Аялдардын жыныс мүчөсүнөн бөлүнүп чыккан суюктук (выделения) аялдын өзүн жакшы сезүүсүнө тоскоол болуп, ич кийимин тез-тез алмаштырып туруусуна мажбур кылат. Анын белгилүү бир нормасы жок - ал жаш курактан жана аялдын физиологиясынан көз каранды. Айрым учурда жыныстык мүчөдөн бөлүнүп чыккан суюктук - кайсы бир гинекологиялык оорунун белгиси болуп саналат.
Суюктуктун көп келиши жатын моюнчасында жана жыныстык мүчөдө жашаган бактериялардын нормасынан көбөйүп кеткенинен кабар берет. Бактериялардын тең салмактуулугунун бузулушу суюктуктун көлөмүнүн, жытынын, түсүнүн өзгөрүшүнө, атүгүл кычышууга чейин алып келет. Бул инфекциядан улам болот.
Суюктуктун себептери ар кандай болушу мүмкүн:
Бактериалдык вагиноз - жыныстык мүчөдө жашаган бактериялардын нормасынан ашып кетишинен пайда болгон оору.
Белгилери. Бөлүнүп чыккан ак же боз суюктуктун жагымсыз жыты менен келиши, бир аз оорутуу, заара кылуу убагында кычышуу.
Себеби. Сексуалдык өнөктөштөрдүн көп болушунан же душка түшүүдө инфекция жугат. Бактериалдык вагиноздон бардык аялдар, атүгүл кыздык белгиси барлар да жабыркашы мүмкүн.
Эмнеге алып келет? Убагында токтотулбаган бактериалдык вагиноз өтүшүп, гинекологиялык оорулардын татаалыраак түрлөрү пайда болот. Ал эми кош бойлуу кездеги бактериалдык вагиноз баланын маалына жетпей же аз салмакта төрөлүп калышына алып келет.
Дарылоо. ТИБЕТТИН чоп дарыларынын жардамы менен дарылап,туп тамыры мн жок кылса болот.
Алдын алуу. Сексуалдык жашоону иретке салуу, тазалыкты сактоо.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев