Эй Аллахым Улук затсын кечиримдуу баарынан.
Кечиргин деп дуба кылып бир озуно жалынам.
Бул жашоого ибадатка жарлганым унутуп.
Канча адаштык, кечир эми, сакта бизди каарыңан.
Кечир Алла пенделерди ата энесин кордогон.
Ичип келип акча сурап, табасын деп койбогон.
Кечир Алла пенделерди, байлык жаап көздөрүн.
Ак никелуу аялы туруп, башка менен ойногон.
Кечир Алла алдуу кучтуу ага ини, тууганды.
Намаз десе мойун сунбай, Күнөөгө өзү барганды.
Орозодо арак ичип, буркуп ооздон сасыгы.
Кечир өзүң көрүнгөнду согуп шылдын кылганды.
Кечир Алла каарыларды сакалдары ак баскан.
Бирок намаз окубастан нас тарткан.
Акылдуу созун айтбай жаштарга.
Согунуп жаш балдарды, таяк менен тап салган.
Кечир Алла келиндерди сый урматты билбеген.
Кайненени кайнатаны каргап шилеп тилдеген.
Ага ини, туугандардын ортосуна от жагып.
Күйөөсүнө. Баласына каарын төгүп тилдеген.
Кечир Алла, пенделерди "Бисмилланы" билбеген.
Ар жумада жуунбастан, тердеп сасып кирдеген.
Намазыңа орозоңо - ибаадатка бей капар.
Базарларда, көчөлөрдө жүрөт пендең миңдеген.
Кечир Алла, пенделерди арам баркын билбестен.
Процентке акча алып, уйду салган бизнесмен.
Аллах өзү арам кылган буларда.
Аягында карыз болуп, үйда калат өз колуңа тийбестен.
Кечир Алла кечиргинин баарысын.
Билип билбей кылдык ката канчасын.
Умут үзбөй кайра кайтып өзүңө.
Кечиргин деп баш ийебиз баарыбыз
Бирок анда кеч болору аныкко.
Ошондуктан намаз бизге багытко.
Бейиш эли менда болом десенер.
Намаз окуу, ар бир кундо беш убак.
Жакшы кундор болот анда ар убак.
Автор :
Болотбек Уулу Мырза
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев