- Бизди айып этпегиле, азыр бир аз жакшы болуп калды, силерди көрсө кайрадан өткөндү эстеп ооруп калбасын, кудайга шүгүр эми дурус, өзүңөр көрүп түңүлүп эле калбадык беле адам болушунан, - деп Ишенбек алардан кечирим сурай коноктоп узатып коюшту. Алар эмне демек, аргасыз макул болушту.- Туура айтат, - деди Калмурат кетип жатып, - ырас эле түңүлүп калбадык беле, жакшы болуп калса көрүнбөй эле койолу, мүмкүн таза айыгып кадимкисиндей болгон кезде жолугаарбыз. - Ооба, ооруп калбасын дегени туура, али жакшы айыга элек да, байкушум десе, өз кызымдай эле көрүп калбадым беле, эмне болсо да жакшы болуп аман жүрсө болду, - Айсалкын да өз оюн айтты.Ошентип Сезимдин жашоосу акырындап өз калыбына келип баратты. Бирок ал таптакыр өзгөрүп өзүнүн өткөнүн таптакыр эскерген жок, жаралгандан эле ушундай төрөлгөнсүп баш оту менен адамдарды көрүп дарылаганга өттү. Акырындап намаз окуй баштады. Ишенбек Сезимдин ушунусуна ыраазы болуп ичинен кубанып бир бөлмөсүн атайын киши көрүүгө ылайыктап берди. Эл ушунчалык көп келгендиктен кезекке тургандардын саны эки, үч күндөп күткөндөр бар. Бир күнү намаз окуп отуруп көпкө күбүрөнүп атып өзүнчө сүйлөп жатты:- Эмне, менин энемби, жок андай болушу мүмкүн эмес, түк ишенбейм ал менин апам эмес! Жок, жок, жо-ок! - ал отурган жеринде талып жыгылып калды. Анын үнүн уккан Кымбат кирип келип аны ордунан тургузууга аракеттенип калганда ал көзүн ачып өзүнө келди да, - мама, мени бир оорулууну дарылайсың, ал сени гана колуңдан айыгат, ал сенин энең деп жатат, - деди Кымбатты карап.- Ким? - Кымбат ушуну гана суроого батынды.- Ким болмок эле, менин кишилерим, периштелер айтып жатат.- Капырай…-деген Кымбат башка сөз айтуудан айбыгып туруп калды. Ошону менен ар кимиси өз иши менен алек болуп кеч киргенде жумуштан келген Ишенбекке Кымбат Сезимдин сөзүн айтты эле ал:- Кудай уруп ооруп калбагай эле, - "дагы кандай балакети болуп кетээр экен, эл балалуу болсо баары жайында болуп өз-өзү менен болуп кетет экен, эми эмне болот" деп ойлонуп отуруп калды.- Өз балдарыбыз жай жайына конуп эле калбадыбы, кайдагы бирөөнүн таштанды кызын алып келип башыбызга балээни үйгөн өзүң-деп Кымбат үтүрүңдөп кетти.- Ошентсе да бактык, тиктик дегендей, өз балаңдай эле болуп калат экен да, - Ишенбек: "менин кызым эмей кимди кызы" деп айтып ийе жаздап тим болду.***Камчы Рапияны алып келгенден баштап алардын үйүндө тынчтык жок. Үйдүн ичи сасып кетет деп Таалайкүл аны сарайга киргизип койгон. Ошондо Рапия баягы өз энеси Шайгүлдүн үйүндөгү күндөрүн эстеп бир аз эс ала түшөт да күйөөсү менен балдарынын кирип чыгып жийркене карашкандарын эстегенде ичиркенип алат. Сарайдын ичи ным жыттанып, келемиштер ары бери жүгүрүп үстүндө ойноп жүрөт. Камчы жакшы эле үч ай өздөрү менен чоң үйүндө карады, бирок анын да айласы куруп жумушка кетип кеч келген күндөрү Рапиянын жанына келе албай чарчап жатып калат. Ордунан жыла албаган адамдын абалы оор болоору кимге болсо да белгилүү эмеспи, даарат ушатаарда жалдырап отуруп аргасы куруганда ордунан койо берет. Же алды которулбайт кийимин болсо жууп которуу жок, бит басып кетти. Тагдырына кейип: "кудай таала, өлүмдү да ыраа көрбөдүң, жазамды тартып жатам, бул да мага чала, бирди кийип бирди чечип күндө душка жуунуп менменсине басып жүргөндө ушу күндү көрөм деп ойлодум беле, анда мусаапырчылык эмне экенин билбеген кесирлүү аял экем, эми же өлбөй же адам катарында жок иттин да жашоосу меникинен өйдө" деп коляскадан түшпөй армандуу үшкүрүп коюп сарайда жатат. Кээде аны коляскадан жерге түшүрүп коюну унутуп калганда байкуш ошол бойдон отуруп чыгат.Анын абалын көрүп турган Камчы бир күнү аялына:- Ушу деле адам баласы го, жок дегенде бир айда бир үстүн которуп койсоң боло, сооп деле алат элең, - деди эле албууттана кыйкырып кирди Таалайкүл:- Ошол эле калды, ал эмес өз көйнөгүмдү жууп кийерге чамам жок, өлүк-тиригиңди көрөйүндүн же өлө турган түрү жок, башыма түшкөн балээ болду, сасыган жанына баралбайсың! - Келгенде таптаза болуп эле келбеди беле, жууп тазалап караган киши жок кыйналды байкуш, оору деген кыйын да, эки көзү жалдырап тил сүйлөп турса, кой кемпир сообу тийет, эркек болсо өзүм эле жууп тазалап турмакмын, аял кишини сен эле карап койчу, кудай жалгагыр.- Жуубайм этпейм, өлүп кетсин, текебер, кесирлүү неме болчу, ошентип азабын жеп бир күнү өлөт да!- Ал өлсө экөөбүзгө эле тийет билесиңби ошону, эч нерсени сезбеген кандай немесиң ыя? Түшүнсөң боло, үйгө киргизип тазараак кара, нааладан, адамдын убалынан корк, бараар жери, караар кишиси болсо экөөбүзгө эмне келмек эле?! - Камчынын жини келип сыртка чыгып кетти.- Кудай албаган өлүгүңдү көрөйүн шуркуя, денсоолугу тазасында бир кайрылып баккан ата-энесине бата кылган жок эле, эми го? - деп булкунган Таалайкүл Рапияны жуунтуп, өзүнүн эски-уску кийимин кийгизип чачынын биттеп кеткенин көрүп устара менен кырып туруп башына жоолук байлап койду. - Өлбөгөн шуркуя, кумдап кеткен тура, эгер сен өлүп калсаң наала мага калат, - башка көзгө койгулап ушул азыр мусаапырдын күнүн көрүп жаткан Рапиядан өчүн алгандай каргап-шилеп үйгө киргизип жаткырып койду. Рапияга баары бир эле, азыр мусаапырдын күнүн көрүп, кулагы угуп туруп тил кайрууга, же кол шилтеп басып кетүүгө чамасы жок аргасыз тирүүнүн өлүгү болуп турганда не демек? Күндөр өтө берди. Таалайкүл Рапиянын жанына балдарын жолотпойт, алардын үч, төрт небереси бар эле, балдарынын баары өз-өз алдынча үй-жай күтүп кетишкен, алар келгенде Рапия менен иши деле жок. Рапия ушул бүгүн Шайгүлдү эстеди: "менин жарым жан экенимди билип туруп бир кабар албаганын кара же жумушунан бошой албай жатабы, өз балдарындай көрбөсө деле керек, көзүмдү көрүп эле мени менен кошо ыйлап жаткан тура, болбосо алты айдан бери бир жолу келип кетпейт беле же жол алыс эмес" деп ойлонуп жатып уктап кетти. Уйкуда ар жок эмеспи, канчалык арып, азып мусаапырлыкты баштан өткөрүп жатканда да тырп түшүнөн чоочуп ойгонуп кетти. Түшүндө Рустам кирип: "Апаке, сен жаныма келчи, мен жалгызмын, көнө албай жатам, анын үстүнө жип менен асылып турам, келип чечип койчу?!" деп муңканып эки колун Рапияны көздөй сунуп жатыптыр." Капырай бул эмнеси, улуусу эмеспи атасына айтып мени алып кеткени жаткан го, жок, жок кантип кайсы бетим менен барам, байкуш аялдар деги алсыз, аргасыз турбайбызбы" -деп анан кайра: "жипке асылып турам дегени эмнеси? Кудай ай, деги балдарым аман-эсен жүргөй эле, мен эле өлөйүн эти жармашкан алсыз колу менен көз жашын сүртүп коюп дубалды карап жатып калды".***Калмурат менен Айсалкын чай ичип олтурушкан. Изат мектепте окуйт. Руслан менен келинчеги Зууракан шаарда.- Баягы Рапия баспай калган тура, эки буту кыймылдабайт экен, - Айсалкын Калмуратка карай унчукту.- Эмнеге? - Калмурат үнүн пас чыгара кайдыгер сурап койду.- Баягыда биерден кетип калчуда экинчи кабаттан кулап өлгүсү келген экен бирок эки буту, жамбашы сынып ошондон баспай калыптыр.- Ажеп болуптур энеңдурайын, балдардын убалы аны уктатат беле?!- Кой антип табалабай эле койчу, азыр акесинин үйүндө экен. Ага деле оор болуп жатса керек, андан көрө Русланды шаардан чакырталы да энесине жолуктуруп, көрсөтүп келели, - Айсалкын чын ниети менен айтканын Калмурат ойлуу отуруп укту да минтти:- Алтыным аа-ай, аялзатынын баары сендей болсо гана, ал шуркуя ошол сулуулугум менен бактылуу болом деп ырыскысын көтөрө албай басып кетип балдардын убалына калды, Рустамым намысынан жанын кыйды, болбосо…-- Ал да болсо тагдырдын иши Каке, маңдайга жазгандан чыга албайбыз, ал себеп гана, эми анын аянычтуу тагдырын угуп, билип туруп эне баланы катташтырбай койгонубуз болбойт.- Руслан макул болот дейсиңби?- Аны көндүрөбүз да.- Өзүң бил байбиче, эми ушу экөөнүн өмүрү узун болсо экен, - Калмурат Айсалкындын жүйөөлүү сөзүнөн чыга албай тим болду. Чынында Калмураттын Рапияга деген сүйүүсү абдан таза, бекем да эле, аргасыз андан бөлүнүп калганына ызасы да күч болчу. Пенде катары өч алгысы келген бирок анын азыркы абалын угуп өч алмак тургай өз ичинен да боору ооруп турган. Экөө кеңешип эртеси Русланга тааныш аркылуу айтып жиберишти. Телефон чалганда албаганына кабатыр болуп да калышкан, Руслан бул кезде юридикалык факультетке тапшырып сырттан окуп, иштеп жаткан. Келинчеги Зууракан тилмеч болуп иштейт. Тапкандары жакшы болуп бара бара жашоолору жакшырып бараткан. Руслан катты алып ойлонуп калды: "атамдар жөндөн жөн эле чакыра беришмек эмес, жүйөөлүү маселе бар го, эмне кылсам? Зууракан келсе кеңешейин да барып келейин, Зууракан ал үйгө бара элек" деп ойлонуп телевизор сайып алып көрүп отурганда келинчеги келип калды. Экөө кечки тамактарын ичип отурганда Руслан:- Зуураш, экөөбүз кеңеше турган иш болуп калды, бүгүн атамдар тааныш таксистен кат берип жибериптир дегенде Зууракан:- Эмне деп? - деп суроолу тигилди Русланга.- Келип кет дептир.- Анда экөөбүз тең барбайлыбы? - Зууракан Русланга эркелей кетти.- Сен ал үйгө бара элексиң да, болбосо…- Эмне болмок эле, акем өлбөгөндө мүмкүн эмгиче бармакмын, эч нерсе болбойт барып келейинчи? - деп калды.- Болуптур, камыналы, эртең эртерээк жумушуңдан уруксат сурап кел, мен да суранып келейин, түштө жөнөп кетели макулбу?- Макул жаным, сөзсүз ошентем. - Зууракан Русланды кучактап өөп койду.Эртеси экөө эки сумка майда барат алып алышты да КараБалтага жөнөп тез эле жетип калышты. Айсалкын сыртта жүргөн эле таксиден түшкөн уул келинин көрө кубана алардын алдын утурлай басты.- Келдиңерби садага болоюндарым, - деп анан шашкалактай кетти, - Капырай Зууракан бул үйгө келе элек эмес беле, тура тургула ушундай, - деп үйгө жүгүрдү, -Ээ Калмурат, балдар келди! - деп өзү суу куюлган чыны алып экөөнүн башынан айлантып, - түкргүлө! - Ой апаке, алтыным апам ай! - Руслан Айсалкынды эзиле карап сууну төгүп чыныны көмөрүп коюп жанына келгенде кучактап өөп, - Алтыным апам менин, келиниңиз келе элегине карабай ээрчитип келе бердим-деп кубанычтуу тамашалай Зуураканга көз кысып койду.- Ооба сага, мен да барам десем болбойт, мен да көгөрүп ээрчип алып келе бердим.Ээрчишкен садагаларым десе, келгениңер жакшы болбодубу, атаңардын бир багып жүргөн ириги бар, ошону союп коңшу-колоңду биротоло чакырып койолу…-ойлоно калды. Аңгыча үйдөн Калмурат чыга калды.- Оо келгиле балдарым, келгиле!-деп келининин чекесинен өөп, Русланды эки бетинен өөп анан аларды үйгө баштап кирди.- Ата, кандай жатасыңар, жумуш, окуу деп эле кол бошобой…. Руслан атасын карады, - карый түшүпсүз?- Карыбай анан.. . Экөөбүз тең элүүнүн кырына жакындап калдык, кайсы жаштыгыбыз калды дейсиң, балам, - Айсалкын сөзгө аралашты, - Атаң экөөбүз теңбиз.- Койчу апа, экөөң тең эле жаш көрүнөсүңөр, айрыкча жолдошторумдун көзүнчө силер менен сыймыктанам, - Руслан улутунуп алды, - Рустамдын өлүмү баарыбызга кайгы-муңду салып кетпедиби, Сезимди айтсаң, ал эмне болду экен?- Ал кудай буйруса жакшы болуп калыптыр, өткөн окуянын бири эсинде жок дейт, көзү ачылып айтканы айткандай келип күндөн күнгө көрүнгөнү келгендер көбөйүп атыптыр. -Айсалкын кубанычтуу сүйлөп жатты, - Байкушум эми аман болсо эле болду, башка эмне дейин…Ошону менен сөз бүткөндөй ар кимиси өз ойлору менен болуп отуруп калышты. Чай ичилип бүткөндөн кийин Калмурат байлануу турган коюн алып чыгышты да төрт бутун бууп арыдан бери бата кылып союп кирди. Айланасындагыларды чакырып куран окутуп анан эл кеткенден кийин өздөрү калышканда Айсалкын сөз баштады:- Уулум, мына чоңойдуң, өзүңчө түтүн булатып атаң экөөбүздү кубантып отурасың. Сени чакырганыбыздын жөнүн айтайын…. - деп Калмуратты карады эле ал:"өзүң эле айта бер" дегендей белги берди. -Рапия бутунан баспай калыптыр, кандай болсо да силерди төрөп төрт, бешке чыккыча багып өстүргөн…. - дегенде Руслан:- Ошону кулагыма угузбагыла дебедим беле, апа, мен сизди билем, сизди төбөмө көтөрүп багып алууга даярмын а бирок аны угайын деген кулак, көрөйүн деген көз жок! - деп ордунан туруп кетти.- Кой балам, ак сүтүн берген, сен ошол эненин ак сүтү үчүн да анын алдында карыздарсың, жакшы киши кекчил болбойт, кечиримдүү болот, ойлон, менден тартынба, ушундай оор абалга да бала деп соккон жүрөгү чыдабай, ар намысына доо кетип уятынан барды. Аны да билип кечиришиң керек, балам.- Кантип, эгер Рустамдын өлүмүнө ал себепкер болбосо да иш башка эле, азыр аны "эне" деп кантип айтам, муздаган жүрөгүмдү кантип жылытам?!- Эмнеге болбосун, болот, ушундай оор абалда барып абалын билип көзүнө көрүнүп койбосоң болбойт, уулум.- Жок апа, мен анын алдына бара албайм!- Мени угасыңбы, эне катары сыйлайсыңбы? - Сизди сыйлайм, урматтайм, сиз үчүн баарына кыйылмын бирок.. .- Анда мен сага эне эмес экемин, ушул убакка чейин бир нерсе өтүнүп же бир ооз ашык сөз айттым беле?- Апаке кыйнабачы мени, менин апам сиз гана, башканы билбейм.- Жок барасың, эртең майда барат, бир сыйра кийим алып жөнөйбүз! - Айсалкын буйрук бере ордунан турду. Руслан үндөбөй үйдүн ичинде ары бери басып жүрдү. Калмурат менен Зууракан сөз кошкон жок. Эртеси түшкө жакын Кара-Балта шаарынын чакан айылдарынын бирине Камчынын үйүнө төртөө жөнөштү. Калмурат келип жүргөн үйүн бат эле таап жетип дарбазанын түбүнө келип турганда Калмурат Таалайкүлдү тааный коюп:- Кандай жеңе, жакшы жатасыңарбы, акем күүлүү күчтүү элеби? - деп ал-акыбал сурап калды.- Ийи, кел Калмурат, кайдан бу? - Таалайкүл таңыркай карап туруп калды.- Бул Руслан эмеспи, апасынын ал-абалын билүүгө келген элек, а бул болсо келинчеги…- андан ары Айсалкынды карап унчукпай туруп калды.- Туура, туура энесинин ал-абалын билбей анан…-Таалайкүл үйгө карай жол баштап баратып: "кудай уу-ур, үйгө киргизип жууп тазалап койгонум жакшы болгон тура, баягы бойдон көрсө" деп ойлонуп алды. -Киргиле, киргиле ал биякта!Рапия ушул учурда абдан арыктап, этине сөөгү жармашып абалы өтө оор болуп жаткан. Бакылдаган ундөрү укса да кайдыгер дубалды карап жата берди: "төркүндөрү келген го, тим эле жепилдеп калыптыр" деген ойго келди ал зорго жатып, анткени төркүндөрү келгенде берээрге эчтеме таппай ушинтип калмайы бар. Аңгыча Рапия жаткан үйдүн каалгасы ачылып Калмурат баш болуп төртөө кирип келгенде селдейе, көздөрүнүн бакырайта баш оозуна сөз кирбей көзүнө жаш толо карап калды.- Кандай Рапия, жакшысыңбы? - Калмурат ири алды үн катты. -Сени ооруп атат деп Русланды алып келип учураштыралы деп эле…- Жакшысыңбы Рапия? -Айсалкын анын жанына келип алсыз колун кармады. -Мына уул-келиниңдин алып келдик.- Ыраазымын…- Рапия жашка мууна алсыз шыбарады.- Мени кечире көргүлө, мен акылсыз… Рустам келген жокпу?- Эчтеке эмес, өзүңдү карма, өткөн ишке өкүнбө, өкүнгөн менен ордуна келбейт, денсоолугуңа кара, - деп Айсалкын Русланды жанына чакырды, -Кел Руслан, апаң менен учураш, кел келе гой! Рапиянын Рустам жөнүндө сураганын укмаксанга салып коюшту.- Жакшысызбы? -Руслан Рапиянын жанына келгенде ал алсыз колун сунуп:- Каралдыларым ай!!! Мен акылсызды кечире көр, келчи кагылайын каралдым…-деп өйдө болууга умтулду эле өйдө боло албай колу шалак түшүп өзүн жоготуп койду.Аны көрүп алардын жүрөгү ооруп турду. Русландын да көзүнө жаш келе калды эле ал өзүн кармап кайраттанып: "энемдин ушул абалда кор болуп жатканын билбей жектегенимди кара, байкуш ай, мынчалык абалда экенин билсем…" деп ичтен сыздап атты. Бир аздан кийин эсине келген Рапия көзүн ачып, -Сага ыраазымын, сенин ордуңда болсом мен ушинтмек белем ким билет, уулум кагылайын менин өлөөрүм гана калды, келчи жок дегенде бир жыттап алайын, - анан Зуураканды карады, -Кел садагаң кел… келгениңерге ыраазымын, аман болсоңор эле болду-уу, -улутунуп алды Рапия. Ушул кезде Таалайкүл кирип:- Чай ичкиле меймандар, жүргүлө тигил үйгө, -деди тигилерди карай.- Азыр -деген Айсалкын алып келгендерин Рапияга берип-мына булар Русландын алып келгени -деп таттуу, саттууларын алып чыгып Таалайкүлгө сунду, -Буларды жээниңердин эмгеги деп катып койгула!- Рахмат, тил билчи экенсиң айланайын, сага ырахмат!-үйгө чыгып баратып артын карады, - жүргүлө чай ичкиле, аңгыча Камчы да келип калат.Калмурат менен Айсалкын алдыга басып Таалайкүлдүн артынан ээрчий чыгышты.- Ооруну багуу кыйын экен, улгайган кезде баладай кылып көтөрүп тозуп, бок-сийдигин жууп кыйналдым, - Таалайкүл чай куюп отуруп жатты. Ал оюнда: "баласы деле үйлөнүп киши болуп калыптыр, алып кетем дээр.. " деп ойлоп ичинен алардан сөз күтүп отурду. Бирок алар алып кетүү, коюу жөнүндө сөз кылышкан жок. Бир аздан соң Калмураттар чайга бата кылган соң Рапиянын жанына барып коштошуп чыгышты.- Жакшы калгыла, балдар келип турушат.- Капырай, тамак ичип кетсеңер болот эле, Камчы деле келет бир аздан кийин, отура тургула.- Кой, үйдө тырмактай кыз калды эле, коркуп калып жүрбөсүн, баралы.- Капа болбогула эми, жакшы баргыла, келип тургула, - деп Таалайкүл аларды узатып кала берди.Алар кеткенден кийин Рапиянын жүрөгү ооруп жан дүйнөсү жабыркап өзүнө келе албай жатты: "Оо жараткан, ушул азаптан көрө эртерек эле алып кетсең болбойт беле? Өз балам өзүмдөн жат болуп өгөй энеге өз энедей ык коюп айтканынан чыкпай сыйлап калганын карабайсыңбы, оо кудай, ушул жашооңо тойдум, күндөштүн алдында алсыз бечара болуп көрүнгөчө өлсөмчү!" деп алтымыш тамыры зыркырап жатты. Ал эми Руслан андан бетер ичинен түтөп: "жашында балдарын таштап коюп жаштыгына, сулуулугуна чиренип тентип жүрүп бизди унутуп салган да, болбосо… жок дегенде Сезимди өзү бакса мынчалык жек көрүнбөйт эле, эми эмне болот, жеңеси деле жакшы карабайт окшойт" деп кыжаалат ойдо баратты. Калмурат менен Айсалкын билгизбеген менен Русландын кандай азап чегип Рапияга боору ооруп ичинен кыжаалат болуп калганын сезишти бирок бири да сөз кылган жок. Ар кимиси өз ичинен ойлонуп бири биринен сыр жашыра бара беришти. Айсалкын: "байкушка кыйын болгон экен, көп узабайт го, абалы болсо оор экен, эмне болоор экен Руслан деле оору немени карай албайт го, жаш келин анын түйшүгүн тартып жумушун таштай албайт да" деп ойлонуп Калмуратты асте карап койду. Калмурат да өзүнчө: "ушуну көрмөк, асты үстүнө чыгып жалдырасам да болбой кетип калып Ишенбекти таап кыз төрөп анын да кадырына жете албай күкүкчө көрүнгөндөн тууп таштап кетип жүрүп эми майып болуп калганда балам деп, эн-неңди урайын десе, мүмкүн дагы башка балдары бар чыгаар ким билет?" деп жинденип ага табаасы канып турду. Чынында Калмурат анын Россияда көрүнгөн менен жүрүп акыры көчөдө калганда гана Ишенбек жолугуп калып аны менен жашаганын билбейт эле. Ал эми Ишенбек болсо ал жөнүндө айткан да эмес.Таалайкүл Калмураттар кеткенден кийин Рапиянын үстүнө кирип кыялы кармап ажылдап кирди:- Бети жок өлүгүңдү көрөйүн десе, баланы ит деле тууйт, карачы чырактай балдарың туруп талаада калдың, талаада калат деген ушул да, сага караганда туубаган катын өйдөрөөк, карачы Калмураттын аялын сандыктай болуп, өз балаңа эмес өзү төрөбөгөн балага эне болуу өтө оор, эгер жаман катын болсо сенин абалыңды көрүп, балаңды ээрчитип келмек эмес!- Айла канча жеңе, айланайын жеңекебай, деги колуңан келсе мага уу берчи, ушул азаптан көрө өлүп тынайын, - Рапия алсыз үнүн чыгарды.- Сага уу берип өлтүрүп кудайга күнөөкөр болгум келбейт, ансыз да өлөсүң, өлбөгөндө эмнең калды, же кайрадан жүгүрүп тентип кетээр күн келет деп ойлоп атасыңбы? -Таалайкүл мурдун чүйрө чыгып баратканда алдынан улгайган аял чыга калды. Ал туура эле кирип келе жаткан эле, Таалайкүлдүн сөздөрүн угуп босогодо туруп калган. Таалайкүл каалганы ачып жибергенде эч нерсе байкабагандай күлө бага учурашып калды. Бул Шайгүл эле.- Саламатсыңарбы? - Саламатчылык, сизге ким керек эле? -Таалайкүл бейтааныш, нур жүздүү аялды таңыркай карады.- Мм, мен Рапияны дарылаган врачмын, абалы кандай болуп жатты экен билейин деп эле…-Шайгүл Рапия жакка өтүп:-Кандай кызым?-деп Рапиянын эки бетине өөп керебеттин четине отура кетти да анын кургабаган көз жашын көрүп үнсүз отуруп калды.- Ийи, көрүңүз, - Таалайкүл: "өлмөк беле, мындайлардын өмүрү узун, жаны бек болот" деп ойлонуп врач аялды сүйүңкүрөбөй чыгып кетти. Рапия болсо үн чыгарбай көзүнүн жашы жаагы ылдый куюлуп дубалды карап: "Руслан келиптир, Рустам эмнеге келбеди, ал мени көргүсү келбеген го, анын алдында менин күнөөм төө көтөргүс эмеспи?" деп ойлонуп жаткан эле, тааныш үндү укканы менен ага жүзүн буруп карагысы келбей көзүн жумуп жата берди.- Рапия, кандай кызым, абалың кандай?-Шайгүл жашка мууна зорго сурады. Ал азыр анын ушул абалын көрүп зээни кейип турган. Жаткан жерин төшөнчүсүн көрүп андан бетер каңырыгы түтөп: "ай кудай ай, ушундан көрө жолукпай койсом эмине, ушул азапты жүрөгүм көтөрө алабы, бул оңбой калган го, же Султанга ачыгын эле айтып үйгө алып кетип өзүм карасамбы?" деп ойлоду. Рапия жүзүн бери буруп:- Кандайын сурайсын, мен бүткөмүн, келбей эле койбойт белең, же мени табалап жатасыңбы?-деп көзүнүн жашын тыйбай алсыз шыбырады.- Койчу садага, мен сени табалап эмне, сени көргөнү эле келгенмин, бери болчу тамырыңды кармап көрөйүн, - деди эле Рапия колун тартып алды.- Жок, кереги жок, ушул азапты өзүм тилеп алгам, мага эч кимдин жардамынын да, жакшы сөзүнүн да кереги жок!- Андай дебе кагылайын, ансыз да элүү жылга жакын убактан бери ичимден ойлонуп азап чеккен дартым сен болчусуң, көзүмө көрүнбөсөң болот эле эми мен сени ажалага бербейм, болгон аракетимди жумшап бастырууга аракет кылам! Мына жетимишке жакындап калдым, жакында үйдө болом. Пенсияда болсом да иштеп жүрбөйүнбү. - Ык, - Рапия мыскылдуу жылмайды, анын жүзү сырданып, өтө арыктаганга сулуу жүзү ого бетер апакай тартып бирок абдан сүрдүү да сумсайып да турду, -мени айыктырсаң, колуңда үч ай жүрдүм, ошондо эмне айыктыра албадаң?- Дарылоону жаңы баштап, массаж кыла баштаганда өзүң кылбадыңбы, ишен мага Арууке, кагылайын периштем, мен эми эч кимден жашыра албайм, бүт баарын Султанга да, балдарыма да айтып сени өз колума алам!-Ушул учурда сырттан кирип келе жаткан Таалайкүл "Арууке" дегенди угуп таң калып койду: "Бул аял адашып келип алган го, кайдагы Аруукени айтып жатат?" деген ойдо кирип келди да:- Сиз кайдан келдиңиз эле, кайда иштейсиз врач болуп?-деп Шайгүлдүн жанына келип сурады.- Бишкекте, сыныктар боюнча хирургмун, Рапияны өзүм карап жаткам, кол бошоп акыбалын билүүгө келе албай калдым.- А сиз эмне Арууке деп жатасыз, жаңылып келип алган жоксузбу?- Жок, жаңылган жокмун, атын адаштырып алдым го, карый баштаганмын го? -Шайгүл шашып калды. Бирок Шайгүлдүн азыркы турушу жетимишти таяп калганына ишенбей турган эле. Таза, тыкан, шаардыктарча кийинип алганы жаңы эле элүүдөн ашкандай көрүнөт эле.- Кайериңиз карып турат, мына менин айтсаңыз болот, элүү бешке карадым.- Оо анда жаш экенсиң, сиңдим, мен алтымыш жетидемин.- Койсоңузчу, сизге кантип ишенесин, ким айтат сизди ошо жашка келди деп.- Чын эле сиңдим, жетимишке барып калдым…- Жакшы жашасаңыз, түйшүк тартпасаңыз керек да, мен ушул жайдан бери оору багам деп эле жаман кыйналдым, ушуну же бар кылып же жок кылбайсыңарбы, деги өзү да кыйналды бизди да.. . -деп келатканда Шайгүл:- Ошентип кантип айтып жатасыз, биз врачтар адамдарды айыктырууга гана аракет кылабыз, сиз андай дебеңиз!-деп ордунан тура калды.- Туура айтат, ары же бери болсом болот эле.- Айыгасың, сөзсүз айыгасың! -Шайгүл Рапиянын колун кармай ойлуу отуруп: "Муну алып кетпесем оңдурбайт, дурус деле тамак аш бербейт окшойт, байкушумду өзүм алып кетейин, айыктырайын" деп ойлонду ал. Ушул учурда сырттан машинанын токтогон үнү угулду. Таалайкүл сыртка атып чыкты: "дагы кимиси келип калды, ботом дегеле бүгүн баары эле Рапияны көргүсү келип калган го?" деп ойлогонго үлгүрдү. Ал үйдөн чыкканда Сезим таксиден түшүп үйдү көздөй баскан.- Кызым, сага ким керек? - Таалайкүл анын алдын торой сурап калды.- Мага оорулуу аял керек? - деген Сезим үйгө кирип кетти. Ал оорулуу аял кайда деп сураган да жок, тек күндө кирип жүргөн сымал эшикти ачып төрдө керебетте жаткан Рапиянын жанына барып:- Сизди дарылоого келдим, бизди жалгыз калтырыңыз! - деп Шайгүлдү карабай туруп эле сүйлөдү.- Мен бул оорулуунун врачымын, мен жанында болушум керек - Шайгүл Сезимди карай жооп берди.- Сен… сен кимсиң? - Рапия дагы бирдеме деп келатканда Сезим үнсүз гана колун көтөрүп токтотуп койду.- Сизге сүйлөөгө болбойт! - деп Рапиянын үстүндөгү эскилиги жеткен жуурканды алып көйнөгүн түрүп эти сөөгүнө жармашкан буттарын ачып кармалай баштады. Шайгүл үндөбөй отура берди. Сезим Рапиянын жамбашына чейин ачып кармап көрүп: - жамбашыңыздан ылдый буттарыңызга кеткен тамырларга доо кеткен тура, - деп анан колдорунун тамырын алмак салмак кармап, нервиңизге да бар. - Ал аңгыча Рапиянын жоолугун алып башын, желкесин ушалап кирди. Рапия сөз сүйлөөгө дарманы келбеди, тек анын өз кызы, ымыркайында Ишенбек көзүнө көрсөтпөй заматта жоголгон кара чечекей Сезими экенин билип турду бирок ал абдан алсыз да аргасыз да болчу. Себеби: "сен Сезимсиңби, кагылайын кызым?" деп айтууга кудурети жетмек эмес.
#КукукЭнеЖеСойкунунТаг
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17