Күндөр зымырап өтүп жатты. Кимдир бирөөлөр үчүн түркүн түстүү, кереметтүү жашоо болсо, кимдир бирөө үчүү бири бирине коёндой окшошкон кунарсыз күндөр эле...
Сентябрдын бешинчи числосу. Сыртта күзгү жамгыр жаап жаткан эле. Үчүнчү кабатта жайгашкан палатанын терезесинен Сабира эже сыртка көз салып карап турду. Терезеден ылдыйга карап аккан тамчыларга суктанды. Ал унчукпай артын карап турганы менен, отургучта отурган Бегимайдын демин сезип жатты.
-Эже,мени кечириңизчи...
Он минутадай убакыт өткөндөн кийин Бегимай сүйлөдү
Сабира эже бери бурулуп, кыздын жанына басып келип отурду. Бегимай мурункусунан кыйла эле арыктап, көздөрү чуңкуруна кирип калыптыр. Анын күйүп турган кара көздөрүнүн жалыны өчкөнсүп, бозомук тартып турду. Сабира эже кыздын ичке билегинен сылап, муздак колдоруна колун тийгизди
-Кечирим суроонун кажети жок...! Убакытты, ден соолукту, адамдын көңүлүн кайтарып, оордуна келтире албайбыз...
-Билем, сиздин алдыңызда кечирилгис күнөө кылдым. Бирок, сизге бир чети ыраазы болом, бир чети таң калам... Мен катуу ооруп жаткан күндөрү, менин жанымда айланчыктап жүрдүңүз, сиз мени жазалап, карабай койсоңуз деле болмок да
Бегимай Сабира эженин жылуу колунан кыса кармады.
-Үч адам катышкан чиелешкен тагдырдан, анча азап чекпегениме сүйүнөм... Мен эч нерсе жоготподум. Ооба, ыйладым, сыздадым бирок эл бар экен жыгылып калбадым.Ал күндөрү мен үчүн канчалык оор болсо да, мээге кирип алып, күнү түнү эстен чыкпаган "эл эмне дейт"деген ой, мени аркы дүйнөдөн эле сүдүрөп келди десем болот. Себеби Канат кеткенден кийин мен өзүмдүн жан дүйнөм жөнүндө ойлонбодум. Мен көбүрөөк эл журттун сөзүнөн корккондуктан, көчөгө чыкканда бактылуу аял болуп көрүнүүгө аракет жасадым. Азыр бир нерсени айта алам. Бакыт-бул адамдын ички туюму, ички абалы экен. Мен кечке өзүмдү бактылуу эсептеп, уктаарда эле бактысыз болдум. Сага буларды айтканымдын себеби, жөн гана улгайган аялдын кайгы муңун, бактысыз бактылуу жашоосунан кабардар болуушуңду каалап жатам.
-Бирок мен деле бактысыз элем... Канчалык шайыр жүрбөйүн, ичимди эзген санааларды кайда катышымды билбейт болчумун...
Бегимай дагы бир ирет көзүнө жаш алды. Ал бүгүн кийимдерин салыштырып, айылдан келмекчи болгон апасын күтүп жаткан эле.
-Мен ошол түнү канга боёлуп жаткан сени көргөнүмдө, баары эсимден чыккан. Сени ошондо эле кечиргенмин, жана жашап калышыңды чын жүрөктөн тиледим. Биз аялдар бир убакта ачылуу болгонубуз менен, кийинчереек баарын кечиребиз, баарына чыдайбыз, баарына көнөбүз. Жашоо эмнелерди гана көрсөтпөйт. Сени азыр деле аяп турам. Сен эми эч качан мурдагыдай боло албайсың. Бул операция он жылдан кийин болсо да сөзссүз өзүнүн ким экенин көрсөтөт. Эч нерсени ойлонбо! Жашоодо ар бир адам бир жолу болсо да катуу жаңылышат. Себеби алдыда эмне болоорун эч кимибиз билбейбиз. Өткөндү унут. Айылга кет. Башыңды жылуу карма, жана сага көп ойлонууга болбойт.
Сабира эже ага өз кызындай эле кеп кеңештерин айтып турду
-Сиздин кең пейилдигиңизге ыраазы болдум. Башка аял болгондо бурулуп да карамак эмес!
Оордунан турган кыз терезеден сыртты карап апасынын кирип баратканын көрдү
-Жашоо менден кыйындардын да башын ийдирген...!
Сабира эже сөзүн айтып бүтө электе эле Бегимайдын апасы кирип келди. Кызы менен саламдашып, Сабира эжени сыртка сүйлөшүүгө чакырды
-Кызымдын жанында эч нерсени сурагым келбеди... Ден соолугуна үйдө кантип кам көрүшүбүз керек?
-Мен анын картасына баарын жазып койдум. Бегимайдын сумкасында эки даары бар. Бирөөсүн бир күндө бир жолу,экинчисин үч жолу бересиз. Бир айга жетет. Кийин келсеңер дагы берем. Дарынын кутусуна да жазып койгом кандай ичерин.
-Рахмат сизге...! Колуңуз дарт көрбөсүн. Ар дайым адамдарга жакшылык кылып жүрө бериңиз! Аз болсо да биздин атыбыздан алып коёсузбу?!
Бегимайдын апасы сумкасынан бир тутам акчаны алып чыгып Сабира эжеге сунду
-Мен албаймын! Сураныч мени капа кылбаңыз!Даарылары төлөнгөн. Менин үйүмдөгү кийимдерине машина жөнөткөм, азыр келип калат. Сиз менден ыраазы болсоңуз эле болду. Аз болсо да кызыңыздын кызматын көрдүк
Сабира эже ичинен намысына чыдабай ыйлагысы келип турса да, болушунча жакшы сүйлөп жатты. Ал кыздын апасын аяп турду. Себеби оорукчан кызы үчүн дагы канча азап чегишин билет эле.
Бир аздан кийин эне баланы таксиге отургузуп үйүнө салды. Бегимайдын баардык кийимдерине кошуп, арасына жүз миң сом салып койду. Сабира эже бул иштин күнөөкөрү, күйөөсү үчүн ушинтип кечирим сураганы эле. Канат Мырзаевич Сабира эжеге да, Бегимайга да келген жок........
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев