2чи дүйнөлүк согуш көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен. Согуш учурунда көптөгөн концлагерьлер салынып, адамдарга мыкачылык менен эксперимент жүргүзүшүп келишкен. Бирок, Кытайдагы Харбин шаарынан алысыраак жайгашкан Япониянын концлагерьи өзүнүн мыкачылыгы менен бардык концлагерьлерден өзгөчөлөнүп турган. Андай мыкачылык менен айырмаланып турган концлагерьлер ЭДС учурунда Германияда да бар эле, бирок, Япониянын концлагерьи менен салыштырганда анда Германиянын концлагерьи жөн гана жаш балдардын оюну эле болуп калат.
Алыскы 1926 жылы Япониянын императору алмашып, Хирохито болуп дайындалып, башкара баштайт. Ал император айткан: "Илим бул адам өлтүрүүнүн бир түрү! Аз убакытта илим менен жүздөгөн, миңдеген адамдардын өмүрүн алганга болот" деп. Император Хирохито эмне деп айтып жатканын өзү жакшы билет эле. Озүнүн профессиясы биолог болгондуктан, бул илимге көп салымын кошуп, 2чи дүйнөлүк согуш баштала электе Харбин шаарынан алысыраак жерге концлагерь салып жана " 731" деген аскерди түзөт. Ал аскердин башчысы Исии Сиро деген генерал болуп дайындалат. 731 аскери медицина, био жана бактариялык илими боюнча концлагерьде изилдей башташат. Тагыраак айтканда, тирүүлөй адамдарга эксперимент жүргүзүшүп изилдешкен. Концлагерьдеги адамдарды адам эмес, айбанча да көрүшпөйт эле, аларды "дөңгөч, жыгач" деп атап коюшчу. Жыгачты кааласаң балталайсың, кааласаң сындырасың же өрттөйсүң, адамдарды да жыгач сыктуу колдонушуп эксперимент жүргүзүшчү. Мисалы: адамды - 30 градустагы суука чыгырып, колун же бутун ачык коюп 8-9 саатка тоңдурушчу, анан аны алып келип тоңуп калган бутун (же колун) балка менен чаап айнек сындыргандай сындырышчы, же ысык сууга салып териси менен сыйрып корушчу. Ар турду вирус ооруларды жуктуруп, анан "ички орган вирусту кандай кабыл алды экен" деп, адамды тирүүлөй союп, жүрөгүн өпкөсүн жана башка органдарын карап байкоо салышат эле. Боюнда бар Айымдарга да инфекция жуктурушуп, төрөлгөндөн кийин баланы да энесин да союп көрүшүп "инфекциядан кайсыл органдар көрбүрөк жабыр тарткан "деп ар бир органды карап көрүшөт эле. Андан тышкары адамды вакуум (аба чыкпаган кирбеген) комнатага киргизишип, акырындан комнатадагы абанын давлениясын көтөрө берет эле. Качан абанын давлениясы өтө көп болуп кеткенде вакуум комнатадагы адамдын көздөрү атылып чыгып, же иче карындары артынан чыгып, же башы бомбадай жарылып кетчи экен. Дагы толтура эксперименттер жүргүзүлгөн, бирок ошолордун баарынан 1 эксперименттин жыйынтыгы мектеп китептеринде жазылып калган. Эксперимент мындайча болгон: адамды атайын комнатага киргизип аба чыкпаган кирбегендей кылып бардык жерин жаап, 70 градус ысыктыкта суу бербей 2-3 күн кармашкан. Адам ал комнатада тердей берип, 2чи 3чү күнү мумия сыктуу болуп денесинин баары кургап калган болот. Веске тартып корүшсо, адамдын мурдагы салмагынан 25-28 % пайызы эле калган болот. Ошентип адам 72-75 % пайыз суудан турат экендигин билишкен.
#суроожооп #бизбилбегентарых #дүйнөлүксогуш #медицина
Кызыктуу ДҮЙНӨ 🌍
@kyzyktuuduino
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2