Ооба, ошол күнү бир топ аялдар мени энемдин жанына жолотпой жатышкан. Анан бирөөсү боор ооруду көрүнөт:
- Жөн койгула көрүп көксөөсү кансын, -деди жашы улгайган аял. Мен энемдин тынч алып жаткан мээримдүү жүзүн улам-улам карап коюп качан ойгоноор экен деген тейде тажабай карап олтура бердим. Анын нурсуз кош каректери кого айланып, энемден тири укмуш муздак илеп уруп тургандай. Мындай абал дене боюмду калтыратып жибергендей болду. Анан мени бирөөсү көтөрүп сыртка алып чыгышаары менен коогалуу ызы-чууда бир топ кишилер кимдир бирөөнү алып жөнөгөндө, үйгө кирип энемди оордунан таппай убараландым. Алда бирдемеден шекшигендей бышактап, кары энеме жалдырай карап:
- Энем! Энем кайда ?! дей бердим эбиреп.
- Кагылайын каралдым энең бизден алыс, алыс кетти, - деп жүзүн менден ала качып тим болду. Мен энемди кайрадан кайрылып келет го, дептирмин. Көрсө көрүстөнгө алып барышкан турбайбы ...
Ооба, энемдин каза болгонуна эки жыл ашса да атам эч кимди үйгө кийирбеген. Бул аралыкта атам экөөбүз гана жашадык. Анда мен алтыга жаңы толуп, мектеп босогосун аттаган убак эле. Бир күнү сабактан чыгып, окуучулардан бөлүнүп үйгө чукулдай бергенимде, кошунабыздын тентек уулу Тилек жаныма чуркап келди. Аны балдар өз атынан атабай Тикентай деп коюшаар эле.
- Салкынай эжеке, сиздин энеңиз келди .. Ал шашылып сүйлөп жатты!.
- Эми сизди эч ким жетим дебейт ээ, менин энем да сиздин үйүңүзгө кирип кетти. Мен оозумду ачып, Тилектин оозун тиктеген калыбымда туруп калдым. Ага ишенгенимден, ыйлаарымды же күлөөрүмдү билбей анан тызылдаган бойдон үйгө чуркап жөнөдүм. Мен ар качан, энем келет деп ишенчүүмүн, үйгө жеткиче ал кайтып кетип калчуудай энтигигип калганыма карабай бараттым. Ушундайда жолдун узарып кеткенин, мен эшиктин босогосуна жетип келдим ... Биздикине кирип-чыгып жаткан аялдар көп экен. Тилектин апасы мени үйгө жетелеп алып кирди. Төркү үйдө, калың салынган жуурканда энеме караганда бир топ толугураак келген аял олтуруптур. Киргенде эле анын кийимдери көзгө урунду. Энемдин бир да кийимине окшобойт. Бир байлам кызыл жоолугу менен гүлдүү кызыл көйнөгү анын буудай ыраң жүзүнө коошпогондой болуп турду. Мен бейтааныш аялды көрүп, шаабайым сууп карап калдым. Аялдын кээкерлүү жылмайган жүзү мага жагымсыз көрүндү. Мен өз үйүмдөн, энеме окшош ак жуумал, жүзүндө жарашыктуу меңи бар, узун бойлуу мээримдүү аялды издеп турдум. Бул жерден энем жок экенин көрүп, ыйлагым келди. Тилектин апасына жашынып артка карай кетенчиктедим. - Эжеке, энем канаке? - Тигине олтурбайбы каралдым, бар жанына энең ушу балапаным. - Энеме түк окшобойт экен! - Дедим жиним менен ый аралаш. - Бул менин энем эмес. Жолумду тоспоңуз эжеке ... Болук аял кээкерлүү жылмайган жүзү заматта сустайып. - Иги Улуктун кызы го сыягы. Жөн коюңуз кийин өзүбүзчө таанышып алабыз, -деди камырабай. Ошентип, мен жаңы энелүү болдум. Менин өзүмчө үйдөн четтеп ыйлап жүргөнүмдү көргөн атам, - Энелүү болсоң да ыйлайсыңбы, кой караалдым ыйлаба! - Деп, соороткон болду. Эрке мүнөзүм кармап эрээркеп кеттимби, атамдын бутуна оролуп алып, андан бетер күчөп ыйладым. Мени акшыя карап турган болук аял, көзүмө бир башкача жаман көрүнүп кетти, жаңы энем да мени жактырбай жүрдү. Ошол күнкү өгөй энемден жеген биринчи таяк эсимден кетпейт. Көнгөн адатым калбай, өз энемден калган үй толгон гүлдөрдү бапестеп турчумун. Бул жолу да бир чака сууну гүлдөргө куямын деп көтөрүп кирдим. Боюм жетпегендиктен, стол коюп чаканы көтөрүп гүлгө сууну куя бергенимде, столдон тайып, чака менен гүлдү кошо алып жаңы энемдин салган шырдагына кулап түштүм. Үй ичи калдыр шалдыр болуп кеткендиктен, өгөй энем чуркап кирди. - Ай кыз, колуңдан келген ишти жасабайсыңбы? Өйдө боло берээримде, колумдан тартып жулкулдатып жиберди. Колумдун сыздап турганына карабай, ордумдан учуп турдум. Ач арстандай атырылган энемден корунуп столду тегерене качтым. Анын толук бети дирилдегендей туюлду. - Жаңы шырдакты эмне кылдың? Эми эмне кылайын сени? Эмне жалдырайсың! Артымдан жете келип, желкемен капшыра кармаган калыбында, оодарылып жаткан гүлдүн сабагы менен такымыма чаап-чаап алды. Такымым үзүлүп кеткендей сыздады. - Энекебай, урба! Мен атайын кылган жокмун ... Энемдин чоң мушу кулак түбүмө тийгенде, эч нерсени сезбей кулагым дуулдап турган ордуман жыгылып кеттим. Энекем ачууга уугуп менин жыгылганыма да караган жок, колундагы суу жыгач менен шыбап кирди. Тура калайын дегенимде, алдымдагы чакага чалынып башым менен каалганы сүздүм. Буркулдаган энем: - Тазалап кой? Куураган куу жетим! -деди да, сыртка чыгып кетти. Күчүмдү көзүмдүн жашынан чыгарып, өксүп-өксүп ыйлап жатып шырдагын тазаладым. Ичим жалынсыз түтөп, корообуздун артындагы жалгыз байтеректин түбүнө бардым: - Алтын энекем ай, мени минтип эмне жазыгым үчүн жалгыз таштап кеттиң экен! Менин тентектигимди жазалап келбей койдуң го? Эсиме деле кирдим энеке, кайрылып келчи? Сагындым энеке ... Уңулдап ыйлап жатып кеч да кирип кетти. Биздин короо айылдан обочороок жайгашкандыктан кеч кирген сайын коркунуч жан дүйнөмдү каптаса да, көшөрүп жалгыз олтура бердим. Айланамды уламдан-улам караңгы каптап кирди. Мени менен сырдашкансып чайпалган жалгыз терек гана муң - дартыма шериктеш болгондой дирилдеп, ар кайсы кайрыктагы күүгө салып күңгүрөнүп шыбырап жатты. Атам келчү жолду улам карап, качан келээр экен - деп күтүп отуруп кеч да кирип кетти. Балким бүгүн да атам келбесечи? Каңырыгым түтөй түштү. Атам да көр тириликтин камын көрүп, жер айдоо үчүн талаага кече күнү кеткен. Мүмкүн, энем атамын келбесин билип мени сабагандыр - деп да, ойлоп алдым ичимен. Мени өгөй энем издебеди, курсагым да ачты, үйгө баргым келбеди. Сырымды бир гана ушул дирилдеген жалгыз терекке айтып, бүрүшүп олтуруп уктап кетиптирмин. ... Үй ээн экен, жумшак желге окшоп жаркырай күлүп кирип келдиң. Зарыга күткөн мен башайы канат калдыркан көпөлөктөй чамына оордумдан туруп, алга умтулдум. Сүйүнгөнүмдөн жүрөгүм элеп-желеп, жаныма чукул келип пахтадай жумшак алаканың менен сылап: - Эмнеге ыйладың жарыгым? Энемдин алаканындагы жылуулук бүт денеме тегиз тарап турду. "Мына мен келдим, жалгызым" -дедиң жылмайып. Кубанганымдан эмне дээримди билбей. Жумшак алаканыңа жаагымды таяп, жашыма ээ боло албай көзүмдү көлдөтүм. Көптөн бери бешенем жарылып кубана элегимден ушул жолу чындап, кубанычтан өксүп ыйладым ... Селт эте чочуп кеттим. Эми эле конгон бактым, капилет уча качкан өңдүү, ичим өрттөнө маңдайымдагы Тилектин апасын карадым. - Алдыңа кетейин Салкын, таң атпай бул жерде эмне уктап калдың? - Желкемди кашып оордумдан тура бергенимде, бутумдун гүлдүн сабагы тийген жерлери бастырбай оорутуп, такымым сыздап кетип кайра олтура калдым. - Эмне болду балам, өйдө болчу- деди, бутумду көрүп эле түшүндү окшойт. - Улук кайда? - Кош салганы кеткен, -дедим жер караган калыбымда. - Муну оңбогон кара энең кылган го ... Тилектин энеси өзүнүн үйүнө ээрчитип барды. Үйгө киргенде эле, өзөгүм үзө тартып турду. Тилектин энеси мага чай берип жатып: Ушу өгөй эне деген түбү - оорду менен соолуп калсачы! -деди күңгүрөнүп. Көптөн бери жуула элек, кирдеген чачымды жууп жатып, сыйрылгандан көгөрө баштаган аркамды көрүп алып: Арзыкан өлбөй кал, жалгыз кызыңды куураттың го, -деди муңкана. Тилектин энеси мени түштөн кийин үйүмө алып барды. . Бул учурда атам да келип калган экен Атаке, деп баратып эле, ыйлап жибердим. - Караалдым менин кайда жүрөсүң? -деди, атам мага капалана карап. Мен бышактап эч нерсе айта албай ыйлай бергенимден. Тилектин энеси атама, кече күнкү болгон окуяны айтып жатканда, ары жактан өгөй энем тири укмуштай чаңырып чыкты. - Кырчыныңда кыйылып, жаштайыңда жалп эткир, дегеле мунун догурунганын көр! Тузум ургур эмне дулдуясың? -деп мага атырылды. - Эмне мынча адыраңдайсың, аялзатынын баары сендей болсо ... - Ой окшошкон таалайсыздар, -ыя? -деди долуланып. Атам мени сабагандан көгөргөн такымымды, желкемди көрүп ачууланса да өзүн токтоо кармады. - Билсең бу караан менин жалгыз медерим, билсең кеткенден калган керээзим. Ушуну батырбай ары-бери, сүйрөп карып кылыпсың сен ... кебетеси кантет? -! "! Мен сени жыргатам, мен сени куунатам" -деп менин башымды айланткандан көрө, сен алдагы албарсты кызың менен жашай бербейт белең Өзүнө ЭП келишпеген, мындай жаман сөздү угуп, уугуп кетти атам. - Кокуй оой! Күлтүңдөгөн долу! Болду эми! Сен ушундай оозуңда каралың жок, бей маани экенсиң ээ ... биринчи күйөөң ырас, айдап жиберген экен сени! Ушундайыңдан сандалып калган турбайсыңбы? ! - Өлтүр мени, мына сен өлтүр ... деп атамдын жакасына жармашты, ташка сүзгүлөдү!. - Өлтү-үр ... өлүгүңө олтура калайын, өл-түүр ... Ортого чырылдап түшө калсам. - Бетпак сен ары тур! . -деп жекире карады Тилектин энеси үрөйү учуп, арачы болоор барбы дегендей эки жагын каранып, чыдамы кетти окшойт, энеме кайрылып: - Акинай, эсиңе келчи, -деп жеңинен тартты. Энем андан бетер өкүрүп, мени билектен алаарда, атам колунан катуу кармап. - Кой Акинай! -деди, атам токтоо сүйлөөгө тырышып. Анткени менен иреңи купкуу, таноосу кыпчылып, калчылдаган муундарын зорго карманып турду. - Эми ушунчаңда үйүңө кет. Ызаатыңды билгениң жөн, менин айтаарым ушу, кыйкырганыңдан майнап чыкпайт -. Деди, атам Ызы - чуудан улам, бала-бакыра жардап карап калышкан эле. Арырактан атамын жоругуна таңданып турган досу, Адыл аке мурчуюп бизге жакындап басып келди да: - Досум, -деди жактырбагандай, - бирөөнү кордоого кандай дитиң барды ..? Ансыз да атамдын куйкасы курушуп араң турат эле. Досуна ызырына: -! Коргоп сүрүштүрө турган сен эмес .. - деп жиберди. Бизге кийгилишпей ары тур. - Ой-бой, сен кишини сүйлөтпөй койгудай кандай адамсың? - Мен ошондой кыйынмын! Көрөөрбүз, көрөөрбүз. Аңгыча Ыбырай аксакал да келди. - Улукжан, жөн жай элеби? Бу эмне жаңжал? -деп сурады ал. - Ии аксакал, жөн жай, болчу беле! Атам кабагын чытып алды. - Айзаададан калган жалгыз кызды билесиз го ... Ошонун оордугунан келип чыккан чыр. .. - Билем, билем ... - Ыбырай карыя атамды тигиле карап: Кечээ күнү кечинде, кызың жалгыз теректин түбүндө олтурган экен, оюн бөлбөйүн деп өтүп кеткен элем. Көрсө, ошондо бирдеме болгон экен да - деди, күңгүрөнгөн Ыбырай карыя: -. Уулум, бу жалгызыңды алпештеп багып алуу сенин гана колуңда, -деди Ошондо атам, мээримдүү жылмайып "келчи кагылайын жалгызым" дегендей эки колун акырын сунганда, башымды атамдын көкүрөгүнө жөлөдүм ... Балапан кыял, өткөн күн көз алдыма тартылып, анан апам экөөңөр таабышкан "Жоокерлер" майрамында, атаке өзүңүздү куттуктап сизди кубантайын дейм. Анан да ар качан жалгыз ардагыңыз болуп, дале "Эселек бала бойдон" калгым келет ...
#ангеме
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1