17 - бөлүк
Жеткени калдык- деген кобурдан улам ойгонуп, бирок тургум келбей жата бердим.
- Тур эми, жеткени калдык - деди Настья эже ойгоо жаткан мага жылмайып.
Көөдөнүмдөгү жүрөгүм оорлошуп, эч кимге айтпай баса бергеним, ата- энеме көйгөй болобу? - деген сансыз санаа мени дагы кыйнай баштады.
- Жоок Зубайда туура кылдың - дейт бир оюм. Себеби ата- эне, тууган уруктарды билесиң... Алар сабыр кылып чыдап жашай бербейсиңби- деп өзүңдү күнөөлөшүп, ары- бери басып, акчаң түгөнүп, акчасыз аягың тушалып, же атаңдын үйүндө, же апаңдын үйүндө олтурасың анан жер көз болуп- дейт дагы бир оюм.
Жетип жайгашып алып, кабарлашып айтып коём да деп, өзүмдү - өзүм соороткончо ордумдан атып тура калып, кийинип, жуунуп келип, чачтарымды тарап, даярдана баштадым.
Поэзд токтоп, Костроманын вокзалында түшө тургандар түшө баштадык.
Адатынча менин сумкамдын оорлугуна карабай Мурат көтөрүп түштү.
Мен ага ыраазы болуп:
- Чооң рахмат Мурат жолдо аябай жакшы жолдош болдуң! Мен сага ыраазымын. Эми ушул жерден коштошобуз- дедим.
- Кайдагыны айтпа!, мен сени ара жолго калтырбай бараар жериңе жеткирип, көңүлүмдү тынчытып, анан кетем.
- Убара болбой - дегениме кулак салбай, сумкамды такси токтоочу жайга карай көтөрүп жөнөдү. Комбинаттын жатаканасын такси менен айланып жатып араң таптык.
Жатаканага кирип консержасынан "мен мурда иштеген элем. Дагы иштөөгө келдим"-- десем киргизбей койду. Албетте арадан бакандай алты жыл өтпөдүбү?
-Мен алыстан келдим... Эми кайда барам?- деп ыйлагым келди.
- Капаланба мен бармын го жаныңда.- деди да ойлоно калды.
- Таак,... Зубайда менде бир ой пайда болду.
- Кандай? мен ага жалдырай карадым.
-Кыскасы поэздде биз менен бирге келген Виктор байкенин адресин алып калган элем.
- Мен кубанып кеттим.
- Жүр ошолордукуна баралычы анда сыртка чыгып дагы такси чакырып, Мурат адрести айтты.
Жашыл түстүү темир дарбазанын тушуна келип түшүп калдык.
Звонокту басканга бир аз жүрөксүп, аялгып калдык. Анан Мурат тобокел- деп звонокту басып калды.
Аңгыча бирөөнүн келатканы сезилип, биз курактуу жигит эшикти ачып, бизди таңдана карап:
- Ким керек эле?
- Виктор байкенин үйүбү?
- Ооба. алар азыр эле Москвадан келишип, чарчап дем алып жатышат.
- Ооба биз чогуу келгенбиз.
-Эмне болду жай элеби?
- Ооба жай эле.
- Атамды чакырайынбы?
- Жакшы болот эле. Ал кирип кетти.
Көрдүңбү? Мени кете бер- деп коёсуң - деп шердене сүйлөдү.
Виктор байке чыкты. Кубанып кеттик.
Эмне болгонду Мурат түшүндүрүп айтып, Зуля азырынча туруп турсун эртең келип алып кетем- деп өтүндү. Виктор байке дароо эле макул болду.
Анан Мурат мага карап:
- Эртең келип, жумуш жатакана тапканга жардам берем. Жолдо чарчадың дем алып тур! - деп, сумкамды алып кирип, Виктор байкеге ыраазылык билдирип, коштошуп, мага карап, "мен келгенче эч кайда барбагын макулбу? - деди да, пока - деп чыгып кетти. Мен анын артынан, колумду булгалап рахмат- деп, Виктор байкенин үйүндө кала бердим.
Үйүнө киргенимче;
- Сен эмне бара турган дайындуу мекен жайың жок беле? - деди Виктор агай .
- Ооба. Мурдагы иштеген жеримдин жатаканасына келген элем, киргизбей коюшту- дедим .
- Аа Зуля сен кайдан?, Бизди кандай таап келдиң?- деп Настя эже таң калганын жашыра албай, көзүндөгү очкисин ала коюп, жүзүмө үңүлө карады.
Виктор агай болсо, жолдо келатканда Муратка адрес бергенин, Мураттын айтканын айтып, аялына түшүндүрүп, анан мага карап; Зуля тамактанып болгон соң, душка түшүп дем алгын сен дагы жолдо чарчадың-- деди. Макул- деп башымды ийкедим.
Алар үйдө да, адамгерчиликтүү, меймандос кичи пейил, жакшы адамдар экен.
Мага комната беришти.
Душка түшүп, кийимдеримди алмаштырып, өзүмдү сергек жана жеңил сезип, көңүлүм чайыттай ачылып, жаным жыргай түштү.
Тамактанган соң, комнатама кирип, дивандын үстүнө салынган төшөккө чалкалай жатып, ойлордун кучагында термелип качан уктап калганымды да билбедим...
Канча күндөн бери жолдо жүрүп аябай чарчаган экенмин. Тырп этпей уктап, эртеси бешим ченде ойгондум. Чоң энемдин үйүндө жаткандай керилип, чоюлуп ордумдан турдум. Халатымды кийип, ажатканага барып, андан соң колу бетимди жууп, кайра комнатама кирип, төшөнчүлөрдү иреттеп, өзүмдү оңдоп, түзөп чачтарымды тарап, каш көзүмдү боёп, сыртка чыктым.
Ой тобо эч ким көрүнбөйт го. Кайда кетишкен? - дедим оюмда.
Аңгыча дарбазасы ачылып, Настя эже кирип келди.
- Зуля кандайсың? Бизди таппай калдыңбы- деди күлүмсүрөп.
-Ооба жакшы кудайга шүгүр! Сиздерге жолуктурган кудайга алкышым чексиз. - Аа эчтеке эмес.
-Сени уктай берсин - деп ойготподук.
-Аа айтмакчы, Мурат келбедиби?
- Билбеймин балким биз жокто келип кайра кетип калды бекен?...
Ошол күнү керээли кечке Муратты күтүп, көз байланып кеч кирди. Кызык сөзсүз келемин дебеди беле? Эмне болду экен? Эртең таң атса чыгып кете берем- дедим оюмда. Мен үй ээлеринин алдында, ыңгайсыз абалда калдым. Ал кезде, телефон кайда?
- Комнатага кирип көңүлүм суз олтурганымда жаныма Настья эже кирди.
- Зуля сен капаланба! Баары жакшы болот.
- Жолдо жолукканыбызда Мурат сенин күйөөң экен- деп ойлоптурмун.
- Жоок күйөөм эмес. Ал ушул жерде айыл чарба институтунда акыркы курста окуйт экен. Мен ошондо Муратты күйөөм эмес- деп койбогонум эсиме түшүп, Настья эжеден уялып да өкүнүп да турдум.
- Зуля сен тигүү фабрикасында иштей аласыңбы?- деди мага чай үстүндө.
-Ооба менин сүйгөн кесибим го.
-Анда жакшы экен. Менин жакын таанышым бар ошол тигүү фабрикада мастер болуп иштейт. Мен сурап көрөйүнчү эгер орун бар десе, ошол жерге киргизип коём.
- Жатаканасы барбы?
- Бирок жатаканасы барбы, жокпу билбейт экенмин. Сурайбыз го. Жатаканасы болбосо, биздикинде жашай бересиң!
-Аай иий чынбы? - дедим кубанып.
- Көпчүлүк учурда жалгыз калып кетем. Витя охранада иштейт, уулум Саша алыста окуйт. Ошондуктан сенин жанымда болгонуң жакшы - деди.
Таажы Аязова
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев