Кыргыздар мал-жанын жоготуп, ууруну таппай калганда карышкырдын тарамышын колдонуп таап алам деп коркутса, ал эми бөрү жатыш оорусуна дабаа болот деп чүкөсүн пайдаланып келгенин көпчүлүгүбүз угуп эле жүрсөк керек. Мындан сырткары ырым-жырымга ишенгендер карышкырдын тырмагынан тартып майына чейин колдонуп, ал гана эмес, этин жегендер да бар экен.
Аӊчылардан базарда отурган айрым сатуучулар атылып алынган карышкырды көлөмүнө жараша 5000 сомдон 15000 сомго чейин сатып алышат. Алар анын терисин тескери сыйрып ичик жасап тим болбостон, тишин чагып, өтүн сууруп алып сатып пайда табышат. Ошондой соодагерлердин бири АДЫЛ МУРАТОВДУ кепке тарттык.
«КАРЫШКЫРДЫН ТИШИН ЖОЛ АЧТЫРГАНГА АЛЫШАТ»
–Карышкырдын тишин, чүкөсүн, тырмагын ийгилик коштосун деп соодагерлер алышса, кээ бири терс энергиядан баланы коргойт деп анын бешигине, арабасына илип коюшат. Мындан сырткары бөрү жатыш менен ооругандар тырмагы менен чүкөсүн дайыма жанына ала жүрүп, жара пайда болгондо колдонушат. Спорттук оюндар болгондо кээде чет элдик спортчулар жеңишке жеткирет деген ишенимде сатып алышат. Кумар оюндарын ойногондор да келишет.
Чүкө менен тырмактын баасы көлөмүнө жараша 500дөн 1000 сомго чейин болсо, тиштери 200-500 сомдон сатылат.
Ал эми кар жилигин бүтүн бойдон ишкерлер сатып алышат. Мунун баасы 5 миң сом. Алар бул жиликти ишим гүлдөсүн жана душмандарымдын жаман көзүнөн, суук сөзүнөн сактайт деп үйүнүн кире беришине илишет. Мындан сырткары тери ооруларына чалдыккандар дабаа болот деп кар жиликти сууга кайнатып, анын шорпосуна жуунуп жүрүшөт.
БӨРҮНҮН МАЙЫ, БООРУ ЖАНА ӨТҮ
– Өтү менен боорун сууга эзип, итий менен ооруган баланын таңдайына, башына, желкесине сүртсө, анын өсүүсүнө жардам берет деп жүрүшөт. Учурда бөйрөк оорусун айыктырат экен деп ала башташты. Өт менен боордун баасы көлөмүнө жараша 2 миңден 5 миң сомго чейин. Ал эми карышкырдын жонундагы майын сөөгү сынгандар, геморройго жана муун ооруларына чалдыккандар алууда. Аны ооруган жерге шыбап турса жардамы тиет окшойт, сурагандар көбөйдү. Май кургабай көпкө чейин сакталгандыктан анда карышкырдын жыты да бар. Мына ошондон улам аны кичинекей балдары барлар иттер жолобосун деп үйүнүн тегерегине илип коюшат. Майдын баасы 200-500 сом.
ЖАТЫНЫ ЭМНЕГЕ ПАЙДА?
– Түгөйлөрдүн ынтымагын сактоо, ажырашып кеткендер түгөйүн кайра кайтаруу максатында сатып алышат. Ал эми кээ бирлери жатынды өзүнүн көңүлүнө жагып калган айымдарды же эркектерди артынан ээрчитүү үчүн жанына салып жүрүшөт экен. Ошондой эле төрөй албай жүргөндөргө шыпаасы бар деп аялдар көп издеп келишүүдө. Жатындын баасы көлөмүнө жараша 2000-3000 сом.
УУРУНУ КОРКУТКАН ТАРАМЫШ ЖАНА КАРГЫШТАН САКТАГАН ЭТ
– Карышкырдын тарамышын ууруларды жазалоо үчүн алышат. Тарамышты бурап тырыштырса, бирөөнүн бир нерсесин уурдаган адамдын да тарамышы түйүлүп, тырышып калат дешет. Бир карышкырдан 15 чакты тарамыш чыгат. Муну кургатып коёбуз.
Ал эми этин болсо дары катары жеп же аны кайнатып, тери ооруларына каршы шорпосуна жуунушат. Ошондой эле бирөөнүн көз жашын төгүп, жаман иштер менен алектенгендер алардын каргышы тийбесин деп карышкыр атып келип дайыма жеп турушат экен.
«КАРЫШКЫР АДАМДАН ӨТКӨН АКЫЛДУУ»
Карышкыр мүнөзү кандай жаныбар деген суроо менен 10 жылдан бери тайганчылык менен алектенип, ага улай карышкыр багып келе жаткан сүрөтчү жана тайганчы МАЙРАМКУЛ АСАНАЛИЕВге кайрылдык:
– Мурда Кыргызстандын аймагында арстан, жолборстор да жашап, бирок өлүп жок болушкан. Ал эми карышкырды кара, бардык жерде тукумун үзбөй жашап жатат. Мына ушундан улам ал өтө шамдагай, акылдуу жана катаал шартка чыдамкай жаныбар экенине ынансак болот.
Тайганчылыкты жаңы баштаганда карышкырды талаага чыксам эле атып алам деп ойлочумун. Көрсө, карышкырың адамдан да акылдуу экен. Досум экөөбүз тайгандарыбызды ээрчитип, карышкырга ууга чыгып, 2 жылдай темселеп олжого тунбай койдук. Кийин да бир ирет Ысык-Көлдө карышкыр көбөйдү дегенинен барып кырып келмей болдук. Бир жума издедик. Изи бар, өзү жок. Көрсө, ал тээ алыстан эле эмне болгон куш, эмне болгон ит келе жатканын көрүп, жытын алып калып, алдыңдан чыкпайт экен. Карышкыр кармай албай койгонума ичим күйдү, айла кеткенде башкалардан сатып алып бакканга туура келди. Бир карышкырды тирүүлөй 30 миң сомго сатып алам.
Кийин чоң мергенчилерден уксак, карышкырдын өзүнүн жүрө турган атайын жолдору бар экен. Эгер ал жолдон шектүү бир жытты байкап калса, экинчи ал жолун баспайт дейт. Көпчүлүк учурда малга кол салганда үркүтүп жибербей жеп бүткөнчө күтүшүп, анан артынан кууп барып атып алышат.
Карышкырды иликтесем, алар ууга чыкканда күлүктөрү жандыктарды кууп, буктурмага айдап келип берсе, бири алдын тороп берет. Ал эми алгыр, шамдагайлары жара тартып жемин табышат экен. Мага окшоп ууга чыгып алып басып жүрө бербей, пландайт экен да. Карышкырдын көктүгү да бар. Кармап алып союп жатканда бычак тийгизсең бир да кыңк этип койбойт. Мисалы, итке бычактын учун эле тийгизчи, каңшылап эсиңди оодарат.
Бир ирет Кочкордогу дос балдар бизде карышкыр күч болуп жатат дегенинен үйдөн чыгып баратсам колуктум «эгер атып калсаңар этинен ала кел» деп айтып калды. Мен барганча, Кудай жалгап, бир мергенчи көк жал карышкырды атып алыптыр. Ошол жерден боорун кууруп жедик. Ачка болгондугубузданбы, аябай даамдуу сезилди. Белинен өйдө жагын чаптырып этин үйгө алып келдим. Эти супсагыраак экен.
Колуктум төрөгөндө ырым кылып чүкөсүн да тагынып жүрдү. Балам төрөлөрдө түшүмдө Угуз деген ысым угулуп, кийин баламды атын Угуз деп атадык. Негизи үй-бүлөмдүн карышкырга байланышы барбы, билбейм, себеби Угуз кагандын колдоочусу көк жал болуптур.
Кубаныч Сыдыков
#БолгонОкуя
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3