31 - БӨЛҮМ
Эшиктин тыкылдаган үнүнөн улам, Лунара уйкудан көзүн ача салып, эшик тарапка карай үңүлдү. Каалганы ача салган кыз, көз алдында келишкен кара костюм шымдагы шыңга бойлуу турган сулууча жигитти көрө, өзүн ыңгайсыз сезе түштү.
— Келиңиз кыэмат?
Лунара жигитти суроолуу карады. Жигит жерден башын көтөрбөгөн абалга колундагы кичинекей кагазды кызга сунду.
— Кечириңиз бийкеч. Бул нерсени сизге берип жиберүүмдү суранышты.
Жигит колуна кармаган кагазды кызга суна койду. Лунара эч нерсе түшүнгөн жок, аң -таң боло, эмне экенин түшүнө албай, кайра жигитке суроо узата...
— Бул эмне экен? Анык магабы?
Адатта өзүнө карай эч кимден, эч нерсе күткөн эмес. Кызга мындай нерселерди жөнөтө турган эч бир таанышы, билиши деле жок эмеспи? Жигиттен ошол себептүү да сурап турганы эле.
— Лунара бийкеч сизсиз го ээ?
Жигит кайра жылмайып, акырын муроо берди.
— Ооба менмин.
Демек анда дарегинен адашпаптырмын. Эмне экенин барганда түшүнүп алат экенсиз. Эми мага уруксаат.
Жигит башын ийкеп, ызаатын билдире акырын бурула басып кетти.
Аң -таң боло түшкөн Лунара кагазды ачып жиберди. Ичинде ачкыч менен, каты да бар эле.
— Бул дагы кандай кат?
Акыркы убактарда ушундай келген каттардан корко турган да болуп калган. Белестен кийин жашоосу такыр эле бат -баттан өэгөрүүлөргө дуушар болуп жатканы таң калдырбай койбойт.
— Салам кызым. Деп жазылган катта.
— Балким мен сени кызым деп айтууга да акым жоктур. Калбаган чыгаар. Мындай укуктан ажырап калганыма көп болгонун жакшы билем. Бирок кантейин, көөдөнүмдө сенин ордуң очоюп оюлуп, ордуна эч нерсе толгус боштондукту жаратып койгонун тан алам. Балким азыр мени бул адам ким? Эмнеге деп ойлоп жаткан чыгаарсын? Ооба ошол мен. Мен ошол сени ушунча өмүр азапка таштаган атаңмын. Балким сага атаң эчак эле өлүп кеткен дешкен чыгаар? ??... Бирок мен тирүүмүн. Ооба ажал алган жок. Тирүү келдим. Сени менен кеэдешүүнү эңсеп, апаңа айткан убадамдын үстүнөн чыга албай жатканымдан каттуу кыжалат болуп, акыры сени таап, алдыңа келип отурам. Менин эч нерсеге акым жок экенин жакшы билем. Бирок сенден бир гана өтүнүчүм бар. Ал да болсо ушул дарекке келүүңдү суранам. Мен сени ушул жерден күтөм. Балким сенин да мага айта албай жүргөн далай сөздөрүң бардыр. Мен угууга даярмын. Лунара. Атаң.
Лунаранын колдору калтырай түштү. Ким? Мени менен дагы кандай оюн ойномокчу? Булар ким? Атам дедиби? Кайсыл атам? Мен өмүрү атамды көрбөгөн жан болсом. Булар мени кайдан таанымак эле? Дагы ким оюн баштады, жана эмне үчүн мен? Лунара дедиби? Атымды да билет экен ал тургай.
Колуна кармаган ачкычты узакка тигилип карап алды. Эч нерсеге ишене албай турду. Таң атпай бул дагы кандай күтүлбөгөн жаңылык болду деп ойлоп алды.
— Барсам бекен? Же?... Мейли! Эмнеси болсо да көрө жатамын.
Үстүнө узун плащын таштап ала, ачкычты колуна алып, жүзү бетин жууй, дароо үйүнөн чыга жөнөдү. Жанатан көчө тарапка баса бергенде жол боюнда өзүн күтүп, кымбат үлгүдөгү унаасы менен бир-эки жигит өзүн күтүп турганын көрө, алардын алдыларына карай басты.
— Силерди ошол адам жибердиби?
Кагазды көрсөтө койгон Лунара тиги экөөнү сынай карап алды.
Тиги экөөнөн үн чыкпай, жай гана башын ийкеп койушту да, бирөөсү акырын унаанын эшигин ача, кызды унаага отурушун күтүп туруп калды.
— Бул кандай кызык болду? Мейли барган соң көрө жатабыз.
Лунара ойлонбой туруп, унаага отура, дароо ошону эле күтүп турган унаа ордунан жылжый жыла акырындан катуулап жөнөп баратты.
Чооң шаарды аралай бараткан унаа айтылган дарекке жакындаган сайын, Лунаранын жүрөгү башкача согуп, алда неден тынчы кетип жатты.
— Чын эле атам болсочу? Же дагы бир душмандары кимдиндир оюну балким? Эгер?... Көз алдына Белестин элеси тартыла, денеси дирт эте түштү.
************
— Салам Амир мырза! Мүмкүн бекен?
Иш бөлмөсүнүн эшиги такылдай, андан жылмайыңкы жүзү менен акырын сүйлөгөн Емилинин үнү угулду.
—Оо Емили бийкеч келиңиз!? Кандай күтүлбөгөн жаңылык болду...
Амир да кызды чынында күтпөгөн. Бирок келгенине аң -таң боло түшүп, кубанганын жашыра албай, кызды жылмайып тосуп алды.
— Көргөзмө үчүн келдиңиз беле? Абдан соонун жасапсыз. Жигиттер бийкечке... Эмне ичесиз чай, же кофе?
Амир кызды сылыктык мүнөзү менен жайгаштыра, ары жактагы жигиттерге сүйлөй, кызга кайрылды.
— Мен... Кофе ичем.
— Жакшы анда. Жигиттер бизге эки кофе келтиргиле.
Ары жактагы шыпылдаган жигиттин бири кофе дайындоо үчүн сыртка чыгып кетти. Экөө бөлмөдө бир аз сүйлөшүп отура кетишти.
— Аскат мырза кандай, апакеңиздин ден соолугу жакшыбы?
Кыз Амирден бир аз сүрдөй уялып турду. Өмүрү мындай тартынбаган өзүн, азыр алдында турган бир жигит уялтып, сөзүн араң таап жатканына кыз өзү да таң калып, жигиттин сылык мүнөзү, акырын, токтоо сүйлөгөн сөздөрүнө ашык болуп жаткандай туюп турду.
— Ооба баарыбыз жакшыбыз рахмат сураганыңызга. Ошол күнкү окуядан кийин, сизге түзүгүрөөк рахматымды деле айта албаптырмын. Бул менден сизге белек.
Колунда кичинекей баштыкчаны жигитке суна койду кыз.
— Оо... Эмнеге анча убара болдуңуз. Кереги жок эле. Баары жайында, өзүңүздү рахмат айта албай калдым деп кыжалат кыла бербеңиз.
Амир кыздын колундагы белегин алып, үстөл үстүнө койо салды.
Кофе да келип экөө бир кыйла сөздөрдү сүйлөшүп отура кетишти. Андан соң сүрөт көргөзмөсү койулган чоң залды айланып чыгууну каалашып экөө жанаша басып, айланып жүрүштү. Шаар ичиндеги эң- чоң сүрөт көргөзмөсү өткөрүлчүү чоң залды өзүнө сатып алганына көп болгон. Мунун ичинде, Белестин да тарткан сүрөттөрү эң мыкты деп илинип турган.
**********************
Түнү менен кирпик какпай, таң ата уктап кеткен Тинатин менен Сезимди эшиктин кагылган коңгуроосу уйкудан ойготту. Саат түшкө чамалап калган учур. Тинатин уйкусуроо көздөрү менен эшикти барып ача салды.
Көз алдында кечээтен күткөн сүйүктүүсү Рамис турган. Ичинен канча кубанып турса да, өзүн токтоо кармай, Тинатин Рамиске суроолуу карады.
— Жакшы эс алып турдуңбу? Баары жайындабы?
Рамис да мурдагыдай шайыр эмес. Үнүн акырын чыгарып, суз сурап алды.
— Баары жакшы рахмат.
Тинатиндин ички сезимдери канчалык баарын айтып, сагынганын айтып, көргөнүнө кубанычта экенин ачыкка чыгаргысы келип жатса да, Тинатин ич -ичине камтып, баарын, жигиттен биринчи кадам күткөн сыяктуу, суз жооп берн салды.
— Эмнеге келдиң?
Тинатиндин бул сөзү өзү араң сөзүнө жооп таба албай турган Рамистин башына бир катуу оор нерсе менен чаап жибергендей эле сезилди. Жерден башын көтөрүп, кызга суроолуу карай салды.
— Мени күткөнүң жок беле? Мен сени көргүм келди. Билбейм өзүм да. Сен күткөнүң жок беле?
Рамистин үнү каргылдана түштү. Түнү менен ичип, уйку көрбөгөн жандай темселей түштү.
— Мен кечээ баарын айттым го. Мага эч нерсени ачык айтпайт экенсин. Мен сендей адам менен кантип мамиле түзө алаар элем?
Тинатин жигиттин көздөрүнө тике, ары суроолуу тигиле карады.
— Ооба сеники туура. Баары туура. Менин кетишимди каалайсынбы? Тинатин мен сенден кетейинби? Эгер сен мага бир эле жолу, бир эле жолу дагы мүмкүндүк берсең, мен баарын тууралоого аракет кылам.
— Мен эртең кетип жатам борборго. Башка келүүм, келбөөм эки далай. Бүтүрө турчуу иштерим өтө көп.
Тинатиндин мынчалык муздак тигилген көздөоү Рамистин жүрөгүн тешип, тешип жаткан сыяктуу сезилди.
Негизи өзү да дал ушул маселени сүйлөшүү үчүн, жашоосунан чыгып кетүү үчүн акыркы көрүү үчүн келген эмес беле? ??
— Макул Тинашым. Сен эмне десең ушул. Мен ооба жаман инсанмын. Сен менден жакшысына ылайыксын. Сенин жашооңду азапка салышты мен да каалабайм. Баары бир күнү өз ордуна түшөт. Мен менин мен үчүн азап тартууңду каалабайм. Экөөбүз үчүн эң жакшы нерсе бул айрылуу. Кош бол!!!
Рамис артын карабай башка эч нерсе дебестен жөнөп кетти. Тинатиндин жүзү өзгөрө түштү. Жанагы эле муздай көздөрүнө толгон мөлтүр жашы кантип жүзү ылдый агып жатканын да унутуп, Рамистин караанын узатып кала берди.
Сыртка чыккан Рамис унаасына дароо отура Кубатка кайрылды.
— Бүттү! Баары бүттү Кубат. Айда! Бул жерде эми ишибиз калган жок.
Жок сен түш! Унааны өзүм айдайм.
Кубатты да түшүрүп сала, унаасын зуу койдура каттуу ылдамдыкта кайдадыр айдап жөнөдү.
— Бүттү! Баары бүттү. Сен акмаксын Рамис! Акмаксын.
Кайдадыр зуулдаган унаа жөнөп кете берди. Өзүн алдансып калган сыяктуу сезип, кыздын оңой эле өзүнөн баш тартып койгонуна ичи өрттөнүп кетти.
— Жалган беле ээ? Сезимдериң жалган беле? Мени жаш бала сыяктуу ойнодуң беле? Жоок!!! Өзүң күнөөлүсүн Рамис. Баары жакшылыкка. Атаңдан куткардың. Мейли !
Өзүн түркүн сөздөр менен алаксытып азгырып баратты.
Баарын терезеден көрүп турган Тинатин эми чындап Рамис үчүн тынчы кетип, кайда кеткенин биле албай турду.
************
Аппакай кооздолуп салынган чооң үйдүн эшигин ачып кирген Лунара аң -таң боло эки жагын каранып алды.
— Ким бар бул жерде?
Эч ким жашабагандыктан үйжүн ичи бир аз сүйлөсөң да жаңырып турат.
Лунара акырын андан ары да жол улады. Барган сайын терезени карай артын салып турган узун бойлуу сулууча кишини көрдү. Чоң залды аралай, Лунара эми дал ошол киши тарапты карай бет алды.
Үстүнө кийген кийимдери аябай эле кымбат. Менмин деген бай көпөстөрдөн экени сырттан эле билинип турат.
— Саламатсызбы? Мени бул жерге сиз чакырдыңызбы?
Лунара бир аз кадам жакын барганда тиги кишиге карай суроо берип алды.
Артын карай берген Аскатты Лунара көэ албай тиктеп алды. Өзүнө куюп койгондой окшошкон, көз, мурду, каш, ал тургай өң келбетинен өйдө окшогон бирөө турган.
Лунаранын өңү бозоро түштү. Ооба алдын биринчи катты окуганда мынчалык таң калбаган. Оюнда бирөө жөн гана оюн ойноп жатат деп ойлогон. Бирок андай эмес экение азыр гана көзү жетип жаткан сыяктуу.
— Кош келипсин. Рахмат сөзүмдү эки бөлбөй, алдыма келгениңе ыраазымын.
Аскат сылык сүйлөй Лунара карады.
Лунара эмне болуп жатканын түшүнө албагандай дале өзүнө келе албай 'башы айланып, тунжурай түштү.
— Бул нерсени сиз жөнөттүңүзбү мага? Бул канчалык деңгээлде чындык?
Лунара ушул сөздү айтып жатып, башы айланып, ордуна козголо берди.
— Баары чындык. Ооба мен жөнөттүм. Мен тирүүмүн. Сени атаң өлдү деп чоңойткондорун жакшы билем. Алдыңа кечирим суроо үчүн келдим.
— Эмне? Кечирим? Бул эмнеси, ушунча жылдан кийинби? Мен ишене албай турам, бул нерсе кандайдыр бир оюн сыяктуу менимче?
Лунара дале ишене албай турду.
— Ушунча жылдан кийин мени эстеп, кечирим суроо оюңузга келдиби? Бул кандай акылга сыйбаган нерсе болду? Мени эмне акмвк көрүп жатасызбы сиз?
Лунаранын үнү эми ачуулу чыкты. Бирок Аскат кебелген жок, үн деген да жок. Алдында өз н к нөөлүү сезген үчүн да тили байланып турду. Ишенбестигин эбак эле билген эле.
Акырын коюн чөнтөгүнөн алып чыгып кабат кабат каттарды кызга суна койду.
— Бул сенин апакеңдин мага жазган акыркы каттары. Ал убакта ушундай мезгил эле. Мен сени жоготуп алып, таппай калганмын. Ушундан ушунча жыл издеп келдим. Бул сүрөттөр менин чын айтып жатканыма далил.
Лунара калтыраган колдору менен, Аскаттын колундагы топтолгон каттарды ала койду. Бир гана сүрөттү көрүп, таңдана туруп калды.
— Бул аял менин апакемби ошондо?
Аскатка суроолуу тигилген Лунара көззөрүнөн жашы куюла кетти
— Ооба. Бул аял сенин апакең. Мен сага баарын айтып бергим келет. Ортобуздагы айрылык эмне үчүн мынчалык узакка созулганын түшүндүргүм келет. Эгер кечире алсаң, кечирим сурагым келет. Бул үй менден сага белек болсун. Мындан аркы жашооңдо кыйналып азап тартууңду каалабайм.
Аскат кызына жакындай бергенде кетенчиктей!түшкөн Лунара азыр кулагына жарым сөз кирсе,жарымы кирбей эч нерсе түшүнбөй жаткандай.
— Мен... Мен кетүүм керек! Кетүүм керек!
Колуна каттарын,сүрөтүн алып эшик тарапты көэдөй басып кеткен кызын Аскат тек кана караанын узатып кала берди. Артынан барайынбы деген жан сакчысын да токтотуп койду.
— Койо бер! Ага азыр абдан оор. Жалгыз калсын.
Аскат башка үн катпай кыздын караанын узата көпкө карап тура берди.
Сыртка чыга чоң шаарды аралай кетип бараткан Лунара кантип Белестин иштеген жериндеги кооз имаратка келип калганын да байкабай калыптыр. Көзүнүн жашын сүртүп,Белестин тарткан сүрөттөрүн дагы бир көрүп чыгууну эңсей,ичкери карай кадам басты. Жок дегенде ушул жигит кайгысына далда болчу эмес беле? Азыр Белес да жок. Белеске тамак алып келип,кээде экөө бирге тамактанган күндөрүн эстеп жылмайып да алды. Чоң залды аралай, ар кандай кооз сүрөттөрдү карап бара жатты кыз. Өзүн ушунчалык жалгыз сезип турду. Өз атасы бар боло туруп, өз үйү бар боло туруп 'кантип ушунча жыл ушундай азапта чоңойгонуна акылы жетпей турду. Эмне? Кандай себеп болуусу мүмкүн өз баласын ушунча жыл таштандыга таштап салууга. Оюнан ушул сан, санансыз ойлорду кетире албай кыйнала берди.
Ар -бирин аралай басып баратып, Белестин тарткан сүрөттөрүнө да жетти. Чын эле, чын! Эле жашообуз туңгуюк деп алды ичинен сүрөткө карай. Алдыда эмне күтүп турганын билбейбиз.
— Ай- иий бул сүрөттү кандай инсан тартты экен? Бир караганда аябай кайгылуу, адамдын жан дүйнөсүнө бир башкача сезим калтыра турган чеберчилик менен тартылыптыр.
Артынан чыккан үнгө Лунара бурулуп карап алды. Чын эле кооз сүрөттө өзүнүн элеси тартылып, азаптуу көздөрүнөн аккан тамчы жашы жүзү ылдый кулап, шамалга сербелген чачынын бир уучу жүзүн жаап турган сүрөтү турган. Артында дагы бир маанини каткан сүрөт тартылган. Бул сүрөттү чынында көргөн эмес экен. Качан тиги кыздын үеү чыкканда кана артын карап, бурулуп көргөндөгүсү.
— Ооба укмуш таланттуу инсандын колунан чыккан сүрөт.
Артын карап сүрөт тууралуу тааныштырып жаткан жигиттин үнү да тааныш сыяктуу сезилди.
Тиги экөө бурула бергенде өзү менен көздөрү тиктеше түшкөн Амир бир саамга! Токтой калды.
— Огоо... Бул?..
Емили азыр эле көргөн сүрөттү бир карап, кыздын сууланышкан кирпиктерин бир карап ала, дароо жазбай тааный түштү.
Алдастай түшкөн Амир да Лунарадан көз албай тиктеше калды.
— Бул бийкеч сизсиз го? Астында жазуусу бар экен... Менин түгөнбөс кереметим.
Бул сүрөт сиз үчүн тартылган тура.
Лунара Амирден көздөрүн тартып ала, Емилиге акырын ии туура дегендей баш ийкеп койду да, сүрөткө бир карап алды.
— Бийкеч бул жерде эмне кылып жүрөсүз?
Амирдин берген суроосуна Лунара жашка толгон көздөрү менен башын жерден албаган тейде, акырын жооп бере койду.
— Мен Белестин сүрөттөрүн көргөнү келгенмин. Мен бара калайын.
Шашкалактаган Лунара бурула бергенде колунан сумкасы колунан түшүп кетип, ичиндеги барры жерге жайфла түштү.
Амир дароо отура калып жардам бере топтоп жатып, жанагы сүрөткө көзү түшө, ким экенин жазбай тааный койду да, акырын Емилиге көрсөтпөй беките Лунарага бере койду.
—Рахмат чоң. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайм.
Лунара ары карай басып кетти. Бир аз артынан узата тиктеген Амир азыр Лунараны бул абалда койуп жибергиси келбей турду.
—Емили бийкеч сиз аралай көрүп тура бериңиз. Менин ишим чыгып калды.
Дароо шашкалактаган Амир Лунаранын артынан калбай чуркап жөнөдү.
Чоң имараттын ар -бир, кабатын карап чыгып жатты. Акыры эң акыркы кабаттын ээн залында отургучтардын биринде жалгыз отурганын көрө койо, жанына акырын барып отура кетти.
—Ыйлагың келсе ыйлап ал! Мен баарын түшүнөм. Сага кандай оор экенин да сезип турам. Билем жалгызсын.
Амирдин айткан сөздөрү кызды селт эткизип, кайра жанагы коюу кара көздөр менен тиктеше түштү.
—Билесизби? Мага абдан оор сыноолор келип жаткан сыяктуу... Абдан кыйналып кеттим. Мурда жалгыздыкка көнүп, мурда баарынан өтө алам, кыйынчылыкты жеңем деп ойлойт элем. Бирок мен бүгүн ушундай чындыкты билдим... Ушунчалык ачуу, ушунчалык оор... Суроолорума жооп таба албай, алаксыйын деп бул жакка келгенмин. Мен кайсыл бирине күйөмүн билбей калдым.
Эч кими жок! Эч кими жоктой ичине толуп турган бук, арманын кимге айтаарын билбей, акырын чачынан сылаган Амирдин кучагына бой ура, буркурап ыйлап жатты.
Мунун баарын тээ ары жактан Емили көүп турган.
Уландысы бар....
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1