37 - БӨЛҮМ
Үйүнө кайра эле көңүлү чөгө, суз тартып кирип келген Емили көрө койгон апасы кызынын мындай абалда келгенин көрүп чоочуй түштү.
—Емили? Дүкөнгө барам деген элең го эмне болду? Бул эмне болгон маанай? Кимдир бирөө капа кылдыбы, уруштубу?
Апасы чебелектей кызынын карегине толгон жашты сүртө, суроо артынан суроо берип алды.
— Жок мам. Менде бары жакшы.
Емили эч кимдин сөзүн уккан да жок. Тек гана колуна сукасын сүйрөй үстүңкү кабатка чыгып, бөлмөсүнө кире жата кетти.
Көз алдына ошол Лунара элестей, анын жылмайганына жооп кылып, Амирдин ага болгон сылык мүнөзүн,колунда көтөргөн гүлүн эстеп отура, көзүнөн ыссык жаштар таамп, жүзү ылдый тоголонду.
— Емили сага эмне болуп жатат? Бир жан үчүн, анын да жүрөгү башка инсанда, сенде болбосо, аны зордоп өзүңө сүйдүрмөк белең? Акмак болуп жатасын, ойлон!
Өзүнө-өзү күзгүдөн саасша тиктей, ушуларды сүйлөп алган менен, Лунараны эстегенде эс эле жан дүйнөсү тынчыбай турду. Жөн кыз эместей туюлду. Емилиге жакын жандардын баарын өзүнө тартып ала тургандай сезилип, кадимкидей кызгана да түштү.
— Жок -жок бул жөнөкөй кыз эмес. Мейли башка менен жүрсө дагы, мейли башканы сүйсүн, бирок бул кызды эмес
Ичи тарый түштү. Неге мындай жаман, арам ой бүткөн боюн бийлеп алды өзү да түшүнбөйт. Болгону ушул кызды өзүнөн да башкадан да алыстаткысы келип тургандай.
Ушуларды ойлой,тынч ала -албай жүргөн Емили Жүзүндөгү көз жашы менен кошо төгүлгөн, боёкторун аарчый, жуунучу бөлмөсүнө карай акырын кирип кетти.
************
Сезим менен Амантур көпкө сүйлөшүп отурушту. Экөө бирин-бири сагынып да калышкан экен. Сөздөрү да көбөйүп, бир кыйла убакытка дейре кээде күлүп, кээде болсо тамаша чынга аралаша,сүйлөшүп убакыт кандай өтүп калганын да билбей калышыптыр.
Эртеңки күнү оор экенин жакшы билет. Эмне болоорун да билбейт. Балким ушул Амантурдун акыркы күнүдүр. Балким....
Жанында жаркылдаган Сезими баарын унуттуруп жаткан сыяктуу. Сезимдин ар -бир кылган эткенин, күлгөнүн, сүйлөгөнүн, кыймылын узак термелип, карап жатты. Ушундай сонун көз ирмемдерди жок дегенде элесинде сактап калууну чечти.
— Бары жакшыбы? Ойлонуп калдыңыз.
Кыраакы Сезим дароо Амантурдун ойго түшүп кеткенин байкай калып 'сүйлөп алды.
— Жок -жок баары жакшы. Сени менен бир аз отурсам эле билесин го, сен кыз менин кабагымды ачып, маанайымды жазып турат эмессинби? Анан ошондой абалда менин кантип маанайым жок болуусу мүмкүн?
Амантур кыздын колунан акырын кармай өөп койду.
— Ушул иш аягына чыксын. Андан соң...
Амантур сөзүн аягына чыгара албай токтоп кала, кызды карады.
— Андан соң??? Эмне андан соң?
Сезим да назик үнүн дирилтете кызыга квйра суроо берди.
— Андан соң мен сени экөөбүздү эч ким тааныбаган, бизге эч ким тоскоол болбогон жайларга алып кетем. Каалайсынбы?
Амантурдун сөзүнө, кыздын көздөрү жайнай кетти.
— Бул ошондо сунушпу?
Кайра -кайра тактоо максатындабы, же чын эле атайын Амантурга тийиштик жасап жатабы билинбейт. Тек гана дагы суроолу көздөрү менен жигитти күлө карады.
— Ооба сунуш. Турмуш курууга сунуш. Мени менен кетүүгө даярсынбы?
Кыздын колдорун бекем кыса кармаган жигит кыздын көздөрүнө карай тигилип карап алды.
Күтүүсүздөн мойнуна асыла кучактаган Сезимдин кубанычында чек жок эле.
— Албетте кетем. Сиз кай жерге алып барсаңыз деле мен ошол жерге барам. Сиз менен бирге болсом өмүр бою. Мага ошол жетиштүү.
Сезимдин ушуь сөздөрүндө эле жигитке деген сүйүүнүн күч экени билинип жаткан. Кыз үчүн да, Амантур эми өзүн болушунча жакшы алып жүрүүгө, башка кылмыш дүйнөсүнө аралашууну каалабай турган. Ушул азыр, дал азыр ашыгын колунан жетелей, кайдадыр, эч ким жок, тынч, эч ким тоскоол болбогон жайларга кезип кеткиси келип турду.
— Мен үчүн өэүңүэдү жакшы караңыз ээ???
Сезимдин ушул сөздөрү Амантурду андан бетер жашоого жетелеп,алдыда дагы бактылуу күндөрү күтүп турганына үмүт бар экенин билдирип турган эле.
Коюу караңгылык каптап, качан эле түн жарым болуп кетиптир. Эми кетер убакыт да жетип келген сыяктуу. Экөө жылуу коштошуп Сезим ошол күн келээрин чыдамсыздык менен күтөөрүн айтып калып кетти. Амантур болсо өэ жолуна түштү.
Сыртка чыгып баратып артында турган караанды байкай, Амантур акырын токтоп, артына бурула карай берди.
— Сен? Бул жерде эмне кылып жүрөсүн?
— Оо,бүгүн биздин жигит бактылуу Кубат карап кой. Бакыттан башы айланып, асманда учуп жүрөт.
Темтеңдей, чачы башы өсүп, колуна адатынча бир бөтөлкөсүн кармаган Рамис мына-мына жыгылчуудай Амантур тарапты көздөй басты.
— Эс ал барып, бул жерде эмне кылып жүрөсүн?
Амантур Рамисти эми жыгылаар алдында мүрүдөн сүйөп кармай калды.
— Бул жерде бир канча убакыттар алдын, менин да ашыгым жашачу го. Унуттуңбу эмне?
Ооо... Мен анда аябай бактылуу элем. Аябай. Мен болгону ушул жерде туруп, карап отурганыма бактылуу элем. Ошого болсо да каниет кылып, көзүмдү албай карап, кайра кетчүүмүн. Ыы ошондой.
— Азырчы? Азыр жок! Мен аны таппай калдым. Таппай калдым. Тинатин мени таштап басып кетти. Кайрылып караган жок капырай де. Мага ачуулуу аябай. Мен ошондой жаман кишинин баласы болгонум үчүн да, ооа өэүмдү- өзүм кечире албай келе жатканым барго.
Ал мени кечирбейт. Тинатин мени кечирбейт.
— Жо-жо-жоок... Сен ойлобо мени алсыздыгынын айынан ушундай болду деп. Бирок мен чынында сүйүү алдында башымды ийдим. Алсыз болдум. Тинатинге жипсиз байландым да калдым.
Азыр ушул. Ушул жерден балким көрүнүп калаар деген үмүт менен таң атырам келип.
— Ичесинби?
Колундагы шарабын кулкулдата жутуп алып, кайра акырын Амантурга да суна койду.
— Жок! Сен да токтот көптүк болуп кетиптир. Кубат машинанын ачкычын бер! Сен артымдан жүр.
Кубат дароо шыпылдай Амантурга ачыкычты бере койду. Унаанын эшигин ача койгон Амантур, биринчи Рамис, андан соң өзү отуруп зуулдаган бойдон айдап жөнөдү. Жол ката бара жаткан Амантур көз кыйыгы менен Рамисти карап койот. Жанагы кыйын Рамис жок. Сакал муруту эле чачынан бери өсүп, азыр кайда, жашап,кайда баратканын да билбейт.
Күйүтү күч экенин билип турду. Ашыктык жаман нерсе, адам баласы өзүнө көндүрүп алган соң, кайра мындай ажырап кеткени да андан оор.
Үйүнө жете келээрде Амантур унааны токтотуп Кубатты чакыра, жетип келген соң үйүнө алып кирүүнү буйруп, кайра өзү жолун улай кетип баратты.
Ойлуу кетип баратып, жол жээгине унаасын токтото салды.
— бир нерсе кылбасам болбойт.
Дароо телефонду алып, кимдир бирөөнүн номерин тере койуп, телефонду кулагына төшөй салды.
— Угуп жатам.
Ары жактан Тинатиндин үнү угула, кайра эмне десем экен, айтсамбы же жокпу деп ойлой кетти.
— Эмне болду Амантур? Түн жарымда.
— Мен сенден бир нерсе өтүнөйүн дегенмин. Рамисти сени сүйгөнүндө күнөө жок. Азыр көрдүм, абалы аябай начар. Ага мындай суук мамиле кылба. Өз күйүтүн өзү тартып деле бүттү окшойт. Рамиске эртең атасынын айынан түрмөгө сала көрбө.
—Эмне? Кайдан көрөсүн аны?
— Сенин эски жашаган үй жагыңды. Ичинде күйүтү толтура. Билбейм дагы эмне болот. Мас жүргөн.
Сен тууралуу көп сөздөр айтылды. Ал сени унутпаган. Калганын өзүң чечесин.
Тинатин ойлоно түштү. Абалы начар деген Амантурдун ар -бир сөздөрү кулагына жаңырып жатты.
Уландысы бар....
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев