Экөөнүн тең жашы жетимиш ашып калган. Оюмда "иниси оорукчан агасын карап атса керек" деп койгом. Кечинде ошол киши жалгыз жүргөн экен баарлашып калдык:
- Тиги оорукчан киши агаңыз окшойт?
- Жоок, экөөбүз доспуз. Бармактайыбыздан чогуу өскөнбүз. Туугандык жайыбыз деле жок. Жакын достордон төртөө элек, экөөбүз калдык. Экөөбүз тең байбичелерибизди жерге бергенбиз. Досум 9 ай мурун инсульт болду. Анын жалгыз эркек уулу каза болуп калган, шаарда 2 кызы турат. Инсульт болгондо эле кичүү кызы шаарга алып баса берген. Мен үйдө отура албай бир аптадан кийин досумду көргөнү шаарга келгем. Анын акыбалы өтө начар экен, бир кол бир буту такыр иштебей калыптыр. Кызы ал кишини карай ала турган эмес, аны көтөрүп туалетке алып барыш керек, жуундуруш керек, кийимдерин алмаштырыш керек, чүкөдөй аялдын күчү жетмек беле. Мен ошентип калып калдым, 9 айдын жүзү болду. Досумду жуунтам, массаж кылам, көрдүң го, бастырып да жибердим.
- Кыздары сизге караганыңыз үчүн акча берип турабы?
- Жок ай, досумдан акча алмак белем, пенсиям жетээрлик, бала чакамдын оокаттары тың, уят эмеспи акча алсам.
- Досуңуздун жанында дагы канча убакыт жүрөйүн деген оюңуз бар?
- Канча болсо жүрө берем, айылда коколой башым менен эмне кылмак элем, уул, кыздарымдын баары ушул жерде, неберелерди сагынганда маршрутка менен барып келип турам, 2-3 саат алар менен жөрмөлөп ойнойм, бирок көпкө боло албайм, досуман көңүлүм тынчыбайт.
Ээ балам, сен мени мээсинен айныган го деп атсаң керек, чыныгы достук мамиле, адамгерчилик мамиле кылган адам айныган адамдардын катарына кирип калаарын ким билиптир.
- Сиздей адамды биринчи көрүшүм, көп жашаңыз.
Атамды эстеп көзүмө жаш алдым, жашымды көрсөтпөй, акырын туруп басып кеттим...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 32