«Жаныңда дайыма эмне алып жүрөсүң?» деген суроого көпчүлүк «телефон» деп жооп берери анык. Телефонду сатып алууда, аны колдонууда кандай эрежелерди кармануу керек? Уюлдук телефон көтөргөндөр көбүнчө кандай маселелерге туш болушат? Суроолорубузга «ABC» тейлөө-борборунун адиси Бекболот Акимбеков жооп берди.
КУБАТЫ (ЗАРЯД) БАТ ТҮГӨНӨТ
Мындай болгондо батареясы иштен чыгып калган болот. Мунун 3 себеби бар:
1-себеби. Түнү менен кубаттандыргычка сайып коюшат. Телефон ашып кетсе 5 саат кубаттанышы керек, андан көп убакытка сайылып турса батареянын тез иштен чыгуусуна алып келет. Батарея шишип баштайт, телефон бат-бат эле өчүп калат.
2-себеби. Wi-fi`га караганда мобилдик интернетти колдонууда көп кубат сарпталат, бул албетте, батареяга таасир этет.
3-себеби. Автокубаттандыргычты көп колдонуу. Бул кубаттандыргычтар көбүнчө Кытайдан келет, сапатсыз. Айдоочулар унаасында аны колдонгондо бул телефондордун батареясына терс таасир берет, эрте жарактан чыгат. Болушунча мындай кубаттандыргычты колдонбош керек.
ТЕЛЕФОН ӨЧҮП КАЛДЫ
1-себеби. Сууга түштү. Телефон сууга түшкөндө эгер ажыратууга мүмкүн болсо батареясын, сим-карта, эс-тутум карта дегендердин баарын өз-өзүнчө бөлүү керек. Эгер аз өлчөмдөгү эле суу тийсе коомчулукта айтылып келгендей телефонду күрүчкө (нымды тартып алат) сала койсо болот. Бирок телефон сууга толугу менен чөгүп кеткен учурда бул ыкма жардам бербейт. Суу телефондун ичиндеги микросхемалардын кычкылдануусуна, күйүп кетүүсүнө алып келет. Андыктан дароо тейлөө-борборлоруна алып баруу керек.
2-себеби. Жерге түштү. Телефондордун системдик платасы (телефондогу бардык кызматтарды башкарган тетик) өтө назик болот. Катуу жерге кулаганда доо кетет да, телефон өчөт. Телефондо үч негизги микросхема бар: процессор, эс-тутум, кубаттагыч микросхемасы. Ушулардын бири эле иштен чыкса телефон өчүп калат. Буларды оңдоо адистердин гана колунан келет.
ДИСПЛЕЙ СЫНДЫ
Кымбат баалуу телефондордун дисплейи сынып калса, аны алмаштыруу да кымбатка турат, башкача айтканда, ошол телефондун жарым баасы болушу мүмкүн. Дисплей – бул көрсөтүүнүн, сенсор – башкаруунун милдетин аткарат. Мурдагы телефондордо ар бири өзүнчө жайгашса, азыркы телефондордо бул кызматтар бириккен да, дисплей жабыркаган учурда эки кызмат тең жарактан чыгып, ошого жараша аны оңдоо баасы да кымбат.
КУБАТТАНБАЙ ЖАТАТ
1-себеби. Кубаттандыргыч сайылчу уячага (гнездо) чаң, кир толуп, кубаттандыргычты сайганда тийишпей калат да, телефон кубат албайт.
2-себеби. Телефон кубаттанып жатканда жаш балдар барып кубаттандыргычтын шнурун ары-бери чойгулап ойношот. Же болбосо телефон чалуу келгенде сайылып турган жеринен барып сүйлөшөбүз, интернет чукулайбыз. Бул учурда уячадагы платада майда жаракалар кетет, контакттар тийишпей баштайт да, уяча жарактан чыгат. Андыктан телефон зарядда турганда тийбеш керек, телефон чалынганда биринчи кубаттандыргычтан ажыратып, анан сүйлөшүш керек. Жакшысы заряд алып жатканда телефонду өчүрүп коюу туура.
УГУЛБАЙ ЖАТАТ ЖЕ МЕНИ УКПАЙ ЖАТЫШАТ
1-себеби. Угуучу динамиктин ичинде коргоочу торчосу бар. Ошол жакка чаң толуп калат, аны тазалоо керек. Кадимки тиш жууган щётканы алып биринчи кургак сүртүп чыгасыз. Андан кийин щётканы спиртке бир аз малып алып, 2-3 мүнөт торчону катуу баспай, акырындык менен сүртүп тазалайсыз. Эгер тазалагандан кийин да үнү чыкпаса, анда адиске кайрылуу керек.
2-себеби. Микрофонго чаң, кир толуп калат да, үн угулбай калат. Аны кадимки ийне менен акырын чукуп тазалоо керек. Эгер жыйынтык чыкпаса, адиске кайрылыңыз. Сиздин телефондун микрофону иштебей калса сүйлөшүп жаткан адам сизди укпай калат. Сиз чалган абоненттин телефонунун динамиги иштебесе сиз укпай каласыз.
ТЕЛЕФОН САТЫП АЛУУДА ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
1. Телефон сатып алууда каражатка кароо керек. Кымбат телефон болобу, арзанбы заводдон чыгарылып жатканда иштөө мөөнөтү 1-1,5 жылга гана ылайыкталат. Кымбат алсам же белгилүү бренддин телефонун алсам көпкө жетет деген ой ката.
2. Телефонду кайсы максатта алып жатканыңызды билиңиз. Азыр каалоого жараша ар кандай кызмат аткарган телефондор бар. Мисалы, көп сүйлөшкөндөр үчүн өзүнчө, интернетте көп отурам дегендер үчүн өзүнчө, оюн ойнойм жана сүрөт, видео дегендер үчүн өзүнчө. Бул кызматтардын баары бир телефондо болгондо күч келет, тезирээк жарактан чыгат.
3. Телефон канчалык кымбат болсо, анын бузулган тетиктери да кымбат болот.
4. Азыр жасалма телефондор көп, аларды оригиналынан ажыратуу оор, бирок мүмкүн. iOS – жабык системине (Apple уюлдук телефондоруна орнотулат) караганда Android – ачык системиндеги (Самсунг) смартфондордун жасалмасын жасоо оңой делет. Android системиндеги смартфондордун жасалмасын кантип билүү керек?
а) Жасалма телефондордо бренддин атын туура жазышпайт, бир тамгадан болсо да ката болот.
б) Имей код. Кантип текшерүү керек? Батарейканын алдында чапталган кагаздагы имей кодун карап эстеп калыңыз да, телефонду кайра иштетип: Меню – Настройки – Об устройстве – Состояние – IMEI жөндөөлөрүн басыңыз. Эми экрандагы имей код менен кагаздагыны салыштырыңыз. Окшош болбосо, телефон жасалма.
в) Расмий каттоодон өткөн сатуу жайларынан алганыңыз оң, эгер маселе жаралса кардардык укугуңузду коргой аласыз.
5. Телефон аларда аны оңдоо баасын, тетиктери бар-жогун сурап алыңыз. Чет жерде жүргөн мигранттар ал жактан өзүнө, жакындарына телефон ала келишет. Ал телефондор бузулуп калса, Кыргызстандан тетик табылбай калат
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4