2-бөлүм
Үмүтай "селт" этип, эки жагын элеңдеп карайт. Бет маңдайындагы отургучта, орто жаш курактагы бир сүйкүмдүү айымдын жылмайып карап отурганын көрүп:
--Саламатсызбы эже. Кечиресиз, сизди байкабаптырмын го?- деп өзүн ыңгайсыз сезип, учурашып калат.
--Саламатчылык. Ооба, курбуларың менен кызуу талкууга түшүп, тегерек-четиңерге көңүл бурган жоксуңар. Курбуңа бак тилеп отурганыңды көрүп, өзүмчө ыраазы болуп кубанып калдым! Оюңду бөлүп чочутуп алганым үчүн, кечирим сурайм сиңдим!- дегенине Үмутай кызарып:
--Ооба эжеже, кечиресиз... Кубанычым койнума батпай толкунданып турган жаным, сыртыман сүйлөнүп алганымды байкабай калыптырмын... -деп уялгансып, башын жерге салып жерди карайт. Анда алиги айым күлүмсүрөп:
--Жан дүйнөңдүн жаңырыгы, сыртка атылып чыккандагысы да! Бирөө үчүн кубана билгениң, эң жакшы сыпаттардын бири сиңдим, азаматсың!- деп, Үмүтайдын жанына отурайын дегенсип ордунан козголо бергенде, таяк таянып сылтып басарын көрөт. Үмүтай дароо атып тура калып:
--Эжеке, убара болбой эле отура бериңиз! Азыр эжеке, азыр...- деп өзү жанына басып келип отурат. Анда алиги айым ыраазы болгонсуп:
--Туура түшүнгөнүң үчүн, чоң рахмат сиңдим! Ден-соолугуң жок болсо, кыйналып калат экенсиң...- деп колундагы таягын үшкүрүп карап:
--Кичинекей кезимде апаларды туурап, таяк таянып ойногонду жакшы көрчү элем. Кудум эле азыркы туруш-турпадымдай белимди бүкчүйтүп алып, бутумду сүйрөп араң басымыш болуп: "Оо кокуй белим... Отурсам тура албай, буту-белим чыдатпай какшатып оорутуп, айлам кетчү болду... Кокуйласам да бутумду сүйрөп, таяк таянып араң басып жүрбөймүнбү... Өөөөх ииий, белим ай белим... Олдо катыгүн ай-йе, куурадым го, куурадым... "деп келиштире туурасам, чоң кичине дебей каткырып күлүп калышаар эле. Элди күлдүрө алганым майдай жага берип, ого бетер кычап туурап жатып калчумун. Кийин отуз жаш курагымда, ушу дартты таптым... Буту-белим оорутуп айыга албай убара болуп жүрүп, акыры ушинтип эрте таяк таянып калбадымбы... Көрсө ушундай тагдырга ниет кылып, өзүмө-өзүм дарт тилеп алгандаймын... -деп мукактанып, көзүнө жаш тегерене түшөт. Оор үшкүрүнүп, кайгысын ичинен сызган Умсунай улутунуп алып:
--Тагдырга баш ийбеске арга жок экен, ушуга да шүгүр!- деп оозун кыбыратып, жылмайымыш болот.
--Сейилбакка келип, таза абада китеп окуп отурганды жакшы көрөм. Көнгөн адатымча китеп окуп отурсам, силер келип калбадыңарбы. Үнүңөрдү катуу чыгарып сүйлөшкөнүңөрдөн, сөзүңөрдү угуп отурганга аргасыз мажбур болдум. Жаңылышпасам, атың Үмүтай экен ээ сиңдим?- деп сураганына Үмүтай "ооба" дегенсип, башын ийкейт.
--Экөөбүздүн атыбыз окшошуп кетет экен. Атым Умсунай болот!- деп өзүн тааныштырып:
--Бая ачууланып басып кетип калган курбуңдун аты Созул, берки кыздын аты Бактыгуль экен, туурабы?- деп сурап, "ооба эже, туура" деген жоопту уккандан кийин жылмайып: --Айтайын дегеним, Бактыгүл курбуң ниет жөнүндө абдан туура айтты! Ааламдын көркүн көз ачса, адамдын көөнүн сөз ачат эмеспи сиңдим. Эгерде мүмкүн болсо, Бактыгүлдүн сөзүн кошумчалап кетсем болобу?- деп сураганына Үмүтай:
--Алибетте болот эжеке!- деп жооп берет.
--Силердин сөзүңөрдү угуп отуруп өткөндөн элес алып, курбуларым эсиме түштү. Алигиче чейин, бир жандырмаксыз сырдуу кубулушка таң берем десең. Бала- чагыбызда кирип-чыгышып, чурулдашып бирге ойноп чоңойгон кошуна кыздарым бар эле.
Ал учурда оюнга тойбогон, эселек кезим болчу. Бир күнү ойногону чакырганы, кошуна кыздын үйүнө барып калдым. Дарбазасынын эшиги ачык турган экен. Короосуна баш багып, үйүнүн ичине кирип баратсам: "Сени менен алышып жүрүп чарчадым! Көзүмө чөп салып ала жипти аттап чыккынчылык кылганыңды, эч качан кечире албастаймын... Сага бекер турмушка чыгыптырмын... Азыр жаным кайышып, өкүнүп жүрөм! Сени көрөйүн деген көзүм жок! Ортодо балдарыбыз болбогондо, башым оогон жакка жер кезип тентип кетмекмин! Каап... Балдарды кор кылып, жарык дүйнөгө алып келбей эле койсом болмок экен... Баары бир баркыбызды билген жоксуң. Жалгыз болсом мынчалык түйшөлбөй, балким жеңилирээк болот беле, ким билет... Акыркы учурда сиркем суу көтөрбөй, ачулуу болуп баратам. Эч нерсеге көңүлүм жок... Баарын унутуп, сени жашоомдон чийип салгым келет. Күйөөсү бар деген эле атым болбосо, жалгызмын... Жалгызсыраган кунарсыз жашоодон тажадым... Ошону үчүн, биротоло жалгыз калгым келет! Акыркы учурда жүрөгүм тынчтыкты каалап, бир гана жалгыздыкты эңсей берчү болдум..." деп буркурап ыйлап, үңкүйүп унчукпай отурган атасы менен урушуп жатыптыр. Курбум болсо, тамдын бурчунда бүрүшүп ыйлап отурган экен. Ага көңүл бурган деле адам жоктой... Апасынын көз жашы, деги эле ата-энесинин жаңжалдашып урушуп жүрүшкөнү курбума оор тийип, жүрөгү жабыркап калса керек. Балалыгы менен апасынын жалгыздыкты эңсегенин кулагына сиңирип алганбы, айтоор ойногондо да апасын туурап ойночу болот. Тыпылдап үйгө кирип келип: "Үйдө эч ким жок. Жалгызсырап кеттим, ошону үчүн силердикине конокко келип калдым" дегенин апам угуп калып: "Апаңчы? Апаңды жаңы эле көрдүм го?" деп сураса курбум "жок" дегенсип, башын чайкап койчу. "Атаң жумуштабы? Жетелеп ойнотуп жүргөн бөбөгүң кана? Эжеңчи?" деп сураса, эки колун эки жакка жайып: "Жок, эч ким жок! Күйөөм да жок, балам да жок, эч кимим жок! Жалгызмын, жалгыздыктан тажадым..." деп бетин басып алып, уңулдап ыйламыш болуп калчу. Анда мен сооротумуш болуп короого жетелеп чыгып, жалбыракты момпосуйга окшоштуруп ороп: "Кой ыйлаба, момпосуй жейсиңби?" деп сунуп, оюнга алаксып ойноп кетчүбүз. Ниет деген ниет экен, алигиче чейин таң кала берем. Курбу кызым он биринчи класста окуп жүргөн кезинде, ата-энеси балдары менен бир жактан келатышып, жол кырсыгынан каза болуп калышты...- деп мукактанып, бир саамга унчукпай отуруп калат.
--Ииий эже... Каап, жаман болгон турбайбы... Бир туугандары дагыбы?- деп ыйлагысы келип сураса, Умсунайдын үнү каргылданып:
--Ооба... Ошентип курбум ойдо жок жерден, бир заматта томсоруп жалгыз калды. Кийин эмнегедир турмушка да чыккан жок, балалуу да болгон жок. Перзенттин жытына зар болуп жүрүп, акыры тагдырына баш ийди окшойт. Кээде, кудум эле бала- чагыбыздагыдай болуп: "Кандайсыңар? Силерди сагынып, учурашканы келип калбадымбы! Же бир тууганым жок болсо, же үй-бүлөм жок... Жалгызсырап бук болуп кеткенимден, силердикине конокко келип калдым..." деп үшкүрүнүп, үйгө келип калат. "Тобоо, турмушу ниетине жараша болгонун кара" деп, таң калып, жакамды кармайм...
Дагы бир курбумдун тагдыры, андан да оор болду... Атасы ичкиликке берилип, ичип кеткен болчу. Ичип келип апасын сабап, балдарына күн көрсөтчү эмес. Уруш-талаш чыгып жаңжал бийлеген жерди, жакырчылык байырлайт тура... Байкуш курбумдун же тыңгылыктуу курсагы тойбой, айтоор башынан оор күндөрдү кечирип чоңойду... Баарынан да, өмүр бою бети-башынан көгала кетпей, азап чегип өмүр сүргөн апасына, алигиче чейин боорум ооруй берет. Жанынан туңүлгөнгөбү же ачуусун балдарынан чыгарчубу, айтоор балдарына айтпаганды айтып, кагып-силкип уруша берген адаты бар болчу. Өзгөчө курбум тентек кылып койсо: "Оңбогон жашабагыр, кийин деле бир жарыбайсың го... Алма сабагынан алыс түшпөйт. Кийин мендей шордуу болуп, шоруң каптаса эле болду..." деген сыяктуу жагымсыз сөздөрү, кызынын көкөйүнө көк талкандай тийип, көңүлү калып калса керек. Бала көргөнүн кайталайт эмеспи. Ойногондо да көзүнүн алдын көө менен сүртүп алып: "Иий кантейин эми, шорум каткан бир шордуу экенмин да... Карагылачы кыздар? Күйөөм көзүмдү көгөртүп, уруп салбадыбы... Чоң өтүгү менен оозума тээп жиберсе, тиштерим күбүлүп түшүп калды... Эми кантип нан чайнап жейм, арман ай арман..." деп уңулдап ыйламыш болуп: "Ичкиликтен көзү ачылбаган күйөөм, күндө мас болуп келип..." деп бизге тап берип, атасын туурап бакырып-өкүрүп артыбыздан кууп калчу. Балабыз да. Оюн көрүп балдардын баары каткырып күлүшүп, туш-тарапка тызылдап качып жөнөчүбүз...- дегенде Үмүтайдын чыдамы кетип:
--Анан эжеке, анан тагдыры кандай болду?- деп сураарын сурап алып, эмнегедир айтпаса да түшүнүктүү болгонсуп, өзүнчө ичиркенип алат. "Балким... Балким багы ачылып, бактылуу болгондур?" деп ойлонгончо эле:
--Иий байкуш курбум... Байкушум турмушунан муш жеп, далай азап чекти го чиркин... Атасынан да ашып түшкөн кызыл кандуу чоң муштумга туш келип, шору катпадыбы... Бир күнү айылга барып, кайра шаарга кетип бараткам. Мектеп жашындагы кичинекей балдары жетелешип, бекетте жүрүшкөн экен. Бир жамандыкты сезгендей болуп, жүрөгүм "шуу" дей түштү. Бешинчи класста окуган улуу баласынан чоо-жайын сурасам, уулу ыйламсырап: "Доктурлар апамды "адам болбойт" деп, ооруканадан чыгарып салышкан болчу... Апабыздан айрылып калгыбыз келбейт эже! Ошону үчүн апамды, шаардын ооруканасына алып барып жаткырсакпы дегенбиз. Ким билет, балким жакшы болуп кетмек. Бирок шаарга чейин жетип алганга, жол киребиз жок эле. Таксистерге жагдайыбызды айтып түшүндүрсөк, "бекер жеткире албайбыз" деп, макул болбой коюшту..." деп өңгүрөп ыйлап жиберет. Зээним кейип: "Болду ыйлаба берекем, апаң кайда?" деп сурасам: "Апамдын жаны кыйналганынан, тээтиги бактын түбүнө жаткырып койгонбуз... деп, бекеттин баш жагындагы жыш өскөн калың бак жакты көргөзүшөт. Чуркаган бойдон жетип барсам...- деп Умсунай токтоно албай ыйлап жиберип:
--Байкушум... Чын эле жаны кыйналып, бактын түбүндө бүк түшүп онтоп жаткан экен... Отуздан жаңы ашкан жакшынакай келиндин, кыска мөөнөттүн ичинде картайып кеткенин көрүп, таң калдым. Кан-сөлү качып, сөөктөрү оркоюп көрүнүп арыктап кеткенинен, чүкөдөй болуп калыптыр. Тиштери күбүлүп түшүп калган, тырык тактан денесинде тамтык жок... Жүрөгүм тилинип, курбумду кучактап алып шолоктоп ыйлап жибердим. Дагы байкушум мени сооротумуш болуп, кемшейип жылмайымыш болуп коёт десең... Ошондо жер чапчып, өксүп ыйлаганымчы... Чоң муштум күйөөсү мыкаачылык менен уруп тепкилеп жүрүп, талылуу жерине доо кетип дарттуу болуп калган экен. Дарты мите курттай кемирип отуруп, акыры түбүнө жетиптир... Жанталашып далбастап калаага алып келип, ооруканага жаткырдык. Кеч болуп калган экен, аттиң... Көз жашын көлдөтүп армандаган боюнча, байкушум үзүлүп кете бербедиби... - деп бет аарчысы менен жүзүн басып, өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлап жиберет.
--Иий-иий эжеке, кандай аянычтуу, өкүнүчтүү оор тагдыр... Ал эжекени мурда таанып билбесем дагы эжекеге боорум ооруп, жүрөгүм ооруп калды эже... Өкүнүчтүү... Өкүнүчтүү эже, абдан өкүнүчтүү...- деп мончоктоп куюлган көз-жашына ээ боло албай, жүрөк тушун мыкчып кармаган Үмүтай башын чайкап, оор үшкүрүнүп алат.
--Ошондой сиңдим... Бул окуяны сага жөнү жок айтып берген жокмун. Ооба, муну тагдыр деп коёт дечи. Силердин сөзүңөрдү угуп отуруп, курбуларымдын тагдырларын салыштырып отурдум. Карачы Үмутай? Курбуларым учурунда билбестик менен кандай ниет кылышса, жашоосунда ниети ошондой орун тапты. Мындай ниет кылууга ким түрткү берип, ким таасирлентти дейсиң? Алибетте "улуу муун, ата-эне, бир туугандар" демекчимин! Ата-энелер ар кылдуу көйгөйлүү жагдайга жараша, байкабастан баланын жан дүйнөсүн жабыркатып алышат турбайбы... Учурунда, жалгыздыкка ниет кылган курбумдун тагдырын карачы? Жарыбаган жашоого ниет кылып, оор тагдырга дуушар болгон курбумдун тагдырычы? Алдыртадан, азыркыдай мүмкүнчүлүгү чектелген аярлуулукка ниет кылган, мени кара... "Бакыт байлыкта" деп адашкан, сенин курбуңчу? Айтоор айланып келип, учурунда таасирленткен ниетке такалып жатпайбы... Маселен, Созул жаштайынан апасынын кыйналганын, эжекелеринин зар какшап ыйлаган көз- жаштарына таасирленип жүрүп, жан дүйнөсү жабыркап сестенип калган. Эми келечеги кандай болот? Кекенип айткандарын иш жүзүнө ашыра турган болсо, өзүнүн тагдырына балта чапканы аз келгенсип, далай үй-бүлөнү бузуп, канчалаган күнөөсүз адамдардын көз- жашына калмакчы... Сенчи Үмүтай? Түшүнгөнүмө караганда ата-эненин мээримине, жылуу жакшы мамилеге муктаждайсың? Балким сени басмырлай беришип, чын эле өзүңдү өңгөлөрдөн төмөн сезип калгансың? Өзүңдү татыксыз сезип, "эптеп курсагым тоюп, эптеп күнүм өтсө болду" деп, эмтеден эптеген жашоого ниет кылып жашап калганыңды, өзүң баамдаган жоксуңбу?- деп Үмсунай Үмүтайды тигилип караганда, Үмүтай башын жерге салып, унчукпай отуруп калат. Анда Умсунай мээримин төгүп, Үмүтайдын башынан сылап:
--Үмүтай! Ниетиңерди түзөп, жашооңорду туура нукка буруп кетүүгө, Созул экөөңөрдүн али жетиштүү убакыт мүмкүнчүлүгүңөр бар! Али жашсыңар, баары алдыда! Созулду "ниети жаман" деп, аны ара жолдо таштап кетчү болбогула! Ниетине жараша тилеп алган азабына батып кете элегинде, кол сунуп туура багыт берип койсоңор, сооп болот! Айтып бергенимди, Бактыгүлгө айта бар. Акыл-эстүү жакшы кыз экен. Тыянак чыгарып Созулду жакшылыкка үндөп, жарыгы тийип калаар. Бактыгүлдүн ата-энеси жакшы адамдар өңдөнөт. Ата-энеси жакырчылыктын да, бардар жашоонун да даамын татып калышыптыр. Эки учурда тең бирдей каниет кылышып, шартка жараша өзгөрүлүп кетишпептир. Мындай бир калыпта жүргөн адамдар, сейрек кездешет эмеспи. Карачы? Бактыгүлдүн сезимин жабыркатпай, баланы баладай жакшы тарбиялап, жакшы нерселерди дээрине сиңирип чоңойтушкан экен. Ниетине жараша кийин Бактыгүлдүн жаркын келечеги кең, кадыр-барктуу, бак-дөөлөттүү өрнөктүү инсан болуп жетилээрине көзүм жетет!- деп таягына таянып туруп баратып:
--Ниет... Ниеттин таасири чын эле чоң! Бүгүн Саякатчы деген кошунамдын үйүнө, конокко бармакпыз. Кичинекей кезинде жердин битиндей болуп кибиреген, сары чийкил келген арыкчырай бала болчу!- деп мыйыгынан жылмайып:
--Жүрүм-турумуна жараша балдар тамашалашып, "Саякатчы" деп ат коюп алышкан эле. Түйүнчөк сыяктуу нерсесин самсаалатып, ийинине артып жүргөн чыбыгына илип алчу. Кыткылыктап кыт-кыт күлүп тыпылдап келип калса, ойноп жүргөн балдар чурулдашып: --Оо Саякатчы, каяктан келатасың?- деп сурашса:
--Жер бетин кыдырып, саякаттап келатам! Ой-ууууй каякка гана барып, эмне деген жерлерди кыдырган жокмун!- деп кыялданып жооп берсе, балдар каткырып күлүшүп: --Боорду эзген күйдүргү ай күйдүргү, а-ха-ха-ха! Апыртып, жаман калп айтасың ээ Саякатчы? Жер кыдырып, саякаттап жүргөн имиш... Ой сага саякаттаганды ким коюптур? Жепирейген тамың урап басып кала элегинде, атаңа айтып биринчи тамыңарды оңдоп алгылачы! Кырк жеринде тешиги бар, тамтыгы чыккан шымыңды карачы? Апаң жамаачылап тиге берип, жамаачы тиге турган жери да калбай калыптыр...- деп шылдыңдап күлүшкөнүнө кенебей: --Көрөсүңөр балдар! Кийин чоңойгондо силердин оозуңарды ачтырып, жомоктогудай сонун жазалгасы менен заңгыраган там салып албасам элеби! Короомдун ичинде чакан көлмөсү, мончосунан бери бары жоктун баары болот! Саякаттан белек ала келип, силерди кой союп чакырып, коноктоп турам! Көрөсүңөр, баарыңардан тың жашайм! Ошондо менден карызга акча сурап, жардам сурап келесиңер! -десе балдар ого бетер ыкшып күлүшүп: --Анан? Анан заңгыраган тамыңа жакын жолотпой, алдыгы ийниңдеги чыбыгың менен тап берип, "көзүмө көрүнбөй жоголгула!" деп кууп чыкмаксың да ээ Саякатчы?- дешсе, Саякатчы:
--Жоок, антпейм! Анткени атам "жароокер, ак көңүлдүү жакшы бала бол" деп айткан болчу!Баарыңарга жардам бермекмин, эмне үчүн дебейсиңерби?- десе, балдар чурулдашып бир үндөн:
--Ии анан, эмне үчүн?демиш болушса:
--Ой анткени байып кеткен болом да!- деп өзү да кыт-кыт күлүп, биз да боорубуз эзиле каткырып күлүп калчубуз. Тобоо, чын эле азыр жашоосу тың, жакшы жашайт десең! Тамын да заңгыратып салып алды. Бутуна туруп, муктаждарга жардам берип жүрөт. Чын эле жер кыдырып, барбаган жери калган жок! Кезектеги саякатынан кайтып келатып барган жеринен белек ала келип, бизди конокко чакырып коноктоп турат. Бүгүн кечинде, Саякатчыныкына конокко бармакпыз. Көрдүңбү, ниеттин күчүн Үмүтай! Ошондуктан, "эптеп" деген сөздү унут сиңдим! Татыктуу, жакшы жашоого ниет кылып, кажыбас кайратың менен талпынып талбай аракет кыла бер! - деп алакан жайып батасын берет. Үмүтайды мээримдүү жылмайып карап:
--Кой анда кечигип кала элегимде, Саякатчыныкына эртерээк бара берейин! - деп жылуу коштошуп алып, таягына таянып кетип бараткан Умсунайдын артынан узатып караган Үмүтай: "Билбегенден биле элегим көп экен да? Кызык... Алай-дүлөй болуп тунжурап турган чакта, бул эжекенин жашоомдо "жарк" этип пайда боло калганын карасаң? Таасирлентип, сестендирип, бир заматта эсиме келтирип кеткендей болду! Болбосо..." деп улам тыныгып, кыйналса да бутун сүйрөп, алдыга карай умтулуп кетип бараткан Умсунайды сыймыктанып карап: "Дартынан жаны кыйналып жүрсө дагы, жашоосун сүйүп чөкпөгөн дараметин карачы? Эжеге караганда алты саным аман, баары алдыда, баары жайында экен да! Анан эмне үчүн буга чейин, мынчалык армандап жашап жүрдүм экен?" деп ойлонуп отуруп, Умсунайдын кошуналарын элестетет. "Ээх, адам баласы башынан, эмнелерди гана кечирбейт чиркин... Ниет... Ниеттин күчү, таасири, жыйынтыгы укмуш болот экен го тобоо... Эмне үчүн буга чейин, ниет жөнүндө терең ойлонгон эмесмин?" деп кобуранып, жатаканасын көздөй шашып жөнөйт.
Бөлмөсүнө кирип келсе, Созул менен Бактыгүл тултуюшуп, экөө эки жакты карап сүйлөшпөй отурушкан экен. Үмүтай Бактыгүлдүн жанына жетип келип:
--Бакы, сени менен сүйлөшө турган сөзүм бар эле!- деп сыртка жетелеп чыгып кетет.
--Сага эмне болду, баары жайында элеби?- деп суроолуу тигилип караган Бактыгүлгө, Умсунайдын айтып бергенин башынан аягына чейин, төкпөй-чачпай айтып берет. Бирде ыйлагысы келип көзүнө жаш тегерене түшүп, бирде ойго чөмүлүп кунт коюп угуп турган Бактыгүл акырында:
--Каап, жигитим менен кетип калганымды карачы. Болбосо мен дагы, жашоонун жакшы сабагынын бирин алмак экенмин! Ал эжеке демек, үстүртөдөн эс-акылыбызды чайкап, жан дүйнөбүздү байкап тыянак чыгарып отурган экен да!Алысты мелжеп ойлонгон, келечекке көз болжой билип өмүр өтөлгөсүнө терең ой жүгүртүп жашаган, өрнөктүү мыкты инсанга жолуккан турбайсыңбы! Айтайын деген оюңду түшүндүм Үмүтай, кеттикпи анда?- деп экөө колтукташып, кайра бөлмөсүнө кирип келишет. Дале ачуусу таркабай тултуңдап отурган Созулдун жанына басып келип:
--Созул...- десе, Созул акырайып жаман көрүп карап коёт.
--Созул дейм!- деп жанына отурса тетири карап, Бактыгүлдөн алысыраак жылып отурат. Анда Бактыгүл кабагын чытып:
--Созул! Сен биздин курбубузсуң, сени сыйлап урматтайбыз! Болбогон нерсе үчүн таарынышпай, кечиримдүү болгонго аракет кылалычы. Бизден кетсе сен кечир, сенден кетсе биз кечирели! Кана эмесе кечиришип, элдештикпи?- деп Созулдун ийнинен кучактап:
--Созул, сага айта турган сөзүбүз бар эле! Кана Үмүтай, анда эмесе баяныңды баштай бер!- деп Созулдун жанына отуруп, тултулуңдамыш болгон Созулду жылмайып карап коёт. Үмүтай окуясын айтып баштаганда, Созул башында анча көңүл бурбай, укмаксан болуп суз маанайда отурган эле. Бир убакта окуянын маанисине сүңгүп кирип, кантип кунт коюп муюп угуп отуруп калганын өзү да байкабай калат. Үмүтай сөзүн аяктагандан кийин ыйламсырап:
--Иий, ойлонто турган кайгылуу окуялар экен... Каап, жүрөгүм түпөйүл тартып, зээним кейип калбадыбы...- десе Бактыгүл оюн ортого салып, Созул менен бир топ убакытка чейин сүйлөшүп отурат. Бир убакта көзүнөн жаш кылгырган Созул улутунуп:
--Иий кыздар, эжекелеримден таасирленип, эмнегедир жашоодон түңүлүп калган турбаймынбы... Жаным кичине кыйналганын көтөрө албай ачуулуу, өзүмчүл мерез болуп баратыптырмын... Силердин алдыңарда өзүмдү ыңгайсыз сезип турам. Чын эле мененсиреген өзүмчүлдүгүмдү ооздуктай албай, дүнүйөгө болгон кызыкчылыгым артып бараткан тура... Мынча болбогондо мезгилге акыл-эсимди тонотуп, жашоомду талкалап алмак экенмин... Түшүндүм, баарын эми түшүндүм... Кыздар, силер менин жакшылыкка үзүлүп бараткан үмүтүмдү, кайрадан бүлбүлдөтүп жандырып, көзүмдү ачтыңар! Болбосо, алтындай болгон убакытымды өзүмдөн-өзүм уурдап алып, ниетиме жараша кыял, максат, бакытым барымтада калмак экен... - деп Бактыгүлдү ыйламсырап карап:
--Бакы, Бакытайым, асыл курбум! Ар бир айткан сөзүңдү, теңдешсиз кеп-кеңешиңди эсиме бекем түйүп, көкүрөгүмө кыттай куюп алдым! Кыздар, алтындарым! Акылы кыска курбуңарды кечирип койгулачы... Буйруса эми жалаң жакшылыкка ниет кылып, жашоого жаңыча көз-караш менен кадам таштаганга аракет кылам!- десе Бактыгул кучагын жайып:
Автор Нуржамал Бектенова
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5
Зорго окуп буттум.