5 - бөлүм
Хадичанын жаш кездеги курбусу Гүлайымдын сиңдиси, Зууракан төрөтканада акушерка болуп көп жылдан бери иштеп жүргөндүктөн ар дайым эле Хадичага жолуккан сайын, Зууракан менен байланышып, кабарлашып, аяш менен келишип бала асырап алсаңар болбойбу? - деп курбусуна боор ооруп, көп жолу айтып жүргөнү бар эле. Айдай уулун төрөканага тил кат жазып, калтырып кетээри менен, жакында эле Зуураканга жолугуп, ал абалын айтып, бала асырап алуу максаты зарыл экендигин, түшүндүрүп, кеткен Хадича эсине түшө калып, "аай ушул бала колдон чыгып кетпесе экен"- деп, чымын- куюн болуп, чуркап, Зууракан Хадичага " эже келип мага тез жолугуңуз" деп записка жазып, Хадичанын айылына кете турган автобустун айдоочусунан берип жиберди. Бул кабар Хадичанын колуна тийээр замат токтоосуз шаарга такси жалдап келип, Зуураканга жолукту!
- Аай иий эже келгениңиз кандай гана жакшы болду- деп Зууракан Хадичаны кучагын жайып, кубанып тосуп алды.
- Бол батыраак сүйлө! Мага кандай жаңылыгың бар? - деп Хадича Зуураканды шаштыра сүйлөп, чыдамсызданды.
- Өпкөнү басып, демиңизди алыңыз! Эсен- соолук сурашалы анан айтам эже кам жебеңиз! - деди Зууракан жылмайып.
Сыртта турган скамейкалардын бирине олтура калышып, ал - жайларын сурашып алган соң , Зууракан Хадичаны чакырган себебин айта баштады.
- Кечээ күнү бизге, бирөө төрөгөн балканактай уул баласын калтырып кетип калды. Коркпоңуз ак никеден туулган, ден- соолугу чың, күйөөсүнө өчөшүп эле таштап кетти. Ал түгүл эмизген да жок!
- Иий байкушум - деп, Хадичанын жүрөгү элжирей калып, көздөрү жайнап, карегине жаш толо түштү.
- Карасаңыз эже, " бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө" деген ушул даа - деп Зууракан да шыпшынып Хадичага боор ооруй карады.
- Эмне кыласыз? Ошол баланы аласызбы?- Жоопкерчилиги бар дегендей....
- Ооба аламын.
- Жүрүңүз анда, врачка жолугуп, маселени бышыктап чечели - деп Зууракан да шыпылдап, Хадича менен жанашып басып, төрөтканага киришти. Зууракан өзү врачтын кабинетине кирип, көпкө сүйлөшүп кайра чыкты да;
- Эжеке сиз, бүгүн эле барып, жездеме жаздырып алган тил катты, экөөңүздөрдүн нике тууралуу күбөлүктү, паспортторду алып келип бизге тапшырып, анан... калганын өзүңүз билесиз да - деп капкара көздөрүн кыбыңдатып кысып койду.
Хадича дароо түшүндү! Баары даяр экендигин бир катар көңүлүнөн өткөрүп, өзү менен кошо алып келбегенине өкүндү! Бирок шаар менен айылдын аралыгы анча алыс эместигин эстеп, кайрадан такси жалдап, үйүнө жетип, таксинин айдоочусунан күтүп туруусун өтүнүп, үйгө кирип, Зууракан айткан документтерди, анан өзү эч кимге айтпай жыйнап жүргөн акчасын алып чуркап сыртка чыкканда, Таштемир келип калганын көрүп, эмне дээрин билбей, бир азга туруп калды.
-Сен кайда шашып? - деди Таштемир камыгып тынчы кетип, тыбырчылап турган Хадичага таңдана карап...Бирок Таштемирге айтып олтурууга убактысы болбогондуктан кайра келгенимде айтам -деп чуркаган бойдон чыгып кетти. Ооба ошентип жүрөгү элеп- желеп болуп, Зууракандын айткандарын жеткирип үлгүрдү!
-Эми сиз балага керектүү кийим- кечесин, ороо чулгоолорун эртең ала келсеңиз биз сизге уулуңузду туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен кошуп колуңузга карматабыз буйруса!
Эч качан көңүлүңүздү чөктүрбөңүз баары жакшы болот! Ии айтмакчы, уулуңуздун атын ким деп коёсуз?,-- ошону айтып койсоңуз! Себеби күбөлүктү биз өзүбүз жаздырып беребиз!
- Атынбы?-- ммм....азыр айтам - деп Хадича бир аз ойлонуп туруп, Зарлык- десек болобу? - деп, ыңгайсыздана Зуураканга суроолуу карады.
- Ооба эже сонун ат тандаптырсыз! - макул анда жетише алсаңыз эртең, болбосо, бүрсүгүнү келсеңиз да болот -- деп, Зууракан Хадичаны узатып койду.
Хадичанын өмүрүндө үч уктаса түшүнө кирбеген окуялар биринин артынан бири келип, тагдырдын таштак жол, тар кечүүсүндө, жанында колдой турган адамы болбой, жалгыз калып, өзүнүн арабасын өзү тарта баштаган эле. Баш кошкондон бери, тилектеш, муңдаш, сырдаш, өйдө басса өбөк, ылдый басса жөлөк, болгон асыл инсаны, жан жары болгон Таштемир алда качан Хадичага кайдыгер боло баштаганы, ишенген аскар зоосу кулай баштаганы айдан ачык болсо да, Таштемирден айрылгысы келбей, аны менен жашап калуунун акыркы айласы бала асырап, балага Таштемирдин мээрими түшүп, дагы да мурдакыдай бактылуу жашап калабыз- деген үмүтү үзүлбөй, өзүнүн кыялынан айрылбай, Таштемир алда качан Хадичадан түңүлүп, өзүнүн жылуу мээрим сүйүүсүн, арзып тапкан перзенти Сагынайга, дагы да кийинкисине ай күнү жакындап калган Зыядага ооп баратканын ойлогусу да, моюндагысы да келбей, өжөрлөнүп "баарын артка кайтарам" - деген кызганыч, өкүнүч ызалык, өчүгүү өксүк сезим менен коштолуп, тагдырдын жазмышына моюн сунгусу келбей, кара башынын камы менен болуп, " мен эч качан жеңилбеймин, -- деп ызырынып, өз билгенинен кайтпады! Хадичанын бардык аракеттерине күбө болуп жаткан жакындары тек гана, сабыр тилегенден башка сөз айтышпады! Себеби айта турган сөз, акыл насаат калбаган эле.
Хадича күбүр- шыбыр айтылып жаткан ушак сөздөргө да кулак салбай, жактырбай, табаалай караган көздөрдөн да жалтанбай, өжөрлөнүп өз беттегенинен калбады!
Таштемирдин дарбазасынын жанына такси токтоп, сулуу жүзү албырып, көздөрү жайнап, жүрөгү толкуп, энелик бакыттан башы айланып, колуна бала көтөргөн Хадича түштү.
Дарбазадан киргенде, терезеден элең этип бирөө карагандай болду. "Ким экен" - деди оюнда. Эшикти ачып үйгө киргенде Таштемир менен кайын эжеси Рабия иреңи учуп, олтурганын көрүп, чочуп кетти.
- Куш келипсиз- деди үнү дирилдеп.
- Кудай кушубак кылсын!
Кайда барып, кайдан келе жатасың? Иниңдин аялы ар күнү көчөдө жүрөт- деп, сөз кылып жатышат. Бул кимдин баласы? - деп силкине сүйлөп, кашын чимирип, кабагын салды.
Хадича Рабиянын суроосуна жооп айталбаган бойдон, баланы диванга жаткырып,
- Келиңиз эже, арбаңыз - деп колун сунуп амандашты да, пальтосун чечип, олтура калып, эсен -соолук сурашып, "мага кандай сөз айтышат экен" - дегендей чочулап, Таштемир менен Рабияга алмак- салмак аянычтуу жалтаңдай карады. Тамагын түзөп сөздү Таштемир өзү баштады.
- Эсиңде барбы? Сен тил кат жазып бериңиз дегениңде, " макул жазып беремин, бирок менин айтканыма көнөсүң - деген шартыма макул болгонсуң туурабы?
- Ооба эсимде.
- Мына ошол максатыңа жетип баланы алдың! Эми мени жакшылап уккун! Бул бала сенин өзүңө керек! Менин балдарым сени деп көчөдө жүрушөт. Же чыгышып жашай албасаңар, мен эмне кылышым керек-- дегенде,
-- Эмне кылмак элең, ошончо тиричилик кылганыңардын урматы үчүн, үй сатып алып берип, баласы менен өзүнүн кармаган туткан буюм терими менен көчүрүп коюп, каралашып турасың! Балдарыңды өзүнүн үйлөрүнө алып кел! Анын үстүнө кийинки балаңдын төрөлүшүнө да аз калды дейсиң!
-Ооба ошондой кылбасам болбой калды - деди Таштемир да эжесинин айткан орундуу сөздөрүн макулдап...
Хадича ыйлап жиберди.
- Мен эч качан кетпеймин! Мен сенден айрылганча өлгөнүм артык- деп, көздөрү алактап, колуна бычакты ала коюп, өзүнүн тамырына такап, калганда, мынчалык бетпактыкка барат- деп ойлобогон Рабия менен Таштемирдин оозулары ачылып, эмне дээрин билбеген бойдон бир азга катып калды. Рабия " тообо" - деп жакасын кармап, маселе оңой чечилбей, чиеленип баратканын сезип, эми кандай чара колдонсок экен- деп ойлогон бойдон;
- Кой Таштемир айткан акылга кирбесеңер өзүңөр билгиле! Мен кеттим - деп чыгып кетти.Келини Хадичанын мындай жосунсуз жоруктарын эч качан көрбөгөн,
укпаган эле. Анын чырайын чылап ичмек беле? Айдай чырайыңды боктой кыялың бузат дегендей, мындай уятсыз, бетпак, ыймансыз, анын үстүнө туубаган акмак аял менен Таштемир байкушум кантип гана жыйырма жылга жакын өмүр сүргөн экен же акылынан айрыла баштаганбы --деп да. ойлоду! Хадича бычакты колуна кармап олтурса да, ' өлсөң өлө бербейсиңби" - дегендей таризде, " кой, айга" жарабай экөө тең чыгып кеткенине андан бетер ызаланып, ыйлап олтурганда, баласы Зарлык чукуранып ойгонуп, курсагы ачканбы?, үйдү башына кийип, ыңаалап жатты.
Таажы Аязова
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев