28 - БӨЛҮМ
Түнү менен келген тез жардамдын дарыгерлери Тинатинди текшерип, милиция кызматкерлери болсо, өзүнө кол салган адам тууралуу аныктамаларды тактап, сурап жатышты.
— Тинатин айым, сиз жүзүн көрө алдыңызбы?
— Жок. Мен жүзүн көрө алган жокмун. Мен колумдан келишинче аракет кылдым жүзүн ачууга бирок мүмкүн болгон жок.
— Акыркы күндөрдө сизге кандайдыр бир коркутуулар, же бир ушул сыяктуу окуялар болгон эмес беле?
— Жок андай деле болгон эмес, билбеймин менин жумушума байланычтуу, мага кастык кылгандар өтө көп болчуу. Бирок мага такыр андай коркутуу же ушул сыяктуу нерселер болгон эмес. Мен өзүм да билбейм. Ал мага тааныш бир инсандын атын жамынып эшикти ачуумду суранды. Башына ойума эч нерсе келген эмес, эшикти ачып жатып байкай калып, кайра эшикти жаап салуума күчүм жетпей калды.
— Жакшы! Таанышыңыздын аты ким?
— Аты Кубат. Рамистин кол астында иштеген жигит.
Сурак алып жаткан милиция кызматкери, кызды башын өйдө көтөрүп, баштан аяк юир сынап карап алды да, жанатан жазып жаткан кагазын жаап салып, кызга кайрылды.
— Азыр абалыңыз кандай? Айымдын абалы жакшыбы? Болбосо ооруканага алып барыңыздар.
Ары жакта жанатан өз ишин жасап, кызды текшерип бүткөн жаш дарыгер кызга карай сүйлөп алды.
— Абалы канааттандыраарлык. Эч жерине жаракат жетпеген,эгер өзүңүздү жаман сезип жаткан болсоңуз анда, биз сизди ооруканага алып кетүүбүз керек.
Жаш дарыгер кыз Тинатинге сылык мамиледе кайрылды.
— Жок -жок мен жакшымын. Шарт эмес ооруканага барууга. Бир аз эс алсам өтүп кетет. Рахмат сиздерге.
Тинатин баруудан баш тартты. Оозун жыйып бүтө электе эле кайрадан жанагы милиция кызматкери бурк этти.
— Биз сиз сүрөттөп адам боюнча изилдеп, андан соң бир кабарын беребиз. Ага дейре өзүңүздү абайлаңыз. Мүмкүн болушунча көчөгө жалгыз чыкпаңыз. Сак болуңуз. Кайрадан кол салуусу мүмкүн. Эгер кандайдыр бир маселер туундаса, бизге кайрылыңыз убакытты өткөзбөй.
— Түшүндүм, баарыңыздарга рахмат.
Тинатин баарын узатып чыгып, эшикти ичинен дароо бекитип салып ары жактагы диванга отура кетти.
— Ким болуусу мүмкүн? Ким? Ким? Кубатты кайдан тааныйт. Рамиске айтсамбы, жокпу?
Ойуна түркүн нерселер келди. Бирок эч нерсе кыла албай,колуна телефонун кармай, Рамиске чалууну чечти да, кайра акырын телефонду таштап жиберди.
— Азыр келгенде эмне кылмак эле эми? Аны деле куру убара кылбай эртең менен, мидицич бөлмүнө барып суроону чечти. Түнү менен катуу коркуп калгандыктан, уктай албай, ары -бери басып чыкты. Тынчтандыруучу дары да ичти болгон жок. Шырп эткен үн чыкса элеңдей, денеси титирей түшөт. Мунун баарын тээ төмөндө көрүп турган Амантур кыздын жанынан кете албай тигиле тиктеп тура берди.
Эгер азыр кайра келүүсү мүмкүн. Ал кылмышкер, демек Тинатиндин көзүн тазалоо үчүн жүргөнүн, жөнөкөй адам эмес экенин байкап турду. Кетип кала алган жок. Кантсе да, эмне болсо да кызды коруп ошол жерде калууну ойлоп турду.
Акырын чоң -кабат үйдүн подьэздинин эшигин ача салып, тепкич аркылуу өйдө карай көтөрүлдү да, үстүнкү кабатка карай чыгып, акырын тепкичке көчүк баса отуруп кетти. Таң атканча ушул жерде отургусу келди. Эгер дагы келе турган болсо качырбай кармоону ойлоп түнү менен кирпик какпай, Тинатиндин эшигин карай отура берди.
***********
Таң атып жерге жарык кирип калган убак. Амантур эми туруп, үстү башына кечетен өзү менен дайым кийимин машинасына барып алмаштырып келе койду. Башына кара баш кийимин баса кийип, жупуну кийине, акырын Эшик шыпырып жүргөн адам сыяктуу чоң үйдүн алдын тазалап жүрдү. Эки көзү Тинатиндин эшигинен өтүп, улам -улам карап койот. Кыздын чыгышын күтөт бирок кыз жок.
— Сюрприз жигит?
Маңдайынан чыккан үндү уга койгон Амантур жалт карады. Өзүнөн он чакты метирдей алыстыкта өзүн жыртайып тиктеп күлүп турган кечееги бей тааныш жигитти көрдү. Дал өзүндөй кепкасын баса кийип, жүзү көрүнбөйт.
Сыягы Амантур боюнча да көп маалыматка ээ болсо керек. Амантур бирок бул бей тааныш ким экенин кечее гана биринчи жолу көргонү болбосо такыр тааныбайт.
— Кимсин?
Амантур тигиге жакындай берип сүйлөп алды.
— Менин ким экенимди билүүң шарт эмес. Мен сенин кимдигиңди жакшы билем. Жигит да акырындан артын көэдөй кетенчиктеди.
— Бул жерде эмне кылып жүрөсүн. Өзүңдү укмуш баатыр саноодон чарчаган жоксунбу? Убагында кызың үчүн баатыр болууң керек эле, башкаларды эмне кыласын Амантур?
Тигинин ырсайа тиштери көрүнүп күлүп, сүйлөгөнү Амантурду ого бетер ачуусун келтире салды.
Колуңдан келсе мени тут! Жекеме жеке күч сынаш! Эмне болду Амантур корктуңбу?
Тигинин сөзү сөөгүнөн өтүп кыжырына тийе түштү. Артынан ээрчип кете берип, бир кыйла жерге узакташып калганын билди.
— Билесинби эмне? Сен бүткүл өлкөнүн ичин коргой алам деп ойлойсунбу? Бүткүл баарына жетишем деп билесинби? Мисалы Тинатин?
Жигит эми Амантурга тике карап сүйлөп ала, башы менен ымдап кыздын унаасы турган жакты карап алды.
Эми оюна келе калган, Амантур артын шарт, бурула бар күчү менен кызга карай жүгүрүп жөнөдү.
Жанатан үйүнөн чыгып эми унаасына отураарда кайдан-жайдан пайда болгон, Амантур кызды унаага отурууга үлгүртпөй, колдон ала, тартып, бир аз алыстай жерге басып жыгылды.
Тинатин унаанын эшигин ачып үлгүргөн менен жабылган убакта жарылуучу зат, унаанын эшиги жабылаар замат жарылып, унаа турган жеринде жалбырттап күйүп баштады. Темир тезектери туш келди чачырап, ал тургай Тинатиндин башын бекитип, жаап турган Амантурдун да колуна тийе өттү.
Жарылган унаанын үнү бүткүл колу -кошуна баарын чоочута, шашылыш туш тараптан топтолуша калышты.
Эч нерсени түшүнбөгөн Тинатин Амантурду жалт эте бир карап алып, кайра жалындап күйүп жаткан унаасын бир карап алып, эч нерсени түшүнбөй, кулагы чуулдап, айлана тегеректеги адамдардын сөздөрү да угулбай, боз ала болуп, топуракка ороло түшкөн бетин да карабай, кийимдерин, үстү башы менен иши жок тек гана жалындап күйүп жаткан унаасын тиктей, нестейип отура берди.
— Тинатин - Тинатин мени кара? Эй -эй өзүңө кел. Суу, суу алып чыккыла. Эч жериңе жаракат тийбедиби?эмне болду? Жарадар болгон жоксунбу? Мен-мен азыр... Тигини колдон чыгарбообуз керек. Өзүңө кел... Тинатин..
Амантур кыздын жүзүн акырын сылай, жанатан катып калган кызга кайрылып сүйлөп жатты. Бирок болчуудай эмес. Мүрүсүнөн кармап, акырын силкип алганда гана өзүнө келген Тинатин Амантурду жалт карады.
Кайдан -жайдан шашыла жетип келген Рамис менен Кубат пайда боло, жүгүрүп жетип келе, Рамис кызды кучактай отура кетти.
— Тигатин... Тинатин бул эмнеси? Эмне болду?
Амантур экөө бир тиктешип алды да, кызды кучагына бекем кыса, сурап кирди.
Амантур баарын эми гана түшүнгөндөй, нес боло, бир кадам ары карай жылып, жанында жанын берчүүдөй чебелектеп жаткан Рамисти узакка тигиле карап алды.
— Ким кылды муну? Ким? Кимдин иши? Түбүңөргө жетем. Жетем. Доктур кана? Тез жардам кана?
Рамистин да, Амантурдун да сөзүн кулагы укпай, жаңырып нес абалга түшүп калган Тинатин, эмне болуп жатканын да түшүнө албай турган сыяктуу эле.
Амантурдун көзү ары жакта жанатан болгон окуядан көзүн албай тиктеп турган бей тааныш жигитке кадала түштү. Ачуусу менен өзүн карай ырсайа күлгөн немени бир саамга тиктеп туруп калды. Аны жанатан Кубат да байкап турган. Бир аз арбаша тиктеп турган Амантур менен бей тааныш жигит качан үнүн чуулдата жетип келген милиция кызматкерлери келип жетеерине аз калган учурда,бей тааныш жигит,күтүлбөгөн жерден качып жөнөдү. Ушуну эле күтүп тургандай артынан Амантур менен ага удаа эле Кубат да кууп жөнөштү. Шамалдай зуулдаган жигит, — « Эр болсоң кармап ал » деген сыяктуу чоң көчөлөрдү аралай качып барат. Артынан куюндай ээрчиген Кубат менен Амантур. Экөө бири -бири менен өлөөрчө душман болушса дагы, азыр экөөнүн максаты бир эле. Тигинде качып бараткан жигитти колго түшүрүү. Атайылаган сыяктуу тиги жигит да адамдар көп жерди аралай качып барат. Чоочуган элди да карап өтпөй,бирин бирине түртө салып өтүп жаткан жигиттин жөнөкөй эмес экенин артынан кууп кетип жаткан экөө тең билип турушса да, колдон келгенче аракет кылып жатышты. Бирок болчуудай эмес.
Үчөөнүн артынан түшкөн кайгуул кыэматы заматта пайда болуп, ( Амантур көптөн бери издөөдө жүргөн) Амантурдун артынан сач түшүштү.
Тиги оңойчулук менен кутулуп, өздөрүнөн алыстап кетип баратты.
Артынан сая түшкөн милиция кызматкерлери улам -улам рация аркылуу качкын,кылмышкер Амантур азыр дал ушул жерде экенин бири -бирине кабар беришип жатты.
Кубат да жанында жашырынып калган. Амантур эмне кылаар айласын таппай туруп калды. Шашкалактаган кезде мээсине эч нерсе кирбей турду. Мунун баарын байкаган кыраакы Кубат Амантурдун үстүндөгү кийимин чечип алып,баш кийимин баса кийип, өзүнүн таптазп костюмун чечип жигитке карматты.
— Мен жолдорун чалгытып алаксытып турам. Бул Тинатин айым үчүн.
Кубат колундагы костюмун Амантурга кармата салды.
— Жардамыңа рахмат. Бирок экөөбүз башка көрүшпөйбүз деп ойлойм.
Кубат Амантурдун эмне үчүн антип жатканын түшүнүп турду. Кантсе да кожоюнунда чоң өчү бар экенин билет эмеспи? Кубат башка үн каткан жок. Тек гана башына кепкасын баса кийип, Амантурдун жолун ачып берүү үчүн, ары көздөй, артын карабай качып жөнөдү.
— Тигинде кармагыла! Качып кетпесин.
Артынан жабыла кууган жигиттер Кубатты көздөй жөнөштү. Амантур бир аз турган соң, шашыла басып, элге аралаша жок болуп кетти.
Мунун баарын көрүп турган тиги бей тааныш Амантурдун кутулуп кеткенине башын чайкап алып, ачуусу келе кимдир бирөөгө коңгуроо кылып жиберди.
— Урматтуу шеф! Капа болбоңуз, бирок мен айтайын. Менин ишиме тоскоол болгондорду же сиз жоготуңуз, же мен. Эгерде мен жогото турсам болсом, экөөбүз капалашып кала тургандайбыз.
Рамистин атасы кеп эмне тууралуу болуп жатканын түшүнүп турган болсо да, бирок баары бир кызыга сурады.
— Эмнелер деп келижирейсин сен жигит? Ким тоскоол эмне тоскоол?
— Жаңылыктарды көрүңүз. Уулуңуз ошол жерде, кызды кучактап отурат. Амантур болбогондо, ал азыр майда -майда этке бөлүнүп жаткан болоор эле. Бирок эң кызыгы Амантурду уулуңуздун жан сакчысы куткарып кетти. Муну кандай түшүнсө болот? Же баары Амантур менен тил бириктирип сиз жалгыз калгансызбы дейм?
Тигинин сөздөрү Рамистин атасынын ачуусун келтире кыжырдана сүйлөдү.
— Амантур? Ал кайдан пайда болду дагы эмне кылып жүрөт мында?
— Мен дагы ушуга таңмын. Урматтуу шеф. Мени билесиз эч кимге баш ийбей өз кызматымды аткарам да кетээримди, жана жолума тогонок болушса жөн карап турбасымды. Андыктан уулуңузду четке сүрөсүз, же келишкен сумманын баасын эки эсеге жогорулатасыз.
Бей тааныш жигит ушул менен телефонду койуп салды да, акырын сим картасын алып ыргытып жибере көңүлдүү ышкыра ары көздөй басып кетти.
— Ааааааааа.... Бул азыр мага эмне? Бул мага коркутук жасадыбы эмне? Ээ коркуттубу бул менин? Кандай акың бар экен.
Колундагы телефонду ачуусу келе айкыра, ыргытып жиберди.
— Акмак десе! Мага тез Рамис менен жан сакчысын чакыргыла! Тезинен.
Баш ийип чыгып кеткен жигиттер дароо окуя болгон жерге карай жөнөп кетишти.
**************
Эртелеп турган Лунара үй бөлмөсүн жыйнап жатып, Белестин калган буюмдарын ыргытуу үчүн чогултуп жатты. Үйлөрүн тазалай, өзүн бир нерселер менен алаксытууну көздөдү, бирок баары бир эсинен кетпей, коркуу сезими бүткүл дененсин бийлеп турду. Убакыт өтүп күн түшкө ооп калган учурда, эшигин бирөө кагып, уруксаат сураган үн чыкты.
— Лунара деген бийкеч сиз ээ?
Үйүнөн чыккан кызды акырын жылмайа караган, жеткирүү кызматында иштеген жигит күтүп турган. Колунда кармаган чооң буюму бар.
— Ооба мен! Менмин. Кызмат?
Лунара жигитти суроолуу карады.
— Муну сизге берип жиберүүмдү сурашты. Бул жерге кол койуп берсеңиз.
Жигит ак кагазындагы көп тизмеден Лунаранын фимилясын таап сөөмөйү менен кезе көрсөтүп алды.
— Рахмат.
Эч нерсе түшүнбөсө да, Лунара жигиттин колундагы буюмдарын алып, үйгө кирип, отура кетти.
— Эмне болду экен?
Ичинен ушуларды ойлонуп алды. Ичин ачууга колу барбай турса да, бирок скочун чечип чоң каробканы ачып жатты.
Көргөн көзүнө ишене албай, мөлтүрөп даяр турган көз жашы 'жүзү ылдый тамчылай түштү.
Колдору калтырай, акырын баардык нерсени алып бирден көрүп жатты.
Белестин кызга дайындаган ар- бир берилбей калган белектери ушунун ичинде турган. Анын үстүнө, ар- бир кооз шаарды айланып, же жөн гана сейилдеген кездеги экөөнүн сүрөттөрүн тарта берген экен. Айрыкча Лунаранын өзүнүн сүрөттөрүн, ар -биринин астына, кайсыл күнү, канчанчы жылы, эмне болуп, качанкы баарын сактаган экен.
Эң бир сонун кыз жактырып, бирок ала албай жүргөн буюмдарынын баарын алып койгон.
Жанатан ары жакта турган чоң сүрөттүн бетиндеги кагазын сыйрып карап алды.
Өзүнүн ошол кездеги күндөр эрксизден эсине түшүп кетти.
— Тээ тигине айды карасаң Белес? Кандай сонун болуп толуп турганын?
Колу менен асманды көрсөтө карап жаш баладай кубанып, көктү тиктей, көздөрүн саамга жума, ушул күнү эң бактылуу жандай көктү тиктеп турганы көз алдына элестей түштү.
Тармал чачтары белинен ылдый түшүп, узун кийген кооз көйнөгү андан бетер көркүнө көрк кошуп турган.
Ушул көрүнүштү ошол убакта карегине сактап алып, дал ушундай кагазга түшүргөнүн Лунара эми билип отурбайбы.
Кооздоп ай жарыгында турган перидей сулуу сүрөтүн балким качандыр бир убакта ойлосо керек, дагы бир бактылуу күнүндө белек кылам деп. Бирок артына катылган ак кагаздагы кат, мунун теңирден тескерисин айгинелеп турган. Колдору калтырай жерге түшүп калган чоң кагазды ачып окуй койду.
— Кат!!!
— Салам жарыгым - деп башталат катта.
— Бул катты окуп жатсаң, эгерде сага жетсе балким жаныңда жок болом. Сениг мөлтүрөгөн айдай жүзүңө карай албай, сага кантип актанаарымды билбей, эмне дээримди билбей 'айла жок мен ушул катты жазуудамын. Мен сага татыктуу эмес жанмын. Сендей периштедей таптаза кыздын алдында мен баткакка белимден батып, саздан чыга албай, чөгүп бараткан күнөөкөр бир бечарамын. Өзүмдү ушундай сездим. Ар качан сенин карегиңе караган учурда,көздөрүмдөн күнөөмдү окуп койбосун деп коркуп жашадым. Жаныңда отурсам тилим сөзгө келбей такалса, сенден тартынганым үчүн. Сенден уялганымдан башым жерге кирип кетишине аз калаар эле.... Бирок сен мени эң бир жакшы адам катары көрдүң. Талантымды бааладың, мага жашоого шык бердиң. Ал тургай адам кылдың. Бирок мен андай адам эмес элем. Менин ичимде ачуулуу бир эң жаман башка бирөө жашайт. Сени менен таанышканы сен мага күч -кубат боло алдың. Мен сага чейин бир да кыэ менен сендей таттуу мамиледе болуп бактылуу боло албагам. Сен өэгөчөмсүн. Башкача жансын. Сага тырмагыңа татыбасымды билсең дагы мени адам катары көрдүң, мени тазаладың жан дүйнөм сени менен бирге таза жашоого үйрөнө баштады. Бирок мен дале эркимди жеңе албадым. Мен оорулуу бирөөмүн. Бала! Кезимден турмуштун оор соккусу, мени сындырды. Күйдүм, ыйладым. Өгөй атамдын зордуктоосуна кабылдым, энемдин болсо ичкен арагына, сатылдым. Ар -бир азап тарткан күндөрүмдө мен бир гана баарынан өч алууну ойлодум. Мага баардык кыздар, аялдар бирдей, тагыраагы өз энемдей туюлду.
Мен өч алгым келди. Билем бул туура эмес экенимди билсем да, менин ичимдеги белгисиз күч тартып турчуу болду.
Биринчи ирет мен жөн гана кичинекей дайым кучактап уктоочу жумшак оюнчугумду өлтүрдүм, жок кылдым колумда турган учтуу нерсени батырып алдым. Көз алдыма дал ошол ичкиликке мени күндө сатып, өгөй атамдын сөзүн жактаган апамдын элеси тартыла түштү. Жөн гана оюнчук эмеспи деп өзүмдү актадым. Бирок ошол убакта, мен кандайдыр жеңилдедим. Үстүмдөн бирөө он тонна жүктү алып салгандай сездим өзүмдү. Кайра оюнчугумду тигип кайра, кайра, ар -бир ачуумду андан чыгарып жаттым. Кийин кыздар -анан дагы кыздар, дагы кыздар. Жок -жок. Мен эч кимге сексуалдуулук ыдык көрсөткөн эмесмин. Мен тек гана аларды өлтүрүүдөн жыргап ырахат алчуумун.
Сени жолуктурган күнүм эсимде. Сени дагы кайырмакка түшүргүм келди. Бирок сен, мен билген боорукер аялга окшотуң. Колум барганы жок. Кийин сени менен жакын болгон сайын 'сенин таптаза аруу экениңди билдим. Сен менин энеме окшош эмес экениңди, ар -бир адам ката кетирээрин билдим. Мага көп нерсе үйрөттүң. Ошондон кийин жаңы жашоого бел байладым. Эски жашоомду таштадым. Баарын ороп алып барып таштандыга таштап, ак барагымды ачкым келди. Сени менен бирге. Бирок убакыт өтө келе, мен кайра оорудум. Кайра күчөдүм. Кыйналдым аракет кылдым. Мен жашоогш татыктуу эмес экенимди билсем да, сенин артыңда аз да болсо адам сымал жашоо өткөрдүм. Бирок барган сайын сага зыяным тиеби деп корком. Мен кээде сага, өзүмдү билбеген абалда зыянымды тийгиэип алуудан корком. Анткени ичимдеги белгисиз күч мени башкарып алат. Кайдадыр жетелеп бара жаткандай. Кээде өзүмдү өлтүрүп алууну да ойлойм. Айтылчуу сөздөр көп. Бирок мен кыскартайын. Мен туулганымдан, эс тартаканымдан баштап, эң жакшы мамиледе болгон ошол мээримдүү аял жана сен болдуң Луна. Бул үчүн сага рахмат. Сага зыяным тийгизүүдөн корком. Алыс кетким келет сенден. Мендей жаманга, сендей аруу кыз, такыр жарашпайт. Мен сени сүйдүм. Сенин эсиңде да, ошондой жакшы адам бойдон калгым келет.
Бүгүн да сени капа кылып алдым окшойт. Катуу тийип, колуңа зыян жеткиздим бул үчүн сенин жүзүңдү карай албайм. Мени кечир.
Лунаранын жүзүнөн ылдый кулаган ар -бир тамчы жашы ак кагазга тамчылап таамп жатты. Белестин бала кезин, кандий кордуктар башынан өткөнүн, чиедей болгон наристенин дубалдын бир бурчунда өгөй атасынын запкысын күтүп,көзү алайып, оюнчугун кучактай отурган элеси көз алдына тартыла, өксүп -өксүп ыйлап алды.
— Наалат силердей жексурларга! Наалат. Ыйы менен үнү аралаш каргылданып, ошол эне менен өгөй атаны жектеп алды. Ушунча жыл жашаса да Белестин ушундай катуу азап тартканын үң уктаса түшүнө кирген эмес. Катын көкүрөгүнө басып, ушул убакка чейин ичинде ошончо азап жаткан Белести түшүнүп, кучактай албаганына өкүнүп, өксүп -өксүп ыйлап алды.
— Сен күнөөлүү эмессин... Сени ушул азапка салгандар күнөөлүү... Сени ушундай күнгө туш кылып, аракка саткандар күнөөлүү.
Көзүнүн жашын аарчый, катты өөп алды да, акырын чоң каробка толтура турган атайын өзү үчүн тартып бекиткен сүрөттөрүн көрүп жатты. Ар- бир сүрөт ичинде байкаган адамга толтура ойлонтуп, түйшөлтүүчү оор маанилер жаткан. Оюна кылт эте бир нерсе түшүп, акырын баарын кайра кылдаттык менен салып койуп, экөөнүн бирге түшкөн сүрөтүн жаман, эскилиги жеткен дубалына иле салып, узакка тигиле карап алды.
Белестин бул жашоосу, Лунара үчүн кандайдыр бир белги сыяктуу сезилип, Белес бул тууралу башкаларга үндөө үй -бүлөлүк зоидук зомбулуктун алдын алуу, зөөкүрлүк наристелерге зордукчулуктун алдын алуу, же кесепети дал ушундай турмушка алып келеери боюнча Лунарага чакырык таштаган сыяктуу сезилди.
Оюна бир нерселер түшүп, колундагы ручка дептерин кармай, биринчи жолу, биринчи жолу Белес тууралуу бүткүл уккан,көргөн,болгон окуяларын жазууну эңсеп турду...
Уландысы бар...
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев