- Билбейм эшикте жүрсө керек да. - деди да өз иши менен алек болуп ата-энесине орун салып алаксып кетти. Калмурат негедир бир нерседен шек алгандай жүрөгү түпөйүл тартып улам сыртка чыгып кирип тынч алалбай атты. Калмурат Айсалкынды тургузуп сыртка ээрчитип чыкты да болгон окуяны айтып Рустамдын кечиккенинен чоочуп атканын билдирди эле ал:- Кызык, Сезим да ошонун кызы бекен?-деп ойлуу отуруп калды.- Ошондой байбиче, кудай уруп Ишенбек экөөбүз сүйлөшүп.. .- Ким билет, Рустам угуп калганбы, кудай уруп экөө бир энеден болуп атпайбы!-Калмурат Айсалкын уккудай кылып акырын сүйлөп жатканда үйдөн Сезим чыга калды.- Рустамга эмне болду, жоро-жолдоштторунун бир жарымы келген жок беле?- Жо-ок, аларга эртеңки күндү белгилегенбиз да, бүгүн эчким келген жок.- Анда кайда кетти, мынча кечикпей эртерээк эле келбейби?- Келип калаар…-Сезим жол тарапты бир карап келип кайра үйгө кирип кетти.Айсалкын менен Калмурат сыртта көпкө чейин сүйлөшүп отурушуп түнкү муздак абадан ичкериге, үйгө кирди да түнү бою эшиктен көздөрү өтүп кирпик какпай таң атырды. Таң атканда баары дүрбөлөңгө түшүп жоро-жолдошторуна телефон чалып сураштырса эч кимиси көрбөгөн болуп чыкты. Беш-алты досу келип кошо издеше турган болушту. Алардын ичинде Кымбат гана эч нерседен кабары жок болуп шек санабай: "Эмне эле болуп жатышат экиленип, келет да" деп ойлонуп алардын чак челекей түшкөнүнө жини келип жатты. Ишенбек ага эч нерсе айтпады, эгер азыр айтса жаңжал салып урушуп кетип калаары бышык болчу. Ошондуктан ал Калмурат менен Айсалкынга айтып түшүндүрүп койгон. Төрт күн бою издеп суй жыгылганда бир тестиер бала: "бүтпөгөн тамда бирөө асылып турат" деп жүгүрүп келгенде чогулуп жетип барышса, Рустамдын денеси таштай катып салаңдап туруптур. Бакырып басып калышты. Ботодой боздогон ата-эне, кара кийип какшаган Сезим, иниси Руслан күйүт тартып аргасыз кала беришти. Сезим менен Руслан болсо: "аны ким асты, ошону табыш керек, өз жанын өзү кыймак эмес, кимдин колунан келди экен" дешип милицияга да арыз таштап коюшту. Руслан болсо: "агамды өлтүргөн немени сөзсүз табам, дал ошондой кылып асып өлтүрөм!" деп кекенип атты ичинен. Калмурат менен Ишенбек экөө өздөрүнчө кеңешип алып Сезимге кийгизген карасын койгондон кийин эле чечтирип коюшту, буга Кымбат кыйын тебиреңдеди: - Капырай, кыз алган жары кара кийет да, бул эмне кылганыңар, көргөндөр эмне дейт, жубан келсе бир жөн.- Кудагый мунун да жөнү бар, биз да салтты билебиз, ошондой болуп атат.- Жок дегенде элүү күндүгүнө чейин кара кийип отурушу керек эле.- Эч нерсе эмес, боло берет. - Калмурат Ишенбекти аста карап койду. Ишенбек Кымбатты колтуктап ары басты да: -Кымбат, сен билбейсиң да, Рустамдын энеси менен Сезимдин энеси бир экен. Мага Сезимди таштап кеткен аял баягүнү келип кеткенден кийин балакеттин баары башталып атпайбы!- Койчу, сен ошол аял экенин анык тааныдыңбы? - Ооба, ошону үчүн отурбай кетип калыптыр.- Укму-уш ой, укмуш тура, ой сен ошол бир көргөн аялды кайдан таанымак элең, анда сен ал аял менен жашап, Сезим сенден төрөлгөн тура!- Ой жоок, Калмуратты таанып анан мени да тааныптыр ал, а мен тааныган деле эмесмин, өзү айтып кетиптир, Рустам сүйлөшүп жаткандарын угуп алып анан ушул ишке барып атпайбы!- Мен сага айтпадым беле, экөө абдан окшош деп, көрсө.. .- Ооба, ушундай экен, арга жок болуп калды, багып чоңойткондон кийин өз балаңдай эне болуп калат экен…-Ишенбек күнөөлүдөй Кымбаттын жанында өзүн тазалап жатты.Баарынан да Шуру энеге кыйын болду, небересинин күйүтүнөн тура албай калды. Ага эч нерсе айтышкан жок, болгону ким күнөөлүү экенин издеп жатабыз дешти. Руслан болсо эч ким менен сүйлөшпөй түнөрүп "эмне күнөөсү бар эле, мага эмне айткан жок, көрсө мага коштошкон тура", деп ойлонуп кыжаалат болуп: "эмнеге өз жанын арачалап калган жок, же жашоодон аша кеткендей эмне себеп болду экен, жок дегенде бир тууганы мага айтпаганы эмнеси, эгер агамдын өлүмүнө себепкер болгон адамды тапсам дал ошондой кылып асып өлтүрөмүн, ачылбаган сыр болбойт эмеспи, акыры ачылаар…" деп кыжаалат ойдо жүрө берди. Сезимди Ишенбек алып кетейин дегенде ал такыр көшөрүп койду.- Рустамдын өлгөнүнө бир ай боло электе кантип кетем, ал үчүн өмүр бою аза күтөм, ата!- Кызым, күйүттөн ооруп каласың, али жашсың, өлөр Рустам өлдү айла канча, менин деле кабыргам кайышып турат.- Мени кызым десеңиз алып кетем дегениңизди коюңуз!- Макул кызым, өзүң бил.Бир күнү Рустадын кийимдерин жууп отуруп анын акыркы күнү кийип жүргөн костюмунун чөнтөгүнөн бир бүктөм кагаз таап алып ары таштап койду. Ошол тушта эшиктен кирген Руслан аны жерден алып ачып окуп жатып эле көзүнүн жашы куюлуп колунан кагаз түшүп кетти, аны көргөн Сезим жерге түшкөн кагазды ала коюп окуп калды, экөө кучакташкан бойдон ыйлап, буркурап боздоп турганда эшиктен Айсалкын кирип келди:- Эмне болду, айланайындар, садага болоюндарым десе, Рустамды эстеп атасыңар го, кой садагаларым ыйлабагыла! -деп айтып өзү да ыйлап: "байкуштарым ай, эми кайдан тапмак элек, аны унутуш кыйын го, азапты салып кетти го садагам" деп ойлонуп Сезимди кучактаганда ал:- Апа, апкебай мен… мен Рустамдын артынан кетишим керек, кантип жашайм! Кайсы бетим менен-деп жердеги кагазды алып Айсалкынга сунду, - биз деген тууган, энелеш турбайбызбы? !- Эмне дейт карангүн, кана?-деп кагазды окуй баштады. Руслан болсо үндөбөй тура берди, ал азыр бир жерде катып турду, эмне деп сүйлөөрүн билбеди, жүрөгү муздай тоңуп мизирээ дудук, көзү көрбөгөн сокурдай темселеп караңгыдан чыгууга жол издегендей боло берди. Сезим заматта көз жашын токтотту да: "Мен да өлүшүм керек, бул жашоодон көрөөрүм ушул азап болгон соң жашап эмне кылам, менин да күнүм бүткөн тура, мен эч ким өлүгүмдү таппай турган болуп өлөм, жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт деген эмеспи, Рустам кагылайын бир боорум, экөөбүздүн тагдырыбыз ушул тура, мага айтып койсоң болбойт беле, сени менен кошо ал дүйнөгө да бирге кетмекпиз, мүмкүн ал жактан күнөөбүз кечирилип бир тууган болуп калмакпыз, мени эмнеге боздотуп таштап кеттиң, мен да сенин жаныңа барам, күт мени, бир боорум. Жок, жок бир тууган болууга, бир тууган дегенге акым да жок!" деп ичтен түтөп жүрөгү сыздап турду. Калмурат катты окуп эле Айсалкынды карады:- Айсалкын, муну Сезим окуган жокпу?- Окубай койчу беле, Руслан экөө кучакташып алып ыйлап жатканынан Рустамды эстеп ыйлап жатат го деп ойлогом, көрсө, катты окуп алып…- Кокуй, Ишенбекти чакыртып Сезимди чогуу кайтаралы, чакырт, - Айсалкын үрпөңдөй үйгө кирди. Руслан Айсалкын киргенде аны карап:- Ошол шуркуяны энем деп ким айтат, азыр менин көзүмө көрүнсө мууздап салат элем!-деди. - Кой балам, Рустамдын акыркы жазган катын толук окудуңбу?- Жок, кат кайда?-деди да сыртка көздөй жөнөдү.- Атаңда, - Айсалкын Русланды ээрчий эшикке чыкты.- Ата, катты берчи, толук окуп чыгайын, мен башын эле окуп өзүмдү жоготуп коюпмун.- Мына, окуп чык баарын, - Калмурат катты Русланга сунду. Руслан катты аягына чыга окуп анан бурк этти:- Эне деген сөздөн айлансын ошол шуркуя, мен аны өлтүрөм, издеп жүрүп өлтүрөм!-Руслан кыжына сүйлөдү.- Ок, антчү эмес, садага болоюнум, Рустам айтып кеткен тура, кантсе да силерге ак сүтүн берген, он ай көтөрүп омурткасы сыздаган, антип айтба, балам, - Айсалкын чебелектеп жиберди.- Ошону апа деп ким айтат, ак сүтүн ит да берет күчүгүнө, итче болалабаган энени эне деп эсептебейм? -Ошол учурда келинчеги Зууракан келип калды.- Эмне болду сага, Руслан?- Эч нерсе, менин башыма каран күн түшкөнүн али биле элексиңби, ишиңди кыл!-деп Руслан аны кагып койду эле ал тултуңдаган бойдон үйгө кирип кетти: "мен тимеле агасын өлтүрүп койгонсуп мага ороңдогонун кара, азыр кетип калсамбы?" . Ошентти да анан Сезимдин солкулдап ыйлап жатканын көрүп анын жанына барды.- Жеңе, кечке эле ыйлай бересизби, кичине алаксыбайсызбы, - абысынын көңүлүн жубатууну ойлоду эле ал туруп койбой же жооп бербей жаткан бойдон козголбогонуна жини келип отуруп калды: "Баары эле мени менен сүйлөшкүсү келбей калган го, мен буларга эмне кылдым?"Кечинде Руслан келинчеги Зуураканга болгонун болгондой кылып айтып түшүндүргөндө ичинен Русланга боору ооруп калды. Ошондон баштап Сезимди карыш жылдырбай кайтарууга өтүштү.***Рапия квартирага баргандан кийин да жаны жай албай: "Оо кудай, тирүүнүн тозогуна калган белем, эми эмне болот, ачууга, ызаага алдырып бир балээ болушпаса экен, Калмурат менен Ишенбек сүйлөшсө эле баары ачык болот да, мени алардын энеси экенимди билсе… Мен эми жашай албайм, бул жарыкта мага орун жок, мен окшогон шуркуяга, акылсыз бейбакка өлүмдөн башка дабаа жок!" деп ордунан турду да экинчи кабаттын терезесинен бой таштады. Бирок ал өлбөдү, ажал ага оңой менен келбеди, эки буту тең сынып, бир жак жамбашы ажырап кетип эси ооп жатып калды. Ошол жерде жашагандар көрүп калып аны тез жардам чакыртып ооруканага жеткирип койду. Эртеси түштөн кийин эсине келди. Кыймылдоого дарманы жок. Көзүн ачып кроватта жатканын билди. Ал эсине келгенден бир саатай убакыт өткөндөн Гүлнур жетип келип абалын сурап жанында отурду. Врач:- Көп сүйлөгөнгө болбойт, нервте да бар экен, катуу ойлонуп өзү да эмне жасап жатканын билбей калган, - деди. Гүлнур бир аз отуруп кетип калды. Эртеси да көрүүгө келгенде Рапия ойгоо ойлуу жаткан экен.- Кандай Рая, абалың дуруспу?-Рапиянын бетинен өөп абайлап жанына отурду. Рапия үнсүз гана жооптун ордуна көз жашын жаагы ылдый куюлтуп жата берди. -Көп кейибесең, деги эмне болуп жатасың, кандай сыр бар Рая, сенде бир сыр бар болбосо жакшынакай эле жүрбөдүң беле?- Жок, Гүлнур, мени кыйнаба, өлсөм сөөгүм менен кошо кетчү нерсе ал…- Эмнеге?-Гүлнур элейе аны: "кандай сырың бар болду экен байкушум ай" деп отуруп калды. Андан ары эч сөз сурабады, бир аз отуруп анан коштошуп чыгып кетти. Үч күн дегенде ага бир медсестра келип "история" толтуруп кирди- Аты-жөнүңүздү айтып койсоңуз, туулган жылыңызды. - деп кагаз-калемин белендеп күтүп калды.- Рапия Анарбаева, 1967 ж. 20-декабрь.- Жакшы, анда эс ала бериңиз, көп ойлонбоңуз, бүгүн Шайгүл Бокойовна келет, бүгүн анын смени, сизди көрсөтөбүз, сынык боюнча абдан кыйын хирург, жакшы жатыңыз, - деп чыгып кетти медсестра." Кыйын болбосо койсун, мен өлгүм келген, жашап эмне кылам, бул өмүргө татыктуу жашай албагандан кийин өлгөнүм жакшы эмеспи" деген Рапия канча жатканы белгисиз, эшикти ачып жанагы медсестра менен врач кобураша эшик ачканда гана эсине келе босогону карады.- Ий-и сиңдим, кандай, уктум баарын, өз жанын кыйуу өтө чоң күнөө экенин билесиңби, анын үстүнө көрө турган күнүң бүтө элек, антип жандан кечкидей эмне болду?-деп температурасын, канын текшергенден кийин сестраны карап, - историясы кана?-деп сураганда сестра колундагы кагазды ага кармата койду. Врач картаны ачып аты-жөнүн окуп эле үнсүз отуруп калды. Эч ким эч нерсе түшүнгөн жок, бир топко отургандан кийин турду да картаны кармаган бойдон чыгып кетти. Рапия: "менин тамырымды текшерди, демек абалым оор болсо керек, дегеле өлсөм мейли эле" деп башын ары бура жатып калды.Врач кабинетине келгенден кийин Рапияга кымбат дары уколдорду жазып берип:- Бүгүндөн баштап ушул уколдорду куйгула! деди эле сестра:- Бул дары, уколдор кымбат эмеспи, анын үстүнө старший бербейт го?-деп врачты суроолуу карады.- Берет!-Шайгүл Бокойовна ордунан туруп терезеге келди да: "өмүр бою жүрөгүмдүн башында жүргөн бир кайгым ушул эмес беле, томуктай кызыл этинде таштаган кызым эми минтип оор абалда үндөбөдүм" деп алтымыштан ашып буурул чач болуп калган варч Шайгүл Бокойова көзүнө жаш алып турду: "эмнеге өлгүсү келди, кандай кайгысы бар болду экен, бала-чакасы, күйөөсү бар болду бекен?" деп ойлонуп кайрадан Рапия жаткан палатага киргенин өзү да билбей калды. Ал Рапиянын чачынан сылап, кулак түбүндөгү сыргасын көрүүнү ашыкты, анткени Рапиянын төрөлгөндө эле кулагынын түбүндөгү бармактай сыргасы бар эле.- Рапия, күйөөң барбы, бала чакалуудурсуң? -деп сурады.- Жок, менин эч кимим жок, өзүм таштанды кыз экемин, эми да эч кимге керегим жок!-Рапия башын дубал жакка буруп соолуктап ыйлап жатты, - бул жарыктыкта мен эч кимге керек эмесмин.- Кой, антип айтпа!-Шайгүл Бокойова: "мен сенин энеңмин, сен мага керексиң, сени коргоп алчу адамың бар, ал мен!" деп айтып ийе жаздап өзүн кармап калды. - Сени өзүм айыктырам, уктуңбу, сен али жашсың, сендей сулуу кыздар жерде калбайт.- Ошо сулуу болуп төрөлбөй калсам болмок, андан көрсө көптүн бири катары акылым болгондо…- Айтчы Рапия, менин кызымдай эле экенсиң, эне-баладай сүйлөшөлүчү, эмнеге өлгүң келип жатат?- Жөн эле, өлгөндө кошо жатчу сырымды сурабай эле коюңузчу! -Рапия тескери карап жаткан калыбында жооп берди. Ал ушул убакта врачты караганда балким ал аялдан өзүнө жан тарткан жылуулукту, мээримди көрөт беле, карабады.- Андай болбойт, кызым, биз врачтар ар бир оорулуу менен сүйлөшүп оорунун себептерин билишибиз керек, өзүң татынакай келин экенсиң, сүйлөй кой, - ичинен: "оо кудай дал ошол өзү тура" деп алды улутуна.- Айтууга менин кудуретим жетсе да угуудан сиздин жүрөгүңүз ооруп мени жек көрүп каласыз го?!- Андай болбойт, кайра жардам берем, акыл кошом…-Шайгүл Бокойова жалдырап жиберди, - айт айта гой!Рапия көпкө чейин ары карап үнсүз көз жашын төгүп жатып анан башынан өткөндү терип, терип айтып келип азыркы учурдагы өзүнүн өлгүсү келгенин көз жашын жамгырдай төгүп туруп айтып бергенде Шайгүл Бокойова да ыйлап отуруп укту.- Мен бейбак, мен арсыз ушул жаркыраган жарыктыкта жашоодо укугум жок, эжекебай, мени айыктырбай эле койгулачы! -деп бакырып жиберди эле Шайгүл Бокойова аны кармай калды.- Өзүңдү карма кагылайын кызым, кайрат кылып ызааңды жең, өмүргө эч ким тойбойт. Жаныңдан кечпе, мен сага жөлөк болом, айыктырам, мени өз энеңдей көр макулбу?-деп бети башынан өөп жиберди.Рапия негедир өзүнчө таң калды: "бул эмнеси, мага эмне жан тартып жатат, баласы жокпу, же жөн эле боору ооруп жатабы?" деп ойлоп бир эсе жини келип алды да кайра: "эмнеге кызым деп атат?" деп ойлуу жатып калды. Шайгүл Бокойова көпкө отуруп-акыл насаатын айтып жатты. Ошол убакта сестра келип:- Шайгүл Бокойова, укол куйайын, сиз дайындаган уколдордун баарын алып келдим. - деди эле. Рапия:- Кудай жалгагырлар, деги мени дарылабай эле койгулачы, менин төлөп бере турган эч кимим жок, мага жашоо керек эмес, менин өлгүм гана келип жатат!-деп бакырып асылып турган буттарын күчөнүп булкуп, булкуп жибергенде Шайгүл Бокойова кармап калды:- Тынчтан, эмне болуп жатасың, биздин колубузга түшкөндөн кийин айыктырып чыгарыш милдетибиз, эгер бул жерден өлсөң бизге жаманатты кеп тийет, эмне менин соттолуп кетишимди, жазаланышымды каалап жатасыңбы?! - Жок эжекебай, менин силерге зыяным тийишин каалабайм, өзүм жашоодон тоюп турам, бир мүнөт да жашагым келбейт!Шайгүл Бокойова чыгып баратып медсестраны өзү менен кошо ээрчитип чыгып кабинетине баргандан кийин Рапияны катуу дайындады.- Уколду сайып, дарыны бергенде саксактап тургула, тамырдан куйганда бүткөнчө жанында бол, калган убактарда өзүм карайм!- Макул, мен барып укол куя берейинби?- Бар, барып жакшылап кара!-Шайгүл Бокойова сестра чыгып кеткенден кийин да өзүнчө ойлуу терезени карап алып тээ мындан кырк жыл мурунку өткөн окуяны эсине салып он сегиз, он тогуз жаш курагын көз алдына элестетип…***Анда Шайгүл жаңыдан мединститутка тапшырып, шаарга көнө албай жүргөн кези. Группалаш кыздардын кино театрга жүр дегенине карабай башын көтөрбөй китеп окуп биринчи курсту бешке тапшырып алдыңкы катардагы стипендияга жетип ого бетер окууга баш оту менен киришкен. Шайгүлдүн ата-энеси орто жашаган адамдар эле. Шайгүл он баланын бешинчиси болуп андан кийинки балдарын зорго багып Шайгүл жылына каникулга келгенде жолуна каражат бергенден кыйналып калышчу. Шайгүл өңдүү-түстүү болгондуктан ага өз айлынан сөз айткандар көп болду бирок окууну алдына максат кылып алган кыз эч бирине көңүл бурбады. Же дурусураак кийим-кечеси жок, таза жууп кийип мода менен иши болбой, алып кийгенге колунда акчасы жок стипендиясын кийинки айга чейин үнөмдөп жүрүп үчүнчү курсту бүткөн жылы анын жашоосунда күтүлбөгөн өзгөрүү болду.Ошол күнү Шайгүлдүн туулган күнү болчу. Ал эч нерседен бейкапар бөлмөдө сабак окуп отурса группалаштары гүл көтөрүп алып беш алтоо кирип келишти. Шайгүл абдан уялды:- Айтып койсоңор болмок, чынын айтсам өзүмдүн туулган күнүмдү да унутуп койгон экенмин.- Конок айтып келчү беле, окуу, окуу деп жүрүп бизди да унутуп өзүң менен өзүң болуп каласың го!-деген курбусу Тажи деген кыз шакылыктап заматта стол даярдап алып келген роза гүлүн столдун тең ортосуна койда да тамак ашты толтуруп жиберди. Ого бетер уялган Шайгүл:- Рахмат, силерге ыраазымын! -дегенге зорго жарап эки бети кызарып жылмайууга аракет жасап жатты. Аңгыча тамак аштын четине койгон жылдыздуу коньяк, шампанский жана суусундуктар пайда болду. Келген коноктордун арасында Нуржигит да бар болчу. Ал Шайгүлдү улам, улам карап анда, санда сөз ыргытып отурду. Шайгүл да аны карабай койо албады, анткени ал шайыр да көздөрү ойноктогон оң жак жаагында бармак басым калы бар экен. Тосттор айтылып ушул күнкү жакшы каалоолордун баары Шайгүлгө арналып жатты. Кеченин аягында кыздарды жигиттер киного чакырды эле бул жолу Шайгүл баш тарта албады: "Мени сыйлап келип жатса барбай койгонум болбос" деп ойлоду ал. Чындыгында Нуржигит да ага жагып аны менен чогуу болууну четке кага албай макул болуп киного жөнөдү. Эки экиден сүйлөшүп катар басып баратып ал Нуржигит экөө жакындан таанышып да алышты. Шуржигит шаардык жигит экен. Ата-эненси жок улуу энесинин үйүндө жашап күндүзү окуп кечкисин иштейт. Көптөн бери Шайгүлдү көрүп жүргөнү менен ага даап сөз айта албай Таажиге айтканда ал дал бүгүнкү күндү болжоптур. Ошентип киного киришти, кинодон кийин кыздарды жатаканага жеткирип коюп жигиттер кайтып үйлөрүнө кетти. Шайгүл ошол күнү көпкө чейин уктай албай ооналактап жатып кеч уктады. Негедир Шайгүл Нуржигитти көп ойлончу болду. Өчөшкөнсүп келбей жүрдү. Бир күнү китеп окуп отурса сырттан вахтёрша аял кирип:- Кызым, сени бир жигит чакырып жатат, ушунча жылдан бери бир жигит менен басканыңды көрбөдүм, сенин да убактың келген экен, бирок жаман жигит эмес, бара гой!-деди жылмая.Шайгүл сыртка чыкса, Нуржигит экен.- Кандай Шайгүл, окуулар, денсоолук?-Нуржигит дароо эле Шайгүлдү бетинен өбө учурашып бакылдап кирди. - Келе албай жаттым, жумуштан кол бошобойт.- Келиңиз, - деген Шайгүл эч ким өбө элек бетин өпкөнгө уяла жер карады.Экөө бак аралап көпкө басып жүрдү, ошол күнү Нуржигит ага ак сүйүүсүн арнап кыз алдында өзүн абдан алсыз көрсөтүп койду. Кыз өзүнүн назын карматып, кыз намызын бийик тутуп өзүн токтоо кармап:- Ушул кезге чейин канча кыздын жүрөгүнө чок салдыңыз же канча кызга сүйүңүздү арнадыңыз экен?-деп жылмайды.- Шайгүл, мен жөн гана бирге басып мамиле кылганым болбосо эч бир кызга сүйүмдү арнаган эмесмин, менин жүрөгүмдөн чыккан ак сүйүүм бир гана сага арналат! Кыз унчукпады. Оо андан кийин дагы далай жолугушуулар болду. Бир күнү Нуржигит ага сүйүүсүн арнады. Чечилип сүйлөп кыз алдында төгүлүп турду. Кыздан үн чыкпайт. Ар бир сөзүн тыңшап угуп отура берди.- Шайгүл, эгер макул десең быйыл эле үйлөнүп албайлыбы, мен азыр эле эжеме барам да айтам, макул дечи, сүйөм деп койчу?!- Кантип, мен окуумду бүтмөйүн күйөөгө тийбейм, эгер сүйгөнүң чын болсо күтүшүң керек!- Макул, мен сени өмүр бою күтүүгө даярмын, бирок өз оозуңдан сүйөм деген сөздү укмайын жаным жай албайт!- Болуптур эми, - Шайгүл ушул кезде негедир өзүнөн өзү эргип, жүрөгү алып уча эки колун жая кыйкырып жиберди, - мен сени сүйөм Нуржигит! - Ыразымын сага Шайгүл, ыраазымын, эми сени өмүр бою өзүң макул болмоюн күтө берем, - Нуржигит Шайгүлдү колтуктай басып баратып колунан кармап өөп койду.Ошондон баштап экөө күндө жолугушуп турду. Аңгыча Нуржигиттин туулган күнү келип экөө бир ашканага кирип тамактанып кичинеден вино ичип отурушту. Бул күн алардын бактылуу күндөрүнүн аягы болоорун эки жаш сезген жок. Болгону экөө чексиз бактылуу болчу. Нуржигит Шайгүлдү жатаканасына жеткирип келсе бөлмөдөгү кыздар жок экен. Ал күнү экөө көпкө сүйлөшүп отруп Нуржигит калып калды. Винодон кичинеден ичип отуруп кызып калгангабы Шайгүл анын каалоосун аткарбай койо алган жок.- Эртең эле алып кетем жаным, сенин жаныңдан кетсем эле жалгызсырап жаман болом, биригип алалычы! - Нуржигит жалынып, жалбарып кызды өз оюна койбоду.- Ошондо эле, көшөгөнүн ичине киргенде эле жаталычы, - деген Шайгүлдүн сөзүнө көнбөдү, ошол күнү ал өз мүдөөсүнө жетти, түнү менен ырахат көлүнө сүзүп бактылуу күндү эңсенген эки жаш эртеңки күнү эмне болоорун билген жок, өздөрүнөн башка бактылуу жоктой сезишкен эле…Нуржигит дайынсыз жоголду, ал келбей кечиккен сайын Шайгүл эч кимге көрүнбөй көзү тоодой болуп шишигенче ыйлап алат. Арадан билинбей эки ай өтүп кетти. Шайгүл күтүп чарчаган соң түңүлүп: "эптеп эле алдап өз мүдөөсүнө жетүүнү ойлогон экен, бети жок акмак, жүзү кара!" деп ичинен каргап жүргөндө күтүүсүздөн көңүлү айнып кускусу келип тамакка табити тартпай калды: "Эмне боюма болуп калдыбы, жок-жок, кантип эле бир эле жолу жаткандан.. . ? " деп ойлоп, өзү сезип, билип турса да ата-энесин шылтоолоп сырттан окууга которулуп алды да бир орус кемпирдин үйүнө батирге кирип жашай баштады. Багына орус кемпир жакшы болуп өзү менен чогуу жашап батир акчасынан баш тарты. Шайгүл эптеп жүрүп бир фабрикага ишке орношуп иштей баштады. Өзү кийим тигүү жагына шыктуу болгондуктан тез эле өз алдынча иштегенге көнүп кетти. Аңгыча ичи билинип алты айдан өтүп калганда түшкү сменге шашып баратып бир аялдын коляска сүйрөп баратканын көрүп калды да жүрөгү бир нерсени сезгендей зырп этип алып, жолдун аркы өйүзүнө өтүп коляска сүйрөгөн аялга жете келди. Майыптардын коляскасындагы өзүнүн зарыгып күтүп жүрүп акыры үмүтүн үзгөндө каргап-шилеп өчүн алгысы келип жүргөн Нуржигит экенин көргөндө эки көзүнүн жашы салаалап бетин жууп, сүйлөөгө дарманы келбей колясканы бекем кармап туруп калды. Анткени, анын эки буту тизеден жок болчу:- Ай келин, сага эмне болду, толготуп калдыңбы, тез жардам керекпи? - деп тигил аял таң кала сурады.- Сен, сен Шайгүлсүңбү? - дегенге араң жараган Нуржигит да тили күрмөөгө келбей көзүнө жаш толуп жер карап туруп калды.- Апе-ей, экөөң таанышсыңарбы? - Эжеси экөөнү алмак, салмак карай, - бирге окудуңар беле? - деп сурап жиберди.- Жок… - Нуржигит эмне деп айтаарын билбей, - эже, бир азга бизди жалгыз коюңузчу! - деп суранды. Эжеси ары басып кеткенде:- Шайгүл кандай, денсоолугуң жакшыбы? - деп жылмая кадимкисиндей колун сунду. Ошондо зорго жүргөн Шайгүл:- Эмнеге мага дайныңды билдирбей койдуң, кыйналганыңда жаныңда болбойт белем, неге мага айтпадың? - деп буркурап кучактап калды. Экөө көпкө чейин ошентип кучакташкан бойдон тура берет беле, бир кезде эсине келе калган Шайгүл: - Мына көрүп турасың, ушул абалымды эч ким көрбөсүн, билбесин деп сыртан окууга которулуп, кийим тигүү фабрикага кирип алгам, түшкү смендемин, кана эмне кокустукка кабылдың айтчы, сенин бул акыбалыңды билбей мени алдап кетти деп каргап жүрбөйүнбү, - ого бетер шолоктоду Шайгүл. Нуржигит Шайгүлгө өзүнүн кырсыктуу күнүн оор үшкүрө айтып берди.Нуржигит үйлөнүүгө астыртан даярданып жаткан, анча мынча даярдык көрүп тапканын эжесине алып келгенде ал:- Оо-хоо, Нуржигит мени келиндүү кылганы жаткан го! - деп тамашалай күлдү, - деги келин бала жакшы эле болсо болду.- Ананчы эжеке, колуңду узартпасам балдар менен кыйналып кеттиң, келиниң өзүңө сөзсүз жагат, көрөсүң го! - Нуржигит ушуну айтып жатып көз алдына Шайгүлдүн элесин келтире калып, - сөзсүз жагат! - деп коюп чыгып кеткен. Жумуштан чыкканда кийин жолдош баласы жолугуп:- Нуржигит, мени менен тоого барып келчи, инимди үйлөнткөм, кудалар келет эле союш алып келебиз, аяктан таякемди да алып келем, - деп калды.- Макул, бул эле Чоң-Арыкка эмне, тез келебиз да, - Нуржигит кыйылбай макул болду. Кетип баратып жолдон чоң машинага урунуп жолдун жээгиндеги чуңкурга кирип кеткен. Ошондо Нуржигиттин эки буту тизеден чорт сынып бир бутунан жарака кеткен экен, ал эми тиги жолдош баласы мүрт кетиптир, аны Нуржигит кийин билди. Ооруканага түшкөн Нуржигит он күн жөөлүп эсине келе албай жатты. Улам денеси ысып чабалактап жөөлүп жатып Шайгүлдүн атын айта берген экен, эч кимиси сураштырбаптыр. Он күндөн кийин аз аздап эсине келип жакшы болгонсуп эле келатып бир күнү эки буту тең шишип чыгып чыдатпай ооруп кыйналганда кайрадан текшерип эки бутун тең кесүүгө туура келерин врачтар айтканда, Нуржигит:- Өмүр бою тирүүнүн өлүгү болгончо кестирбейм, андан көрө өлгөнүм жакшы! - деп жакшы эле каршы болду. Бирок эжеси врачтар менен сүйлөшүп кестирип жакшы болгончо өзү жанында болуп кайтарып жүрдү. Кокус бирдеме болобу деп чоочуп жанына бычак же жип шуу койбойт, мына бир ай гана болду ооруканадан чыкканына. Муну угуп отурган Шайгүл эмне дээрин билбеди, жумушунан кечигип калаарын ойлонуп да койбоду, Нуржигиттин жанынан ал чыккысы келбей тура берди.
#КукукЭнеЖеСойкунунТаг
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6