32 - БӨЛҮМ
Кеч кире үйүнө кайткан Аскат, туура эле иш бөлмөсүнө карай басып, эшигин ача бергенде, бөлмөсүндө отурган караанды көрө чочуй түштү.
— Сен бул жерде эмне кылып жатасын?
Берген суроосу жоопсуз калып, өзүнө карай ачуулуу көздөрү менен тигилген аялы үн катпай отура берди. Бул көрүнүш Аскатка жага берген жок.
— Эмне болду? Жумушуңуз көбөйүп кеткен окшобойбу? Мага деген убактыңыз жок акыркы убактары. Такыр эле. Эмне иштер менен алексиз? Мага айтчуу жаңылыктарыңыз жок беле?
Аялынын сөзү какшык аралаш чыгып, ачуулу эле. Аскат эмне тууралуу айтып жатканын баарын билип турса да, азыр ачыктап эч нерсе айткысы келбей турду.
— Эмнелер деп жатасын? Бар бөлмөңө чык. Менин иштерим бар.
— Деги кандай бүтпөгөн иштер экен сиздеги иштер? Күндө иштериңиз бар? Кайда жүрдүңүз ушул убакка чейин?
Алатта мындай адатыңыз араң калган болчуу? Эсиңиздеби? Ушундай адаттарыңыз айынан кимден айрылып калганыңызды? Менин эч нерседен кабарсм жок деп ойлоп жатасызбы? Энесинен араң кутулсам, эми кызы чыктыбы?
Үнүн ачуулу чыгарган аялдын жаагы түктөйө көзү чыгып кетүүсүнө аз калгандай 'чакчая Аскатка ачуулу айкырды. Аскат да ачуусун баса албай бакырып жиберди.
— Басс жаагыңды! Эмне болду, аны жок кылдың эмне таптың эле? Мени эми ушундай кылууңа жол коёт деп ойлоп жатасынбы? Мени тыңша! Жакшылап, эки кулагыңа куюп ал. Мен кызыма тырмагыңдын учун тийгиздирбейм эми. Бир жолу ката кылганыңда кечиргенмин. Кызымдын жашоосуна аралашпайсын. Ага жакын, бир карыш да кадам баспайсын. Жакшылап ук. Кааласаң, каалабасаң, кабылдайсын, ал менмн кызым экени чындык, акыйкат. Эгер ашыкча кадамга бара турган болсоң, мен сени эки дүйнөдө кечирбейм. Анда ажырашабыз. Мен сенин бир жолу каттуулугуңа, мыкаачылыгыңа, жол бергенмин. Сен себептүү, сен себептүү мен кызымдан ушунча жыл алыста, кызым ошончо жыл кыйынчылыкта өстү сен себептүү...
Аскаттын кулагына Лунаранын жанагы эле айткан сөздөрү жаңыра түшүп жатты. Ачуусу менен аялына сөөмөй кезеп сүйлөй берди, сүйлөй берди.
— Кандай уяты жок жан элең? Мен эмне ойношуңду койнуңа алып келип салып берип, кызын бак деп, өзүм чекеге чыгышым керек беле я? Сен эмнелер деп келжиреп жатасын? Мен дал ошондой кылуум керек беле? Жоок-жок сен мени анда билбеген экенсин. Койнумдагы эримди ойношума берип койушум мен үчүн өлүмдөн артык... Ал сенин ортодон чыккан ойношуң болчуу... Болгону бир ыпылас, арам, адал эмне экенин билбеген Ойнош!
Аскаттын ушул учурда ачуусу келе өзүн кармана албай жаактан ары тартып жиберүүсүнө аз кала, колун көтөрүп барып, кайра тырыша өзүн кармап калды.
— Мындай нерсени тилге алба. Сага чейин жактырган ашыгым эле. Сен экөөбүздүн тоюбуз, ортодо тынчтыкты сактап калуу үчүн эки душмандын кылган курмандыгы эле. Мен муну сага ошол күнү да айтканмын. Айтканмын. Эми кызымдан алыс жүр. Сени эки эмес, төрт көзүм менен карап жүрөм. Ашыкча кадам жасасаң менден кечирим күтпө.
Аскаттын бул сөздөрү аялы үчүн чымын чакканчалык да болгон жок. Тек гана бир азга үнүн басаңдаса, акырын сүйлөй, Аскаттын көзүнө тик карады.
— Аны сүйө белең ээ? Мени менен жашаганыңа өкүнөсүң ээ? Унутпа Аскат! Сенин бир гана кызың бар, ал да болсо Емили! Мени билбес экенсин... Демек сен ал кызды өз кызыңдан да артык көрөсүн, анткени сен жетпей калган сүйүүңдүн кызы эмеспи... Браво... Браво... Браво... Мэ сага күтүлбөгөн жаңылык! Анда мен да сага бир сыр ачайынбы? Мени билбес экенсин. Кандай каттык мүнөз, аёоо эмне экенин билбеген жанга айланаарымды билбес экенсин. Айрыкча маселе үй бүлөмө, кызыма келип такалган учурда. Мен сенин эсиңе ошол күндү кайра эстетем. Кайра, кайра, кайра эстетем. Же өзүң билип ал кызды жашообузга кийирбей жок кыласын, же бул ишти сенин ордуңа мен жасайм!!!
Аскаттын жүзү кубара түштү. Дароо сыртка чыгып кеткен аялынан чынында коркуп турду. Эч нерсени тамашалап жатпаганын билип турду. Бул аялдын колунан баары келээрин жакшы билет. Эми чындап эле кызынын өмүрүн коркунучка салып жаткандай сезилди. Колуна кол телефонун алып, дароо кыздын артынан түшүп карап жүргөн жан сакчыларына коңгуроо кылды.
— Лунара азыр кайда?
Аскаттын берген суроосуна жан сакчы жигит, бүгүн кечке Амир жанынан чыкпагандыгын, анын сүрөт залынан, Емилинин чыккандыгын баарын баяндап берип, азыр да көңүлү жок, маанайы суз отурган кызды Амир жалгыз калтырбай жанында отурганын айтуу менен аяктады.
— Эмнелер болуп жатат мында? Эмне болду? Емилиге ал жакта эмне бар? Тиги Амирчи?... Емилинин акыркы жолу кубанычы койнуна батпай, жылмайып Амир менен учурашканын эстеп ала, кызынын бул жигитке деген оюу башка экенин билип турду.
— Эхх... Кызым, кызым эмнелер кылып жатасын? Кайсыл бирине түтөйүн а?
Өз- өзүнчө сүйлөнүп алып, отургучуна башын мыкчый отура кетти.
****************
— Эртең таң атпай учасынбы эмне?
Сезим жанатан даярдык көрүп, кийимдерин жыйып жаткан Тинатинге карап алды.
— Ооба курбужан. Жумушума чыкпасам болбойт. Көпкө эс алып койдум окшойт.
—Ээхх тентек кыз. Укпайсын да такыр укпайсын. Ушул жумушуңду таштасаңчы деп далай ирет айттым. Бирок көнбөдүң мейли эми.
Сезим чын эле тынчсызданып жаткан. Жалгыз курбусу болсо, анын да өмүрү коркунучка кептелип жатканына нааразы боло түштү.
— Баары тынчып бүткөн соң, сенин да эми жумушуң жок, мен конокко чакырамын ээ? Барасын. Мурдагыдай экөөбүз жашай беребиз.
Тинатин Сезимди кучактап алды.
Экөө адатынча сүйлөшүшүп чайга отура кетишти. Улам -улам терезени тигилген менен, Рамисти көрө албайт. Муну кыраакы Сезим байкап койду.
— Көрөсүн бир-эки күн сөзүңө таарынымыш болот да, кайра эртең келет. Кыжалат болбо курбужан.
—Ушундай да мамиле болобу курбужан? Баарына өзүм күнөөлүмүн. Жакшы эле сүйлөшөйүн деп келген адамды, өзүм айдап жибердим эшигим астынан.
— анан эми өзүң терезени күндө карап күтүүдөсүн ээ?
Сезим жылмайып алды.
— Мейли капа болбо жарыгым. Ал сени сүйсө албетте келет! Арада канча кыйынчылык болсун келет!
Курбусун ушул сөздөргө ишенжиргиси келе, экөө ойлуу отуруп калышты.
*************
Түнү менен чалгындоого чыккан Амантур, баарын Рамистин атасынын иши боюнча баарын карап жүрдү. Жакын барууга такыр эле мүмкүн эмес. Килейген килейген кароолчу жигиттер баштарынан баштап, бут учуна чейин куралданышкан. Аларга шырп эткен дабыш угулса,элейише, качан баары жайында экендигине көз жеткирмейинче тинтип чыгуулары анык. Ошол үчүн да алыстан баарын карап жатты. Караңгыны жарык кылып көрсөтүүчү дүрбүсү баарын ачык -айкын көрсөтүп берип жатты.
— Демек Рамис туура айткан экен деп алды ичинен.
Килейген чоң арткы терезеси чулганып кара түскө боюлгон, ичинен эч нерсе көрүнбөс унаалар катарынан токтой, ичинен жап-жаш секелек кыздарды түртө салып түшүрүп жатышты. Баарын бир жерге топтоо максаттары окшойт булардын. Бул жерден кыздарды башка өлкөнүн жаранына өткөрүп берүү, оңой эмес. Бул жер өтө эле адамдар көп, ызы -чуу жер эмеспи? Демек алардын бул соодасы башка жерде өтөөрү анык.
Амантур кылдаттык менен баарын карап, изилдеп тактап жатты. Рамистин атасынын үйү башка жайда жайгашкан. Ал бул жердеги үй атайын ушундай кыздарды уурдап келип, жайгаштырчуу жай экени жакшылап байкаган жанга билинип турат.
— Демек мындан да башка жай бар. Тигилердин соодасы өтчүү жер. Аны сөзсүз билүүм керек.
Амантур акырын мышыктай талдын башынан секире түшүп ары көздөй басып унаасына дароо отура кетти.
Жанагы кыздарды алып келген жигиттердин экөөсү шыпылдай, унааларына отуруша дагы кайдадыр жөнөштү. Алардын артынан Амантур да жөнөп кетти.
****************
Түн жарымы эшиктен чыккан үн Рамистин атасын уйкудан ойготту.
— Жолумдан кач! Ким болдуң сен, менин алдымды торогудай?
Сыягы мас окшойт. Кулакка тааныш үн. Рамистин атасы бөлмөдөн чыга, бутуна тура албай, араң баскан Рамисти карай жигиттерине бошотууну сурап башын ымдай буйрук берди.
— Оо... Оо.. Мына, мына атамдын бир эле буйругу жетет экен да ээ??? Мына ааламдын баарын багынтып алуучу күчкө ээ менин атакем.
Колуна бөтөлкөсүн кармай, бутуна тура албай жыгылчуудай абалда атасы тарапка карай басты Рамис.
— Мен келдим ата. Мына мен келдим.
— Неге келдиң түн жарымда?
Атасынын үнүнө Рамис бир азга токтой, кайра жинди эмедей каткырып жиберди.
— Сен кел деген элең го? Же менден башка кызматыңды жакшы аткарчуу күчүктү таап алдыңбы я? Эми биз деген ушундайбыз го. Айтканыңдан чыга албайбыз го. Биз байкуш жок дегенде өз сүйгөн жаныбызды өзүбүз тандай албайбыз ээ? Силер дагы ошондойсуңарбы? Силер да мага окшошсуңарбы?
Темселей басып барып, тунжурап баштарын жерге салып, үн катпай турган жан сакчыларына карай бирөөсүн жакасынан ала суроо узатты.
— Сенин аялың, бала чакаң барбы? Же атам аны да жок кылдыбы?
Тиги байкуш үн катпай эмне дешин билбей апкаарыйт.
— Мына көрдүңбү ата? Баары сенден коркушат! Титирешет. Алар мейличи, өз балаң деле ошондой. Мен дагы сүйгөнүмдү сен өлтүрүп койосунбу деп коркуп, алдыңа келдим. Мына мени эмне кылсаң ошол кыл! Келдим алдыңа.... Алдыңа келдим... Ал менден кетти. Ушуну каалаган белең? Кетти менден.
Тизелей жерге отура түшкөн Рамис колундагы шарабын кулкулдата жутуп алып, көзүнөн чыккан ачуу жаштар жүзүн жууй, өкүрүп, бакырып алды.
Атасы эч нерсе деген жок. Эч кандай сөз кошуп, үн каткан жок. Тек гана бурк эте жанатан эмне кылаар айласын билбей араң турган Кубатка бурк этти.
— Муну үйүнө жеткиз. Башка эч кайда барбасын. Үйүнө жеткиз.
Кубат дароо башын ийкей, Рамистен колтуктан өйдө карай сүйөп алып чыгып кетти.
— Сен мага акыйкатчы айым тууралуу баарын такта. Эртең кайда болоорун да бил. Анан мага кабар кыл!
Ушул сөздү айтып дароо бөлмөсүнө кирип кетти. Ич ичинен өзүнчө ызырынып сүйлөнүп да алды.
— Сиз менен көрүшчүү күн келди окшойт айым!
Көз алдына такылдап дайыма атасы менен бирге келип кетчүү илбийген арык кызды элестетип алды. Ошондо эле көп нерседен кабары бар, чоңдой сүйлөп, чоң адамга, кандай кичүүгө кандий мамиле кылаарын билген кызды сырттан карап суктанып алат эле. Оюнда ушундай таттуу кызы бар экенин бир туруп, Баатырга көз артып, ичи таарый түшөт эле. Дайыма Баатыр өзүнүн колунда жумуш жасагандыгы үчүн, кызын ээрчитип көп келээр эле.
— Амансызбы?
Атасы менен бирге ушундай учурашып алуучу.
— Жакшы- жакшы!
Ары кайрай ойноп кеткен кызды карап алып, ушул кызыңдан бир нерсе чыгат, багың бар деп Баатырга көп айтчуу.
Бирок Баатыр бул нерсени көп жактыра бербейт эле. Кийинчерээк Тинадинди алып келүүнү да такыр койгон.
Өткөн күндөрү сызылып элес болуп тартыла түштү.
— Мен Рамисти аны менен бирге болуусуна жол койо албайм деп алды ичинен. Анын себептери өтө көп. Өтө көп. Рамис ошол учурда башка өлкөда билим алып жүргөн. Кесиби мыкты болсо да, кийин атасынын сөзүн эки кыла албастан ушул жолго түшүп кетпедиби...
*****************
Жол ката ойлуу кетип бараткан Лунара бүгүн өзгөчө чарчаган сыяктуу. Амир да бүгүн кыздын оюна койду. Тек гана кыздын жанында өзү болду. Ичиндеги дартын баарын төгүп айтпаса да, кыздын колуна кармаган сүрөттөн улам атасы ким экенин, жолукканын билди. Буркурап ыйлап алып, канча көңүлүн көтөрүүгө аракет кылса да болбой, тек гана Амирден суранганы ушул болгон. Шаар ичин аралай, муздак шамалга жүзүн тосо, тек гана үнсүз унаада баш, аягы жок жолго түшүп кете берүү. Ушундай сейилдөөнү жактырат болчу. Ананчы Белес экөө дайыма ушундай жолдордо бирге келишет эмес беле?
— Сенден бир гана өтүнүчүм бар орундата аласынбы? Кечирим сурайм сенден бул нерсени сурап жатканыма, бирок сага ишенгим келет, Белек сымал токой аралап алып качпастырсын.
Кыз жылмайып алып, эч нерсе жооп күтпөй унаасына отуруп алган.
Кыздын ушул өтүнүчүнө Амир жок деп жооп бере албай, экөө үнсүз унаада кетип баратты. Түндүн орто чени. Анда санда эле өткөн унаалар болбосо, шаар ичи бир аз тынчый түшкөн. Унаа ичине акырын койулган музыканын жол сымал эле аягы жоктой. Үнсүз бараткан Амир кызды акырын көз салып карап койду.
Каттуу чарчаган өңдүү, же акыркы жашоосунда болуп жаткан окуялар кызды абдан эле алдан тайдырып жиберип жаткан сыяктуу. Каттуу чарчаган жандай уйкуга кетиптир.
Унаасын акырын токтото салды. Кыздын жүзүнө жайылган кооз узун чачын, кыздын жүзүнөн алып койууну ойлоп, колун сунуп баратып, кайра уйкусун бузуп албоо максатында колун тартып алып, жүзүнө тигиле, суктана карап алды.
— Кандай жансын? Ушундай кыйынчылыкка кантип түтүп жаттың экен? Сага таң калдым. Күчтүүлүгүңө. Сенден башка бирөө болгондо, оо Белестин окуясынан соң эле чарчап калмак, жашоого жеңилмек. А сен болсо, кайра бутка туруп, жашоого умтулуп жатасын. Күчтүү жансын. Бирок эмнеге тагдыр мынча оор сынон берип жатат болду экен. Напназик, бой келбети келишкен сулуу бийкеч. Белес да сүйгөнү үчүн ар -бир ушундай кооз элесиңди сүрөткө түшүргөн чыгаар??
— Мага эмне болуп жатат? Эмнеге сени биринчи көргөн күнүмдөн баштап, сени ойлоодон тыйыла албай жатам? Эмне болду мага? Же мен дагы сүйүп баратамбы???
Ушул сөздөрдү ич-ичинен ойлоп кыздын жүзүнө узакка тигиле отура, берди.
Уландысы бар...
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1