Айсалкын төркүнүнө келгени канчалык өзүн алаксытып өз көңүлүн өзү көтөрүп өткөндү унутууга аракет кылса да Калыбек оюнан кетпей үч күн үч жылдай болуп баратты. Улам анын айткан сөздөрү кулагына жаңырып, "ичип алып бир нерсеге кабылбаса экен" деп кайрадан аны аяп атты. Кантсе да биринчи күйөөсү, төрт жылдай чогуу жашап жыты сиңишип калгангабы кайрылып баргысы, анын абалын билгиси келип туруп алды. Ошол күнү Айсалкын кирин жууп өзү да жуунуп алып:- Апа, Калыбекте күнөө жок, менин төрөбөгөнүм күнөө болуп жатат, ичип алып бир нерсе болбосун, мен барайын, -деп апасына кеңешип отурганда эне ойлуу кызын тилмире тиктеп алып:- Өзүң бил каралдым, бирок ушул бойдон андан алыстап, ушундайда ажырашып алсаң болот эле чайналбай, -дегенче сырттан кобур, собур үн угулуп кайненеси кирип келди.- Жакшы жатасыңарбы кудагый, мал-жан эсенби, жаман уулуң чоңоюп жатабы, капырай ушул жерде туруп ал абалыңарды да сурай албайбыз, - деп кобурап келип кудагыйын кучактап учурашып калды. Айсалкын кайненесинен ыйбаа кыла ордунан туруп барып төрдө жыйылып турган көлдөлөңдөн салып кирди. -Айланып кетейин десе, келиним десем кызымдай эле болуп калды, кудаанын буйругу экен балалуу болбой экөөнүн арасына кара мышык аралап балакет болду. Калыбек бирдеме деп көңүлүн оорутуп койгон окшойт бир ооз айтпай баса бериптир. -отуруп жатып божурай берди.- Ээ кудагый, пенденин колунан келбейт тура, биякта отуруп мен деле кудайга жалынып ушуларга жок дегенде бир перзент беришин тилеп турам, арга канча.Бир топко чейин сүйлөшүп отуруп түш оой бергенде Айсалкындын кайненеси:- Айсалкын, эстүү жансың садага, азыр жүр деейм, бир аз күн кудагыйдын жанында болуп сагынычың тараганда үйгө бар, айланайын, өз үйүң өлөң төшөгүң.. . бара гой!-деди да жөнөп кетти.Арадан эки күн өтүп Айсалкын апасы экөө үйдө чай ичип отурганда сырттан Калмурат кирип келди. Аны көргөн Айсалкын негедир чоочуп барып анан:- Кел, келгиле, жөн-жай элеби?-деп ордунан тура калды.- Жөн жай эле…-Калмурат турган ордунда кайра сыртка чыгып кетти. Аңгыча эшиктен кобур- собур үн угулуп үч-төрт аял үйгө кирип келишти да бири:- Айсалкын айланайын, кайненең өтүп кетиптир! -деп Айсалкынды кармай калды.- Кантип эки күн мурун эле жакшынакай эмес беле?-Айсалкын ишенээр ишенбесин билбей ар кимисин делдейе карап туруп калды.- Ажал айтып келбейт балам, тур жөнөйлү кийин, -дегенде гана Айсалкын:- Ай-ай!-деп бакырып ыйлап кирди.Ошентип, алар арыдан бери камынып жөнөп калышты. Жеңеси менен кошо үч-төрт аял кошо ээрчип алды. Алар жетишкенде үйдү курчап турган элди көрүп Айсалкын бир нерсени сезгендей чаңырып калды эле эки аял жетип келип Айсалкынды кармап:- Айланайын, Калыбектен ажырап калдык, -дегенде Айсалкын жулкунуп үйгө кирип барып көшөгөнүн ичине кирип барып узунунан жаткан өлүктүн үстүндөгү бетине жапкан жабууну ачып жиберип кучактай жыгылаарда беш-алты аял тартып алышты.- Жо-оок, мен ажырабайм, мени кошо койо бергиле, мен кошо жатам, мени койо бергиле!! !-деп барып өзүн жоготуп койду эле аялдар аны сүйрөп сыртка алып чыгышты да бетине суу чачып жатып зорго эсине келтирди. Ботодой боздогон Айсалкын Калыбектин артында туяк калбаганын, өзүнүн төрбөгөнүн арман кылып айтып көз жашын төгүп үч күн бою үнү басылбай, үнү бүтүп сүйлөөгө дарманы калбай калды.Уккан элдин баары кошо ыйлап, Айсалкындын кошокчулугуна тамшанып коюп отурушту. Акыры өлгөндү көммөк парз эмеспи Калыбекти жайына беришти. Ошондо гана Айсалкын эсине келип:- Эмне болуптур, киши колдуу болгон го, денеси көкала экен?-деп кайненесинен сураганда ал:- Ким билсин, баягы сен кеткендеги бойдон ушинтип келбедиби. Кимдер менен жүргөнүн же кайда жүргөнүн айтпаса, көчөдө жаткан жеринен таап келишти,- Жөн койбош керек, иликтеш керек, мен ким өлтүргөнүн изилдейм! -Айсалкын улутуна көзүнүн жашын аарчыды.- Аа-а балам, өлгөндү өз жайына тынч койолу, өлтүргөн неме оңмок беле, кан куткарбайт, ал да азабын тартаар, - эне үшкүрүп койду.Айсалкын үндөбөй калды. Аргасыз ажалга алдырып ийип бир туугандары, энеси, алган жары боздоп кала беришти.Ичинен кан өткөн Айсалкын: "байкушум балалуу болбой арманда кетти го, мага нааразы болуп жүрбөсүн, сөзсүз арбагы нааразы болот болуш керек?" деп Айсалкын басса турса ойлонуп абдан чүнчүп да арыктап кетти. Бул учурда Калмурат өзүнөн өзү чүнчүп жүргөн Айсалкынга ээндетип жолуга албай жүрдү. Аңгыча жыл айланып Калыбектин кара ашын беришти. Айсалкын үн-сөзсүз өз арманы ичинде болуп "жок дегенде бир эле балам болгондо эмне, өмүрү кыска экен, артында бир бала калганда эмне, эрмек кылбас белем" деп күйүттүн кара түнүнө уугуп жүрө берди. Кайненеси ичинен: "байланаар баласы болбосо акыры бир күнү кетем дээр, айла канча уулумдун артында бир баласы калбады…" деп өзүнчө санаада. Андай мындай дегиче дегендей арадан үч жылдын кантип өтүп кеткени билинбей калды. Айсалкындын апасы, эки тууганын ээрчитип келип айсалкындын азаттагын сурап калды.Конокторго арналып кой союлуп, дасторкон жайылып, кайненеси Салкын эне, дагы тууган уругун жыйып куран окуткандан кийин Бурма эне сөз баштады.- Кудагый, кудалар, силер менен сүйлөшөйүн деген сөзүм бар, буйрук экен, ушул жалгыз кызымдын көз жашын көрбөсөм дедим эле, айла жок, жок дегенде бир баласы болгондо эмне?.. Силерге ылайык келсе Айсалкынды алып кетейин, өзүм болсо карыдым, арыдым, өлөрүм эле калды, өлөөрүмдө жанымда болсун, - деп кудагыйын карады. Ошондо Салкын эне көзүнө жаш ала минтти:- Аттиң арман десең, артында бир туяк калбады, арга жок тура ажалга, болбосо жашым жетимиштен ашты, келсе ажал мени албайбы…- Көпкө үнсүз отуруп калганда баары анын оозун карап калышты, - Мен буга Айсалкынды күнөөлөй албайм, ал деле балалуу болуп очор бачар болгусу келген эле, мен баарын сезип туюп эле жүрдүм, бул тагдырдын буйругу да, барса барсын, мен келиниме ыраазымын, жаш али бир жерден болбосо бир жерден бак айткысы бардыр, бактылуу болсун, ыраазымын! - Туура айтасыз жеңе, Айсалкын али жаш, бак айтсын, акылдуу кишинин айтаары ушул да!-деп бирөөсү коштоду аны.Ошентип, сөз бүтүп Айсалкын кийим-кечесин даярдап жатканда сырттан Калмурат кирип келип бирөөнү чакырып чыгып кетти да бир аздан кийин чыгып кеткен киши кирип үйдө отургандарды тегерете карап:- Менде бир такилип бар, эгер силерге туура келсе айтайын, - деп калды. Ал, Тентимиш деген киши эле.- Айт, айта бер айланайын, - деди Бурма эне аны таңдана карай.- Менин такилибим мындай, илгертеден элибизде жакшы сөз бар эмеспи, "Жакшыны жатка чыгарба" деген. Агасы өлсө иниси бар дегендей…- Муну кандай деп түшүнсөк болот?-деди туугандарынын бири.- Айтайын дегеним, келинди кетирбей эле кайнисине нике кыйдырып алып берсек болбойбу?- Ким бар ылайык, Айсалкынды ыйлатпай куштап ала турган балдарыбыз барбы?-Салкын эне "кимди айтып жатат бул" дегендей тигини оозун карап калды.- Ал бул эле Төрөбек акемин баласы Калмуратчы, ал эмне кайниси эмеспи же, аны өзүңөр билесиңер жаман деле адам эмес, - деп Тентимиш "эми буга эмне дешээр экен" деп ар бирин карап туруп калды.- Ойлоно турган иш экен, Калмурат деле жаман жигит эмес, андай болсо анын өзүн да апасын да чакыра койгула, - деген Калыбектин улуу агасы Нурмат апасын карады, - Салтты аттап өтө албайбыз, буга Айсалкын да эмне дээр экен?-деп сырткы эшикти карады. Ошол учурда кийим-кечесин жыйыштырып бүтүп калган Айсалкын бул сөздү угуп калып мууну калтырап ыйлаган бойдон кирип келди:- Жок, жок мен эч кимге тийбейм да эч жакка кетпейм, мени өз жайыма койгула!- Балам, Салкын эне Айсалкынды карап токтоо үн катты:-Сен али жашсың, мен буга каршы эмесмин, анткени Калмурат өзүбүздүн бала, жаман жигит эмес, ойлон балам, кирип-чыгып сени өзүм да көрүп турайын, Калыбегимдин өзү болсо ушул иш болмок беле балам, тагдырдын салганына көнбөскө чарабыз канча?!-үшкүрүп алды эне, - Ойлон айланайын, бүгүн эле дебейбиз, али убакыт бар, ойлон.Ары кетип, бери кетип ар кимиси ар кайсыны айтып Айсалкынды көндүрө албай жатканда Калмурат апасы экөө киришти. Калмуратты көргөн Айсалкын аны жаман көзү менен карап сыртка чыгып кетти. Бул анын: "эмне десеңер ошо, аргам канча улуулардын сөзүнөн чыгып каргышка калбайм" деген ойдо баарына кайыл болуп тагдырына аргасыз көнгөнү эле.Ошентип, ал күнү эки тарап бир бүтүмгө келишип, Калмуратка Айсалкынды алып бирмей болушту. Бирок Бурма эне Айсалкынды үйүнө алып кетип ошол жактан узатмай болду. Арадан ай өткөн соң Калмурат апасы, жеңеси менен кошо үч төрт туугандары менен келип Айсалкынды алып кетти. Айсалкын келгенден эле Рустам менен Руслан ага жакын болуп "апалап" калышты. Ан сайын Айсалкын аларга эзилип ою менен болуп өз жанынан артык көрүп: "өзүм туубасам, апалап турган балдарды кантип жеримек элем, ушуга да шүгүр" деп өзүнчө ичтен тобо кылаар эле. Калмурат болсо Айсалкындын кареги менен тең айланып өзүнчө бактылуу болуп жүрдү. Мурда-"Калыбекке кор болуп жүрөт" деп боор ооруса эми жакшы аял өз жанында, өз койнунда, балдарына эне болуп калганына абдан ыраазы.***Ишенбек Айсалкын менен бир класста окуган эле. Экөө бир айылдан. Сезим күндөн күнгө чоңоюп келе жатты. Улам чоңоюп көзгө көрүнгөн сайын чоң-эне чоң атасынын сүймөнчүгү болуп кадим эле Рапиянын өзү болуп чоңоюп баратат. Ишенбек да бат, баттан келип кызын көргөндө Рапияны көргөндөй болуп анын кылыктарын эстегенде кыжыры кайнап, ыракаттуу түндөрүн эстесе өзүнчө бактылуу жылмайып кээде аны издеп баргысы келет. Бирок аны издегенде эч пайда болбосун эстеп: "Өңү сулуу болгону менен жүрөгү мэрез, акылы кыска тура" деп ойлоп кайрадан өз үйбүлөөсүн андан артык көрүп кетчү. Бир күнү Айсалкын апасы катуу ооруп калып жанында болуп калды. Эки уулу жанында. Алар Айсалкындан карыш ажырабай кайда болсо ээрчип алышчу. Ошондо да Айсалкын балдарын ээрчитип алып дүкөндөн кетип жатса алдынан Ишенбек чыгып калды.- Ой, оо-ой, мен кимди көрүп турам ыя, кандай Айсалкын, денсоолуктар жакшыбы?-Ишенбек аны көрүп эле жаркылдап жайнап учурашып, жанындагы койондой окшош балдарды колдоруна ала коюп өөп:-бул жигиттер өзүндүкүбү ыя, ой азаматтар десе, жакшы жигиттер тура, - Айсалкынды карап, - деги кандай ыя класташ, жашоо, турмуш аяш кандай?-деп калды.- Жакшы, жакшы, а өзүң кандайсың, бала-чака чоңоюп жатабы?-Айсалкын ага күлө бага жооп берип жатты.- Абдан жакшы, менин үч уул-бир кызым бар, аяшыңдын аты кымбат. Буйруса таанышаарсыңар. - Жакшы экен, эмесе Ишен, мен барайын, апам ооруп жатты эле, эртерээк барбасам болбойт, карыган неме бир аз эле көрүнбөй калсам издеп калат.- Макул анда, Айсалкын, жакшы бар, - Экөө эки жакты көздөй кетишти. Ишенбек Айсалкындын жанындагы татынакай балдарды көрүп ичинен таң калып жатты: "Айсалкынды төрөбөй жүргөн балалуу боло элек дешпеди беле, булар кимдин балдары, же экөөнү тең багып алды бекен?" деген ойго берилип үйүн көздөй басып баратты. Үйүнө келгенден кийин апасынан сурады эле ал.- Биринчи күйөөсүнөн төрөгөн жок, ал бечара, ал күйөөсү киши колдуу болуп өлбөдүбү, үч төрт жыл мурун. Андан кийин бир кайнисине тийген, балдар ошонун мурунку аялынан экен-деп жооп берди. Ошондо гана Ишенбек Айсалкынды аяп койду ичинен: "байкуш кыздардын ичинен жакшы кыз эле, өзү төрбөй калган тура?" деп бир азга ойлуу болуп отуруп анан шаардагы өз үйүн көздөй жөнөөгө ата- энеси менен коштошуп, Сезимди өөп коюп чыгып кетти.Ошол бойдон Ишенбек шаарда иштеп соода менен алек болуп өз тиричилиги менен күн өткөрүп жатты. Аялы Кымбат болсо Сезимди өз балдарындай сүйчү эмес. Көргөндө ирээнжип: "кантип эле өз энеси таштап кетсин, Ишенбек калп айтып мени алдап койду, акыры билинет болуш керек, ошондо шашпа…" деп ичинен күйөөсү Ишенбекти да Сезимди да жек көрүп кетчү. Ишенбек күндөгүдөй эле ордунда соода кылып жаткан. Ал Аламедин базарындагы "вешевойдо" соода менен алек болуп кардалдарды тейлеп жаткан эле, бир кезде жанына Рапия келип:- Кандай Ишенбек жакшысыңбы? -деп туруп калды. Ишенбек бир азга делдейе аны карап туруп анан:- Жакшы эле, эмнесин сурайсың, - деп терс бурула бергенде,Рапия: - Ишенбек, кечирип кой мени, Сезим кандай, чоңоюп калдыбы?-деди жалоорууй. -көрсөм болобу аны, тили чыгып сүйлөп калгандыр ээ, үчкө чыгып калды…-деп Ишенбектин маңдайына келди.- Сезим менен ишиң болбосун, ал жөнүндө ойлонбой да койсоң болот, экинчи менин жаныма келип аны сураганыңды токтот!- Койчу Ишен, мен анын энеси эмесминби, кантип сурабай койом?!- Сураба, мен сени тааныбайм дагы, тынчымды албай бул жерден жогол!-Ишенбек ачуулана кыйкырып жиберди.- Макул, сурабайын, деги аман жүрсө болду, - деген Рапия көзүнүн жашын куюлта басып кетти.- Эн-неңди урайын десе, - Ишенбек көпкө ачуусун токтото албай сүйлөнүп жатканда жанында жанаша соода кылган аял аны карап:- Ой Ишенбек, эмнеге эле ачууланып жатасың, бул ким эле?-деп сурап калды.- Энесин урайын, тааныбайм дагы…-деп сүйлөшкүсү келбегенин билдире терс карап кетти.- Кайран эр десе, сенде бир иш бар го, бул аял-жөн аял эмес, өңдүү-түстүү эле аял экен, - деп ийнин куушура тигил Рапия кеткен жакты карап койду.Ошол күнү кечке Ишенбек өзүнчө кыжаалат болуп, кыжыры келип, өткөндү көз алдына келтире берди: "Ошонун сулуулугун урдум, ушул деп үйбүлөмдү кечип кете жаздабадым беле, өзүнө өзү кылды, болбосо айтканын айткандай кылып ою менен болбодум беле, баладан айлангыр, кызыл эт баланы кыштын күнү койнума катып келип чоңойтуп алып энең ушул демек белем, керек болсо энеси, атасы бар эрке кыз-ал, ал сендей болбойт!" деп ичинен Сезимдин көпөлөктөй болуп алдынан чуркап чыгып аталаганын эстей элжиреп алды.Күндөр өтө берди, андан кийин Рапия Ишенбекке келген жок. Ал эми Сезим болсо чоңоюп энесинин жеңилин жерден алган куракка келип мектепке да барып калды. Чоң ата чоң энесин өз ата энеси катары көрүп Ишенбекти болсо байке деп койот. Ишенбек аны жалгыз кызы катары кийим-кечесин камсыз кылууну өз мойнуна алган сайын Кымбат:- Эмне эле Сезим, Сезим деп турасың, ошонун таштанды кыз экенине ишенбейм, бир сыр бар, сен менден жашырып жүрөсүң, - дей берет.- Койсоңчу жаным, мен сенден эмнени жашырмак элем, болгону баланы жакшы көрөт эмесминби, экинчиси кызыбыз жок, кыз кылып алалы деп ойлогом, сен кабыл албадың, атамдарга эрмек болуп чоңоюп жатат, балада эмне күнөө, көрөсүң го абдан сулуу кыз болот, - деп Ишенбек Кымбатты ишендирүүгө далалаттанат. - Апасы да сулуу беле?-Кымбат ансайын Ишенбектин жинине тийе сүйлөйт.- Апасынын сулуу экенин кайдан билем, суукта оронуп-чулганып алган жаш келин болчу, - ал да турмушта жаңылып жазып калгандардын биридир да, болбосо кандай эне өзүнүн баласын чоочун бирөөгө таштай качсын-деп Кымбатты кучактай минтти:- Кымбат, Сезимдин өгөйлөбөй жүрчү, мээримиңди аябачы жаным, ал деле бала да…- Болуптур эми, андай болсо го мейли, эгер сырың ачылган күнү менден жакшылык күтпө, уктуңбу?- Уктум жаным, уктум, мындан ары Сезимге өзүң деле кийим- кеченин жакшысын алып берип турсаң, чоңоюп баратат, кыз баланы жакшынакай карабасак болбойт.- Негедир улам чоңойгон сайын татынакай болуп менин жаман оюмду жоготуп бараткансыйт, айтпасаң деле өз кызымдай сезип кетем кээде, - ырас эле балада эмне күнөө деп өзүм да бара, бара жакшы көрүп баратам.- Ыраспы Кымбат, ырас айтпасыңбы, ушундай акылдуу келинчегим бар эле дейм да, -Ишенбек Кымбатты кучактап өөп өөп алды да жаш баладай кубанып кетти.- Балада эмне күнөө, анын үстүнө ымыркайыңды өз колубузга келгенге өз кызымдай көрөм же кызыбыз жок болгонго буга аябай тартылып туруп алам.- Өзү да сүйгүнчүктүү кыз ээ Ишен?- Ооба да, кези келегенде аябай сулуу кыз болуп, далайлар куда түшүүгө эшигибизге келет го буйруса, ошондо өзүң чечесиң да кимге берээрди.- Эмне, энеси турса мен бийлик кылат белем?- Эми-и сен жеңеси катары деле чечип койосуң да-Ишенбек Кымбатты дагы бирдеме деп жибереби деп буйдала калды.- Аны убагында көрөрбүз, чоңойо берсинчи, - Кымбат ал жөнүндө сөз бүттү дегендей төркү үйгө карай басты. Ишенбек өз оюнду: "Буйруса Кымбат деле баш ийет экен, Сезимди өгөйлөтпөй, өз энесиндей болуп кетсе… Кокус Рапия бирөөлөргө экөөбүз жөнүндө айтып коюп угулуп калсачы, анда эмне болот, ошондон кудай сактаса экен" деп ойлонуп Кымбаттын артынан басты. Балдары биринин артынан бири чоңоюп баратат. Турмушу ойдогудай. Күнүнө жыйырма миңден отуз миңге чейин соода кылат. Жалаң кымбат баалуу импорт пальто, кайыш курткаларды сатат.Ишенбек Рапия дагы келеби деп күттү. Бирок келбеди, дайыны да билинбеди. Эгер дагы кайрылып келсе: "Эгер экөөбүз жөнүндө бирөөгө айтсаң өлтүрүп койом, сен эне болууга татыктуу эмессиң, сен көчө катынысың билесиңби кандай абалда калганыңды, бапестеп бакканымдын кадырына жетпеген күнөө өзүңдө, эми оозуңдан сөз чыкса таарынба" деп айтууга камынып жүрдү. Күткөн менен ал көзүнө ошол бойдон көрүнбөдү. Жай турмуштары өз орду менен өтө берди. Колунда байлык бар үчүн дос, жолдошту, тууган-уруктун алды. Каттоосу көп. Бара, бара каникул убагында Сезимди шаарга алып көрсөтүп каалаган кийимин, куурчак алып берип Кымбат да аны өгөйлөгөнүн коюп, кайда барса ээрчитип алчу болду. Ан сайын Ишенбек ичинен кубанып Кымбатка ыраазы боло мурункудан да сүйүүсү артып, көңүлү шат.***Калмурат менен Айсалкын балдарын бапестеп багып өздөрүнчө бактылуу. Айсалкын гана кээде: "өзүмдөн бала болбогону өкүнүчтүү, неге кудайым бир кызыл этти менден аяды экен, жок дегенде бир кыз берип койсо эмне" деп эки жыл өтүп үч жылга карганда Айсалкын эч нерсе ичпей ооруп жатып калды. Ичкен жегенин кусуп ордунан туралбай калды. Өңүнөн азып арыктап да кетти. Кайненеси менен мурунку күйөөсүнүн апасы Салкын эне анын жанында сүйлөшүп отуруп:- Айсалкын, өңүң азып кетти, доктурга көрүнчү балам, оорудум деп жата бербей, -деди эле кайненеси дагы аны коштоду.- Мен айтып эле жатам, көрүнсө болот эле.- Эч жерим оорубайт деле, болгону тамакка табитим жок, бирдеме ичейин десем жүрөгүм айланып кусам…-Айсалкын ооруганын мойнуна алгысы келбей жооп берди.- Мейли өзүң бил айланайын, көрүнүп дарылансың жакшы болот эле, создуктуруп аласыңбы деп корком, - деп кайненеси Шуру ордунан турду. Салкын менен Шуру сыртка чыккандан кийин да көпкө кобурашып отурганда Шуру минтти:- Аа-ай жеңе, Айсалкынды кош катпы деп ойлойм, талгак болуп калган го?!-деди.- Койчу, чын элеби?-Салкын анын сөзүнө бир азга ойлуу боло калды. -Айсалкын азыр канчада ыя?- Отуз экиде го сыягы, Калмураттан эки, үч жаш эле кичүү да, Калмурат быйыл отуз беште.- Анда төрөй турган эле экен, капырай байкап көрчү ботом, болсо болсун байкушум…-деп Салкын эне ойлуу: "төрөсө төрөйт да, менин уулумдан төрөгөндө бир туяк калып калбайт беле" деп ичинен сызып алды. -Калмуратка айтып эртең доктурга алып барып көрсөтсүн, бат эле билип койот доктурлар.- Ооба, ошентейин, мен шекшип турам, бул ит талгак болуп тамак иче албай жатат, мени тартса керек, мен дагы баардык балдарымды ит талгак болуп үч-төрт айга чейин тамак-аш ичпей эле соолуп жатып калчумун.- Андай болсо эртерээк көрсөткүлө: - Эртең өзүм деле шаарга алып барып көрсөтүп келем, көрөсүң го бул талгак эле.- Болсун айланайын, төрөсө төрөп алсын.Булардын сөзүн ордунан туруп кусканы чыгып келе жаткан Айсалкын угуп алып кубанаарын же ыйлаарын билбей бир топко ишенбей туруп калды: "Капырай, мен төрөймбү ыя, кантип эле талгак ушундай болсун, андай болоор күн кайда?" деп ойлонуп сыртка чыкты да окшуп куса баштады. Ошол күнү Айсалкындын түшүнө Калыбек кирди. Ал аппак болуп кийинип алыптыр, Айсалкын аны көрө калып артынан ээрчийин дегенде ал: "Сен кайда, бул жакка сен келүүгө болбойт андан көрө тээтиги жерде алма бар ошону алып жегин, мен сага деп алып койгонмун" деп карааны көрүнбөй калат. Айсалкын жүгүрүп ал көрсөткөн жерди караса чын эле кыпкызыл болгон бир алма туруптур, аны алып эми тиштеп жейин дегенде Калыбек кайра пайда болуп: "Токто, аны азыр жебе, үйүңө барганда жейсиң, Айсалкын, мен мындан ары сенин жаныңдамын, сени менен биргемин уктуңбу мен сенин жаныңдамын! " деп көрүнбөй калганда Айсалкын чоочуп ойгонуп кетти. Кара терге түшүп калыптыр. Анын чоочуп ойгонгонун сезген Калмурат:- Сага эмне болду Айсалкын, чоочуп ойгондуңбу? -деди.- Ооба, чоочуп кеттим.- Чоочуба алтыным, биягыңда мен, тиягыңда эки уулуң жатпайбы, - деп эки жагын кымтылап кучактап жатып алды.Айсалкын түшүндө Калыбекти көргөнүн жашырып айткан жок: "Өлгөн киши түшкө кирип алма бергени жакшылыкпы же жамандыкпы? " деп ойлуу көпкө чейин Калмураттын жанында шыпты тиктеп жатып уктап кетти.Ошондон баштап Айсалкынга машакаттуу жашоо башталды. Кусканы басыла баштаганы менен тамак ичүүгө көңүлү чаппайт, үй тиричилигин жасай кыбырап жүрүп күндүн ысыгында үйгө жата калган эле. Көзү илинип илинбей босогодо Калыбектин турганын көрдү. Ал жөн гана аны карап турган экен. "Эй сен эмнеге босогого туруп алдың бери өт" деп Айсалкын аны мурдакысындай эле жанына чакырганда ал: "Жок, мен сенин жаныңа барбайм, бирок жаныңда эле жүрөм, баса алманы алдыңбы?" деп сурады. "Ооба алгам" Жакшы болгон тура, атайын ошол алманы сага арнап койгомун" "Эмнеге бир эле алма арнадың, экөө же кө-өптү койсоң болбойт беле?" "Ошого шүгүр десең, Айсалкын, ал алма менин жан дүйнөмдөн бүткөн алма", ошон үчүн мен мындан ары ар дайым сени менен биргемин, жаныңдамын! " деп Калыбектин үнү жаңырыктай болуп өзү көрүнбөй кетип түшү экенин билди. Анын ички үйдө кыйкырган үнүн уккан кайненеси Шуру эне кирип келди.- Эмне болду Айсалкын, эмнеге кыйкырдың?- Көзүм илинип кетиптир, чоочуп ойгондум.- Ийи, чоочубай жүр айланайын, чынбы, төгүнбү деп турганда…-деп барып унчукпай калды эле Айсалкын:- Эмне дейсиз?-деп сурап жиберди.- Тиги сени кош кабат го деп жүрөм, аял киши талгак болгондо кусат, уктайт.- Коюңузчу, чын элеби?-Айсалкын көздөрү жайнай күлүмсүрөдү. - Ырас эле айланайын, кудайдан болуп төрөп алсаң ажеп эмес.- Оозуңузга май апа, мен төрөгөндү ойлобой калбадым беле, кечээ түшүмдө…-деп келе жатып "Калыбекти айтсам эмне дейт жаман көрөт го?" деп такала түштү.- Айт, айта бер, түшүңдө эмне болду?-Шуру эне кызыга сурап калды.- Түшүмдө Калыбек кириптир…- Ок! Өзү менен кетсин, ийи?- Калыбекти көздөй мен жүгүрсөм ал мени биякка келбе ары жакта бир алма бар ошону алып ал деп өзү жок болуп кетти.- Аа-аа байкуш, ырыскысын бериптир, анан кыз төрөйт экенсиң балам ал сага алма бергени жакшы болгон экен, - деп Шуру эне сырткы үйгө чыгып дасторкон жайып Айсалкынды чакырды. -Кел Айсалкын, куран окуп койолу, арбагы колдосун, ыраазы болсун!-деп Калыбектин арбагына багыштап куран окуду да өз ишине киришти. Келинине көңүл бурбай жумушун жасап жүрдү: "байкуш отузга чыккыча төрөбөсө мунун төрөтү кандай болоор экен, эптеп аман-эсен көз жарып алса болду" деп ичинен аны аяп жатты эне. Кантсе да аялзаты, эне эмеспи. Ошонун эртеси Калмурат Айсалкынды ээрчитип айылдык акушерге барып текшерткенде, Айсалкынды эки жарым айлык боюнда бар болуп чыкты. Айсалкындын кубанганында чек жок эле. Көзүнөн жаш куюлуп кубанычына чыдабай ыйлап жиберди.- Ай келин, сага эмне болду?-акушерка ага таң кала суроо берди.- Эжекебай, төрөгөндөн үмүт үзүп койгон элем, өңүм же түшүм экенине ишенбей турам, ырас эле боюмда бар бекен?- Ооба, чын айтып жатам, куттуктайм сиңдим, ыйлай турган жөнүң бар экен, кубанычтан ыйлап жаткан турбасыңбы. Сыртта күтүп турган Калмурат Айсалкындын ыйлап келе жатканын көрүп чоочуп, алдынан тосо сурай кетти:- Айсалкын, сага эмне болду, эмнеге ыйладың?- Айсалкын сүйлөй албай энтигип көзүнүн жашын тыя да албай жашка жуулган жүзүн күлүк чайып:-мени, мени.. . боюңда бар деди, - деп күлүп да ыйлап да жатты.Калмурат кубанганынан Айсалкынды жерден так көтөрө калып айлантып бетинен өпкүлөп:- Алтыным десе, оозуңа май, сен эми мага кыз төрөп бер, сен эне болосуң жаным!-деп кубанычына ортортош болуп экөө колтукташа басып кеткенде аларды көргөндөр аргасыз жылмая күлүп карап турушту.Айсалкын Калмурат экөө ошол эле күнү Бурма энеге сүйүнчүлөө үчүн жөнөштү. Эки уулун ээрчитип алган. Бурма эне укканда кубангандан жашып, анан аксарбашыл айтып жатты. Ошол жерден кудайы кылып бир эчки союп коңшу-колоңун чакырды. Ошентип бактылуу үйбүлөө балдары менен кайрадан өз үйүнө жөнөгөнү жатканда мурунтан ооруп жүргөн карылыгы жеткен Бурма эне жетимиш сегиз жашында таптаза туруп дүйнө салды. Анын карылыгы жана оорулуу жүрөгү кубанычты көтөрө албады көрүнөт. Бир үйдө жеңеси менен он төрттөгү баласы экөө калып калды. Айсалкынды кайненеси дагы, күйөөсү Калмурат дагы саксактап:- Күйүт жаман, этиет бол, ичиңдеги баланы күйгүзүп аласың, зорго тилеп алган наристени аман-эсен төрөп ал, апаң жаман жашка келген жок, жакшы жашады, күйүттүп да чеги болот, - кайрат айтып жатышты
#КукукЭнеЖеСойкунунТаг
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13