- Уулум, садагам өз жанын өзү кыйып бекер кылбадыбы, жаны жаннатта болсун, арга канча, -Калмурат каңырыгы түтөп кетти, - кой эртең менен эрте жөнөйүн дагы жипти таап түйүнүн чечейин. Андан кийин аркы-беркини сүйлөшүп отуруп Ишенбек кайра шаарга кетти. Эртеси Калмурат таң заардан шаарга жөнөп Руслан жумушка кете электе барып келген себебин айтты да экөө Рустам асылып өлгөн курулушка келишип салаңдап турган жипти арматурадан чечип алып түйүндөрүн чечишти да үйгө алып келип жипти куран окуп туруп өрттөп жиберишти. Ошондон соң Калмурат кайрадан Изатты көрүп жолуга кетүү үчүн Ишенбектин үйүнө жөнөдү.Бара, бара Изаттын да көзү ачылып бир нерсени алдын ала биле турган болуп калды. Кадимкидей куран, намазды үйрөнүп бат эле адамдарды көрүп эле себебин сурабай айта баштады. Калмурат келгенде ал ага буларды айтты:- Ата, үйдүн ичин бир сыйра тазалап анан ысырыктап койгула, анткени үйдө бир дуба бар экен, сиздин мурунку аялыңыздын кетишине дал ошол дуба таасирин тийгизген, ошондуктан ал дубаны тазалап кетирбесек дагы бир кырсык болот, алдын алышыбыз керек!- Макул кызым, апаңа айтып барайын. - Калмурат таң болгон бойдон үйүнө жөнөдү. Изаттын айткандарын Айсалкынга айтканда ал дагы аң таң болду. Айсалкын үй ичин жайып, тазалап ысырыктап күнү кечке убараланды, ал турсун актап да жиберди: "Эки күндөн кийин сөзсүз Изатты кийимдерин алып барып алып келишим керек, бир ай бат эле өтүп кетти, кызымды сагындым, капырай дубасы кайеринде болду экен, таба албадым, аны өзү табаар бекен, кенедей кыз аны кайдан биле койду, кудуретиңден айланайын кудай, эмнеси болсо да кызым эсен болсо экен" деп жумушун жасап жүрүп да ойлонуп жаратканга жалынып жүрдү.Калмурат Айсалкынга айтпаган менен ичинен: "Тобо-оо, нурдан жаралган эмнеси, чын эле Калыбектин арбагы буга бала бергенби? Киши колду болгон эмеспи, анын арбагы тирүү бейишке чыккан болуш керек, Изатты мен кызым дегенден бир кезде баш тартам деп өзүм талаада калдым. Кой, аман болсун, зыяны тиймек беле, өз баламдай эле болуп калбадыбы" деп ойлоп эч сыр бербеди. "Ким бизге кастык кылды экен, эгер дубалабаса Рапия кетмек эмес тура, кайсы ниети бузук бизге кара санады, деги билсем өлтүрүп салат элем кеч болсо да, кырсык болушу мүмкүн деди го, анын бетин ары кылсын" деп Калмурат өз оюнан чочуп кетти.Үй ичин жыйнаган Айсалкын суй жыгылды, баарын бүтүп эми босогодогу веранданын каалгасынын шыбагы көчкөн жерлерин шыбап анан актоону ойлоп ылай жасап келип шыбай баштады да эшиктин бир жагында чубалып турган чүпүрөктү көрүп сууруп алганда көргөн көзүнө ишене албай турду. Ал чүпүрөктө оролгон ар түрдүү жиптери түйүлүп коюлган экен. Айсалкын аны ороп сыртка алып чыкты да: "өртөп койсом кантет" деп ойлоп кайра Калмурат келгиче коюп коюну чечти да сыртка дарбазадан чыгарып таштын түбүнө койду. Калмурат ары жактан келгенде ага көрсөттүү да:- Муну эмне кылайын, өртөп жиберсемби? -деди.- Кой, Изат келсин, өрттөп дагы бир балээге кабылып жүрбөйлү, - деди ал.- Макул, деги үйдөн алыс эле койолучу, - Айсалкын жиптерди чыбыктын учуна илип барып тээ алыс жолдун боюна таштап койду да, үстүн таш менен белгилеп жаап койду.Эртеси эле Айсалкын Изатка деп даярдаган кийимдерин алып шаарга келди. Ал келгенде Сезим менен Изат сеанста отурган. Ишенбек аны тосуп алып астына чай койду.- Айсалкын, мен болсо иштебей калдым, келген кеткен көп, киргизип чыгарып турганга бирөө керек экен, Сезимдин атын уккан врачтар чыныгы элдик табып экенин текшерип көрөлү деп чакырып жатышат. Өздөрү көрүп текшергенден кийин элдик табып деп кагаз берет эмиш.- Жакшы болгон тура.- Сезим болсо азыр эч жакка бара албайм деп жатат.- Эмнеге?- Билбейм, азырынча болбойт дейт го?- Өзү билсиң. Экөө кобурашып отурганда Сезим келген адамдарды сыртка чыгарып анан алардын үстүнө кирди.- Кызыңыз менден да күчтүү чыга турган, бирок күндө төрт же беш киши кабыл алсын-деди Айсалкынды карай.- Ой азыр киши көрбөсө деле мейли, сабакка барса колу бошобой калат го?- Андай болбойт, айта турганын өзү эле айтат, ага эл өзү келет, бир ай мурункуну айта алат, арбактар менен сүйлөшүүгө жарап калды. Жөлөмөсү күчтүүлүгүнөн куранды, намазды өзү эле үйрөнүп алды. Эми бир аз эс алыш керек. Сиз алып кетесиз да мага өзү келгиси келгенде келип турсун. Кудай буюрса, Изат көп адамдардын сообуна калган эл кишиси болот.- Ылайым айтканын келсин Сезимтай, өзүң да колуң эмдүү болуп элдин керегине жараган акжолтой болуп жүрө бер! - Айсалкын Сезимдин бетинен өөп ыраазылыгын билдирди. Ошол күнү түш оогон ченде бир оорулууну алып келишти. Сезим аны көрүп эле жүрөгү кабынан чыкчуудай түрс, этип кагып, өзүнчө эле толкунданып бирок сыр билгизбей жылмайгансып алды. Анткени аны түшүндө көргөн. Болочок күйөөсү болоорун билет. "Тагдары ушул жаш жигитке байланчуудай, эми муну оорусунан сакайтыш керек, анан… анан өзү эле кете албай калат, болгону менден эки же үч жашка кичүү болуш керек" деп ойлонуп алды. Ал бир үйдүн жалгыз уулу эле, үч кыздын ортосунда эрке өскөн. Жакшынакай эле туруп бир күнү заматта ооруп калып врачка көрсөткөндө менингит деп коюшуп үч ай дарылаганда оорусу басылбай кайрадан күчөп абдан кыйналганда ата-энеси аргасы түгөнгөндө Сезимди алып келишкен болчу. Сезим аны көрүп эле:- Эмнеге мынчалык кеч алып келдиңер, оору өтүшүп баратыптыр, болгону сезгенип калган экен, -деди да бир идишке муздак суу алып келип алдына коюп алып дем сала баштады, улам суудан бүркүп кайра окуп жатты. -Түнкүсүн эски курмушу менен жылдызга суу коюп сезгентип коюңуз, жети күн үч маал окуйм, анан уулуңуз куландан соо болуп кетет, - Сезим баланын апасын карап жылмайды.- Оозуңа май айланайын, үч айдан бери алып барбаган жерибиз калган жок, аргабыз кеткенде сени угуп бул жакка келдик, - деди апасы сүйүнгөнүнөн ыйламсырап. - Ыйлабаңыз, тобо кылыңыз, бул убактылуу алланын адам баласына берген сыноосу, Алла-Таала пенделерине ар кандай сыноону жиберет, биз жеңилбей жеңүүгө аракет кылышыбыз керек!- Кудуретиңден айланайын десең, ырас эле… -баланын апасы Сезимге карай таң кала туруп калды: "капырай өзү чыканактай эле кыз экен, айтып жаткан сөзүн кара" деп ойлонуп алып, -Кызым уулум он жетиде аты Куттубек, биз эми бара берейлиби?- Бара берсеңер болот, бирок кечиңде алып кетесиңер, күндүзү алып келесиңер, жети күн дем салам.- Макул кызым, - Эне уулун карай унчукту, - уулум биз бара берейли, береги кыздын колуна кудай кубат берсин, кечке маал келебиз, -деди да акырын чыгып кетти.Улам эс алып дем салып кечке үч жолу окугандан кийин эс ала түшкөн Куттубек башынын басыла түшкөнүнө жаны жай алып көзү илинип кеткенин сезбей калды. Ушул азыр жанымда көшүлүп уктап жаткан уланды бир азга көңүл койо карап отуруп: "Менин Рустамга деген сүйүм бир туугандык тартылуу тура, биз анын билбей үйлөнүп алган экенбиз, байкушум десе кыйналды, өз жанын өзү кыйды, оор күнөө экен, же бейиште эмес же тозокто эмес орто жолдо турат, эгер мага Алла-Таалам өзү эскертпесе мен да эбак өзүмдү өзүм кыйнамакмын… эми өлүмдү ойлоого мүмкүн эмес, ансыз деле башта бир өлүм" деп ойлонгон Сезим ооруп өзүн өзү билбей жаткандагы көргөндөрүн эстеп жатты. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда алпурушуп жатканда ал терең орго түшүп кетип баратты эле ортодон эмне экени түшүнүксүз аны чуңкурдун түбүнө жеткирбей бир күч алып учуп жөнөдү. Бир кезде ары бери басып жүргөн адамдардын жанынан өтүп андан ары баратып аба менен жердин ортосунда асылып турган Рустамды көрүп кыйкырайын десе үнү чыкпады, дагы бир аз жүргөндө анын алдынан үч киши чыкты да:- Сен кайда кызым, бул жерде сага орун жок, - деди.- Койо тур тизмени карап көрөйүн, -деп бири айтканда дагы бири мынтип жооп берди:- Тизмеге түшө элек, койо бергиле, бул эл дарылайт, адамдар үчүн керек, азырынча буга жол жок бул жакка.- Кызым, сен өзүңдү өзүң кыйба, өзүнүн жанын кыйган адам күнөөгө батып тигинтип бул жакта да асылып тура берет, качан гана күнөөсү арылганда буларга кошулат, сен өзүңдү күнөөгө батырбай оорулуулардын сообун алып адам көр, сенин колуңдан адам көп сакаят, бар бара гой!-дегенде Сезимди жанагы күч алып учуп ээн талаага жеткирип койду. Сезим ээн талаада элеңдеп кетип баратып өздөрү жашаган үйгө туш болду да коңшу жашаган жигиттин аварияга учурап өлүп жатканын көрдү, балдары, аялы аны жоктоп ыйлап жаткан эле. Сезим көзүн ачканда чоң энесине айткан биринчи сөзү ошол болгон. Эми турмушта болуп көрбөгөндөй бакыт аны күтүп тургандай дагы бир жолу уланды карап койду.***Шайгүл шаша-буша такси менен келип үйүнө кирээри менен Рапиянын бөлмөсүнө баш бакты. Ал дары ичип алгандан кийин уктап калган. Анын эч нерсе сезбей уктап жатканын көрүп эс ала түштү да кайра кайрылып бара жатып уйку дарынын кагазы баш жагында турганын көрүп чоочуп кетип ала койсо эки таблетка алынганын билди да: "башы катуу ооруганынан ичкен го, дарыны берип кетсем болмок экен" деген ойдо ашканага кирип кечки тамакты жасап анын ойгонушун күтүп калды. Бир топтон кийин ал ойгонуп оордунан туруп сыртка чыгып баратып Шайгүлдү көрүп, андан Рустам жөнүндө сурап кирди.- Барып келдиңизби, Рустам аман-эсен бекен?- Баары жайында, ал Россияда экен, -деп айтканда Рапиянын санаасы тына түштү.Шайгүлдүн оюнда болсо, балдарын чогултуп Рапияны алар менен жакшылап тааныштырып, баарынын башын бириктирүү керек экенин ойлоп эртеңкинин камын ойлой баштады. Экөө кечки тамагын ичип бүтүп телевизор көрүп жатканда Болот келди. Ал диванда отуруп сыр билгизбей ага баш ийкеп учурашкан болду да Шайгүлдүн бетинен өөп:- Мама, жашарып кетипсиз го? - деп тамашалай жанына отура кетти.- Ооба уулум, туура байкапсың, канча жылдар жүрөгүмдү өйүтүп келген жарам айыгып эжеңерди таап төгөрөгүм төп болуп турам, эртең агаларыңды жеңелериң менен чогуу чакырып бир чай ичейли. Мына Арууке деген кызым сакадай бою сары алтын болуп маңдайымда отурат, мындан нары муну менен чоочун кишидей болбой бир туугандай болуп жүргүлө, ыраматылык атаңа эми айтайын деп жүргөнүмдө кете берди, бул да болсо тагдыр, балам.- Мама, чын эле абдан окшош экен сизге, экөөңөрдү көргөндөр эже-сиңди деп эле айтпаса кызым десеңиз ишенбейт го? - Болот күлүп койду.- Тун кызым да уулум, он тогузумдагы ушул, ал эми Артурду жыйырма бештен өткөндө төрөгөм, - Шайгүл ойлуу отуруп калды да анан Болотту карады, - тамак ичесиңби?- Жок, кардым ток, кайгым жок, тамаша.. . папамдын кайгысы бир аз жүрөгүмдү орутат да, болбосо…- Ата-энени өмүр бою алып жүрө албайсыңар да уулум, эртедир кечтир мен да өтөм, силер улгаясыңар, өмүр ошентип улана берет… алмашат…- Кой мен эс алайын, эртең кайрадан жумуш, - Болот Шайгүлдүн эки бетинен өөп анан, - жакшы жаткыла! -деп бөлмөсүнө кирип кетти. Рапия алардын сүйлөшүп жатканын угуп жаткан менен аралашпады. Ал өзүнө эне болуп балдарын өз колу менен тарбиялай албаганына ичинен сыздап отурду: "өлөйүн деп өлө албадым, бирок азапты аябай тарттым, ушул аял болбосо алда качан өлөт белем өлүмгө бербеди, бир кезде таштап кеткенин актады, чын эле бул да мени күндүр, түндүр ойлоп азап чеккендир…" деп Шайгүлдү көз кыйыгы менен карап койду. "Эне баласы үчүн кандай тозокторго чыдаары анык эмеспи, мен өз балдарымдын күйүтүнөн өлө албай жатсам бул мен үчүн шайтан көпөлөктөй айланды го чиркин " деп ага дилинен ыраазы болуп отурду.Күндөн күнгө Рапия оңоло өңүнө кирип баштакысындай боло баштады. Ал азыр өлүмдү ойлобой калган. Шайгүл ага: "акырындык менен балдарыңа катышасың, баары өтөт кетет, унутулат, көп эле өзүңдү кыйнап ойлоно бербе, асты жаман ойдон алыс бол" деп эртели, кеч акыл айтып турат. Шайгүлдүн уул-келиндери чогулуп келип Рапиянын жакшы болуп калганын куттукташып баары бирдей кийим-кече алып келип көңүлүн көтөрүп кафеге чакырышты. Бир туугандук сезим алардын жүрөгүн жибитип Рапияны апасынын көңүлү үчүн абдан сыйлашты. Бул да болсо Шайгүл Бокойованын энелик мээриминин чексиздигинен, балдарды туура тарбиялап өстүргөндүгүнүн аркасында алар жерибей, бир чети эжелүү болгондоруна кубаныч менен кабыл алышты. Бир кездеги апасынын жаңылыштык кылганын түшүнүштү. Шайгүлдүн үч уулу бар эле, төртүнчүсү Рапия болуп мамыры жумуру болуп акырында ага денсоолук каалап, ойлоно бербей жакшы жүрүүсүн эскертип:- Эми жалгыз эмессиз, бир туугандарыңыз бар, биз сизди жер каратпайбыз, - дешип көңүлүн көтөрүп отурушту.- Мен бактылуумун балдарым, - деди Шайгүл Бокойова эң акырында, - жүрөгүмдү өйүтүп, көкүрөгүмдү буюктуруп келген санаадан арылдым, өлгүчө көрбөй калдым го деген элем, кудайга шүгүр тун кызым маңдайымда турат, бир бириңе жөлөк болгула, кокус мен өтүп кетсем жерибей араңарга алып, ал турсун акыл-насаат сурап, кадырлап сыйлап жүргүлө кагылайындарым, эми өлсөм арманым жок! - Шайгүл Бокойовна көзүнө жаш алып жиберди.- Мама, антип айтпаңыз, биз сиздин көп жашап, төрүбүздүн куту болушуңузду тилейбиз, андан көрө эжемди кантип, кайда таштагансыз, кайра кантип тааныдыңыз, же өзүңүзгө окшоштуруп эле болжолдоп жатып жүрбөңүз, дегеним сиз ымыркайында таштасаңыз азыр ушул турушу менен ымыркай кезин салыштырып таануу кыйын го дейм? - Артур Шайгүлдүн жанына келип бетинен өөп, - көңүлүңүзгө албаңыз, сизге оор болуш керек бирок биз анык чындыгын билгибиз келет, - деди.- Туура уулум, бул узак сөз, - ойлуу отуруп калды да бир топтон кийин - бул сурооңо бир эле кат менен жооп берем, - деп чөнтөгүнөн саргайып эскире баштаган газетаны алды да, - муну баарына чогуу окуп бер! - деп үнсүз отуруп калды. Бул гезит Рапиянын энесин издеп гезитке жарыя бергендеги гезит эле, - Мен ошондо да үндөгөн эмесмин, акыры өз көз алдымда оорудан жабыр тартып оозуман "Арууке" деп чыгып кетип андан ары жашырууга мүмкүн болбой калды. Акыры ачыкка чыгардым, балдарым….. - Сиз менин жарыямды окуган экенсиз да, эгер ошондо мага жолугуп койгонуңузда мынчалык азап тартмак эмесмин….- Ошондой болуп калган кызым, ал кезде иштеп тургам, ар намысым булганат деп ойлогом….- Тууган баласын таштап кетүү, болгондо да никесиз төрөп намыстанбаган менин жарыяма жооп бергенден намыстанган экенсиз да!? - Рапиянын көздөрүнө мөлтүлдөгөн жаш толо түшүп башын мыкчый калды. Андан ары баары аны менен алек болуп эптеп машинага салып үйгө жөнөштү. Шайгүл дары берип, укол куюп жаткырып койгондон кийин бир топтон кийин эс алды. Рапия эс алгандан кийин Артурлар келинчектери менен кетип Болот гана калды. Ошол бойдон эч кимиси үндөгөн жок. Шайгүл диванда отуруп: "туура айтат, никесиз төрөп алып, аны кайрабелгисиз бирөөлөргө таштагандан намыс кылбай катына жооп бергенден намыстанганым туура эмес болгон экен, Султан да түшүнүгү начар эмес беле ошондон чочуласам керек" деп ойлонуп уктап кетти. Эртеси күнү жашоо кайрадан кадимкидей эле улана берди. Шайгүл Рапияга башы ооруганда ичер дарысын дайындап берип өзү пенсиясына кетти. Ал кетери менен эшиктин коңгурооосу чырылдаганда Рапия аягы эле босогодо турган улгайган салабаттуу адам аны карап туруп таң калгандай унчукту:- Мен Шайгүл Бокойованага келген элем, жаңылбасам сиз анын сиңдиси болсоңуз керек?- Ооба, эмне сизди келип кетти деп койоюнбу, аты-жөнүңүздү айтып койсоңуз.- Мен… мен Жусуп Курманович, мени келип кетти деп айтып койсоңуз.- Макул, айтып койоюн, - Рапия дароо эшикти жаап коюп кирип кетти.Кечинде келгенде Шайгүлгө келип-кеткен адамды айтып турганда эшик кайрадан чырылдады. Шайгүл сыртка чыкканда аны жылмая карап Жусуп Курманович турган болчу.- Оо келиңиз, келиңиз, сиз жөнүндө азыр эле сүйлөшүп жаткан элек. - Шайгүл аны ызат менен үйгө карай баштады.- Бир тууган сиңдиңиз го, абдан окшош экен, сиздин жаш курагыңызга кездешкендей эле абкаарып калыптырмын, билесизби бир кезде сизге далай жигит даай алчу эмес эле.- Оо ал күндөр артта калды, азыр сыры мөлтүрөгөн менен ичи көңдөйлөнүп чирий баштаган алмадай болуп мезгилге уттуруп картайган убак эмеспи.- Коюңузчу, али да болсо жакшынакай элесиз, сизди картайды деп ким айтат, ырасын айтам, сиңдиңиз сизге куюп койгондой окшош экен.- Жусуп Курманович, кечирип коюңуз, ал менин сиңдим эмес, улуу кызым, - деп келатканда аларды босогодо карап турган Рапияны көрүп, - мына таанышып койгула, бул менин кызым, аты Арууке, - деп Шайгүл Жусуп Курмановичти караганда ал:- Өтө кубанычтуумун Шайгүл Бокойовна, абадан кубанычтуумун, мен сиздин сиңдиңиз го дегем… Кечирип коюңуз. - деп Рапияны карай, - биз бүгүн эртең менен эле таанышканбыз ээ Арууке… аты абдан жакшы экен. - деп үйгө кирип келишти. Шайгүл коногуна чай коюп көпкө чейин кобурашып отурушту да анан Жусуп Курманович сылык коштошуп чыгып кетти. Арадан эки жума өткөндө Жусуп Курманович алардын үйүнө кайрадан пайда болду. Бирок бул келишинде ал Шайгүл Бокойовна менен ачык эле сүйлөшүп отурду.- Шайгүл Бокойовна, мен сиздин ушул кызыңызга куда түшүп келдим, билесиң да менин да уулум бар го, кызың менен ошол уулумду үйлөнтүп койсок абдан жакшы болчудай… -деди сөздү алыстан баштап, - анын аялы эки жыл мурун каза тапкан, ылайыктуу эч ким жок, менин көзүм сенин Аруукеңе түштү, Арууке, арууке дегендей эле жан экен, сиз макул болсоңуз ушул жума аялым, уулум болуп келем, өздөрү бир бири менен сүйлөшүп көрүшсүн.- Мен аны айта албайм, Жусуп Курманович, куда болуу урмат-сый эмесми, мен бул сунушуңузду жүрөгүм менен кабыл алам, бирок өзү эмне дээр экен?- Энени укпаган бала болбойт, энеси сиз болгондон кийин кызы жаман болбойт, мен сизге ишенем, - Жусуп Курманович Шайгүлдүн колун кыса кармап ызаат кыла сылык коштошуп жүрүп кетти. Булардын сөзүн Рапия даана укту бирок эмне дээрин билбеди. чынында ал Калмурат менен жашап жүргөндө гана бактылуу болгон экен ойлосо, андан кийин баары эле күндүк, бир мүнөттүк кумардын курмандыгы болуптур. Чын дилинен сүйүп же сүйүүсүн арнаган эркек менен жашабаптыр… Ал залдагы тулку бою менен тең күзгүгө барып өзүн өзү каранды. "Дагы деле адамды бир көргөндө өзүнө тартчу жамалы бар экен, кандай эркек болбосун ээрчий турган убагы али өчпөптүр, бирок мен бирөөнү сүйдүмбү, мени бирөө жан дили менен сүйдү беле?" деген суроо койду азыр Рапия өзүнө. Бир да адам сүйүүсүн сезбегендир… "Ким билет, балким мен сүйүүнүн кандай экенин билбей өтүп кетеримин, жашым болсо элүүгө чамалап калды, азапты көп тарттым, эми ушул жашымда кайдагы сүйү, кайдагы жаңы жашоо, мен сабагынан үзүлүп жерде калган борсуп чирий баштаган алмамын, мени ким карамак эле?…" деп ойлоп Шайгүл менен да сүйлөшкүсү келбей уктоочу бөлмөгө кирип кетти.
#КукукЭнеЖеСойкунунТаг
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13