( таасирдүү окуя)
Ишемби күндүн түнкү саат 22:30 у, а мен остановкада турам автобус күтүп, өзүмдү-өзүм аяп турам. Эмне деген жашоо менде? Эл бүгүн дем алып жатышат, кимдир бирөө ресторанда жагымдуу музыканын коштоосунда. Кимдир бирөө жаңы чыккан кинону көрүп жатат кинотеатрда. Кээ бирлери жөн эле шаар кыдырып сейилдеп жүрүшөт а менчи? 15 саат иштеп жумуштан эми чыктым. Ошончо иштегениме жараша айлыгым татыктуу болсочу... Кандай гана бактысыз адаммын, эмне үчүн менин эч жолум болбойт?....
Ойлорумду кызыктай добуш бузду, вжиик..Эки жагымды карайм кайдан чыкты бул үн? Элдер ар кими өз -өзү менен. Мына дагы добуш, фиююють... Ошондо көзүмө бул кыз көрүндү. Жакшынакай прическасы, бетинде макияж, маникюрдүү колдору. Өзүнө жарашыктуу татынакай көйнөгү. Белине чейин....Денеси белинен ылдый жок, бүтөт экен...Отурган акыбалында элдерге бою белинен келип турду. Айдап алганы коляска эмес, төрт дөңгөлөктүү тактай...Менден башкалар да кызды көрүштү анан баары көздөрүн ала качып, тиктебегенге аракет кылышты.. Кыз өзүнүн ойлоруна жылмайгандай, деги эле бактысыз адамдай көрүнбөйт....
Мына ошондо мен уялдым. Жашоомо наалыганыма, жумушум көппү? Шүгүр де ошого. Апамы тосуп алганга адам жокпу? Такси деген бар шаарда. Деги менин кандай чечилбес проблемам бар??? Баарын чечсе болот, ден-соолугум бар го! Эки бутум бар чуркап жүрүп иштегенге, эки колум бар, акылым ордунда...Дагы мага эмне керек? Белине чейин денеси менен жылмайып жашап жүргөн кызга караганда, менин алты саным аман го...Биз элдер ушундайбыз, шүгүр кылганды билбейбиз. Болоор -болбос нерселерге деле наалый беребиз. Суукка, ыссыкка, жамгырга деле...
Бул кыз жашоого болгон сүйүүсүнүн күчтүлүүлүгү менен жашап жүрөт. Буту жок калса да ӨМҮРҮ бар... Бүгүн ушул кызды көрүп, сиз өз жашооңузга ШҮГҮР деңиз окурман! Бул кызга карап наалыганыңыз УЯТ окурман!
Которгон: Елизабет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3