Африка, Сомалилэнд.
Сүрөттөр. Убакыт токтоп калгансыйт ушул сүрөттөрдү көргөндө.
Жалдыраган балдардын көздөрү. Көздөрүндө үмүт шамы балбылдайт.
Эне, ал жарыктык боорунда дагы бирөөсүн кысып, оюнун баары - бир ууч азыкты мөмөдөй балдарына табуу.
Өлүм. Өлүм кыйналып издебей терип кетип жатты.
Ушул сыяктуу сүрөттөр интернетте, фейсбук, одноклассники жана башка социалдык торчолордо ал жактагы абалды тез тез биздин мониторго таккап жатты..
Жараткан Кудай ачарчылык аркылуу ал жактагы элди сынап жатат. Ал эл сыноодон жазбай өтүп жатса керек.
Биз, а биз ал жадыраган көздөрдөн көзүбүздү ала качып кете беребизби жанынан? Интернет жана жаңы технологиялар болсо алардын абалын ачып койду.
Же, замандаш, бир четинен тооба кылып ырыстуу элдерден экенбиз деп шүгүр келтирип Кудайга анан ыйык Рамадан айында, кечке орозо кармап кечинде эмне менен ооз ачарын билбеген Африка элинин бир курсактарын тойгузалы.
Бабалардан эле үлгү алсак, өткөн кылымдын 30чу жылдарында жакынкы кошуналарыбыздын ачарчылык түшкөндө көбүн сактап калган эмеспи.
Келгиле, биз - азыркы муун, алысты жакын кылган технологиялар аркылуу Африкадагы боордоштурубузга акча чогултайлы.
Кошулуңуздар,
чогултулган каражат, буйруса, ушул айдын ичинде толугу менен жиберилет.
Ал жактан азык түлүк сатылып алынып кембагалдардын үйлөрүнө жеткизилет.
Каражат элсом электрондук капчыгына чогултулат.
1. Ниетти бир Кудайдын ыраазычылыгына түздөңүз
2. Төлөм терминалдарын табыңыз (Республика боюнча 700 дөн ашык):
МОБИЛЬНИК төлөм терминалдары
QIWI төлөм терминалдары
3. Төлөм терминалдарында толуктоо ыкмаларынын тартиби:
Төлөм терминалынан ЭЛСОМду тандаңыз (раздел - “электронные деньги”)
Мобилдик капчыктын номерин - 0558955950 киргизиңиз
Киргизилген маалыматтардын тууралыгын ырастаңыз
Толуктоо үчүн сумманы киргизиңиз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев