Рамазан айына жеткирген, бул айдагы орозолорду кармоону жана Өзү сүйгөн амалдарды кылууну насип кылган Аллах Таалага мактоолор болсун! Жашоолору биз үчүн өрнөк болгон сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхиссаламга салават жана саламдар болсун. Ассаламу алайкум ва рахматуллохи ва барокатух! Орозо айт майрамыңыз мубарек болсун. Аллах Таала бир айдын уландысында аткарган ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Кийинки жылдарда келе турган рамазандарга сак-саламат жеткизсин. Аллах сизден да ыраазы болсун. Дайыма саламат болуңуз. Өмүрүңүзгө Аллах береке берсин. Туура жолдо кылып жаткан иштериңизди оңой кылсын жана эки дүйнөдө пайдалуу кылсын.
Жакшы тилектер менен уулуңар Адилет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1