Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: "Ким багымдат намазын окуса, анда ал Алланын коргоосунда болот".Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: "Ким парз намазынан кийин "Аят-алкурсини" окуса, анда аны бейишке кирүүдөн өлүм гана тосуп турат (эгер ал адам көз жумса анда ал бейишке кирет)".Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: "Ким: Аллохумма анта роббии, лаа илааха иллаа анта холактании ва анаа абдука, ва анаа алаа ахдика ва ваъдика мас татоъту, аъуузу бика мин шарри маа сонаъту, абва'у лака биниъматика алаййа, ва абва'у бизанбии, фагфир лии фаиннаху лаа йагфируз зунууба иллаа анта" - деп эрте менен чын жүрөгүнөн айтып, ошол күнү кеч киргенче көз жумса анда ал бейиш элинен болот. Эгер кечинде чын жүрөгүнөн айтып жатып таң атканча көз жумса анда ал бейиш элинен болот".Күтүүсүз кырсыкка кабылып калбоо үчүн төмөнкү дубаны окуңуз! Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: "Ким кечинде: Бисмиллаахил лазии лаа йадурру маъа исмихи шайун фил арди ва лаа фиссамааи, ва хувас самииъул алиим -деп үч жолу айтса, анда ал кечке чейин күтүүсүз кырсыкка жолукпайт. Ким эрте менен ушул дубаны үч жолу айтса, анда ал адам кеч киргенге чейин күтүүсүз кырсыкка жолукпайт".Дүйнө-акыреттеги коркунучтардан сактай турган дуба. "Аллохумма йаа ман лаа тадииъу индахул вадааиуху, аставдаиука нафсии ва диинии ва байтии ва ахлии ва маалии ва ховаатима аъмаалии, фахфазнаа бимаа тахфазу бихи ибаадакас соолихиин"."Аллохумма йаа ман лаа тадииъу индахул вадааиуху, аставдаиука нафсии ва диинии ва байтии ва ахлии ва маалии ва ховаатима аъмаалии, фахфазнаа бимаа тахфазу бихи ибаадакас соолихиин".О, Алла! Бардык мусулмандарга бейиш эшиктерин ач!, жүрөктөрүбүзгө тынчтык тартуула!, бизге өзүбүз күтпөгөн тараптан ырыскы бер!, Жана бизди эки дүйнөдө тең бактылуулардан кыл!
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев