35 - БӨЛҮМ
Кеч кире эшиги такылдаган Лунара ким каалганы какканын билбей, таң кала, эшикти ачып жиберди. Алдында жылмайып, Амир турган Көңүлүн көтөрүү ойлогон окшойт. Адатынча жайдары күлмр, кыз менен учураша койду.
— Салам! Убактыңды албаймынбы бир аз отуруп кетсем?
Лунара таң кала карап алып, кайра жылуу учураша койду.
— Салам Амир. Ушул убакта эмне кылып жүрөсүз мында?
— Мен бир аз ушул тараптарда жумуштарым менен келгенмин. Анан сени көрүп өтөйүн деп ойлодум. Кечээ маанайың такыр жок болгону үчүн...
Амир мукактана кыздын алдында сөз таппай, бир аз тайсалдай түштү.
Колунда кызга деп атап, көтөрүп келген шириндиктери да бар.
— Мейли бул жерге өтөлү.
Лунара эскилиги жетип,мына -мына урачуудай болгон жаман үйүн көрсөткүсү келбедиби айтор, сыртта турган узун отургучту көрсөтө, өзү үстүнө жылуу кийимин кийип, чыга калды.
Үйүнөн тартынганын Амир кыз айтпаса да баарын билди.
— Анан маанай жакшыбы бүгүн? Бир аз көңүлүң ачылдыбы?
Амир жанына отура кеткен Лунарага карай суроо берип алды.
— Билбейм акыркы убакта өзүм да билбейм. Жашоомдо болуп жаткан күтүлбөгөн жаңылыктар, мени бир аз алдан тайдырып койуп жатканы эле болбосо, андан башкасы жакшы эле.
Лунара бир чекитти тиктей акырын жооп берип алды.
— Билесизби? Адам баласы ушул экен.... Таң калып бүтпөгөн окуялар башына келе берет-келе берет. Айла жок чыдабастан башка. Күлүп -күлүп жеңет экенсин. Ошолордун катарындамын мен дагы.
Лунара ичиндеги жаракатын жашыра албай айтып алып, кайра калп күлүп, сөздү башкага бура койду.
— Өзүңүздөчү? Баары жакшыбы? Мен өзүм менен болуп жатып, сизге түзүгүрөөк рахмат дешти деле унутупмун.
Лунара жылмайып алды.
— Булардын баары сага. Менден белек болсун. Менде баары жакшы. Ачыгы сенден бир аз кыжалат болдум. Ичиңдеги сырларыңды мага айтышың толук мүмкүн. Эгер кааласаң.
Амир колундагы буюмдарын бере салды. Оюнда кызга аз да болсо жөлөк болууну, алаксытууну ойлоду.
— Каалайсынбы, бир жерге алып барып келем. Сен ошондой жайларды жактырчуу элең го?
—Жоок рахмат. Азыр эч нерсеге көңүлүм чаппай турат. Эски үйүмдө эле отурууну чечтим.
Лунара адатынча жылмайып алып, кайра сүйлөп кирди.
— Мен атамды таптым. Ушул нерсеге ишенесизби? Ушул убакка чейин, өмүрү үч уктап, түшүмө кирбеген эле. Атам таптакыр башка инсан экени. Көрсө ал атак барктуу, жеке ишкер дейби эмне дейт? Ошондой бирөө экен. Ушуга ишенесизби?
Лунара дагы Амирге карап күлүп алды.
— Мен бир ишенейин дейм, кайра бир оюм жок дейт! Бирок сүрөттөр тастыктоочу далилдер да бар экен.
Амир кыздын ар сүйлөгөн сайын көзүнө жаш айланып, толуп мына -мына жүзү ылдый кулаарына аз калса да, калп күлкүсү менен жаап -жашырьп отурган Лунараны узакка тигиле карап отура берди. Бир чети аяп да турду. Көзүнө кайгырган убагында да ушунчалык сулуу, адамды өзүнө арбап алган периштедей көрүнүп турду.
— Тагдырда баары болуу мүмкүн. Болгону сынба эч качан!
Кыздын сөзүн бөлүп сүйлөп алган Амир акырын жылмайа кыздын жүзүнө топтолгон тамчы көз жашты эки колу менен сүртүп көздөрүнө тигиле карады.
— Эгер кааласаң жардам берем.
— Эмне жардам?
Лунара кайра сөзүн токтотуп, жигитке түшүнбөгөндөй элейе карады.
— Билбейм эмне десең баарына.
— Жоок -жок рахмат! Рахмат чооң. Мен эч нерсе кылуу деле оюмда жок.
Кыз кайра актана, башын чайкап алды.
— Мейли -мейли! Баары тамаша!
Амир да мыйыгынан жылмайып койду.
— Бирок менин оюмча, атакеңди тапсаң баары жакшы болуптур. Жаш кезинде канчалык ката кетирсе да ал киши сенин атаң деп эсептейм. Сенин атаң бар экен жакшы. А менде болсо жок. Бала кезимде кимдир бирөөлөрдүн буйругу менен душмандары көзүн тазалап салышкан. Эгер атам болсо баары башкача болмок беле деп ойлоп кетем. Бул менин өз оюм. Балким атаң сенден кечирим сураганы келгендир. Сага айтаарым эртең атаң көзү өтүп кетсе өкүнүп калышыңды каалабайм. Калганы сенин жашооң. Мен,сен кандай чечим чыгарсаң да, албетте сени колдойм дайым. Болгону сен ыйлабасаң болгону.
Амир Лунаранын колдорун акырын кармай жылмайып, көзүндөгү жашын аарчып алды.
— Рахмат сизге. Бир чети сиздин деле айтканыңызда чындык бар. Кимгедир ичиңдеги нерсени айтып алсаң, жеңилдеп калат экенсин адам.
— Каалаган убагыңда, каалаган чакта кайрыла бер.
Амир ушуларды айта, кайра ойлуу отура кетти. Азыр ушул кыз үчүн, атасын өлтүргөн эң чоң душманын да кечирүүдөн тартпай турган. Тагдырдын тамашасын карабайсыңарбы, келип -келип өз атасын өлтүргөн инсандын кызын сүйүп калганы кыэык. Ич -ичинен ушуларды ойлоп кетти.
— Мейлиңиз анда мен кирейин. Кеч да болуп кетти. Белегиңиз үчүн чоң рахмат. Дагы байланышабыз.
Лунара ордунан тура Амирге колун сунуп коштошуп койду.
— Макул татына кыз. Өз -өзүңдү жеп ыйлай бербе болгону.
Экөө коштошо Амир да өз жолуна түшүп баратты.
**************
Таң ата адаттагыдай эле Лунараны уйкудан эшиктин кагылган үнү ойготту. Бул сапар аябай эле каттуу чыкты. Эмне болуп кеткенин түшүнө албай чоочуй Лунара эшикти ачып жибере, көздөрү чакчая кетти. Үстү башы кымбат кийимдер менен баалуу белектерге оролгон Аскаттын экинчи аялы маңдауында турган. Башка-башка бул аялды күтпөгөн.
—Менин көрө элегим дале алдыда окшойт деп ичинен сүйлөнүп алган Лунара таң калган адамдай, ары тааныбаган жандай суроо узатты.
—Келиңиз? Кызмат
—Балким ичкериге киргизээрсин. Мени бул жерде эч кимдин көрүшүн каалабай турам.
Аскаттын аялы эки жагын каранып сүйлөп алды.
—Же болбосо унаамда сүйлөшөйлү. Сени менен таанышуучу кезек эми келиптир мага.
Аял артында жап-жаңы, кымбат үлгүдөгү унаасын Лунарага көрсөттү.
—Аа... Мен бей тааныш унаага отурбайм, жана сөзүңүз бар болсо, мейли кириңиз.
Лунара босогодон ары жылып, аял ичкери көздөй жийиркенип, түздөнгөн абалында кирип келди.
—Эмне деген кенедей бөлмө? Жана анысы аз келеенсип, чачылып жатканы кантет?
Эки жагын карана итиркейи келгендей, сүйлөнүп, денесин титиретип алды.
—Мен күтүлбөгөн конок келет деп күткөн эмесмин, ошого себептүү уктап жатканмын.
—Андан көрө кебиңизди угуп жатам!
Лунара арткы жакта турган үстөлдү алып келе, тиги аялга койо салды.
—Жок-жок. Мен мындай эле турам. Айтчуу сөзүмдү айтып, андан соң кетем.
Демек мындай... Мен сага канча десең, ошончо акча берем. Эмне десең сураганыңды, оозуңдан чыкканын. Бирок, Аскатты тынч койосун. Ушул кезге чейин деле чыныгы атаң ким экенин билбей жашабадыңбы? Дале ошондой жашай бересин. Болгону колуңда баары болот, үй-жай, унаа, эмне десең. Биздин ортодо бир кызыбыз бар. Жана башка эч ким кереги жок. Бактылуу үй бүлөбүз. Баары жетиштүү, сен эч качан биздин үй бүлөбүзгө кошула албайсын. Муну өзүң да жакшы билесинго. Анын үстүнө буга мен жол койбойм! Эч качан! Жакшылап ойлоп көр.
Лунара тиги аялга карай узаакка тигилип карап алды.
—Сиз баарын байлыгыңыз аркылуу башкарам деп ойлойсузбу? Сиз байлыгыңызга да сатылбай турган нерселер жок эмес экенин эбак эле унутуп салган сыяктуусуз. Бул өтө өкүнүчтүү. Бул биринчи. Экинчисин айтайынбы? Мен ушул убагыма чейин келип, бирөөнүн сөзүн уккан жан эмес экенмин. Өзүмө кайсыл туура келсе, мен ошол ишти кылам. Ошончо жыл өткөн соң, өз атам, кызым деп издеп келсе, өзү байланышууну кааласа, ошондо да бир кездегидей тоскоол болгону турасызбы? Ошол кичинекей ата-баланын бакытынын эмнесин көрө албай жатасыз?
—Сенин апаң! Сенин апаң менин бактымды тартып алган. Эриме ойнош болгон. Кепкенедей жансын, турмуштун баарын көрүп бүткөн мага акыл үйрөтүп жатасынбы сен кыз?
Өгөй эне болушунча чычалай кетти.
— Жалганыңыз менен мени ванчага дейре ишендирмексиз? Менин апам менен атамдын сүйүүсүнө, жашоосуна тоскоол болгон сиз экениңизди билбеймби оюңузча? Эки тарапты ынтымактуу кармап туруу үчүн, курулган турмуш экенин билбейминби сизче? Кимди акмак көрөсүз?
—Демек сен каршысын?
Лунаранын оозунан сөзүн жулуп алган өгөй эне суроосун кабыргасынан койду.
—Машина, үй жай, турмушуңа жетерлүү акча. Сен баарынан баш тартасын? Ушундайбы?
Сөзүн аяктай, Лунараны эмне дээр экен деп күткөн өгөй эне кызды теше тиктеди. Бирок Лунаранын көздөрү дал жанагындай жоопту берип турган.
— Андай болсо, дал ушундай башкача да жолдору бар. Апаңдын тагдыры сыяктуу...
Табышмактата сүйлөгөн өгөй эне, сыртты көздөй чыгып кетээрде Лунаранын колундагы азыр эле суу ичүү үчүн алган крушкасынын жерге түшүп, быркырап сынган үнү токтотту.
Лунаранын эки көзү чекчейе түштү. Канчалык көп каттар окуса да, башка болсо да, оюна ушул аял апасын өлтүрүүгө колу бар деп ойлобогон. Азыр эле айтылган сөз жүрөгүн каната өттү.
—Эмне? Демек сиз менин апамды?... Сиз?
Лунаранын көзүнөн тамчы жаштар төгүлө берди
Ачууга алдырып отуруп кантип айтып алганын да билбей калган өгөй эне, сыртка карай үн катпастан чыгып кетти.
**••*****
Турган жеринде каткан Лунара бул аялдын азыркы мамилесинен баары чын экенин сезип, оюна апасынын жазган сөздөрү кайра-кайра кайталана берди.
Эрдин кесе тиштеди. Ачуулуу. Ушунчалык ызаланды. Апасын түбөлүк көрбөй өтүүсүнө себепкер болгон ушул аял. Бир гана ушул аял. Көзүндөгү ачуу жаштар баарына болгон кектен улам, жүзү ылдый куюла агып жатты.
—Шашпай тур! Сен үчүн, бир сен үчүн ойлогон оюмдун теңирден тескерисин жасаймын. Таң атсын!!!
Ары ичкери көздөй кирип кетип, акырын кечээги атасы, өзү үчүн сатып берген чоң үйдүн ачкычын бир карап, өз -өзү менен сүйлөшө бекем кысып алды.
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев