13-БОЛУМ
Эне кыз эркелешип калышты. Бир туугандары биринчи чоочуркаса кийинчерээк көнүп кетишти. Анан мамыр жумур жашап калды.
Улан менен Арууке да эл көзүн суктанткан жуп болду. Жай турмушка журулушкан жаш жубайлар.
Арадан 7 ай өттү.
Арууке кош бойлуу болду. Жан үй бүлөсү менен бактылуу жашап жатты. Уландын апасы үйгө кирип, чыгып берекем десе, келиним эмес кызым менин, дагы 4 ай чыдаса экиге бөлүнүп алат эле деп Аруукени оор иш кылдырбайт. Кош бойлуу аял көркүнө чыгат демекчи Арууке ай чырайлуу болуп чыга келди. Илгеркилер айтмакчы көз тийүү бар нерсе эмеспи. Айылда жакшы көз бар,жаман көз бар демекчи Аруукеге көз тийди окшойт.
Бир күнү Арууке айыл башына келип Жанды баккан эне менен учурашып кайра артына кайткан эле. Бир кезде шайтан чалып чалынып жыгыла кетти." Оо ,кудай"- деген бойдон бой талаша түшүп калды. Айыл эли дароо чогулуп, айыл даары канасына алып барышты. Каттуу жерге талуу жери менен тийген экен сактап кала албайбыз деп коюшту. Өмүрүнүн эң соңку мүнөттөрүндө Улан менен сүйлөшөнү каалады. Даары канада экенин билген Улан дароо жете келди.
-Жалгызым ,жаным ,барым абайлабайт белең
-Тагдырга жазганы экен.
Улан менин көп деле өмүрүм калбады. Сага акыркы айтарым бар.
-Жок антпечи сен экөөбүз Али көп жашайбыз балдарыбыз болот энтиге жалооруй сүйлөдү
-Мени ук. Мени кабыл алганыңа,кыска өмүрүмдүн бактылуу өтүшүнө себепчи болгонуңа рахмат. Жанды тап ал сени бактылуу кылат. Эки сүйүшкөндүн бактысын бузуп бактылуу жашайм дептирмин,адашыпмын. Сөзсүз Жанды бул айылга келин кылып алып кел. Акыркы сөз.....м.
-Жоооок. Жаным көзүңдү ач өтүнөм ач көзүңдү......
Аруукенин жаны үзүлдү. Уланга дүйнө аңтар теңтер болду. Ооруканадан чыгып жаназа окулду. Улан ич ичинен "Мен аны өлтүрдүм, мен бактылуу кыла албадым"- деп өзүн жеп жатты.
Жан бой тартып калган кыз бойдок жүрсө болбос деп айылдагылар бир башын эки кылышмак болушту. Бирок ага ылайык тең тушу да жок,толуп турган жигит да жок. Ары ойлоп бери ойлошуп колуктусу өлгөн Алимге алып беришмей болушту. Алимдин кем эмес 6 баласы бар. Жан жок дегени менен аны эч ким уккан жок. 1 ай ичинде той болот деп чечилди.
Улан Аруукенин кербези боюнча Жандын айылына издеп жолго камданды. Үйүндө 3 же 4 күндүк ишин бүтүрсө Жан тарап жөнөмөк болду.
Уландысы бар
Калыжан кызы Бияна
Окурмандар эмне деп ойлойсуз Улан Жанга жетер бекен?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев