Рапия балдар үйүндө жүргөндө эле абдан тентек кыз болчу. Аны Анарбай менен Жийде балдар үйүнөн атайы алып келип багып алышкан. Эки эркек баласы бар эле. Рапияны жакшы эле тарбиялап, колунан келишинче багышты. Рапия кичине бой көтөргөндөн эле оюн-зоокко катышып, Жийденин тилин албай далай жолу Анарбайдан токмок жеди. Мектепте да тың окуган жок. Өзү да чоңойгон сайын көздөрү карагаттай болуп, башкача сулуу болуп баратты. Ан сайын жигиттердин көздөрү Анарбайдын үйүнө кадалганын айтпа. Ошентип эптеп он жетиге келгенде Калмурат Рапияны ала качып алган. Бирок ошондо ал анын кыз эмес экенине карабай жакшы көрүп: "Өмүрүм өткөнчө колума көтөрүп жүрүп багам" деп анын сулуулугуна суктанып баскан изин кызганчу. Аңгыча Рапия эркек уулдарды катарынан төрөп койду. Калмурат ого бетер бактылуу болуп, сулуу аялдын кучагында уулдарын эркелетип жашап жатышканда капысынан заман өзгөрүлүп, СССР кулап, эл чаң-тополоң боло баштады. Калмурат да иштеп жаткан ишинен кыскартылып үйдө болуп калган. Балдары бул кезде бири төрттө бири эки жашта эле. Рапия бир күнү Калмурат менен жөндөн жөн эле уруша кетти.- Сен үйдө олтурсаң, балдар болсо чоңоюп калды, буларды багыш керек же толгон малыбыз болбосо эптеп жумуш издеп иштебесең бул эмне деген жашоо?!.- Койчу эми Рая, мен сени баары бир иштетпей багам, ыйлабачы, эми эки балам менен сени кантип эле кор кылып койойун.- Ооба сага, кор кылбайм деп койот, ушинтип отурсак кор болмок турсун көчөдө кайырчы болуп калабыз.- Койсоңчу, кайдагыны айтпай, кантип ошого жеткирейин. Мен тирүүмүн го.- Мен атамдардыкына барам да, акча алып Россияга соода кылым келем, ал эми эки баланы ошоякка алып барып койом, сен аларды карай албайсың.- Барбайсың, - Калмурат жини келе айтты.- Барам дедим, барам.- Барбайсың деп жатам!- Иш-шиң болбосун барам, билгениңди кыл!- Энненди-и! деген Калмурат шилтеп калганда Рапиянын жаак тушуна колу шак эле дей түштү. Бирок Калмурат өзү да чоочуп кетти. -Кечирип койчу Рая, мен сени урайын деген эмесмин, -деп кучактап сооротоюн дегенде Рапия кыйкырып жиберди.- Жого-ол, тапкан экенсиң сен катын урганды, мен сага көрсөтөм аял урган кандай болоорун, - деген Рапия өлөрмандана ыйлап-сыктап кийимдерин чогултуп, балдарын кийинтип экөөнү жетелеген бойдон кетип калды. Калмурат канчалык жалдыраса да болбоду. Аргасы кеткенде: кайда бармак эле кетсе кете берсинчи, деген бойдон кала берди. Көрсө Рапияны ошондо бир жигит: "эки балаң болсо да мен сага үйлөнөм, кор кылбай багам" деп азгырып жүргөн экен. Ал ошого ишенип аерден чыгып алып балдарын ата-энесине таштап өзү Россияга кетип калды. Ал эми тигиниси аякка баргандан кийин Рапияны жанына жологон жок. Анткени аерде анын бир тууган агасы бар эле. Кез кезде гана жолугуп турат. Ошентип жүрүп Рапия соода кылбай эле ал жакка да күн тийген тоонун күкүгү болуп жүрө берди. Жаш сулуу келинге кимдер гана көз артпады. Акчалуу жигиттер аны ар күнү ресторан менен кафелерде, барларда сыйлап, жетпегени ак эткенде так этип жүрдү. Убакыт өтө берди. Рапиянын же кылган соодасы жок жөн гана бекер сыйдын үстүндө жүрүп эки жыл өтүп кетти. Ошол убакыттын ичинде ал аерге аттын кашкасындай белгилүү болуп колдон колго өтүп тажатып калган. Ишенбек ошол кезде ага капысынан жолугуп калды. Анын сулуулугуна арбалган ал Рапияны дароо квартирасына алып барды да ошол күндөн баштап аны өзү менен кошо соодага чыгарып алды.Аны көргөн кээ бирөөлөр көз менен мазакташып: "оо баягы сойкуну бул имерип калган го?" деп тим болушса кээсин ачык эле: "эй муну сен кайдан таап алгансың ыя. Россия боюнча муну көрбөгөн эркек калган эмес эле!" дешсе Ишенбек алардын бирине жооп бербей укмаксан болуп жүрүп жыл айланып калганда Рапия ай күнүнө жетип төрөй турган болуп калганда Ишенбектин шаштысы кетип жүрдү: "Айылда өзүнүн үч балалуу аялы аны күтүп жатса бул биякта төрөгөнү турса кандай кылаар экемин?" Антип минткиче бат эле күн өтүп Рапия кыз төрөдү. Кыздын эмитен эле көздөрү бакырайып кирпиктери упузун болуп жакшынакай эле. Ишенбек ошол учурда Рапияга абдан ыраазы болуп жүрдү.- Рапия, мен сага ыраазымын, өзүңө окшогон жакшынакай кыз төрөп бердиң, эми мага окшотуп эркек төрөп берсең, - деп өздөрүнчө бактылуу болуп жашап жатышты.Бирок бул көз ирмемчелик бактылуулук көпкө созулбады. Сезим торолуп үч айдан ашып калган эле. Ишенбек кышкы Россияны суугунда кечке соода кылып күндө кечинде тамак ашты көтөрүп келет. Ал эми Рапия болсо жеңил аяктыгы кармап күндө-күндө эшикке чыкканда тийише берчү бир жигит менен таанышып калды. Ал:- Рапия, эгер мен сенин ордунда болсом ушул квартирада кор болбой эле эркин учкан куш болуп каалаган жагымда сайрандамакмын, карачы, бул үйдүн түрмөдөн айырмасы кайсы? Капастагы кушту элестетип жатам, сени көрүп эле, -деди адеп сүйлөшүп турганда эле. -Карачы, сени төрөгөн аял деп ким айтат?- Кызым турбайбы, эми кайда бармак элем, аял киши төрөгөндөн кийин баарына баш ийип калат тура.- Койсоңчу, өзүндүн үйүң болсо бир жөн, биерде квартирада жөн эле камалып жата берсең алдагы сулуулугуң, жаштыгың жөн эле кор болот.- Билбейм…-Рапия ошентип тагдырына баш ийип жашай баштаганда дагы бир каскак аны жылуу ордунан козгогону турду. Бир күнү Ишенбек:- Рапия, мен сени менен ачык сүйлөшөйүн дедим эле…- Эмнени, айта бер да айта турган сөзүңдү.- Мен… мен сага айтып коюшум керек, менин айылда аялым үч балам бар, мен быякта соода кылам деп жүрүп сени жолуктуруп калбадымбы. - Эмне-е, мени сен ким деп жүрөсүң ыя, эмнеге ушул күнгө чейин айтпадың?- Койо турсаң эми, акыры айтам деп ойлогом, мына айтып жатпаймынбы. - Айтканыңды уккум да келбейт, мен эми кызымды алам да каалаган жакка кетем!- Эмне деп жатасың?! - Ишенбек аны жаактан ары чаап жиберди, ошондо Рапия беш жыл мурунку Калмураттан жаакка жегенин ойлоп: "чын эле дагы кайда барганы жатам, эки уулум эмдигиче чоңоюп калды го, аларды эне-атасыз томсортуп койгонум жетер, кой эмнеси болсо да жашай берейин" деген ойго келди да үнсүз ыйлап отуруп калды. Ал балдары төркүнүмдө эле жүрөт деп ойлонгон.- Койчу эми, ыйлабачы, тагдыр бизди жолуктуруп жатса айла канча, сени ата-энемдин колуна алып барам, ал эми тигини шаарга эле тим койом.Рапия андан кийин үн дебеди: "Бала кезимен бери эч бир адамдын тилин укпай ушул жашка келгеним жетишээр" деп ойлонуп жатты. Ошол бойдон бир бирине ыкташып жашай берет беле, Рапия кезектеги сүйгөнү менен колго түшпөгөндө. Ал күн да дем алыш күн эле. Ишенбек кечке соода кылып кечинде товарын жыйып бүтүп анан тамак аш алып үйдү көздөй жөнөдү. Негедир жүрөгү бир нерсени сезгендей өзүнчө эле шашып баратты. Үйгө кире берейин дегенде ичтен Рапиянын күлкүсү жаңырды.- Бол эми эртерээк кетип кал, кокус ал азыр келип калса экөөбүздү тең өлтүрөт.- Койчу ай, өлтүрүп эле эмне, андан көрө кетээрде да бир жыттап алайынчы, - алардын өбүшкөн дабышы угулду, -Райичка, канчага ушинтип жүрө беребиз ыя, мен сени азыр жетелеп кетким келип турат.- Кой дейм, бар эртерек үйүңө, мен эми кызым турганда сени ээрчип кайда бармак элем?- Кетебиз кетчү жакка! - Ишенбек андан ары угууга чыдабай каалганы ачып кирип барды.- Ой эненди ур-райын ######, бул эмне кылганың ыя?!- Мен, эмес, - Рапиянын көзү чакчайып калтырап туруп калды.- Сен кимсиң? - тиги улгайгансып калган кытайга окшогон неме деле коркуп койбой жай баракат кайра өзүнө суроо берди.- Азыр өлө элегиңде чыгып кет, мен сага өзүмдү тааныштырып отуралбайм! - Кетсе кетип калам, катынынды урганда эч нерсе чыкпайт, андан көрө…- Чык! - деген Ишенбек аны көздөй жөнөгөндө ортого Рапия түшө калды.- Өлтүрсөң мени өлтүр, ага тийбе, баарына мен күнөөлүмүн, мен аны сүйөм, уктуңбу мен аны сүйөм!- Анда неге мени менен жашап жүрдүң, неге төрөдүң, баланын убалын ойлогон жоксуңбу ыя?!- Сени менен жашап көнүп кетем деп ойлогом, эми жашай албайм, сени сүйө албадым!! !Ошондо жини келип намыстана түшкөн Ишенбек анын жанына барды да бетине түкүрүп жиберди:- Ок бети жок канчык десе, сүйбөсөң сага мени сүй деп эч ким жалдырабайт, жолдо калганыңда ушул үйгө алып келип калкалап калдым эле, мен сени аял экен десем, сойку сойку бойдон калат тура!-деди да төрдө ороодо жаткан наристени көтөрүп алып кайрылбай жөнөп кетти. Рапия ордунан козголо албады же бала баккандан тажаганы же Ишенбектен тажаганы белгисиз турган ордунда мостойгон бойдон тура берди.Ишенбек ошол эле түнү мейманканага жатып алып эртеси эртең менен камерага келди да болгон товарын оптом берип жиберип калганын алып пойоздге олтуруп Бишкекке жөнөдү. Ал үйүнө телеграмма бербегендиктен аны эч ким тосуп чыкпады. Таңга маал вокзалга келген Ишенбек такси жалдап алып үйүнө келди. Ал келгенде аялы үйүндө жок экен. Балдары үч айлык Сезимди жакшы көрүп көтөрүп жүргөндө Кымбат келди да:- Бул кайдагы неме?-деп жактырбагандай түр көрсөттү, - же бирөөнү туудуруп ийдиңби?- Эмне деп былжырап жатасың, алыстан узак жолдо чарчап келсе кайдагыны айтып башты оорутасың, таап алдым, мен соода кылып олтурган жерге бир келин келип: "байке, карай туруңуз туалетке барып келип алайын" дегенинен кармап олтурсам жок, үч күн күттүм келбеди, анан алып быякка баса бердим, карасаң кандай татынакай жылдыздуу кыз, - деди Ишенбек: "качан гана бирөө таштап кетсе мен бакмак белем андан көрө биз да бирөөгө берип салалы" дейт го деп ичинен сарсанаа болуп атты.- Иши кылса өзүң баксаң бага бер, менин кыз-пызың менен ишим да жок, -деп Ишенбектин товарларын ачып көрө баштады.Эки жумадан кийин Ишенбек күлүшүп калган Сезимди ата-энесине жеткирип берди да болгонун болгондой айтып берип түшүндүрдү эле алар эмне десин үндөбөй кызды алып калышты. Анткени Сезим абдан сүйгүнчүктүү көзгө жакын кыз эле.Рапия Ишенбек кеткенден кийин өзүнүн сүйгөнү менен бир жумадай жашады. Анын даярдаган оокат ашы түгөндү, акыры айласы кеткенде ал:- Бүгүн тамак жасаганга эч нерсе жок эмне кылабыз?-деди эле тигиниси:- Азыр мен базарга барып келейин, -деген бойдон келбеди. Рапия анын алдап кеткенине көзү жетип ызаланып ыйлап жээрге эч нерсеси калбай өзөгү карайганда көчөгө чыкты. Эшиктин суугунан ичиркене көчөдө кайдыгер басып бара жатты, үчтү төрөгөнүнө карабай Рапия абдан татынакай эле, джынсы шым, бутуна бийик модалуу сапошкачан, үстүндө дубленкасы. Ал көчөдө маанайы пас бара жаткан, бир кезде жанынан бирөө өтүп бара жатып эле тийишип калды:- Эй красавица, кайда баратасың ыя?- Барчы ары, сен эле жетпей жаттың эле, - деп Рапия жактырбай басып кетейин дегенде ал:- Токтой турчу сулуу, эмне кааласаң аткарам жүрү кафегеби, ресторангабы, сөзсүз көңүлүндү ачууга жарайм, - деди катар баса, - сендей сулууларды карабай коюу күнөө го.- Ресторанга алып баргыдай эле крутойсуңбу, бул түрүң менен чөнтөгүңдө жарым тыйының жок бездельник болсоң керек!-деди эми чындап Рапиянын жини келе.- Сулуу бийкеч, мен бүгүн сөзсүз сенин көңүлүңдү ачаламын дедимби ачамын, - деди да Рапияны колтуктай көчө бойлоп басып жөнөдү. -Атың ким бийкеч, кайда баралы?- Өзүң каалаган ресторанга, - деди Рапия кош көңүл.- Анда жүрү, атыңды айтып койчу сулуу, менин атым Славик.Рапияга азыр баары бир эле, жашоонун акыркы мүнөттөрү калгандай, бүгүнбү же эртеңби бул өмүрдөн көчүп кайдадыр белгисиз жактарга кетчүдөй кайдыгер гана Россиянын кышкы көчөсүндө орус жигиттин колтугунда кетип жатты. Отуз жашты жашабай туруп ушул азыр кылымдар бою жашап өмүрдөн тажагандай көңүлү чөгүп сүйлөп бара жаткан жигиттин сөзү кулагына кирбей бет алдын мизирейип тиктеп кете берди…***Айсалкын бир үйдүн эң кенжеси болгондуктан абдан эрке эле. Ата-энеси айылдын кадыр барктуу адамдары болгондуктан балдары да тартиптүү болуп өскөн. Ошол жылкы кайгы Айсалкынды эси көөнүнөн кеткис кылып, токтотууга аргасыз кылган.Эң улуу агасы аттан жыгылып өлгөндө ата-энесинин күйүтүн көргөн кыз кантип токтолгонун да сезбей калды. Эки жашар уулу менен калган келин боздосо чыдап жанына отура албас эле. Жыл айланып агасынын ашына камынып жатканда бойго жетип калган үйлөнө элек агасы кайтыш болуп бир үйбүлөө кайгыдан бүк түшүп калышты. Айсалкын ошондо билди өлүмдүн азабын, жаралган жандын баары акыры бир күн бул дүйнөдөн өтөөрүн. Агасын жайына койгондон кийин өздөрү эле калганда казаны асылып от жагылбай, үйдөн кыбыр эткен жан сыртка чыкпай калды. Ошентип өлүмдөн өч алгысы келген, бирок андай болбоду тирүүлүк өз шаңын улап тийген күндүн шооласындай жарык берип, үмүттөрү кичинекей наристесинде болуп анын ыйлаган үнү чыкканда ошол үчүн жашоого белсене бел бууганга аргасыз болушту. Арадан күн өтүп, жыл жылып бат эле үч жыл өтүп Айсалкын да бойго жетип керилген кыз болду. Ырас сулуу болбосо да назик, сүйкүмдүү кызга атасынын кадыры менен сөз айтып жуучулар келе баштады. Ата-эне Айсалкынды дале болсо жаш секелек көрүп келген жуучуларды кайтарып жатты. Анын үстүнө атасы эки баласынын күйүтүнөн төшөк тартып жатып калган. Ошол жылы ал киши да дүйнө салды. Ызаат сыйын тууган уругу өткөрүп жесир келин менен кайынсиңди кемпирди кааран тутуп кичинекей наристени бөпөлөп багып жатышты. Келин сыртынан билгизбеген менен "Жакшы эле аза күттүм, өлгөндүн артынан өлө албадым, эми уулумдун келечеги үчүн жашашым керек" деп кээ кээде эки жакка кетип калып кайра келип же төрүкндөрүнө кетсе көпкө жүрүп алчу болду. Муну сезген эне келинине кеңешип төркүндөрүн чакыртып, өзү аттуу баштуу туугандарынын билермандарын чакырып семиз кой союп куран окутту да акырында элди карап туруп минтти:- Айланайындар, тагдыр буйругу экен, эки чырактай уулдарымдан ажырап, чалымдан калып мен арман кылып олтурам. Бүгүн жалпыңар менен кеңеше турган сөзүм бар, аярлап угуп койгула!-деген эне үнүн каргылданта бир азга токтой калды. -Келиним Салыйга ыраазымын эки дүйнөдө, мына төрт беш жыл өтсө да арбакты сыйлап бизди сыйлап үндөбөй келе жатат. Мен силер менен кеңешип келинимдин башын бошотоюн деп жатам, жаш неменин багын байлабайын бирок…-эне жашка мууна түштү, - уулумдан калган жалгызымды мага таштап кетсин, көзүм өтүп кеткенче караан кылып уулумдун ордуна жыттап жүрөйүн…-эненин көз жашы мончоктон эки бетин жууй берди.- Кайрат кылың эне, өлүм бар жерде кайгы бар, келиңиздин башын бошотуп туура кыласыз, эстүү кишинин кылаар иши ушул, ал эми кудалар эмне дээр экен, сөзүн угалы, - деди улгайып көкала сакал болуп калган туугандарынын бири.- Эмне дейин, тагдыр экен, ажал айтып келбейт деген ырас тура, күйөө бала өз эле балаңдай болот жакшы болсо бизге деле кыйын болду, кудагый сизге биз ыраазыбыз сиз келиниңизге батаңызды берип коюңуз, ал эми Белекти болсо калтырат, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылган кантип болсун, Салый өзү келип кетип турат, өзүңүз барып келип туруңуз, өлүм ажыратпаса ажырабайт элек, -деп сөзүн бүтүрдү Салыйдын атасы. Бул учурда Салый сырткы үйдө уулун кучактап алып ыйлап отурду, кичинекей беш жашар наристе да бир нерсени сезгендей кабагы бүркөө энесинин көз жашын быйтыйган колу менен аарчып коюп:- Апа, эмнеге ыйлап жатасың, чоң энем сени урушуп жатабы?-деп чулдурап жатты. Ан сайын арманы ичин өрттөп ушул наристенин жүзүн көрбөй кеткен күйөөсүн эстеп солкулдап берди Салый. Бир кезде Салыйды кайненеси чакырды да:- Садага, келиним эмес кызымдай эле болуп калдың эле, мен сага ыраазымын, кудай багыңды ачсын, кайда болсоң да бактылуу болуп барган жериңден бак айтсын Оомийин!-деп алакан жайып бата бергенде үйдүн ичиндегилер да жабыла бата кылып жиберди. Ошентип үндөбөгөн Салый кайын эне, кайын сиңди менен коштошуп үйдөн чыга бергенде чыркырап Белек чыр кылып кирди.- Апа, мен дагы барам, мени эмнеге ээрчитпей кетип жатасың, мен дагы барам!- Мен азыр эле таятаңдарды узатып коюп эле кайра келем, сен чоң жигит болуп туруп мени ээрчип ыйласаң уят эмеспи, бара гой чоң энең ыйлап калат мен бат эле келем!-деген Салый бурула берип буулукканы сыртка тээп чыгып узай берип буркурап ыйлап жиберди. Белек бала эмеспи апасынын сөзүнө ишенип чоң энесине карай чуркап кетти. Белекти Айсалкын көтөрүп ала коюп үйдү айлана басып кетти. Артын кылчак, кылчак караган Салый узап баратты. Кайрылып келип уулун көрбөөчүдөй көзүнүн жашы көл болуп ыйлап бараткан кызын энеси сооротуп:- Кызым, болду ыйлаба, уулуңдун аман-эсен чоңоюшун тиле, аман болсо өзү, эле табат сени, Кара чечекей жалгыз небересин бербей коюуга акыбыз жок, балам, кантип кары кишинин сөзүн аттап баланы алып кетмек элек, ойлон мындан аркы багыңды-дегенде Салый үнсүз ыйын токтотуп кете берди. Минтип кайрылып келбес болуп кетип жатканын карачы, "ал өлүп келбес бул үйдүн эшигин аттабас болуп жатса, мен тирүү кетип жатам, неге мен ошол баскан жерди басып, ошол жүргөн жерде жүрбөй кетип жатам?" деп Салый ойго батып бара жатты: "Балким, мен Мусаны унутаармын, башка бирөөгө жолугаармын? " деп ойлонуп алып өзүнөн өзү селт этип алды: "Мен жинди болдум беле, кайдагы бирөөнү ойлоп жатам, жок, жок, Мусанын колу тийген денемди башка бирөөгө карматпайм! " деген ой дилинде жаңыра берген Салый артын көздөй жүгүрүп жөнөдү. Аны көргөн ата-энеси жеңеси баары таң кала туруп калышты. "Баласына кеттиби, кокуй, карыганда кудагыйды нааразы кылып койот го эми" деп энеси ичинен сызып алды. Салый жүгүрүп жетип кайын энесин кучактап солуктап ыйлап жатты:- Апакебай, мени кечир, мени кечире көрүңүз!- Эмне болду? Садага, кой ыйлаба, каралдым! -эне Салыйды кучактап турган калыбында "жалгыздан калган жалгызды алып кеткени турабы бул куу тумшук, анда мен кантем ыя, каран күн, өлгүчө медер кылып турайын дебедим беле???" деп ичинен ачуу чаңырып алды, -Кайсы күнөөң үчүн кечирим сурап жатасың айланайын?-эне келинин саамай чачынан сылай жүзүнө үңүлдү кайраттуу.- Силерди, уулумду, Мусанын жүргөн жерин, жаткан жерин таштап кеткени жатканымды, апакебай! -Салый ыйын токтотуп, -Мен эч жакка кетпейм, Муса жаткан жерди өмүр бою көрүп турайын, мен жаңылдым, апакебай, кетпейм эми, кечирип кой!- Кой, каралдым, антпе жашсың, багың ачылып кетсин айланайын, өлгөндүн артынан өлмөк жок, - эне Салыйды кучагынан чыгарбай өзүнүн да көз жашы салаа, салаа болуп кайраттуу сүйлөп келинине акыл-насаат айтып турду.Артынан келген Салыйдын төркүндөрү кучакташып ыйлап турган кудагыйы менен кызын көрүп эч нерсе дей албай туруп калышты. Ал күнү калып кайрадан конок болуп эртеси Салый төркүндөрүн жөнөтүп калып калды. Айсалкын мектепти бүтөөрү менен коңшу айылдык Калыбек алакачып алды. Кыз баланын эли жери бөлөк экени ушул учурда дагы эненин жүрөгүн сыздатып кетти. Акыры аргасыз "аман болсун, багы ачылсын жалгызымдын" деп каниет кылып келини менен небересин караан кылып кала берди.Айсалкын барган жеринде ыймандуу, ызааттуу келин болду. Кайын журтуна алымдуу болуп күйөөсү экөө абдан ынтымактуу. Кээде гана кайненесинин чырт эткен кыялы болбосо, бактылуу жашоонун кучагында термелип, ара чолодо жеңеси менен апасынан кабар алып турат. Калыбек абдан шайыр, ак көңүл, сүйүүнү баалай билген адамгерчиликтүү жигит эле. Жыл айланып баратса да боюна болбогондо айрыкча Айсалкындын энеси кабатырланып жатты. Жаш эмеспи, Калыбек менен Айсалкын бала жөнүндө ойлонууга үлгүрө элек. Ойносо оюнга тойбогон жаштыктын доорунда экөө бактылуу болчу. Бир күнү экөө көчөгө чыгып жолдо жетелешип келе жатса алдынан бир цыган аял чыгып:- Ээ кызым, экөөңөрдү бир кырсык аңдып турат, бирөө силерге көрө албастык кылып дуба окутуптур, алдын алып кырсыкты болтурбай коюга болот, кааласаңар мен дубаны жандырып берейин, - деди божурап.- Жок кереги жок, лөлүнүн эми болбойт дешет го, жандыра албайсың! -деген Калыбек колун шилтеп басып кетип баратып, - дегеле көзү ачыктыгын кара, - деп Айсалкынды карады, - булар сүйлөй берет эч ишенбе, - Айсалкынды кучактай андан ары жолун улады.Айсалкын бир азга ойлуу: "Эмне деген кырсык, бул лөлүлөр чын айтат дечү эле, кантип окутсак экен, Калыбек тилимди албайт го, болбосо…" деп басып баратып Калыбектин күлкүлүү сөздөрүнө алаксып бат эле лөлүнү эсинен чыгарып салды.Арадан билинбей эле үч жыл өтүп кетти. Бирок, Айсалкындын боюна болбой Калыбек аздап ичкиликке оой баштаган, мас болуп калса жол карап туруп карааны көрүнгөндө жетелеп, жөлөп таяп алып келет. Мындайда Калыбек Айсалкындын кулагынын кужурун алып: "Сени туубайт окшойсуң, мен сени менен жүрө берсем как баш болуп өтөм го, эй катын, мага төрөп бересиңби же?" деп сүйлөнүп жатып уктаганда эс алат. Бара, бара Айсалкын чүнчүп, төрөбөгөнү үчүн өзүн күнөөлүү сезип кыйналчу болду. Ал Калыбекке бир күнү өзүнүн оюн айтты:- Калыбек, мына үч-төрт жыл болуп баратат, мен сени кубантып балалуу кыла албадым, ушундан көрө экөөбүз ажырашып алалы, сен балалуу болбосоң болбойт.- Ийи, кеткиң келип калдыбы, тийе турган эриң даярбы?-деди кекетип Калыбек, - кетсең кете бер, мен катын албайм уктуңбу?!- деди да каалганы тарс жаап чыгып кетип калды. Айсалкын томсоргон бойдон ордунда отура берди. Ал эмне кылаарын билбеди: "Ырас эле мен туубас, куу жатын окшойм, болбосо менден кийин келген кошунанын келини экини төрөп кечээ эле жээнтек той беришпедиби" деп ойлоп отура берди. Улам күн өтүп, ай жылга алмашылган сайын Калыбек кийинки күндөрү бир, эки жумалап үйгө келбей калчу болду. Андайда Айсалкында уйку жок, тирмийип таң аткыча кирпик ирмебей чыгат. Эртең менен эрте туруп жолду карап Калыбекти издей берет. Негедир Калыбектин кийинки учурда мүнөзү өзгөрдү, үйгө келсе чөнтөгү толо акча менен келет. Эмне кылып жүргөнүн сурабайт же өзү айтпайт. Айсалкын сурагандан айбагып үндөбөйт, апасы бир жолу сураганда "күндөп-түндөп иштеп жатам"-деп койгон. Үйгө бир түнөйт да эки үч жумалап жоголот. Айсалкын көчөдөн суу алып келе жатса коңшу кайниси алдынан чыгып:- Ой жеңе кандай, акемдин кайда жүргөнүн билесизби?-деп калды, - Же издеп, жол карап жүрө бересизби?- Анын кайда жүргөнүн билип эмне кылам, иштеп жүрөт да, -Айсалкын кайнисин кыртышы сүйбөй өтүп кете берээрде ал:- Кор болуп жүрө бербей бир жаңсыл болуңуз да, жеңе, сизге менин боорум ооруганынан айтып жатам, - деди алдын торой;-Менин колума тийсеңиз куштай кылып кулпунтпас белем, - деп ого бетер тийише сүйлөдү. Айсалкын жооп бербей басып кетти. Калмурат анын артынан ойлуу көпкө карап тура берди.***Калмурат- Калыбектин бир уруу туугандарынын баласы. Рапия кеткенден кийин аялдан катуу көңүлү калганбы же аны катуу сүйгөндүктөнбү үйлөнө элек, эки уулун өз үйүнө алып келип алган. Кээде аз, аздан иче койот. Үйлөнүүгө көңүлү жок. Калмурат кийинки күндөрү Айсалкынды ой боюна койбой жетелеп алып башы оогон жакка басып кеткиси келет:"Эл эмне десе ошол десин, аял дегенди кор кылбай алып жүрбөйбү, күн-түнү кумар ойноп талаалап, жолун карап күтүп отурган аялын ойлоп да койбойт" деп өзүнчө жинденип алат. Анткени, Айсалкын ал үйүнө түнөбөгөн түндөрү түн уйкусу качып: "Эгер элдей болуп балабыз болгондо башкача болмок, минтип үйдөн качмак эмес, мен гана күнөөлүүмүн төрөп бербеген" деп кыжалат болуп уктабай чыгып эртең менен таң заардан жолду карап, көпкө жол боюнда тура берээр эле. Аны көргөн Калмурат жан дили менен жактырып: "Эркекти кадырлап, сыйлап күткөн аялдарга ушундай эркек жолукканын кара" деп суктанып алаар эле. "Болбосо өзү Рапияны кандай гана сүйүп, кадырлачу эле. Ошону көтөр албады" деп ичинен сызып Калыбекти жектеп кетчү. Тууган, анын үстүнө улуу, болбосо Айсалкынды ага бир күн жоктотмок эмес. Бир эсе ата-энеси дагы: "Балам, балдарың бой жетип баратат, үйлөн, бой жүргөнүң болбойт" дешип күндө кулагынын кужурун алышат. Үйлөнөйүн десе көңүлүнө жагаар бир да келин-кыз табылбадыбы, анын оюу кайрадан эле Айсалкынга келип такалат да турат. Руслан менен Рустам болсо бири жетиге, бири бешке чыгып калышты. Рапиядан дарек жок, айланып балдар үчүн келээр деп ойлогон Калмураттын андан үмүтү эбак өчүп аялдарга болгон көз карашы таптакыр башкача болуп өзгөрдү. Бир аял менен мамиле кылбады. Аз аздап ичип да койчу болду. Калмураттын атасы бир күнү оорубай туруп эле дүйнө салды. Атасынан кийин Калмурат ого бетер иче баштады.Калыбек бир күнү үйгө аябай мас болуп келди да ооздон тозуп алып колтуктап жөлөй калган Айсалкындын колун түртүп жиберди:- Жоголчу энеңдурайын десе, кыйратып койгонсубай, мени как баш атанта турган болдуң го же жыргатып койдуңбу?! - Каке, кир эми үйгө кирсең, жыгыласың,- Боор оорубай эле кой, куу жатын катын алган турбаймынбы, согончогу канабаган аял менен эркек эшектин айырмасы кайсы, чынбы эй куу жатын?!- Эмне кылайын Каке, койчу эми кирип анан сүйлөшөлүчү, эмне десең да баары туура, төрөп берип сени кубанта алган жокмун. -Айсалкын ыйлап жиберди.- Ай эн-неңди, өлөрманын кара, сүйлөшөлү деп.. . эмнени сүйлөшөбүз ыя?- Кирсең анан…-Айсалкын Калыбекти колунан тартып үйгө киргизип төшөккө жаткырып үстүнө жабайын дегенде:- Жогол куу жатын, жогол көзүмө көрүнбөй, азыр жогол!-деп силкип жиберди.Айсалкын ыйлаган бойдон сыртка чыгып кетти. Калыбек өзүнчө сөгүнүп жатып уктап калды. Айсалкын түнү бою эки көзү тоодой болуп ыйлап чыкты. Калыбек болсо эч нерсе болбогондой демейдегисиндей үйдөн наар жатпай чыгып кетти. Айсалкындын кышкы аязда үшүк урган жалбырактай бүрүшүп тагдырына наалат айтып боздоп отурганы менен иши жок абалын сурамак тургай кылчайып койбой баратканын туюп, билип турган Айсалкын өзүнүн эч кимге кереги жок ыргытылган буюмдай абалга келип калганын билди да кылчайып же бир бирөөнө айтып койбой үйүнө кетип калды. Ансыз да жалгызынын төрөбөй калып санааркап жүргөнүн билген эне кызын көрүп эле баарын түшүндү, үндөбөдү, тек ичинен түтөп Айсалкынды капа кылып албайын деп аста үн катты.- Башың аман болсо болду балам, арга канча, аттиң бала-чакалуу болуп бачар болуп кетсең болот эле, мейли эми, ургаачынын чырагы кырк дегендей кудай берээрин унутпасын, али жаш эмессиңби, - эне үшкүрүнүп алды, анан Айсалкындын чачынан сылай маңдайынан сылап койду.
эми ушинтип сиздерге талкуу жаратам ,ооба, ойлорунуздарды жассаныздар болот екен анда баарыныздарга ийгилик, жакшы маанай, жагымдуу атмасфера/////
#КукукЭнеЖеСойкунунТаг
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18