Керектелүүчү азыктар:
Боор- 500грамм
Жумуртка-3 даана
Сабиз- 3 даана
Пияз- 3 даана
Сарымсак-3 тишче
Ун- 3 аш кашык
Сүт- 0,5 литр
Суу май-50грамм
Майонез- 300грамм
Мурч, туз татымына жараша
Көк чөп- бир боо
Жасалуу ыкмасы:
Алгач сабизди тазалап жууп, аарчып көзү чоң сүргүчтөн өткөзүү керек. Пияз болсо ичке кесимдер менен тууралат. Көмөчтанды ысытып алып ага суу май куюп сабиз менен пиязды 5 мүнөткө кууруп чыгарып коёсуз. Боорду кичинекей бөлүктөргө бөлүп алып, эт туурагычтан өткөрөсүз. Андан кийин ага туз, мурч кошуп үстүнө жумурткаларды чагып салып, сүттү куюп, унду салып жакшылап чаласыз. Куймакка даярдагандай абалга келиши керек. Андан соң, көмөчтанды кайрадан ысытып суу май куюп, кадимки куймакты бышыргандай эле баарын бышырып аласыз. Андан ары сарымсакты абдан эзип майдалап, майонез менен аралаштырасыз. Даяр болгон боордун бирин идишке салып сарымсак аралашкан майонезди сүйкөп, тууралган көк чөптөн себелеп коесуз. Куймак боордун баары түгөнгүчө калгандарын да жогорудагыдай кабаттап тизе бересиз. Ал эми үстүн өүңүздүн фантазияңызга ылайыктап кооздоп аласыз. Дасторконго коёрго чейин бул торт муздаткычта 3-4 саат турганы жакшы болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11