Тартып алыш оңой! Бирок алар бизден 5 млрд доллар сот аркылуу өндүрүп албасын деп айткам. Соттордон башыбыз чыкпай калбасын деп айткам.
Болбосо улутташтырылган ишканалар, ошол эле Аврора+ боюнча эларалык соттордо уламдан-улам жеңилип жаткандыгыбызды айткам.
Депутаттык комиссиянын жыйынтыгын 100 пайыз колдойм деп айткам! Бул чоң, тарыхий иш болгонун айткам!
Центеррадагы 66,7% үлүшүбүздүн 15-33 пайызга түшүп кеткендигин чыккынчылык деп айткам.
Эң аз дегенде Кумтөрдөгү тарыхий үлүшүбүздү толук кайтарууга, Кумтөрдү өзүбүз башкарууга МЫЙЗАМДУУ жолубуз бар экендигин айткам!
Ал жол – экологиялык чоң текшерүүлөр менен чоң штрафтарды коюу керек деп айткам!
Ал аркылуу үлүшүбүз кайтарылып, Кумтөрдү өзүбүз башкарууга жетмекпиз!
Анан ушул узун сөздүн ичинен “20 миң акционер” деген жерин гана кесип алып, өлкө бою жаманатты кылып жаткандар – токтоткула!
Мыйзамсыз Кумтөргө берилип кеткен 16,300 гектарды Кыргызстанга кайтарабыз деп ошондо айткам, андан соң дароо ал жерди элибизге кайтарып бергем!
Кумтөрдү муктаж адамдарга жардам берүүсү үчүн 21 млн долларды бюджетке төлөткөм!
Мурда Центерранын Директорлор кеңешинде Кыргызстандын атынан эки гана мүчө болсо, мен аны үчкө чыгаргам!
Парламент 10-июлга чейин мамлекеттик комиссия түзүү керек десе, мен аны 3-июлда дароо түзүп, көз-карандысыз, авторитеттүү адамдарды киргизгем!
Анан дээрлик дароо эле мага каршы каралоолор башталган, коалицияны бузушуп, мен жетектеген өкмөттү таркатышкан. Отставкага мен 31 август (символдуу!) күнү кеткем.
Эми айткылачы, дагы эмнени жабыштырасыңар?
--
✍️ жардамчысы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1