40 - БӨЛҮМ
ТҮН Аскат үчүн аябай узак болгондой сезилди. Жанына баткан ачуу оорудан улам араң дегенде көзүн ачты.
— Атаке атаке!
Кичинекей отургучта колу буту байланып, араң, торго түшкөн торгойдон бетер, чебелектеп жаткан Лунаранын үнү алыстан угула, көзүн ачууга аракет кылып жатты.
— Тийбегиле тийбегиле атама! Ата атаке.
Лунара ал сайын чебелектеген сайын тиги эки зөөкүр, эми араң, жан өзүнө келип жаткан Аскатты өзөртө тееп, же уруп, каалаганын жасап жатышты.
— Хе -хе -хе! Жан ширин бекен я?
Бирөөсү Аскатты чачынан булка тарта, колундагы миздүү жалт-жулт эткен канжарын, Аскаттын кекиртегине такап алды.
— Эгер шеф уруксаат бергендеби? Сенин мына алкымыңдан дайра сымал кан агызып, өзүм мууздайт элем... Жоок --жоок анда болбой калат экен. Биринчи мына сулуудан баштамакмын. Кара? Кандай келишкен келбеттүү кызың бар экен, а биз болсо эч нерсени билбептирбиз.
— Тийбе! Кызымдан колуңду тарт!
Аскат тиги зөөкүрдүн артынан карай жерде өйдө тура албай, боору менен жылып, кызы тарап жөнөдү.
— Ары жок десе, кайда барасын?
Артынан келген экинчиси дагы өзөртө тееп алды.
— Тийбегиле! Тийбегиле! Суранам аьама тийбегиле.
Лунара чырылдап жиберди. Жерде алсыз, чала жанболуп, өлөөрчө сабалган атасын көрүп жанына жетип баргысы келип турду. Бирок канча аракет кылсын жетпейт. Өзүнө -өэү эч нерсе колунан келбей жатканына капа боло түштү.
— Жүрү бир аз сыртка!
Тиги экөө экөөнү калтыра сыртка чыгып кетишти, сыягы тиги шефтери келген окшобойбу? Шашыла чыгып кетишти.
— Ата, көзүңүздү ачың, ата.
Лунара акырын бышыктап ыйлап, да сүйлөп да алды.
— Атаке туруңуз. Туруңуз атаке. Менин азабымдан өлбөшүңүз керек. Менин сизге айтчуу сөздөрүм көп. Атаке -атаке -атаке...
Аскат кызынын сөзүн угуп, канча башын өйдө кылууга аракет кылса да, болбой жатты. Кулагына кызынын ата деген сөзүнөн башка угулбай, ошол да болсо жанына дем, күч берип жаткандай, оорусун басып жаткан сыяктуу сезиле, кыймылга келе албай жата берди.
Лунара колундагы таңылган жипти канчалык чечейин десе да болсо, аракет кылып, же анысы ишке ашпай, текке кетип, ыйлап жиберди.
— Өзүң жардам бер Кудайым.
Атасын бир карай, көзүнүн тамчы жаштарын кулата Кудайдан тиленип отура берди.
Темир эшик шарак ачылып бир аздан соң ичкери көздөй жанагы, өзүн шеф атаган киши, артынан эки, үч зөөкүрлөрү кирип келишти.
— Оо.. Бул баатыр кантет я?
Тиги өзүнчө сүйлөнүп ала, жигиттерге буйруп сүйлөдү.
— Эсине келтиргиле муну!
Тиги экөө буйрукту аткарып бири Аскатты ордунан тургуза, экинчиси болсо, үстүнөн ылдый муздак чакадагы сууну жаба куйду. Аскат бир аз эсине келе түштү.
— Сенби? Кызымды койуп жибер. Мени эмне кылсаң ошо кыл.
Аскат көзүн ачып ала албай жатып, эрдин дирилтете сүйлөп алды
— Хе -хе Аскат. Дале өзгөрбөпсүн да. Өзүң араң отурасын, мага дагы буйрук бересин ээ?
Тиги карс-карс этип күлүп алды.
Аскат көзүн араң ирмеп ачып алып, өзүн. Шик сыртынан карап турган караанды көрө койду. Оорусу заматта басыла түштү. Кулагы чуулдап, ошондогу аялынын айткан сөзүн жаңырып жатты.
— Сен? ... Сен мында? Сен мында эмне кылып жатасын?
Аскаттын ачуулуу үнү жаман, эски тамдын ичин жаңыртты.
Өз койнунда жаткан аялы өзүн муздак көз караштар менен теше тиктеп турган.
Атасынын ачуулуу айкырыгы менен бирге Лунара да бир карап алды.
— Көрдүңбү? Мен жеңдим дегендей экөөнү бир мыскылдай карада да ары көздөй басып кетти.
Кечээ түнү эле кеткен аялы кайра таң атпай эмне үчүн келгени белгисиз. Же атайын Аскатты көрүү үчүн, сындыруу үчүн келген чыгаар?...
— Кайт аркага! Ка- аа- айт аркага.
Буту колу тигилер ура берип, басууга да алы келбей калыптыр. Ачуусун баса албай, жерди муштагылап өкүрүп бакырып алды.
Өмүрү, өмүрү аялы ушунчалык мерездикке барат деп ойлобогон Аскат эми жаралуу арстандай өкүрүп бакырып боздоп жиберди.
— Өйдө тургузгула!
Буйрукту угаар замат, Аскатты өйдө сүйөй кайра орундугуна отургузуп койушту.
— Кана эми Аскат сүйлөшчүү кезек келди.
— Акча кайда?
— Кайдагы акчаны айтасын, эмнелерли айтасын? Менин аялым бул жерде эмне иши бар?
Аскат шалдырай кулап кетчүүдөй боло, араң сүйлөдү.
— Дале өзүңдү кожоюнмун деп ойлоп жатасынбы? Кай жерде отурасын билесинби? Аны сүйлөшөбүз кеңири убакыт. Биринчи акча кайда, колуңда бар эмне болсо ошонун баарын кызыма өткөрүп бересин.
Мага болгону сенин өткөзүп бергениңди тастыктоочу кол тамгаң керек!
Кана жигит кол кой!
Аскат алдына алып келген кагазды бир карап алды да, ырсайып жинди эмедей күлүп жиберди.
— Ушул арзыбаган байлыкты деп, мени сага салып берген катынга кайылмын... Кызым дедиңби? Ал менин кызым. Сен баккан эмессин, караган эмессин. Билесинби эмне? Мен баарынан кыздарымды артык көрөм. Саткын катындан да, байлыктан да. Бирок азыр мени келесоо ойлобо. Азыр бул жерге кол тамгам жазылса болду. Мени да, кызымды да тындым кылаарыңды билбейминби?
Аскат эптеп кечке дейре, убакыттан утуш кереэк, ошол үчүн да, ар -нерсени сүйлөй берди.
***********
Бүгүн өзгөчө күн. Айрыкча Амантур менен Сезим үчүн. Экөө тең шашыла, тойдун камын көрүшүп, бактылуу. Жүрөктөрү дүкүлдөй,бири-бирине деген сагынышып,жолуугуну самашат.
Амантур өзү башка тарапта, той кийимдерин кийинип,жасанып,камданып алды.
Сезим да өз үйүндө той көйнөктөрүн даяадай,Тинатин экөө кам көрүп жүрүшөт.
Эшик тыкылдагандан улам, Амантур барып ача койду. Эшик алдында Рамис өңү башын түздөй жылмая күтүп турган.
— Оо жигит... Жигит. Сага күйөө болгон жарашат экен. Бактылуу болгула! Мен чын ниетимден бакыт каалаганы келдим.
Рамис кол алыша Амантурду кучактай, куттуктап алды.
— Рахмат чоң. Жарашыктуу элеминби? Баары жакшыбы?
Амантур да жылмайа кубанычы койнуна батпай турду.
— Баары мыкты! Мыкты.
— Сен, мени койо бер, келинчегимди көрсөң эми, периште болуп кеткен чыгаар?
Амантур көз алдына Сезимин элестетип алды.
Рамис да жылмайып койду. Акырын башын жерге сала үн катты.
— Менин периштем кантип жүрөт экен? Баары жайындабы анда?
Амантур маанайы түшө кетти. Рамистин алдына барып отура кетти.
— Жүрү сен бар, мен экөөңдү жараштырууга сөз берем. Периштең жакшы. Бирок ичинде дайым ал сени ойлойт. Мага айтты баарын. Кайра кечирим сурап, алдына бар. Сени кечирет.
Амантур акылын айтып алды. Тойуна чакыруу да берди. Бирок Рамис алыстан Тинатинди көрүп эле кетүүнү ойлоп жатканын айтты.
— Аа айтмакчв, атамды издеп жатышабы? Эмне болуптур, мен кабарлардан эле угуп койдум. Мени да далай ирет чакырышты милицияга, барып болгондой баарын айтып бердим. Ойлорунда эмне болгонун эч ким билбейт ал кишинин. Өзүңөрдү абайлагыла!
Рамис атасынын кандай кыраакы, куу, экенин ал жыландын ышкырганынан өйдө билерин айтып, сак болууларын суранып, коштошуп чыгып кетти.
Саат жебеси чыкылдап, арыдан бери күттүргөн убакыт да жетип келди. Амантур сүйгөнүнө жетүүгө ашыга жолго чыгышты. Жалаң гана жакындары топтолушкан. Башка эч кимди тааныбайт деле. Жүрөгү элеп-желеп болуп,
зымырык куштай учуп кетүүчүдөй элеңдейт.
Жасалган кооз кооз тойкана, келген коноктор, баары аппакай кийинген татына келинчекти жардап карап, күтүшөт.
Арасында өзүн күтүп отурган, Амантур да бар.
Экөөнүн жакшылыгына деп топтолушкан жакындары, достору.
Күн убагы кечтеп калган. Келинчекти жетелеп кирген курбусу Тинатин да кооз кийине, куурчактай экөө кирип келишти. Көздөрү көздөрүнө тиктеше, бирин -бири сагынуу менен күтүп, жетүүгө ошончо ашыгып, каректер бири -бири менен сүйлөшө, акырын, бири -бирине жете келишти.
Тинатин курбусун'өз ашыгынын колуна тапшыра экөөнү куттуктап алып, кайра ары отургучка отура кетти.
Жардап караган коноктор эки ашыкка суктана, экөөнүн тойуна бирге күбө болуша, кол чаап, ал тургай кээ бирлери жашып да отурду.
— Акыры жеттим ээ сага жаным?
Амантур Сезимдин кулагына ушундай деп шыбырап алды.
— Болду кылың, жөн туруңуз азыр нике кагазыбызды алабыз.
Сезим да тамашалай күлүп алды.
Экөөнү жанатан күтүп турган нике кагазын тапшыруучу аял адатынча күндөгү кылган ишин кайталай эки жашты дагы, ант берүү аземине көңүлүн бурду.
.......
Кооз сөздөр сүйлөнүп экөөнү алыстан тиктеп отурган, Рамис да көзүнө эрксизден жаш алып, көэүн куурчактай болгон татына Тинатинден албай карап отура берди.
— Эхх ашыгым... Сен ар дайым туура жол тандагансын. Мен сенин бир тал кирпигиңе арзыбаган жан экенимди жакшы билемин. Бактылуу болсоң, мен кубанам.
Көзүнөн мөлтүр жаштар тама түштү да, акырын Кубатка кайрылды.
— Жүрү Кубат! Бактылуу болушсун. Мен сүйгөнүмдү алыстан да болсо көргөнүм жетет. Ушул мага өзү да жетиштүү. Жанына барып, эч нерсе деп актана да албайм.
**********
Дал ушул эле учурда ар-бир мүнөтү баалуу болгон Аскат да, канча азап тартып, жаны ооруганына карабай, убакыттан утканга аракет кылып ар нерсени сүйлөп жатты.
Кечке дейре өлөөрчө сабаган эки жигит да, акыры чарчашкан сыяктуу сыртты көздөй чыгып кетишкен.
Жанында чырылдап ыйлап, тек гана өлбөөсүн сурап отурган Лунара.
— Кызым. Сен ыйлаба! Азыр бир аздан соң баары бүтөт. Сени... Сени Амир алып чыгып кетет.. Артыңды караба, мени ойлобо макулбу. Ойлобо! Баары жакшы болот.
Үнү араңдан чыгып, эси оой, өйдө болууга күчү жок шалдырап кулап түштү.
— Ата... Атаке көэүңүздү ачың. Атаке! Атаа... Ой ким бар жардам бергиле... Ким бар?
Лунара чебелектеп, ыйлап жиберди. Сырттан кирген экөөнүн бирөөсү Аскатты мойнундагы күрөө тамырын текшерип, кайра өлбөйт дегендей сыртты көздөй басып кетти.
— Оой? Оой... Эмне болду атама эмне болду.
Лунара канча ыйлаган менен деле, болчуудай эмес.
Түн ката жолго чыккан Амир, сакчыларын баарын топтой, эки үч унаа менен бутунун учуна чейин куралданыша кетип баратышты.
Артынан түшкөн белгисиз унаа да'ээрчий жол алды.
Милицияга кабар бергенде эки тарап жакшылап келишип сүйлөшүп алышты. Амирдин артынан ыкчам топ,кошо чыгаарын жана, жеткен убакта кызды жана, Аскатты куткара тургандыгын айтышты.
Амир артынан ээрчиген белгисиз унаа ошолор деп ойлой, жол ката Лунараны ойлой, кетип баратты.
Белгисиз чүмкөмө капкара унаада кетип, бараткан Емилини эч ким байкаган да жок.
— Колумдан тирүү чыкпайт! Эч качан! Эч качан тирүү чыгарбайм ошол кызга сени берип койбойм.
Емили колуна унаасынын чөнтөгүндө жаткан куралын бекем кармап ала сүйлөнүп алды.
Кимди жок кылмакчы, кимге эмне жасамакчы азырча белгисиз.
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1