Кемчиликсиз, эч качан катага жол бербеген жалгыз Алла. А биз пенделер адашып ката кылабыз, кемчилик кетиребиз, кээде напсинин азгырыгына алданып күнөөгө да түшүп калабыз. Ошол кезде аны жаап-жашыргыбыз келет, башка адамдар да ошол сыяктуу каталарын жашыргысы келет. Ошондуктан эч качан эч кимдин ката-кемчилигин жарыя кылба, ошондо Алла Таала сенин да кемчилигиңди элдерге көрсөтүп шерменде кылбайт. Ким бул жашоодо бирөөнүн ката-кемчилигин жашырса, Алла Таала кыямат күнү ал пенденин күнөө-кемчилигин жашырат.Төрт нерсе бактылуулукту алып келет: Пайдалуу китеп, элпек, боорукер уул, сүйүктүү жар жана салих (Алладан корккон такыба киши) менен чогу отуруу. Ушул төртөөсүнүн ордун баскан жалгыз нерсе - Алланын динин бекем кармап жашоо.Эгер мен ката кылсам, аны башка адамга барып айтпай өзүмө айт. Менин артыман сүйлөгөнүңө караганда, кемчилигимди өзүмө айтканың абзел. Бетке айткандын заары жок...Кечирим суроонун жолдорун үйрөн. Анткени жебенин денеге сайылганына караганда, сууруп алгандагы оорусу катуу болот. Сөз менен бирөөнү капа кылып, бирок кечирим суроону өз ордуна койбосоң, жебени сууруп алгандагы сыяктуу оруу калтырган болосуң...Бир инсандын арзыбаган нерселерге ачууланып жинденип турганын көрсөң, анда ал адамдын ичинде кайгысы бар экен деп бил!. Ошондуктан андай адамдарга кечиримдүү бол, анткени анын ички дүйнөсүндө эмнелер болуп жаткандыгын билбейсиң..Меккеде аял-эркек аралашып ибадат кылышат, бирок Алла Таала буюрган адеп менен адептенип эч кимдин жаман ой-пикири болбойт. Эмне үчүн Меккеден башка жерлерде да ошондой адеп-ахлактуулук менен жашай албайбыз?..Эгер эки адамдын арасындагы ийгиликтүү мамилени жана ынтымакты көрсөң, билип кой! Бардык нерселерде эле дайым алардын пикири дал келе бербейт. Бирок билгин!, Албетте алардын бирөөсү экинчисин түшүнөт жана туура эмес иштерин көтөрө билет...Эгер бир адам сени дайыма кечире билсе, анда ал: Сени аябай сыйлайт. Сени жоготкусу келбейт. Ошондуктан каталарыңды кайталай бербей, аларды оңдогонго аракет кыл!..Эгер басып бараткан кумурсканын жолуна колуңду койсоң, ал токтоп калбай багытын өзгөртүп жолун улай берет. Ал кумурска, а биз адамдарчы?, Эгер кыйынчылыкка кабылып, жолубузда жол тосмой, бут тосмой пайда болсо, жолубузду өзгөртүү жөнүндө ойлонобузбу?!. Мүмкүнчүлүк болуп турса, кыйынчылыктарга карабай максатыңа карай умтула бер!!!Жылмайуу сага нан сатып бербейт, бирок рух (адам) сатып берет. Жылмайып мамиле кылган адамың, дайыма сенин жаныңда болгусу келет. Жылмайууну да садака кылып, сооп берип койгон Аллага мактоолор болсун!.Оорулуу адам айыгаар.. жоголгон нерсе кайра табылаар.. кайгырган адам кубанаар.. кайгы кетээр.. туткун бошотулаар.. Алланын убадасы акыйкат. Ал убада: "Чындыгында кыйынчылыктын артында жеңилдик бар"...Өсүмдүктөрдө акыл болбойт. Бирок алардын үстүн сандык менен жаап, анын бир жерин тешип койсоң, ошол тешиктен кирген күндүн нуру менен ал өсүмдүк өсүп чыгат. Ал эми акылы бар туруп, бизге түшүрүлгөн нурду (Куранды) ээрчип оңоло албай жаткандарга эмне дейбиз?!.Кечиримдүү болуп жаша, адамдардын сен жөнүндөгү кылган жаман күмөндөрүнүн күнөөсүн өздөрүнө калтыр. Сен кечиргениң үчүн соопко ээ болосуң, алар жаман күмөндөрү үчүн күнөөсүн алышат..Бактылуулуктун туу чокусу: Бейиштин эшигинин астына келип, бейишке кирүүгө уруксат берилүүсүн күтүп туруу...О, Алла! Бизди бейишке эсеп-кысапсыз кирүүчүлөрдөн кыл!.
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев