушундаай достор!
Ата-Эне менен Бир туугандарыңар аман болсун!
Чыныгы дос чанда гана, чанда бир адамда болот...
Ошондо да кепилдик жок!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев