- Мен бул жакка кирип тез эле чыгам, сен бул жерден күтүп тур!-деп мостун алдынан секирип түшүп кетти. "Качып кетип жүрбөсүн" деп ойлонгон Рустам анын артынан суу жээгине түшүп мостун алдына келди. Ар кайсы жерде кийим-кече чачылып, бош баклашкалар менен бөтөлкөлөр, идиш-аяктар жатат. Калмурат эптеп бирдемелерди кийип даяр боло калды. Ээрчишкен ата-бала Карабалтага кетчү унаага отурушту да жөнөп кетишти. Алардын келгенин көргөн Шуру эне суу алып чыгып Калмураттын башынан айлантып чачты да:- Кир үйгө, ушуну менен баардык балээнин баары чыгып кетсин!-деп үйгө киргизди. Аны Айсалкын дагы ыйлап тозуп алды. Баняга түшүрүп бир сыйра жаңы кийим кийгизип, эскисин өрттөп жиберишти. Калмурат негедир өз үйүнө келгени менен өйдө карап эч кимисине сөз айтпады, үңкүйүп отуруп күн кечирчү болду. Бир күнү аны Айсалкын сөзгө тартты:- Каке, эмне болуп калгансың, өз үй өлөң төшөгүңө келдиң, кабагыңды аччы, Изатты көрдүңбү чоңоюп калды, ага сени иштеп жүрөт сага шоколад, конфет алып келет деп айтчубуз, аны бооруңа тартып эркелетсең боло атасындай болуп, билсең мен деле сени сагындым, арадан алты, жети жыл өтүп кеткени билинбей кечээ эле жумушка кетип бүгүн келгендей болуп көрүнөсүң, же кызыңды же мени эркелетип баягыдай эле болчу, көңүлүңдү аччы!- Ыя Айсалкын, сен мени кечирдиңби? Калмурат Айсалкынды эки карыдан ала силкилдетип жиберди, - чын эле сен мени кечирдиңби? - Эмнеге кечирбейм Каке, эркектер ошон үчүн эркексиңер да, мен сени эбак эле кечирип койгом, мына уулубуз үйлөнөм деп турат, андан көрө камыналы, кеңешели.- Алтыным десе, мен жаңылдым, аялдын баары сендей болсо кана, айкөлүм менин, асылзаадам, акылдуум, - Калмурат Айсалкынды кучактап алып өпкүлөп жатты. Ушул убакта сырттан кирип келген Изатты көрө калган Калмурат, - оо садагасы, менин кызым чоңоюп атасын сагынып күтүп жүргөн тура, кел келе гой!-деп кучагын жайганда Изат атасынын кучагына бой таштады. -Көпөлөгүм менин, окуп да калган го, - Изатты жүзүнөн өөп эркелетип алдына отургузду, - кана кызым сабакты жакшы окуп жатасыңбы?- Ооба, жакшы окуйм, жалаң беш алам.Ушул кезде Айсалкын негедир кубанычтан кызы менен күйөөсүн карап күлүп да ыйлап да жатты. Калмурат отуруп, отуруп эле Изатты алдынан тургузуп сыртка чыгып кетти. Анын көзүнө ушул тапта Калыбек көрүнүп тургандай болду! "Бул эмнеси ыя, чын эле өлгөн адамга окшошуп калганы эмнеси, ушуну өзүмдүн кызым деп кантип айтам, нече Калыбекке окшошуп калды, оо кудай мен деги тынч жашасам болот эле го, ушул кыздын айынан азапты дагы көп тартпагай элем". Деп эшикте ары бери басып жүрүп: "окшошсо эмне экен, жакын эле тууган эмес белек, менден улуу агам катары зарлап жүрүп тапкан кызы аман болсун" деп ойлонуп өзүн өзү сооротуп үйгө кирди. Айсалкын ал чыгып кеткенде эч нерседен деле күмөн санаган жок, ошол бойдон бир бүтүн үйбүлөө бир бирин кайрадан толукташып бактылуу жашоонун кучагына сиңип кетишти. Тууган-уругу менен кеңешип Рустамды үйлөнүүгө камынып үй-жайын актап даряданып жатышты. Бул учурда Рустам Сезимге барып жолугуп келип турду. Ошол күнү да жолугууга келген Рустам:- Сезим, үйдөгүлөр даярданып жатышат, жакында экөөбүз бир бирибизди сагынтпай бир үйдө болуп калабыз-деди Сезимдин колдорун сылай.- Коркуп жатам Рустам, билесиңби, мен бая күнү түш көрдүм түшүмдө экөөбүз бир уядагы балапан экенбиз, кадимки чымчыктын, энебиз тамак алып келгенде ошону чогуу жей албай мага бергени жерге түшүп кетти, анан чымчык энебиз экөөбүздү тең карабай учуп кетип калды, сен экөөбүз аны ээрчип канатыбызды күүлөп учууга далбас кылып жатып бир кезде экөөбүз тең ылдый карай кулап кеттик. Ал эмнеси?- Билбейм Сезим, бир уяда жүргөнүбүз эми бир үйгө бирге жашайбыз, балалуу болобуз, бактылуу болобуз. Рустам Сезимди бекем кучактап алып айлантып жатты, - көрөсүң го биз бактылуу болобуз!- Мен да ошентип ойлойм, биз бактылуу болобуз.- Алтыным десе, сага келгенде такыр кетким келбейт, тез эле экөөбүз биригер күн келсе экен.- Мен дагы, сенден жарым мүнөткө бөлүнгүм келбейт, азыр эле кетсең кайра көргүм келе берет.- Кош жаным, кош, мен барайын, алардын камы бүтүп калса тез эле келем уктуңбу, мени менен кетүүгө, келин болуп жүгүнүүгө даярдана бер!- Дайым даярмын!-Сезим оң колун чекесине койо честь берип койду.Рустам келе жатып өзүнчө ойлонуп жатты: "кандай татынакай келинчектүү болом ээ, өзү абдан назик, эстүү дагы, эх ошол күн!.. ".Ал үйүнө келгенде күүгүм кирип калган эле.Калмурат бара-бара өзүнө келип туугандарына аралашып калды. Ал ошончо жыл талаада жүргөн менен ичкиликти көп ичпей ушул абалга келген тагдырынан ошентип өч алгысы келген. Биротоло эч кимге таптырбай жүрүп талаада өлүүнү чечкен. Кайрылып үйүнө келүүнү намыс көргөн. Жөндөн эле Айсалкындын да жүрөгүн оорутуп чыгып кеткенине ичинен сары санаа болуп өзүн өзү жектеп экинчи кайрылып келбей көрүнгөн жерди түнөк кылганы ошол эле. Эми минтип уулунун үйлөнөм дегенине жетине албай карбаластап союшун таап туугандарына кеңешип бир аз акча жыйып келинди кечиктирбей киргизүүгө камынып жатышты. Шуру эне сандыгын ачып өзү камдаган кийиттерин алдыга жайганда Айсалкындын көздөрү жайнап кубанып кетти. Ал жеңесине барып алардан да кийит кече алып келип камы бүтүп Рустамды жолдоштору менен машиналарды жалдап Покровкага жөнөтүп келиндин келээрин күтүп калышты. Арадан үч-төрт саат өткөндө машинанын сигналын катуу берип келинди алып кирип келишти.- Ой кокуй келин келди, болгула жоогучуңарды даярдагыла, болгула алып кирели!-дешип аялдар чуркурап машинанын эшигин ачып Сезимди колдон ала жетелеп жөнөштү. -Айланайын ак жолтой бол, ыйлаба, биз деле ушинтип кемпир болуп төрөлдү дейсиңби сендей болгон эле секелек болгонбуз, кыздын бараар жери күйөө болгондон кийин эртелеп эле орун алып алган жакшы. Эки үч аял аны жетелеп баратса бери жактагы эки кемпир өздөрүнчө сүйлөшүп жатат:- Апей ботом, балапан эле бойдон го, азыркы кыздар жыйырма беш отуз жашында эрге тийсе тийбегени жүрөт го, буга эмне жок десең.- Ошону айтсаң, анан тим эле татынакай экен бечара, Калмураттын мурунку аялы да кудум ушуга окшош супсулуу келин болчу.- Апей ботом, аны билбей мен эмне, анысын да жакшы билем, ошо сулуусунган неме эки баласын карабай таштап кетип калган да.- Капырай десең, аялдардан да мээрими жок болот экен да, болбосо ушул чырактай балдарды боору таш эле эне таштабаса… Кой кокуй, үйгө кирип келинди көрүп чыгалы. Экөө ээрчишип алып үйгө киришти. Бул кезде Сезим апаппак жоолукту салынып көшөгөгө отуруп калган эле. Алар аяк-биягын жыйгыча бир машина келди да ичинен кемпир түшүп үйдү көздөй басты карап тургандарга: - Ой айланайындар, кудайды карасаңар боло, кенедей кызды алакачып, - деп киргенде эле аяктан, бияктан чыга калып Сезимдин чоң энесинин алдын тосо калышты.- Капырай, сизди келин көргөнү келаткан айылдын эле кемпирлеринен экен деп атпайбызбы, кечириңиз кудагый, деп бир келин шакылдай баштаганда ал:- Тарт колуңду, кудагый деп эч нерсе боло электе, сыйыңар менен колума салып бергиле, шаардагы атасы укса жаман болот, ага билгизбей үйгө алып барып калайын.- Капырай деги сиз кимиси болосуз? - бирөө сурап калды.- Мен чоң энеси болом, тышта такси күтүп атат, болгула милийса чакыртпай эле колума салгыла!-деди Саадат эне.- Карангүүн, чоң кудагыйды тааныбай кудай уруп кала жаздаган турбайбы, - үйгө карай кыйкырып, - Оо-ой киргизгиле кудагыйды! - Сен кайдан көрдүң эле чоң энеси кууп келгенди, кудагый, судагыйы жок эле сыйыңар менен кызымды колума салып бергиле!Топурап үйдөн аялдар чыгып чоң энени үйдү көздөй сүйрөп жөнөштү эле ал жулунуп:- Койо бергиле өзүм кирем!-дегенде койо беришти. Ал акырын үйгө кирди да:-кана кызым кайсы жакта, ач кенедей асылбай кызыма жолуктургула! -деди. Аны ээрчитип төркү бөлмөгө киришкенде көшөгөдө кыздардын жанында отурган Сезим тура калды.- Апа!- Балакетиңди алайын десе, кайсы балдар сени зордоп ала качкан, мага жипке тизгендей кылып гана айтып бере сал, эртең папаң менен мамаңдар келгенде милисага берип акесин окутсун.- Апа, мени зордоп алакачкан жок, мен Рустам экөөбүз сүйлөшүп өзүмдүн макулдугум менен эле келгем.- Ок, чунак кыз, эмне деп жатасың ыя?- Кечирип кой апа, күнөө менде!-Сезим апасын кучактап ыйлап жиберди.- Карангү-үн эми эмне болот, атаң болсо жер сабап жатат, кичинекей кызымды алагачкан эмелерди көрсөтөм деп анан сени өзүм алып кетейин деп келгем.- Жок апа, келген жеримден кетпейм, андан көрө батаңызды бериңиз!- Алда-а айланайын кыз бала ай, сенин ушинтээриңди билгенде келбей койбойт белем, чычкандай кызым чырылдап ыйлап отурат го деп чыдай албай келбедимби. - Аа-а кудагый, бойго жеткен кыз ыргыткан таш деген туура, акыры бирөөнүн бүлөсү болоору бышык эмеспи. Жүрүңүз, конок үйгө, биякта жаштар отура берсин, - деп Шуру кудагыйын колтуктап коңшу бөлмөгө алып кетти. Саадат эне көп отурбай эле нан ооз тийип, отур дегенге болбой.- Мен эч нерсе билбейм, ата-энеси шаарда, алар келсе анан чечилет, өтө эле жаш кызым, эмне мынча шашты билбейм-деп эне көзүн жаштап машинага отурду, - он алтыга толо элек эле…Ошентип Калмураттар сар санаа болуп жатышты. Рустам болсо Сезимге ишенип камаарыган жок. Анткени баарын Сезим чечет деп ойлоп көңүлү ток эле.Эртеси кечке маал эки жеңил машина менен кудалар келип калышты. Кыз алган тарап тыпырап эле калышты. Арткы машинадан эки милиция түшкөндө баары элейип карап: "эмне болуп кетээр экен" дегендей кулак түрүдө. Адегенде Ишенбек машинадан түшүп тегеректеп турган элди айланта карады да:- Туугандар, менин кызымды ала качкан бала менен атасы ким?-деди токтоо.- Айланайын, сен деле кыргыз экенсиң, адамгерчилик кыл айланайын-деп эки үч кары аялдар анын жанына барып алып, күйөө балаң коркуп жатат, айып бизде айланайын, жаштар өздөрү сүйлөшүп алышыптыр…- Өздөрү деп, арбап, алдап жатып жаш кызды көндүрдүңөр да!-Ишенбек ачуулана жарданган элди жирей жөнөгөндө алар жол берип артка чегиништи, бир тобу анын артынан үйдү көздөй үнсүз ээрчий басышты, - Кана кайда Сезим, мен өзүм жолугуп сүйлөшөйүн, - деп босогого барып артын караганда Шуру эне алдынан чыга:- Айланайын мына биякта, жолуксаң жолук, мен да неберемди алып келейин, экөөнү беттештирип чогуу чаран угалы, - деп төркү бөлмөнүн эшигин ача берди. Сезим Ишенбекти көрө:- Папа!-деп кучактап ыйлап жиберди.- Кызым, мен сенден бир гана жолу сурайм, кийин өкүнбөгөндөй бол, чын эле сүйлөшүп келдиңби?- Мени кечирип коюңуз папа, биз сүйлөшүп үйлөнүүнү чечкенбиз! - Кана, балаңарды алып келгилечи! -Ишенбек өктөм унчукту.Сырттан Шуру эне кирип анын артынан башын төмөн салып Рустам кирип салам айтты. Негедир Ишенбек бир саам Рустамды тиктеп: "Капырай, бул эмне деген окшоштук, Сезимге бир окшоштугу бардай, көздөрүчү, кайдагыны эстеп жатам, мүмкүн эмес, адамга адам окшош боло боло берет да" деген ойго бериле түшүп кайра башын чулгуй көтөрө:- Кана, Сезим экөөңөр сүйлөшкөнүңөргө канча болду?- Эки жыл болду, - Рустам тартынбастан жооп берди.- Бир бир бириңдин кадыр баркыңа жете аласыңарбы? - Жетебиз!- Ох-хоо, силер турмуш курууга даяр экинсиңер да ээ?- Ооба!- Сезим, мен сенден дагы бир жолу сурайм, эч ким сени зордук менен алакачкан жокпу, өкүнбөйсүңбү? - Жок!- Айланайын, булар жаш, баш-көз болчу силер турбайсыңарбы, оң жолго салып турасыңар да, ата-энеси деле жакшы адамдар деп тургандардын ичинен ак сакалдуу адам сөз кошуп калды. Ошондо Ишенбек кайрадан сыртка чыкканда аны карыш жылдырбай турган кары жаш колтуктап калышты.- Кулдук айланайын, кулдугубуз бар, ыраазылык берип батаңды аяба, үйгө кир айланайын, - деп жатканда машинадагыларды беш алтоо барып түшүрүп үйгө киргизишти. Кымбат келген эмес эле. Ал: "отуруп калса кийин апам экөөбүз себин алып барабыз" деп калып калган Калмурат менен Айсалкын качан гана кудалар тынчып дасторконго отурганда киришти. Отургандар аларды тааныштырып кирди.- Кудалар, куда, кудагыйыңар мына айланайын, ачуулары басылсын деп силерге даабай атышты.- Айсалкын, бу сенин балаңбы?-Ишенбек таң кала сурап койду.- Ооба, баягы жолуканда ээрчитип жүргөн эки баламдын улуусу да, куданын сүрү кыйын окшойт, кире албай аттык.- Кулдугум бар куда, силерде кыз бар экен, бизде уул бар экен минтип куда болуп отурабыз. - Калмурат оң колун бооруна ала аста ийилип койду.- Тагдырдын буйругун кара Айсалкын классташым экөөбүз куда кудагый болобуз деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес.- Тагдыр, буйрук, насип деген бул кудайдын иши. Мына минтип башы жакшы башталды, Ызаат сыйлуу кудалардан болгула айланайындар! -деп ак сакалдуу адам сөзгө аралашты.Калмурат менен Айсалкын колдорунан келген ызаат сыйын көрсөтүп алдыларына беш миң сом акча менен бир ат мингизип жөнөтүштү. Сезим менен Рустамдын бир бирине окшоштугун көргөндөр жакаларын кармап жатышты.- Кудая тоб-боо, ушундай окшоштукту биринчи көрүшүм, ай, булар туугандай окшош экен да ыя?-деп бир узун кулак ушакчы аял жанындагыга шыбырады.- Койсоңчу, кайдагы бир тууган болмок эле, анча деле окшошо бербейт, сен эле окшош экен деп жатасың го.- Мага ишенбесең башкалардан деле сурап көрсөң, куюп койгондой окшош экен.- Ай андай окшош эрди-катындар боло берет, андайларды абдан бактылуу болот дешет.- Анысын ким билиптир. - Бир аз күн өткөн соң алар жөнүндө анча сөз болбой көнүмүш эле үйлөнгөн жаштар катары кабыл алышып Калмураттын үйү шаңга бөлөнүп музыка жаңырып келин көрүп келгендердин аягы суюла элек.Арадан бир ай өтүп өтпөй Кымбат менен Шуру эне дагы бир жеңеси болуп Сезимдин көшөгөсү менен кийим-кечесине кошуп бир сыйра килем, палас баш кылып төшөнчөсүн алып келип беришти. Жаштар эки жактан ата-энелеринин камкордугуна бөлөнүп бактылуу жашоонун кадамын таштап жашоонун чечилбеген сырларынын табышмагы, бактылуу күндөрдүн ээси болуп жүрө беришти. Калмураттыкына барып келгенден кийин Кымбат бир күнү Ишенбектен минтип сурады:- Ишен, Сезим менен Рустам туугандардай окшошуп турганын байкадыңбы ыя?- Кайдагыны айтасың, анча мынча окшошуп турат, окшош деле эмес, болгону экөө тең сулуу болуп элдин көңүлүн буруп атат го, аман болушсун экөө бир бирине төп жарашкан жубайлар болушту, тү-тү көз тийбесин! - Эмнеси болсо да…-Кымбат дагы бир сөз айткысы келсе да кайра айнып айтпай калды. Ал: "мүмкүн сага таштап кеткен аял ушул балдардын апасы болуп жүрбөсүн" деп айткысы келген. Бирок: "жөн эле жаман көрүнбөйүнчү, ансыз деле сенин кызың болуш керек деп деле кекетип жүргөнүм жетээр" деп ойлоп тим болду.Убакыт суудай агып, желдей сызып арадан жыл айланганда Сезим уул төрөдү. Бактылуу үйбүлөөлөр неберенин урматына кой сойуп жээнтек беришип, анын артынан бешик той кылып Куда кудагыйлар мамыры жумуру болуп жыргап эле калышты. Наристенин атын чоң ата чоң энеси койду, Бакберген деп. Бирок наристе төрлгөндөн баштап чыныкчаал болду, бара бара анын өспөй калышы бул бактылуу жаш жубайлар менен ата энелерин санаага салып атты. Анткени бир жашка чыкса да наристенин чоңойор түрү жок, буту колу чийдей болуп өйдө болууга жарабайт. Сезим бала багып жүдөп да кетти. Айсалкын менен Шуру эне деле каралашып жатты, эне деген эне го тынчызданып врачка тез тез көрсөтүп жатты. Врач бир күнү:- Силердин каныңарда окшоштук бар, ошондуктан экөөңөрдө бала болсо да нормальный бала төрөлбөйт! -деп кесе айтты.- Кантип, биздин каныбыз бирге эмес да?-Рустам врачты элейе карады.- Билем, бирок кандайдыр бир окшоштук бар…-врач ойлуу экөөнү күмөнсүрөй карап койду.- Ата-энеси биринчи группа болсо бала болбойбу? - Сезим да тынчсыздана сурады.- Жок кызым, силердин каныңарда бир жакындык бар, атаңарбы же энеңер тараптан…Сезим менен Рустам ойлонуп калышты. Ошондон көп узабай эле Бакберген чарчап калды. Сезим кыйын күйдү. Бирок алар баласынын күйүтүн тартып жатып врачтын айтканын эстеринен чыгарып коюшту. Ошол бойдон кайрадан: "жашоодо ушундай болот тура, дагы да балалуу болобуз, али жаш эмеспизби" деп ойлоп өздөрүн сооротушту. Бир күнү Рустам чоң энеси Шуру эненин жанына эркелеп олтура кетти да:- Чоң эне, Сезим экөөңөрдүн каныңарда жакындык бар экен, мындайда балалуу болуу кыйын, болсо да оорукчан төрөлөт деди врач, Сезим экөөбүздүн тууганчылык жайыбыз, илгертен бери Сезимдин ата-энелери менен жакындыгыңар жок беле? - деп сурады.- Кайдан уулум, дегеле тааныштык жайыбыз болгон да эмес, врач айта берет да, - деп койду эне.Рапиянын башкадан кыздуу болуп коңшу айылда чоңойгонун алар ойлоп да коюшкан жок.Калмурат менен Айсалкындын кайрадан машакаттуу күндөрү башталды. Анткени бул кезде сокулдап бойго жеткен Руслан дагы үйлөнөм деп чыкпаспы. Айласыз аны да үйлөнтүүгө даярданып жатышты. Рустам баарын өзү иштеп камсыз кылып ата-энесине көп түйшүк салган жок. Анын калса Рустам менен Руслан абдан эстүү болуп эр жетти. Өтө намыскөй. Тапкандарын Айсалкындын колуна алып келип үй жайын оңдоп шаардан бир бөлмө үй алганга жетишти. Рустам бул кезде бир мекеменин начальнигинин шофёру. Инисинин үйлөнөм дегенине кубанып колунан келгенин аябады. Ал турсун үйлөнүү той өткөрүүгө аракеттенип жатты.Ошол күздө Руслан үйлөндү, ачуу басарын берип, келим кетимин тозуп бүткөндөн кийин Калмурат менен Айсалкын Рустам менен кеңешип тойду шаардагы үйдөн өткөрүүгө макулдашты. Тойго келүүчүлөрдү той болоордон бир ай мурун эле чакырып коюшкан. Тойго Айсалкындын бирге окуган курбусу-сырдашы да курдашы да болгон ынак классташы Гүлнур да чакырылган эле.Ал Россияда соода кылып жүрүп Рапия менен таанышып азыр чогуу Бишкекте болчу. Ал Рапияга: - Рая, бүгүн мени менен чогуу тойго барып кел, менин мектепте бирге окуган ынак курбум тойго чакырыптыр, биринчи келинин да көргөн эмесмин, бул экинчи келини экен барбасам болбойт, -деди.- Мен барбай эле койоюунчу, көңүлүм тартпай турат, - Рапиянын баш тартканына карабай Гүлнур ээрчитип алып тойго келишти. Тойдо бака-шака болуп отургандар кызуу болуп ырдай башташкан. Гүлнур менен Рапия кирип келгенде Айсалкын жумуш менен алек болуп ары жакта жүргөн эле. Бир кезде Айсалкын келип Гүлнур менен өбүшүп калганда Рапия аны таанып же чыгып кете албай баш ийкешип койду да эптеп сыр алдырбай Гүлнурдун артынан төргө отуруп калды.Гүлнур төргө отуруп жатып Ишенбекти көрүп:- Ой сен да бул жердесиңби, классташтар бүгүн бир чер жазышат турбайбызбы? ! - деп күлүп калды.- Ананчы, Айсалкындын улуу баласы менин күйөө балам, - ошол кезде сырттан кирип келе жаткан Сезимди көрсөтүп, - бул Сезим менин кызым Айсалкындын улуу келини, -деп бакылдай кеткенде Рапия жалт карай калып Ишенбекти көрдү да башына бирөө келтек менен чапкандай кулагы тунуп: "Оо кудай бул эмне деп жатат, менин кызым менен балам үйлөнүп алган го, бул шылдыңды укпай билбей эле эбак өлсөм болбойт беле?! "деп өңү бозоруп отурганда Калмурат сырттан кирип келди. Ал төрдө отурган Рапияны көрүп не дээрин билбей бир азга отуруп анан сыр алдырбай:- Келгиле меймандар, чайга карагыла, кандай аяш?-деп Гүлнурду карай сүйлөп жатып:өзүңө чала, балдарды көрүп ичиң өрттөнүп күйүп аткандыр, деп да ойлоп алды. Алдына келген бир чыны чайды ичүүгө дарманы жетпей Рапия бозоргон бойдон отурганда Гүлнур:- Рая, бул Айсалкындын күйөөсү Калмурат, ал эми Ишенбек менин классташым, экөө кан куда экен, - Ишенбек менен Калмуратты карай, -а бул болсо менин курбум, Россияда бирге соода кылабыз, - деп калды.- Ийи-иш, - дегенге араң жараган Рапия ордунан туруп сыртка чыгып баратканда Гүлнур аны токтотууга аракет кылды эле ал үн катпай чыгып кетти.- Кечирип койгула, курбумдун артынан чыгайынчы, азыр киребиз, - Гүлнур отургандарга карай кечирим сурап коюп сыртка чыкты эле Рапияны таппай жолго басты. Ал ошол тушта так#### отуруп кетип жаткан Рапияны көрүп кыйкырып калды. Ал токтобой жүрүп кеткен таксинин артынан: "буга эмне болду, же мен тигилер менен сүйлөшүп жатып ага көңүл бурбай калганга таарындыбы. Өзүнө чала, сыйды көтөрө албаган неме го?" деп ойлоп ийнин куушуруп коюп кайра үйгө кирди. Ал киргенде үй- ээси же классташы ооз ачып: "курбуң кана, кетип калдыбы?" деп сураган жок. Той абдан көңүлдүү уланып жатты. Калмурат менен Ишенбек бир убакта эшикке чыгып сүйлөшүп туруп калышты. Калмурат тамекинин түтүнүн бурулдата үйлөп:- Жанагы аялды көрдүңбү куда, ошол балдардын апасы болчу, байкабай келип алып качканча шашты, ырыс кыйды балдарына батына албай калды да. Булар деле анча билбей калышты, - дегенде Ишенбек чоочуп кетти.- Эмне дейсиң, Рапияны айтып жатасыңбы? - деп Калмуратты тиктеп, -ой ал Сезимдин да апасы эмеспи!- Ооба, Сезимдин дейсиңби?- Ооба, Сезимдин да апасы ошол Рапия!- Олда-аа кокуй ай, балдардын убалына калган экен го ал ######, - ушул учурда үйдөн чыгып келе жаткан Рустам тыңшап калды, - Эн-неңди Шуркуя, эми эмне болот, балдар укпасын эптеп бир айласын табаарбыз, - Калмурат үй жакты карап коюп Ишенбекти жол тарапка колтуктай басты. - Болоор иш болуптур эми, экөөнү эптеп бир шылтоо таап ажыраштыралы! - Балдар кантээр экен, биздин тилибизди алып алар ажырашабы, экөө жандан башкача ынак, кудай урганда мындай болоорун ким билиптир, кой эми тойду тынчыраак өткөрөлү, - деген экөө эч нерсе болбогондой боло үйгө киришкен менен экөө тең жүрөк өйүгөн сары санаа кыжаалат ойдо отурушту.Алардын сөзүн уккан Рустам Калмурат менне Ишенбек басып кеткенде көзүнө жаш кылгыра ары көздөй караңгы тарапты көздөй буйтка, элге көрүнбөгөндөй жерге барып алып өзүнө келе албай ыйлап жатты: "Көрсө врачтын айтканында чындык бар тура, энекем ай!!! Ушундан көрө жаратпай койсоң эмине, туубас болбойт белең, эки балаңды алпештеп багып ыраатын көргөндүн ордуна азапка салганыңды сезген экенсиң да, эмне кылам, Сезимдин өз бир тууганым экенин билбей…" . Кайсы бетим менен эми кайра эрди -катын болуп жашамак элек? Жок, жок эми мага бул жашоодон көрө өлүм артык! деген чечимге келип көзүнүн жашын аарчып эч нерсе болбогондой үйгө кирди. Бул убакта Калмурат менен Ишенбек үйгө кирип отуруп коноктор менен бажырашып отурган. Эшиктен кирген Рустамды экөө тең жалт карашты, Рустам эчтеме укпагандай алардан көзүн ала кача кайра сыртка чыгып алдынан чыккан Сузим Рустамды бактылуу жылмая колтуктап эркелей кетти.- Рустам, сен эмне көңүлүң чөгүп калды, көздөрүң кызарып калгандай, бүгүн Русландын тоюнда сен кабагыңды бүркөгөнүң болбойт! Кана күлүп койчу, жаным десе.- Сезим, Сезимтай! !! - Рустам Сезимдин эки ийнинен ала, - Сези…. - деп айтып жибере жаздап, - Сези, кагылайын мени кыйнабачы, башым ооруп турат, - Рустам: "экөөбүз энелеш бир тууган турбайбызбы, убагында билсем гана аттиң!" деп көзүнө келе калган жашты көргөзбөөгө аракеттене сыртка чыгып кетти. Сезим: "Бирөө капа кылдыбы, эмнеге мынчалык сабыры суз болуп калды? Башы ооруп турса дары берсемби?" деген ойдо Рустамдын артынан карап калды. Үйлөнгөндөн бери биринчи жолу Сезимди Сезимтай дегендиктен ойлуу ашканага кирип бирдемеге алаксый түштү. Рустам шашып кайра кирди да кастюмунун төш чөнтөгүнөн блокнот алып бир барак айрып алды да чыгып баратып Русланды бекем кучактап өөп:- Рус. Мына биз чоңойдук, атам менен апамды жакшы кара Сезимди капа кылбагыла, ал.. - деп баратып анан күлө, - келин бала экөөңөр бактылуу болуп узак жашагыла деди эле Руслан:- Экөөлөп десең, экөөлөп жакшы карайбыз, мен сенин да бактылуу болуп узак жашашыңа тилектешмин аке! - деп ал дагы Рустамды кучактап өөп далысынан таптап койду. Аңгыча Сезим ашканадан чыга калды эле Рустам аны чекесинен сүйө:- Садагам, Сезимим…-деп сыртка чыкты. Ал ошол бойдон кайрылган жок. Кат жазды да кастюмунун чөнтөгүнө салып койду. Каттын мазмуну мындайча эле:"Ата-, апа менин тагдырым талкаланды, Сезим экөөбүздүн бир тууган болуп чыгып калганыбыз өкүнүчтүү! мындай болоорун ким билиптир, ата бул үчүн апабызды күнөөлөбөгүлө, жаштык, мастык кылгандыр, бул тагдырдын иши! Төрөгөнү үчүн, ак сүтүн бергени үчүн ал күнөлүү эмес, анын атына жаман сөз айтылышын каалабайм, энелик мээримин төкпөсө да, жүзүмдөн сүйүп жакшы сөзүн айтпаса да мени бул жашоого алып келгени үчүн анын алдына менин ак сүтүн актоо милдетим болчу бирок, аттиң бул оор тагдырдын, жазмыштын салганы көтөрүүгө чамам, кудуретим жетпеди, алсызмын азыр, ызалуумун… көөдөнүмдө кайгынын оту күйүп жүрөгүм ызадан ыйлап жатат. Ата, апа мени кечиргиле. Апа мен сиздин мээримиңизге бөлөнүп өз энемден артык бапестеп өстүргөнүңүз үчүн карыздармын, бирок ал карызыңыздан кутула албай кетип жатам! Кош апаке, кош апаке. Кош жарык дүйнө, мен үчүн кең дүйнө. Мен үчүн кең дүйнөдө орун калбагандай дүйнөм жарып жаным кейип турат. Өмүр бою бул жаңылыштыгымды ойлоп эзилгенче өз ыктыярым менен өлүмгө баш ийдим. Өлүм ак, мен баарыңарга ыраазымын! Суранам апакемди күнөөлөй көрбөгүлө. Менин силерден акыркы суранычым Сезимге эч нерсе айтпагыла. Алыс. Алыс алып кетип алаксытып көңүлүн көтөргүлө! ? Кагылайын Сезимтай мени.. . билип угуп калса кечирээр. Ага бир ооз айтпаганымдытүшүнөөр. Анын өмүрүн сактагыла! Силердин армандуу кеткен уулуңар Рустам…" деп ыйлап отуруп жазды да костюмунун чөнтөгүнө салып коюп, колундагы жипти колуна алып курулуп бүтпөй турган кабат үйдүн ичине кирип экинчи кабатка чыкты да тарбайып турган арматурага байлап бир учун илмек кылып моюнуна илип туруп буйдалбай бой таштады.Калмурат менен Айсалкын конокторун узатып үйүн жыйыштырып болуп жат жатка келгенде Сезимден Рустамды сурашты.- Ыя Сезим, Рустам кайда кеткен көрүнбөйт да?
#КукукЭнеЖеСойкунунТаг
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6