Кылым карып, бирок кыргыз кыргыз бойдон калган, Мен миң өлүп, миң тирилген, мен ушундай калкмын. Баатыр Манас атам болгон, ал менин гана атам, Миң талашып, миң кырылгын, Манас кыргыздан чыккан.
Мен кыргызмын ала-тоолук, ак калпак баса кийген, Бийик койгон өз тилимди, өз элиме ийилген. Кыргыз деген улутум менин, кырылгыс эч качан, Мага каршы чыкпа, сендей миң душманды кыргам.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 13
Мен Кыргызмын!
Ак калпагын даңтаган!
Мен Кыргызмын!
Үрп-адатын сактаган!
Мен Кыргызмын!
Душманынан коркпогон!
Мен Кыргызмын!
Өз мекенин коргогон!
"Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн".
(Б.Сарногоев)
Улутчул дейт билбеген, Улутун кимдер сүйбөгөн. Кыргыз деп келип дүйнөгө, Кыргыз деп кетем дүйнөдөн!
КИМ БОЛСОҢ ДА, КЫРГЫЗ БОЛ!
Кылым карып, бирок кыргыз кыргыз бойдон калган,
Мен миң өлүп, миң тирилген, мен ушундай калкмын.
Баатыр Манас атам болгон, ал менин гана атам,
Миң талашып, миң кырылгын,
Манас кыргыздан чыккан.
Мен кыргызмын ала-тоолук, ак калпак баса кийген,
Бийик койгон өз тилимди, өз элиме ийилген.
Кыргыз деген улутум менин, кырылгыс эч качан,
Мага каршы чыкпа, сендей миң душманды кыргам.
Мен кыргызмын, тайгылбаган таштардан,
Мен кыргызмын, ташыркабайм баскандан.
Мен кыргызмын, ата салтын сактаган,
Тайсалдабайм бийик кырды ашкандан.
Мен кыргызмын, Ала-Тоонун кулуну,
Мен кыргызмын, мындан башка улуубу?
Мен кыргызмын, өз элиме суктанам,
Мен кыргызмын, мактанайын туурубу?
Кыргыз баскан нечен кылым жылдарды,
Кыргыз жазган укмуш улуу ырларды.
Кыргызымда баскан татаал тарых бар,
Кыргызымдан “Манастай” алп ыр калды.
Мен Кыргызмын ак калпагын даңтаган!
Мен Кыргызмын урп-адатын сактаган!
Мен Кыргызмын душманынан коркпогон!
Мен Кыргызмын Өз мекенин коргогон!
Кайсы жерден экенимди сураба!
Кандай элден экенимди сынаба!
Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп....
Мен жон эле жашап келем КЫРГЫЗМЫН деп....
Отсо дагы,канча мезгил кылымдар,
Ала-Тоодой эрки кучтуу Кыргыздар.
Ар бирибизден эле берет асманда,
Чачыладай чачылгансып жылдыздар.
Жылдыз барда,жер устундо Кыргыз бар.
Очпос болуп ташка чегип жазылар.
Ала-Тоодой асыл жерин унутпай,
Ата Журттун ар бир Кыргыз сагынар.
Кайда журбо Кыргызмын деп сыймыктан,
Анткени биз жаралганбыз жылдыздан.
Эрки кучтуу тайманбаган эр журок,
Айланайын Айкол муноз кыргыздан.
Отсо дагы,канча мезгил кылымдар,
Ала-Тоодой эрки кучтуу Кыргыздар.
Ар бирибизден эле берет асманда,
Чачыладай чачылгансып жылдыздар.
Жылдыз барда,жер устундо Кыргыз бар.
Очпос болуп ташка чегип жазылар.
Ала-Тоодой асыл жерин унутпай,
Ата Журттун ар бир Кыргыз сагынар.
Кайда журбо Кыргызмын деп сыймыктан,
Анткени биз жаралганбыз жылдыздан.
Эрки кучтуу тайманбаган эр журок,
Айланайын Айкол муноз кыргыздан.