39 - БӨЛҮМ
Түнү менен баардык шаар, ичине, ээн-көчө 'токой, талаа түздөрдүн баарына Рамистин атасына издөө жарыяланды. Жерге кирип кеткен эмедей жок Болушту. Экөөнү кулата аткан Амантур дал ошол жерге жыгылган жерине келип, көпкө карап турду.
— Сенин оюңча Рамис алып кетти деп ойлойсунбу куткарып?
Тинатиндин сөзү Амантурду ойдон алыстатты.
— Жоок -жок мен Рамис андай кылаарына ишене албай жатам. Бирок аны да көрүү керек байкап.
Динара менен байланышып, Рамистин йүнө адам жөнөтүп, кайда экенин билип келүүнү суранды.
Динара даро макул боло, жанындагы жигиттердин бирин Рамистин үйүнө көздөй жөнөттү.
Амантур негедир жүрөгү түпөйүл боло түштү. Эгер Рамис ушул кадамга барса, анда эле иштин бүткөнү. Бирок кайда алып кетүү мүмкүн, кантип заматта байкабай калуулары мүмкүн?
Телефону шыңгырай карай ала койгон Амантур Сезимдин үнүн уга бир аз тынчтана түштү.
— Амантур? Эмне болду? Баары жакшыбы?
Амантур иштин баары бүтөөрү менен, кабар берем деп айткан эле. Бирок өзү менен болуп жатып, эсинен чыга жаздаптыр. Азыр эсине түшүп кетти.
— Ооба баары жакшы. Бул жакта бир аз көйгөйлөр чыгып калып алаксып кетипмин. Өзүңчү жакшы отурасынбы?
Амантур кызды жайгарып сүйлөп алды.
— Ооба баары жакшы менде. Болгону азыр көрдүм эле кабарлардан берди. Тиги киши дагы карматпай кеттиби?
Сезим кабарлардан көргөнүн тактоо максатында сурап алды.
— Ооба ошондой болуп калды. Бирок ал катуу жаракат алган. Көпкө узай албайт. Кармалат. Сен андан көрө кыжалат болбой аракетиңди кыла бер. Эртең биздин тойубуз ээ, эсиңден чыкпадыбы?
Амантур кызга акырын шыбырай ары баса, эртең үйлөнөөрүн эстеп, кайра жылмайып алды.
— Ооба баары эсимде кам көрүп да койгонмун,бирок тиги кишиги кармай элек болсоңуздар, ишиңиз аягына чыга элек го дейм го менимче? Баары бүтсүн, ишиңизди аягына чыгарыңыз ээ?
Сезим алда неден тынчсызданган өңдүү, кооптонуп сүйлөп алды. Бирок буга Амантур көнөөр эместей.
— Жаным, Сезимим менин. Мен сага сөз бергем, өзүмө сөз бергенмин. Албетте сөзүмдүн үстүнөн чыгам. Мына көрөсүн, милиция кызматкерлери түрө кыдырып издеп жатышат. Жана эртең болбосо, бир -эки күндө аларды табышат. Мен болсо убадамдын үстүнөн чыгып, экөөбүз баш кошуп, алыстарга кетебиз. Болобу?
Амантур Сезимди болушунча жооткотуп сүйлөп жатты. Калганы баары бүттү эмеспи? Кулчулукка сатылган кыздар куткарылды. Бир гана жарадар Рамистин атасы калды. Аны дагы бир эки күндө табышаарына ишенип турду. Тойун кечеңдеткиси келбеди. Сезимди ушул ирет такыр койуп жибергиси келген жок.
Эмнелерди ойлоп жатасын?
Тинатиндин сөзү ойлорун чаржайыт бөлүп жиберди.
— Жөн гана эртеңки күнгө даярдык көрүүм керек деп ойлоодомун.
Тинатин акырын мыйыгынан жылмайып алды.
— Азаматсын. Курбум акыры бактысын тапты, мен кубанычтамын жана сен, аны албетте кадырына жетээриңе ишенем.
Тинатин кубанычын жашырган жок. Экөөнүн эртеңки тойуна чын жүрөктөн кубанып турду.
— Динарадан кабар келди. Бүгүн Рамис да, жан сакчысы Кубат да эч кайда чыкпаганын, жана, кечке үйүнөн алыс баспаганын такташыптыр. Рамиске эмне анчалык күйүтү болду билбейм. Ичкиликтен арыла албай калча?...
Тинатин терең дем ала, сүйлөп алды.
— Шүгүр Кудайга. Ал эч кауда чыкпаса, кызык тиги экөөнү ким куткарып келди деген суроо башыман кетпей жатат. Кантсек кандай кылабыз билбейм.
Рамиске келсек... Мен дагы анын күйүтүн түшүнө алганым жок. Бирок сени деп да азап тартканы бар. Эмне эч кандай кечиримге татыктуу эмеспи?
Амантур экөө ары карай бир аз басып алышты. Сыягы сырдашкысы келген өңдүү.
— Билбейм Амантур. Качан Рамис менин эң чоң душманымдын баласы экенин билгенимде аалам токтоп калгандай сезилди. Мен кыялымда Рамисти такыр башкача, баары төп келишкен, бир кемчилдиксиз жигит деп кыял куруп алыпмын. Коркот элем. Акыркы убакта ага жипсиз байланып калып жатканымды сезип, ал тууралу эч нерсе сүрүштүргүм да келбей калган. Анын бир кемчилдигин уксам, тоом урап түшчүүдөй сезилчүү. Анын терс жактарын көрүүдөн коркчумун. Бирок тагдыр эмнеден качсаң, ошого туш кылат экен. Менин атамды, куру доомат менен түрмөгө отургузуп, ал жактан ажал табуусуна себеп болгон кишинин баласы экенин билгенимде.... Билбейм эмне айтышты Амантур.
Тинатин ушуларды оор үшкүрө айтып алды.
— Ошол үчүн да менин ак экениме ишеним арткан жалгыз сен болгон экенсин да?
Амантур түрмөдө отурганда келген Тинатинди эстеп алды.
— Ооба тек гана,менин бала кезимде атамжы жоготкондой, кырчындай бир өмүр куурап калышын каалабагам.
— Сен эң күчтүү кызсын. Далилдердин баарын даярдап койо бер. Мен албетте ал кишини таап алдыңа алып барам. Жана сен,анын өмүр бою түрмөдө чирүүсүнө кылган аракетиңе жардамымды аябаймын.
Тинатинди жибите акырын каруусунан таптап койду, жылмайып күлүп алды.
— Эми болду жакшв кабарлар жөнүнжө сүйлөшөбүз. Менин сүйүктүүм аппакай көйнөк менен, эртең менин өмүрлүк жарым болот. Кыжалат болгонду койуп, тойго даярлык көр ээ сен дагы. Ал киши өзү жалгыз калды. Бир жан сакчысынан башка эч ким калбады. Аны деп той күнүбүздү бузбайлы.
Тинатин да жылмайып ала Амантурга жооп кылып макул дегендей экөө ары көздөй басып кетишти.
**********
Ачуулуу үйүнө келген Аскат ач аюудай айкырып иш бөлмөсүнүн тарпын чыгара чачып, туш келди ыргытынып жатты. Кызы эч кайда жок. Араң тапканда,бир жолугууну аяган душмандары, ушуга да жол койбогондору жанын өрттөп баратты.
— Мен баарыңды табам! Табам. Жигиттерди чакыр! Чакыр баарын! Бүткүл кайсыл жерде менин душмандарым болсо, баарын бирден башын алгыла! Мага демек бүткүл өлкө ичин канга боёсоңор да, кызымды таап келесиңер!
Өзүн койоорго жер таппай, айласы алты кетип жатты.
Бүжүрөйгөн, байкуш жан сакчылары куралданып алыша түнү менен жортуулга чыгышып, кайда, кайсыл душманы жашайт баарын карап, туш келди чаң тополоң салыша, чекеден мойсоп баратышты.
Шаар ичи заматта канга боёло түштү. Өзү кошо жүрдү. Кызын сурайт, жооп жок, билбейм дешсе тарс эткен куралдын үнү менен маэги аяктайт.
Түнү менен түрө кыдырып чарчаган Аскат шалпыйа эси оой кайра өз иш бөлмөсүнө кире отура кетти. Шаар ичин кыдырмаякты кыдыра издеп жүргөн жигиттеринен да дайын жок.
Баарысы бир гана жоопту титирей айтышат.
— Тапканыбыз жок!
Башын мыкчый отура кетти. Жанагы унаадан көргөн, өзүнө карай ыржая күлгөн немени, көздөн кайым кылып, жоготуп алгансна өкүнүп отурду. Тууган урук, жан, жөкөр, дос чарларынан бери издетип жатты. Бирок кычагандай алары да жерге житип кеткен сыяктуу.
Шашыла жетип келген Амир эшикти ача салып эле учурашып, көрүшпөстөн сураганы кыз болду.
— Лунара, Лунара кайда? Эмне болуп кетти кайда ал?
Жаагы түктөйө ачуусу келе катарынан турган жигиттердин баарын суроолуу карап алды. Бири да үн катпай, башын жерге салыша тунжурашат.
— Сен?...
Башын акырын көтөрө ордунан туруп алган Аскат Амирди көрө койду.
—Бул жерде эмне кылып жатасын? Эмне жүрөсүн бул жакта. Балким сенин колуң бардыр ээ? Балким сен дагы менден өч алуу максатында?...
Аскаттын оюна азыр эмнелер келип, эмнелер кетип жатканын, сүйлөп жаткан сөздөрүн да түшүнгөн эч ким жок. Тек гана көзүнө көрүнгөндүн баары, Аскат үчүн душман сыяктуу, көздөрү канталай түштү.
— Сен эмне турасын? Байкап сүйлө! Мени кимдерге теңеп жатасын?
Ачуусу менен Амир да Аскатка сөзү менен бир тийди. Экөө бирин -бири күнөөлөй, айтыша кетишти.
— Байка жигит! Кырчындай жаш өмүрүңдү кор кылгың келбесе, менин үйүмө кадам баспа!
Аскат жан сакчысынан куралын сууруп ала Амирге карай кезеди. Аны көргөн Амирдин жигиттери да баары жабыла куралын чыгара эки тарап бирин-бири азыр жайлап салууга даяр турушкан.
— Сен күнөөлүүсүн баарына. Сен келдиң балээнин баарын баштадың. Дагы сени кечирип үйүнө коноктоп атамды кечиргенимди айтам деп кубанып кеткен. Сен болсо, ошол нерсени да кыла албай... Ошол да колуңдан келбей кечигип барыпсын!
Мен кызыңды бир канкор мыкаачынын колунан араң куткарып калган элем. Араң өэүнө келип жатканда... Сен ата эмессин! Ата эмессин. Лунарага татыктуу ата эмессин.
Ачуусу келе, белинде курчаган куралын сууруп ала, Аскаттын дал өзүндөй кезеп, Аскаттын бет маңдайына кадам таштай, бетме -бет келе жекире тиктеди.
Экөөнүн аңгемесин колундагы түшүп кеткен идиштин үнү быркырап сынын түшкөндө экөө тең элейе үн чыккан тарапты карап алды.
Көздөрүнө жаш толо, экөөнү карап турган Емилини көрө койду.
— Эмне дедиңиз? Ата болууга дедиңизби? Демек?...
Амирдин жанына темселей басып келе, сөздөрүн тактап алуу үчүн сурай калды.
— Демек, Лунара менин бир тууганымбы ата? Ошол кыз ээ?
Ошол кыз менин бир тууганым бар экен, а мен эч нерсе билбеймин? Ата?
Емилинин сөздөрүнө экөө тең жооп таба албай тайсалдай түшүштү.
— Кызым? Мен!...
Аскат азыр актанууга абалы жок эле. Анан сүйлөшөбүз дегенин Емили тыңшап жа койгон жок. Амир ачуусу келе куралын шарт түшүрө сыртты көздөй чыгып баратты.
—Кайда?
Аскаттын күтүүсүз айткан сөзү Амирди токтотту.
— Сен кыэың менен эсеп кысабыңды берип отура бер, мен Лунараны издейм.
Шарт бурулуп алды көздөй кадам таштаган убакта күтүүсүз шыңгыраган үй телефонжун үнү кулак мээни жеп, чырылдап баштады.
Баары делдейип тура калышты, Аскат жетип барып, шашыла ала койду.
— Ало!
— Оо Аскат -Аскат. Көрүшмөк тургай, сүйлөшпөй кеткенибизге көп болуптур ээ? Мени сагынган жок белең?
Амир да жанына жетип келе, кулак төшөй уга калды.
— Сен... Мурунку окуя аздык кылды беле? Менден ал колуңдан келсе, алдыма неге келбедиң?
Аскат кыжырдана түштү. Аскат канчалык мындай абалга түшпөсүн, тмги андан бетер жыргап 'карс-карс күлөт.
— Жаңылыктан угуп калдым. Сенин кызың жоголуптур. Койчу Аскат. Ушундай кеңири ата болот экен ээ? Аа эмне кабар? Барбы кыздан дайын?
— Кызым кай жерде? Анын тиешеси жок бул иштерге.
Аскат жер сууну жаңыртып бакырып алжы. Тигинин болсо, андан бетер көңүлү ачыла карсылдайт.
— Дагы -дагы Аскат. Хе-хе -хе.
Тиги ырсаңдап алып бүттү окшойт. Заматта үнү да өэгөрүп, эми чындап максатка өткөнжөй сүйлөа баштады.
— Эгер кызыңды жакшы көрсөң,мен дарекке келесин. Жалгыз келесин! Түшүндүңбү? Милицияң эч нерсе кыла албашын жакшы билесин а? Эгер ортого ашыкча,бирөөлөр аралаша турган болсо, кызыңдын да, сенин дв башын кетээрин унутпа. Аскат билем акылдуу эле жансын.
— Мен ыраазымын. Эмне десеңер ошонун баарына ыраазымын. Болгону кызымды үнүн угуз. Угуз.
Тиги акырын келип Лунаранын кулагына телефонду такай койо, жанатан байлануу турган чүпүрөктү оозунан ала койду.
— Атаң! Сүйлөш.
Тигини көздөрү Лунараны ачуулуу тиктей, жанатан жүзүнө жайылган чачтарын бириндедип жыйнап алды.
— Атаке!
Бышактаган үнү дирилдей араң чыккан Лунаранын үнү Аскаттын жүрөгүн андан бетер канатып жиберди. Жанында турган Емилини да байкабай, тызылдап күйүп бышып сүйлөп жатты.
— Кызым, кызым, жан кызым. Атаң сени куткарат. Бир аз чыда. Куткарат.
Аскат буту күйгөн тооктой тызылдап алды.
— Алар сени тузакка түшүрмөкчү ата! Ата!
— Болду бас жаагыңды.
Сыягы тиги каттуу эле бир тийди окшойт Лунаранын кыйкырган үнү чыга, Аскат жер сууну жаңыртып бакырып алды.
— Акмак! Колуңду тарт! Тийгизбе колуңду акмаааак! Кай жердесин? Эмне керек баарын ал! Кай жактасын?
— Оо мына эми өзүңө келдиң.
Тиги киши дарегин кыска айтып эгер өэү келбесе, кызынын башы кетээрин, ал жөн гана тамаша ойноп жатпаганын айтып өчүрүп салды.
— Эмне болду? Эмне болду кайда экен?
Шашыла суроо берген Амиржи карай, Аскаттын үмүтү үзүлө шалпыйа сүйлөп алды.
— Мен өзүм баруум керек. Болбосо кызыма зыян келтиришет. Емили сен да сыртка чыкпа! Айтканды ук! Бөлмөңө бара гой.
Аскат кызын акырын бөлмөсүнө чыгарып жиберди да Амирге жанагыдай ачуулуу эмес, акырын сөз менен кайрыла сүйлөдү.
— Эгер мага бир нерсе болсо, кызымды сага тапшырам. Лунара менен алакаңды кандай экенин билем. Мен карай албадым. Сен бактылуу кылышыңа ишенем.
Азырча чыкпа! Эч бир ашыкча кадам таштаба! Милицияга чал! Бирок эч кайда билжирбесин! Эртең кечинде чык. Ушул дарек боюнча мен эптеп алаксытып турам. Сен кыэымды куткарып кет.
Амирге ушул сөздөрдү айтып өзү сыртка карай жалгыз унаасына отуруп жолго түштү.
Артынан узата караган Амир да башын мыкчый, акырын сыртка чыга бергенде жанатан өзүн күтүп турган Емилинин сөэү токтотту.
— Амир?
Амир артын карай берди.
— Уктаган жоксунбу сен дале?
Емили Амирдин сөзүнө жерге башын сала жооп бере койду.
— Жок уктай албай жатам. Сизди ойлоп уйкум качты. Мүмкүн болсо барбаңыз суранам. Атамдын сакчылары да көп эмеспи? Атам албетте куткарат Лунараны. Болгону сиз барбаң.
Емили жаш баладай жалооруп карай, Амирге болгон сөзүнүн баарын айтып жатты.
Бир саамга тиктеп турган Амир, акырын жансна басып келди.
— Емили, эгер мен сага карата, башкача мамиле кылган болсом, же катуу сөз айткан болсом кечирим сурайм. Бирок түшүн, мен Лунараны каттуу жакшы көрөм. Анын үстүнө ал сенин бир тууганың.
— Жок! Ал мага эч кандай бир тууган эмес! Ал мени, мен аны тааныган эмесмин. Мен бир гана сизди ойлойм. Мен үчүн ошол жерге барбаңыэ. Суранам.
— Емили басс кыл суранам! Суранам сенден. Менин жолумду тоспо!
Дароо сыртка чыга унаасына отуруп кайдадыр жөнөгөн Амиржи узата караган Емили ачуусу жүзүнө чыга,ошол менен бирге көзүнөн мөлт -мөлт эте тамчы жашы ылдый кулай түштү.
— Ошондойбу? Жакшы көрөт имиш! Мен көрсөтөм сага!
Өз өэү менен сүйлөнүп ала, бөлмөсүнө карай чыгып кетти.
Амир болсо шаар ичинде жайгашкан милиция бөлүмүнө карай Аскат айткандай иш тутуу максатта сапар алды.
**••••*****
Түн жарымда шаардан кыйла эле обочо жерде, эскилиги жетип урап калган жаман эки үч кабаттуу үйдүн жанына жете келген Аскат жалгыз өзү, акырын унаасын чекеге токтото сала, өзү унаадан түшө үйдү көздөй кадам басты.
Ичинен кандайдыр бир калтырак денесин басып жатты. Бирок кызын ойлогондо бир чыйралып алды.
Узун кеткен чоң зал ичи өтө эле көзгө коркунучтуу көрүнүп ал ан сайын, көзгө сайса көрүнбөс караңгылык коштойт.
Мына -мына жетти. Алдында ошол кечэги унаадан көргөн адам маңдайында бир кыйла чакырым алдыда,адатынча ыржайып өзүн күтүп турган.
— Оо мен сени келет деп күтпөгөн элем. Кош келдиң.
Тиги ырсайып күлө карай жки колун ургулап алды.
— Кыэым кана?
Аскаттын берген суроосу жоопсуз калып, заматта артынан башына мешок кийгизе салган бирөө Аскатты желкеге куралдын арты,менен согуп,
Аскат өэүн билбей ошол жерден күп эте кулап түштү.
— Азаматсын! Алып кеткиле!
Ары жактан өз күйөөсүн өзү кантип жыгылганын көрүп турган аялы, акырын басыа келе бир сынай карады да, тигинин жанына жанаша туруп калды.
— Мен сага айтпадым беле? Баарсн өзүм чечем деп. Ошол күн келди алтыным.
Тиги да аялды белинен имере өзүнө тартып, акырын эркелетип алды.
— Калганын сен көрбөу эле көр. Анткени оор болуу мүмкүн. Кызыбыздын алдына бара гой.
Тиги аялды жүзүнөн өөп коштошуп, өзү Аскатты мойнуна ун арткандай артынып, көтөрүп кетип жаткан килейген жан сакчысынын, артынан ээрчий жөнөп баратты.
Уландысы бар...
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев