Аллахтын сага берген нээматжакшылыктарына ой жүгүрт, анткени ал жакшылыктар сени үстүңдөн, буттарыңдын астынан ороп, каптап турат. “Эгер Аллахтын жакшылыктарын санасаңар, санына жетпейсиңер”. (16сүрө, 18-аят).
Ден-соолуктун чың, мекендин тынч болуусу, тамак-аш, кийим кече, таза аба, суулар, дүнүйөнүн баары сенде, бирок сен аны сезбейсиң, жашоонун баарына ээ экениңди өзүң билбейсиң. “Аллах силерди көрүнгөн-көрүнбөгөн нээматтарына бөлөп койбодубу”. (31-сүрө, 20-аят). Сенде көзүң, тилиң, оозуң, эки колуң, эки бутуң бар. “Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалганга чыгара аласыңар?! (55-сүрө, 13-аят). албаган канчалаган көздөр бар?! Курсагыңды каалаган тамак менен толтуруп, каалаган муздак сууну ичип жатасың, канчалаган адамдар ооруунун айынан каалаган тамагын, каалаган суусун иче албай жүрөт?! Дүлөй болуп калбаган кулагың жөнүндө ойлонсоң боло, сокур болуп калбаган көзүң жөнүндө ойлон, ала-пес оорууга чалдыкпаган денеңе карасаң боло, акылыңа карасаң боло, сени эмне кылышын билбеген акмак же жинди кылбай, сага Кудай акыл берди. "Эгер элдер Аллахтан коркуп, такыба болушканда, аларга асман менен жердин берекесин ачып коймокмун". Бул – Аллахтын сөзү. Асман жерди жараткан Жаратуучунун сөзү. Адам баласын жараткан Жаратуучунун сөзү. Заманды жараткан Даанышмандын сөзү. Баса, Жараткандын дагы бир сөзү бар: "Силер заманды сөгөсүңөр, а заман Менмин... Күндү мен чыгарып, түндү мен киргиземин...". Заманды сөкпөгүлө адамдар... Чындап эле замандын түбү тешилдиби? Жок. Заманда күнөө жок. Бул заман башынан эмнелерди гана өткөрбөдү. Адам ата жаралгандан бул күнгө чейин замандын көрбөгөнү калбады го. Ошондо тешилбеген заман эми тешилмекпи? Анда түбү тешилген ким? Менимче, биздин, адамдардын түбү тешилген окшойт. Түбү тешик нерсе эч качан толбойт эмеспи. Биздин да тойбой калганыбыз ошондон окшойт. Эмне жесек да тойбойбуз. Нанга такыр эле тойбой калдык... Этке да... Төө бурчак жесек да... Көмүрдү да жеп көрдүк... Алтынды жеп жатабыз... Гектарлаган жерлерди жедик... Баары бир курсак тойбойт... Дагы эмнени жесек деп элеңдеп турабыз... Ооба, заманда айып жок. Ошол эле күн... Нурун чачып турат... Ошол эле жер... Оодарылып кеткен жок... Заманга шылтабагыла... Өзүңөргө карагыла... Алайчы Сеитбеков Эки бутуң менен басууну оңой деп ойлойсуңбу, канчалаган инсандар бар буттарынан айрылган?! Эки колуңа таянып жүрөсүн, канчалаган инсандар бар колдору кесилген?! Көзүң толо уйкуда жатканың чындык эмеспи, уктай Бир көзүңдү Ала тоодой алтынга алмаштырат белең?! Мрамордон салынган сарайларга тилиңди сатып, дүлөй болгуң келеби?! Колдоруңду баалуу шуру-мончок, бермет жана асыл таштарга алмаштырып колсуз жүргүң келеби?! Албетте, сен өтө чоң нээматта жашап жатасың, бирок аны билбейсиң. Ысык наның, муздак сууң, бейпил уйкуң, чың ден соолугуң боло туруп, кайгырып сарсанага батып, муңайып, кейип жашап жатасын. Жок нерселерди ойлоп, бар нерсеге шүкүр кылбайсың. Бир аз байлыктын жоголгонуна ызаланып, көптөгөн байлык, жакшылык, жада калса бакыттын ачкычы колуңда турганын билбейсин. Терең ойлон да, Аллахка шүгүр айт. “Силердин өзүңөрдө да (ар түрдүү укмуштар) бар экендигине карабайсыңарбы?”. (51-сүрө, 21-аят). Өзүң жөнүндө, үй-бүлөң жөнүндө, үйүң жөнүндө, жумушуң жөнүндө, ден-соолугуң жөнүндө, досторуң жөнүндө терең ойлон, бүткүл байлык сенин айланаңда турат. “Алар Аллахтын жакшылыктарын билип турушат. Бирок кийин мойунга алышпайт, алардын көпчүлүгү каапырлар”. (16сүрө, 83-аят).
устаз Шермухаммед Акматжан уулу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев