Акыры Бурма эненин ызаат сыйын жасап жайына узаткан соң Айсалкынды үйүнө алып келишти. Бара, бара ичи билинип, кыймылга кире баштаганда гана ал өзүн ыраазы болуп Калмуртка да мурункудан жакшы мамиле кылып? ошого турмушка чыкканына ичнен кубанып жүрдү: "Эмнеге мурун боюма болбоду, же Калыбектин өзүндө бар болсо керек, деги койчу эмнеси болсо да ушул наристем аман-эсен жарыкка чыкса экен" деп ойлонуп апасынын өлгөнү кабыргасын кайыштырып турса да бир жарык шоола чачкан үмүт пайда болуп өзүнө өзү кайрат берип алат. Рустам менен Руслан да Айсалкындын жанынан чыкпай кол аякка жарап калышыты. Рустам өтө шогураак, өз билгенин бербеген бала болчудай. Руслан болсо болбурап жоошурак. Шуру эне болсо келин-уулун өз очогуна бөлүп өзү кичүү уулу менен калган. Калмураттан улуу эки уул бир кызы өз-өзүнчө түтүн булатып жашоолору ойдогудай эле. Ушул Калмураттын турмушу болбой аялы кетип эки баласы менен калганда эне көп кейичүү, эми көңүлү тынып калды. Адеп Айсалкынды алам дегенде эне каршы болгону ырас бирок Калмураттын көгөрүп туруп алганынан акыры макулдугун берген эле.Салкын эне да Айсалкынга тез, тез келип турчу болду. Ал да өзүнчө ичинен сызып: "Капырай Калыбегим менен беш жыл жашап боюна болгон жок эле, мейличи байкушум, өйдө карап жаман айтпады, алдыман кыя өтүп тастаңдаган жок, кудай берчү эле келин, аман-эсен көз жарып алсын, кыйналбай төрөп алса экен" деп ойлонуп кылаар иши болбогондуктан кечке ийигин ийрип Шуру менен кобурашып отуруп анан кетет.Ай күнүнө жетип Айсалкын кыз төрөдү. Калмурат тамак ашын даярдап кызына Изат деген атты даярдап алып төрөт үйүнө жетип барды. Айсалкынды бетинен өөп, колуна кыпкызыл роза гүлүнөн букет берди да:- Акин, кыздын атын Изат койолу, баарыбызды ызааттап сыйлаган, акылдуу да бактылуу да кыз болсун, - деди Калмурат.- Сен айткандай болот да, анткени өзүңдүн заказың боюнча кыз болуп калды, - деп Айсалкын жаркылдай күлүп тамашалай сүйлөдү, - Сага ыраазымын Каке, мени эне катарына коштуң, мен эми энемин, - бир азга капалуу болуп көзүнөн жаш кылгыра түштү, - байкуш апам менин боюмда бар экенин укканда кубанычты да көтөрө албай калдыбы, болбосо ушуну көрүп өлсө эмне…- Койчу Акин, кейибечи жаным, ажалга арга жок экен да, андан көрө кичинекей Изатыбыздын өмүрүн, бактысын тилейли.Үч күндөн кийин эле Айсалкынды ымыркайы менен үйгө чыгарып келишти. Рустам менен Руслан болсо улам колуна алып көтөрө коюп наристенин жанынан чыгышпайт. Үйгө келген күнү кечинде жаңы эле жаткан Айсалкын көзү илинип илинбей эле босогодо турган Калыбекти көрүп чоочуп кетти, бирок корккон жок, баягысындай эле: "Калыбек, эмнеге босогого туруп алдың, кел төргө өт" деп жиберди. "Жо-ок мен төргө өтпөйм, болгону мен сенин жаныңдамын, ошону сезип жатасыңбы, мен сени менен биргемин, алдагы кызды карасаң дал мага окшош, мен сага ошону бербедимби! " дегенде Айсалкын кызын караса чын эле ошого окшош экен, кайра кайрылып босогону караса Калыбек ордунда жок. Ойгонун кетсе Калмурат аны түрткүлөп ойготуптур. - Айсалкын сага эмне болду, уктап атып эле сүйлөп жатасың же эмне дегениң белгисиз, кыйналбасын деп ойготуп жибердим.- Аа-аа жөн эле уйкусурап жатсам керек, -деген Айсалкын бышылдап уктап жаткан кызыл эт наристесин карап өзүнчө жүрөгү "бөлк" этип алды: "Бул эмнеси ыя, чын эле Калыбекке окшоп калабы, анда Калмурат эмне дейт?" деп өзүнчө кызын карап делдейе ойлуу отуруп калганда Калмурат аны кучактап ордуна жаткырды да:- Быйпыйып уктап жаткан кызыңдын эмнесин карайсың, андан көрө мени карап жатчы жаным, сагынып кеттим!-деп өөп койду.- Кантип карабайм Каке, чынбы-төгүнбү деп деле ишене албай жатпайынбы, карасаң кимге окшош ыя?- Кимге окшосо ошого окшосун, деги мага ыраазысыңбы жаным, аман болсун.- Ыраазымын Каке, өмүр бою ыраазымын, кудайга тобо кылам, ушул муштумдай кызыл эт үчүн канча көз жаш төкпөдүм.- Укта алтыным, эс ал, бир аздан кийин кызың ыйласа дагы туруп уйкудан каласың.- Уктабаганга кайылмын, как баш, туубас атка конбой ушуну берген кудайга миң мертебе ыраазымын Каке!- Мейли эми эс алып алчы, элдин баары уйкуда, убагында эс алганың өзүңө жакшы, жаш төрөгөн аял жылуу-жумшак жатып тыңышы керек.- Мына уктадым, - Айсалкын жатып калды. Ал эми жатаары менен эле кайра Калыбек пайда болду. Айсалкын: "тез эле уктап кеттимби, түшүмө дагы Калыбек кирип жатат" деп ойлогончо ал: "Мен сенин жаныңдамын Айсалкын, сен уктаган жоксуң бирок мени сен гана көрүп сен гана уга аласың" деди "кантип мен уктабай эле сени көрүп жатамбы, сен эмнеге мага гана көрүнөсүң, апаңа, бир туугандарыңа көрүнбөйсүңбү? " Айсалкын таң кала сырады. "Жок аларга көрүнбөйм, менин рухумдан сен балалуу болуп жатпайсыңбы, мен эми сенин жаныңда ар дайым жүрө берем, коркпо мен сага тийбейм!" "Кызык сенин рухуңдан пайда болдубу бул наристе?" "Ооба, менин балам, сени ыйлабасын деп сага бербедимби! " "Ыраазымын, ыраазымын" деп ыйлап жаткан Айсалкынды Калмурат дагы түрткүлөдү: - Акин, эмне эле болуп жатасың?- Эч нерсе, - Айсалкындын кулагына Калыбектин: "Менин рухумдан жаралган бала" дегени жаңырып туруп алды. Калмурат болсо: "байкушум өңүндө да түшүндө да ыраазымын деп мага айтып жатат. Эгер мурун төрөп жүргөн аял болсо ушинтип ыраазы болмок беле, мынчалык болмок эмес" деп ойлонуп Айсалкынды кучактай уйкуга кирди. Айсалкын болсо тирмийип уйкусу келбей жата берди, ушул учурда ал Калыбекти көргүсү келди бирок ал андан кийин көрүнгөн жок. Күндөр өтө берди, Изат күндөн күнгө болтоюп чоңоюп баратты. Үйдөгүлөрдүн сүймөнчүгү, эрмеги. Бир күнү Салкын эне келип Изатты колуна алып олтуруп:- Айсалкынга окшобой эле кимге окшоп калга, же Калмуратка окшобойт, - деп калды.- Ээк, кимге окшош болсо да ата-энесине кап болсунчу жеңе, чоңоюп келетат жаман десе, "көрүнгөн жоонун ыраагы жок" деген ошол да. - деп Шуру Изатты карап жылмайып койду. Шуру эне ары басаары менен Салкын эне Айсалкынга шыбырай:- Ботом бу кызың Калыбегиме эле окшошуп калган го? -деди.- Койчу апа!-деп жиберди Айсалкын уурусу кармалгандай. - Койбой эле, Калыбек кичинесинде дал ушундай болчу, - десе болобу.- Кантип окшошмок эле…-Айсалкын түшүндө көргөндөрүн эстей бир эсе таң калса бир эсе мурунку кайненесинен уялгандай үнсүз боло калды. Ушул мүнөттө Айсалкындын көзүнө аппак кийинген Калыбектин элеси тиги короонун босогосунан көрүнүп делдейип эле эки көзү босогодо болуп туруп калганда Шуру эне: "байкуштун жүрөгүн оорутуп кайдагыны айтпа койдум эле" деп ойлоп өңү купкуу болуп кеткен Айсалкындын жанына жетип барып:- Садага сага эмне болду, бир жериң ооруп турабы? Балекет баскан жаным кайдагыны айта койдум эле, ансыз да өзүн зорго жүргөндө, - деп Айсалкынды жөлөй койгондо босогодогу Калыбектин элеси көрүнбөй калды эле ал эсине келе:- Жок, жок апа, эч нерсе деле болгон жок, мен жөн эле…-деп ордунан тура калып короонун ичин тегерете карап кирди.- Эмне бирдемени издеп жатасыңбы балам, же бирөө короого кирдиби?-Кыраакы эне эки жакты айлана карады.- Жок апа, мен жөн эле, - Айсалкын өзүнө келип арыда уктап жаткан кызын караса Калыбек анын баш жагында туруптур. -Апа кызымды алып үйгө кирейинчи, - деп кызды алганда Калыбек: "Айсалкын көрдүңбү меним кызым өзүмө окшошуп турганын көөп жашайт, абдан бактылуу болот" деди. "Аны сен кантип билдиң?" "Ха, ха мен кантип билбейин, сен бала эле бойдон турбайсыңбы, мен азыр бейиштемин, кааласам сенин жаныңда, кааласам кызымдын жанында болом уктуңбу?" "Койчу Калыбек, сен мени кыйнап жатасың, менин кызым дебей жүрчү" "Болуптур сенин кызың, бирок ал менин рухумдан жаралганын унутпа" деп Калыбек көздөн кайым болдуу.- Жок, жок сен жоксуң, сен экинчи келбе! -деп Айсалкын бакырып жиберди. Ошондо баятан бери кызынын жанына жетип жетпей бирдемелерди сүйлөп жаткан Айсалкынды байкап калган Салкын эне:- Кагылайын сен эмне болуп жатасың?-деп жетип барды.- Эч нерсе эмес, өзүмчө эле… -Айсалкын Изатты көтөрүп үйгө кирип өзүнчө ыйлап кирди: "Бул эмнеси, же менин да ажалым жеткени калганбы, же апасына айтсам бекен?" деп ойлуу көзүнүн жашын аарчып отуруп калганда сырттан Шуру эне кирип:- Ээ Айсалкын тиги Жолдубектин баласы чакырып келиптир, мен ошоякка барып келейин.- Макул өзүңүз билиңиз.- Тиги сууну ысыта бер мен кайра келип кийиз бышырам.- Ооба апа, ысыта берем-Шуру эне Айсалкындын ыйлап отурганын байкабастан чыгып кетти.- Оо кудай ай, деги ушул кыздын аман-эсен чоңойгонун көрсөм экен, деги бул эмне деген табышмагы эле жараткандын, - Айсалкын кызын алдына алып эч нерседен капарсыз бышылдап уктап жаткан Изатты жүзүнөн сүйүп койду. Аңгыча сыртан Салкын эне кирди да:- Кызың менен эзилишип отурасыңбы, Шуру кетип эрмектешээр киши жок сенин жаныңа отурайын деп келдим, -деп төргө отуруп калды да Айсалкындын сумсайыңкы жүзүн, ыйлагандай болгон көзүн көрүп, -Ийе Айсалкын ьир нерсеге капасыңбы садага?- Жо-ок апа, - Айсалкын калмуратка тийгенден кийин да Салкынды апа дечү. "Калыбек жөнүндө айтсамбы же айтпай эле койсомбу?" деп ойлуу отуруп анан ички сырын акыры бирөөгө айтышы керек экенин ойлоп ушул азыр айткысы келди. -Апа, менин түшүмө Калыбек кирип …-андан ары ыйлап отуруп баарын айтып берди. -Эмне кылышымды билбей калдым, ушул кудайдан тилеп жүрүп тапкан кызымды менин кызым, менин рухумдан жаралды деп атпайбы, түшүмө эле кирбестен ойгоо басып, туруп жүрсөм да көрүнүп жатпайбы?! - Ушуну сездим эле, жана "Калыбек Калыбек" деп эле сүйлөп жатпадыңбы, анда мындай айланайын, бир мал союп куран окуталы дагы алдага кызыңдын бир сыйра кийимине куурчак жасап ороп туруп Калыбектин жанына сойгон койдун териси менен кошо көмөлү.- Ошондо Калыбек көрүнбөй калабы?- Ырым жырымды толук жасаш керек, бир сыйра жаңы кийим ал дагы кызыңа кийгизип кайра чеч да таза баштык алып ошого салып туруп үч айрылыш жолго коюп кой, ошондон кийин келбейт балам, кеткенине нааразы экен. Мен Шуру менен кеңешейин.- Зыяны болбосо эле мейли го, адегенде көргөнүмдө чоочуганым менен азыр кадимкидей эле көнүп калдым аны менен сүйлөшкөнгө. - Кой балам антпе, сен деле бирөөнүн жалгызысың, бактылуу болушуң керек, Калыбек менин балам өлгөнүнө кабыргам кайышат, жүрөгм сыздайт бирок тирүүдө бирөөнүн кыйналганын көрүп туруп жардам бербей коюу жарабаган иш, адагечилик эмес.Айсалкын, сен негедир эле күндөн күнгө арыктап да ойлуу да болуп баратасың, эмне бир жериң ооруп жүрөбү?- Эч жерим деле ооруган жок, бала менен кыйналгандыкы го…- Изат андай деле ыйлабайт, жоош эле, өзү жашы өтүп төрөгөнгө кыйналып калгандыкы го болбосо…-сөзгө Салкын эне аралашты.Айсалкын үндөбөдү, тамак ичилип бүтүп баары жатууга киришти. Шуру эне өз төшөгүн салып жатып калды. Жаш балалуу келинин аяды көрүнөт болбосо кайненесинин төшөгүн өзү эле салып берип турчу Айсалкын. Бүгүн да уйкусу келбей көпкө жатты ал. Ар кайсыны ойлоп, бүгүнкү Салкын кайненесинин айткандарын эстеп: "Калмурат кандай кабыл алат болду экен, ал жаман ойлоп калбайбы, мага эмне айтпадың десе эмне дейм?" деп ойлонуп жатып көзү илинип кеткен экен жанына кимдир бирөөнүн жаткандай болгонун сезип артын караса Калыбек уупузун болуп Калмурат экөөнүн ортосуна жатып алыптыр. Оюнда Айсалкын "муну көрсө Калмурат эмне деп ойлойт" деген ойдо "Бул эмнең сен алды качан эле өлбөдүң беле, биерге эмне жатып алдың?" дегенде ал акырын төшөктөн ак булут сыяктуу суурулуп чыгып: "Мен кеттим, сен кызыңды жакшы кара, бирок мен эч качан сенден алыстабайм, дайым сенин жаныңдамын, уктуңбу?!" деп босогого барып көрүнбөй калды.- Эмне эле сүйлөнүп жатасың?-Калмурат башын өйдө көтөрүп Айсалкынды бетинен өөп койду.- Жөн эле, уктап жатып сүйлөп жиберген турбайынбы, - деди бери карап. Чынында ал уктап кеткен эле.- Билбейм, уктап жатып сүйлөй берет экенсиң, катуу катуу сүйлөп ойготуп жибердиң.- Ийи, өзүм да билбей калам. -Айсалкын "айтсамбы же айтпасымбы? " деп ойлоп кайра унчукпай жатып калды.***Рапия Ишенбекке жолуккандан кийин буулугуп ыйлап: "мен эне болбой куруюн, уулдарыдан да кызымдан да алыстап калдым, жок менни балдарым өзүмдүн ата-энемдикинде эмес беле, мен сөзсүз аларга барышым керек!" деп ойлонду да ата-энеси экөө тең өлгөнүн аларга барбаганын эстеп ого бетер ыйлады: "Оо чолок акыл жаным, сулуумун, сулуулугум менен бакытка жетем деп жүрүп баарынан айрылдым, эми болсо да барышым керек, эки бирдей баламды томсортуп койгуча өлгөнүм артык" деген чечимге келди да Покровкагы жөнөдү. Ал келгенде агасы Байсал жок эле. Жеңеси Таалайкүл аны көрүп сүйбөгөндөй кабыл алды.- Ийи кел, кудайга тоб-боо келет экенсиң го ээ, аман-эсенсиңби ыя, өлүү же тирүүң билинбей калды го?- Кандай жеңе, жакшы жатасыңарбы? - Жакшы, жакшы-ы, баары жайында, ийи келген жөнүңдү айт!- Мм, кечирип койчу жеңе келе албадым, атам менен апамды да уктум… бирок келе албай калдым, алыс жер…- Ох кудайга тобо-оо, келгиси келген киши Америкадан, Меккеден деле келмек, ошол кемпир чал сени кандай гана эркелетип бакпады эле, өз ата-энең болгондо жердин түбүндө жүрсөң да келмексиң.- Койчу жеңе, андай эмес, шарт болбой эле…- Эмне шарт, алты саның аман, өңдүү эле экенсиң, андай эле кыйналган түрүң деле көрүнбөйт, и баса сени көчө таптаган сойку болуп кетиптир деп айтып жүрүштү эле, чынын айтсам сени мобул куттуу босогомду аттатпайм билсең!- Жеңекебай антип айтпачы, андай болгон эмес, менин күнөөм атам менен апама келе албадым ырас алар алчаңдатып баккан эле, кантип унутайын…- Ой сени менен жомок айтышып отура турган убакытым жок, кандай келсең ошондой кете бер!!! - Жеңе?- Жок айланайын, сенин сөзүңдү угаар чагым эмес.- Жеңе, жок дегенде акем менен учурашып анан… анан балдарымды алып кетсемби…- Кайсы балдарыңды? - Рустам менен Русланды.- Аларды күйөөң алда качан алып кеткен, сен эне болуп карабай кетсең ал эркек экен, сендей күкүк эне баладан айланабы! - Жеңе!- Бас жаагыңды, жеңеден, акеден айлан, биздин сендей эч кимибиз жок, Байсал келе электе кетип кал, болбосо ал да сени капа кылып койот.Рапия артына бурулуп көзүнүн жашын көлдөтө дарбазадан чыгып кетип баратканда алдынан Байсал чыга калды.- Рапия сенсиңби, сага эмне болду, качан келдиң?-Байсал Рапияны карыдан кармай калып жүзүнө карады, - айтчы сага эмне болду?Ушул учурда босогодо карап турган Талайкүл аларды көздөй басып келе жатып минтти:- Өлгөн ата-энесин жаңы угуп ыйлап жатат, Эмне болмок эле, - чоюштай мурдун чүйрө сүйлөдү.- Койсоңчу Таалай, атайын бизге келсе анткениң болбойт, жүр, жүрө гой үйгө кир!- Ийи жөн эле жаш кызды эркелетип жаткансып, өзү үйгө киргиси келбей кетип жатканда аны эмне кыласың?- Жеңе, кантип эле, сиз…- Эмне эшик аттай элек жатып бизди уруштургуң келип жатабы?- Болбодубу эми, келе элек жатып сага эмне кылды ыя, ата-энемдин арбагы үчүн да Рапияны сыйлабасаң болбойт, алар өлөөрдө экөө тең табыштаганын өз кулагың менен укпадың беле!?- Укканда эмне, алпештеп баккан ата-энеңди жыргатып сен калыпсыңбы, киргиз, киргизмек тургай бир бөлмөңө киргизип кетирбей бага бер!- Бакса багам, бул менин карындашым, өзүм көтөрүп чоңойтком, ишиң болбосун! Байсал Рапияны колунан ала үйгө киргизди. Таалайкүл андан кийин эч нерсе деген жок. Эгер дагы тажатып сүйлөй берсе Байсалдан келтек жээрин эң жакшы билет. Ошондуктан өз ишине киришип кечки тамакты жасоого өттү.Рапия үнсүз гана өзүнүн жаштык кылып сулуулугуна чиренип балдарын таштап кеткенине өкүнүп турду, ал турсун ата-энесинин алпештеп бакканын баалабай терс жолго түшүп жүрүп баарын жоготуп алганына ичтен сыздап жүрөгү ооруп турду. Жашы отуз менен кырктын ортосуна барып калганда гана сезди өзүнүн жаңылганын: "Эми Калмурат ага балдарын береби? Арадан он жылдан ашык убакыт өттү, балдары аны тааныйбы, кабыл алабы?" деп жатты анын ою. "Жок дегенде бир көрүп алсам, кандай чоңоюп жатканын, өгөй эне аларды кандай карап жатат, эгер балдарым жүдөп өгөй эненин заарын көрүп жатса анда мени ээрчийт" ушул ойго келгенде ал өзүн өзү сооротуп бир аз да болсо эс ала түштү. Ал күнү Байсалдын жакшы сөзүн, акыл насаатын угуп анын алдында өзүн пас сезип отурду. Көрсө жакшы адамдын баласы жакшы болот тура, ата-энеси абдан жакшы адамдар эле: "бөлөктүгүмдү билгизип өлгөн ата-энесине келбей койсом да мени сыйлап жатканын карачы, кайран кишилер өз баласындай карап оюм менен болчу эмес беле, убагында сезбеген мен акмак экемин да, жакшы адамдарды баалай албаган мен келесоо, акылсыз!" деп өзүн, өзү жектеп турду Рапия.Эртеси эртең менен туруп Байсал Рапиянын колуна беш миң сом берип:- Карындашым, муну жолуңа керек кыл, мен да ата-энемдин карызынан кутулайын, келсе томсортпой жакшы тозуп алып жакшылап узаткыла деген эле экөө тең, анан калса сени абдан жакшы көрчү эмес беле, келгиң келсе келип тур, сенин бир тууганың мен турам, жеңеңе таарынба, ал аялдык кылып жатат, бирок ал деле түшүнөт. Аман жүр, капа болуп кайгырбай сыйлап алаарым бар деп эстей жүр садага!-деп бетинен өөп узатты. Рапиянын сүйлөөгө дарамети жетпеди, эмне демек. Адамкерчилиги улуу адамдын алдында өзүн өтө жаман сезди, жан дүйнөсү сыздап жүрөгү ооруп көзүнүн жашын төгүп:- Кечирип кой аке, мен ит болдум, мени кечириңиз! -дегенге зорго жарап так#### отуруп жатып, - мен акылсызды кечирип коюңуз, - деди да машинанын эшигин жаап буркурап ыйлап жиберди. Зуулдаган такси аны тез эле Кара-Балта шаарына жеткизди. Өзү билген адреске айдатып барып Калмураттын үйүнүн тушуна таксини токтотуп коюп, тааныш үйдү көздөй кадам таштады. Дарбазаны такылдатканда Айсалкын ачты эшикти:- Сизге ким керек?-Айсалкын мүчө бою келишкен жаш келинди көрө таңдана сурап койду. Оюнда адашкан бирөө деп ойлогон.- Мага.. . мм.. . мага Калмурат керек эле, ал үйдө болду бекен?- Ал үйдө жок, мен аялы болом, айта бериңиз!- Аа-а балдары кайда, балдары үйдөбү?-Рапия бул муңайым көрүнгөн сылык, сыпа сүйлөгөн келинди кекеткендей сүйлөп кирди, - Жээ балдарын тааныбайсыңбы? Аңгыча Рустам менен Руслан жүгүрүп келип Айсалкындын жанына тура калып:- Апо-ов, бул ким?- Апа, бул аял ким?-деп жарыша сурап калганда, Айсалкын:- Бар үйгө киргиле, чоочун аялдын көзүнчө антип сурабайт, бул эжеңер бирөөлөрдү издеп жүрүптүр, бар бара койгула.- Ики, кирбейм.- Мен дагы, адашып жүрсө мен таап берейинби, кимди издеп жүрөсүз?-деп чоңураактык кылып Рустам Рапиянын көзүнө тике карады. Ошондо Рапия дагы алдастап калды. Аттиң, ошондо кирип кетчү жер болсо дароо житип жок бомок, бирок жер катуулугунан, жан таттуулугунан зорго турду ал. Телмирип сөз сүйлөөгө кудурети жетпей өз канынан жаралган, ичнен чыккан балдарын өзү эркелете албай, жадагалса жүзүнөн сүйүүгө мүмкүн болбой жетимсиреп томсоро унчукту:- Мм.. . мен… мен- Тургула, үйгө кирип Изатты карагыла, чоң энеңдин колу бошобой атат.- Барбайм, Изатты энем карап атат, - Руслан Айсалкынды этегин кармап эркелей кетти.- Анда экөөң тең сабагыңарды окугула, киши менен сүйлөштүрөсүңөрбү! -деп Айсалкын катуу айтканда экөө тең жүгүрүп кетти.- Сиңдим, мен бул балдардын энеси болом, мүмкүн болсо учурашып, анан… анан алып кетсемби деген элем, - Оюнда өгөй балдарды ким сүймөк эле алып кетем десем кубанып кошуп берет, - деп ойлоп турган эле.- Кайдагыны айтасыз, бул экөөнү өзүм төрөгөм, сиз жаңылып жатасыз, мүмкүн башка жактан издеп көрөөрсүз, - дегенде Рапия чыдай албай:- Өзүң төргөнүң көрүнүп турат, ушуга ишенет же ушинтип койсом эле кетип калат деп турасыңбы ыя!-деп үнүн катуу, катуу чыгарып сүйлөп жибергенде арытан Изатты көтөргөн Шуру эне басып келип:- Ийи, айланайын сен кимсиң?-деди Рапияны таанып турса да таанымаксан боло, - өңүң жылуу учурайт, чүрөктөй болгон келин экенсиң, бирөөнү издеп жүрөсүңбү?-Шурунун какшыгы ого бетер Рапияны дудук кылып салгандай болду. Бир аз жер карап туруп анан:- Апа, апакебай, кечир мени, балдарымды жок дегенде өөп жыттап алайын дедим эле…-Рапия ыйлап жиберди.- Ии-ии балдар эми керек болуп калдыбы, жөжөдөй болгон чырактай эки баланы унутуп койгонуңа канча болду, бала тапкандыкы эмес баккандыкы дегенди билээрсиң, андан көрө сыйың менен кетип кал, балдарга азыр мен апаңмын десең түк ишенбейт, аларды алпештеген апасы бар, ал мына көрүп турбайсыңбы! -деп Айсалкынды көрсөтө берди.Рапия башка чапкандай делдирей түштү. Кандай бурулганын өзү да сезбей калды.Бир кезде дарбазанын шарак деп жабылганы угулуп эчкирип жиберди. Дароо так#### отурду да Бишкекти көздөй жөнөдү: Ал азыр өлгүсү келди, эми анын кимге кереги бар, сел жүргөн өзөндөгү суунун жээгине чыгып калган таштандыдай, агынды дөңгөчтөй керексиз болуп калганын дагы бир жолу сезди, өзөгү өрттөнүп көңүлү караңгылап бир кезде тууп таштап кеткен энесин каргады, жаратканга наалат болуп айтты дилинде. Үнсүз көз жашын төгүп кете берди.Таксист улам күзгүдөн карап коюп: "бул көз жашын төгүп мөгдөгөн сулуу келиндин эмне арманы, кандай сыры бар болду экен?" деп ойлонуп сөз суроого батынбай баратты. Рапия эсине кирип жигиттердин көзүнө чалына баштагандан тартып ата-энесинин тилин албай оюн зоокко сүйүп калып акыры ошонун кесепетинен кыз атынан жаңылганын, өзүн сүйүп калып бузулуп калганына карабай көзүнүн агы менен тең айланган Калмураттан кеткенин, андан кийин Ишенбектин көзүнө чөп салып андан төрөлгөн кызын да эстеп ыйлап баратты: "Балдардын, көзүмө карап, айтканымды аткарган ата-энемдин, Калмурат менен Ишенбектин кусуру урду мени, мен чын эле Таалайкүл жеңем айткандай күкүк эне турбайынбы, балдарым мени эми кайдан кабыл алмак эле, мени төрөп таштап дайынсыз жоголгон энемди тарткан окшойм, ал да мендей сыздады бекен, ал да мендей армандуу болду бекен же бактылуу гана мендей бир шордуу кызы бул жашоодо бар экенин сезбей эч нерседен капарсыз жашап жатат бекен?"Толгон токой ойлорду ойлоп заманасы куурулуп кайда барып эмне иш кылаарын билбей таксиден түшүп мас кишидей теңселе аялдаманын отургучуна отуруп калды. Ал ошол калыбында канча отурганы белгисиз бир маалда аны коңур үндүү эркектин доошу селт эттирди:- Чоң кыз, капалуусуң го, бир аз көңүл ачпайлыбы?! - Эмне?- Таанышып дегендей, капалуу отурасың, көңүлүңдү ачайын деп атам.- Жогол ары!-Бет маңдайында салабаттуу адамды көрүп Рапиянын кыжыры келип кагып кйоду.- Андай дебе чоң кыз, мындай баарлашып, ал жай сурашып дегендей, сага тийишип жетелеп кетчү чолок акыл жаш жигит эмесмин көрүп турасың, кайгыңды тең бөлүшүп жардам берейин деп ойлогом.- Мага эч кандай жардамдын кереги жок!- Макул анда, өзүң бил, - чоочун адам ары көздөй басып кетти.Рапия отурган жеринде мелтиреп отура берди: "Мен акмак, мен келесоо, мен акылсыз, кандай кылам эми, туубаган аялдай болуп как баш болуп каламбы, менин кимге керегим бар?" деп ойлонуп отуруп көңүлүнө бир ой келип үмүттүн оту жагылгандай караңгы үңкүрдөн жылчык табылгандай кубанып кетти: "Гезитке жарыя берем, балдар үйүнө таштап кеткен энемди, издеп табам, анан…" деп андан ары баары бүдөмүк болуп туруп алды. Аз, аздап өзүнө келип күүгүм кире баштаганда ордунан туруп мейманкананы көздөй жөнөдү. Негедир Рапияны көргөн эле эркек чап жармашып алмайы бар. Бул күнү да ага гүлгө айланчыктаган аарыдай эркектер көз салып тийишип калды. Мейманканага кирип орун алгандан кийин ажатканага барып келе жатканда эс алуучу жайда отурган үч-төрт эркектин бири:- Оххо-оо, бу чүрөк кайдан келип калды, билсек болобу?-деп бир күрсүйгөн эме ордунан туруп келип, колун сунду, - салам көгүчкөн, биз менен бир аз отуруп маектешпейсизби, таанышып алалы, менин атым Тимур.- Таанышууга көңүлүм жок, отура бериңиздер, мен эс алайын, - деп Рапия басып кетээрде Тимур колдон ала:- Кой антип жигит шагын сындырган жарабайт, бир жаралган чүрөк экенсиз, жашыңызда, тойс.. . балдыркан кезиңизде кандай болдуңуз экен, азыркы келбетиңиз ушул экен, - деп сугалактана сүйлөп кирди.- Колумду койо бериңиз да, жолумду тоспоңуз, мен сизге эрмектегендей, шакаба чеккендей жолдо жүргөн неме эмесмин!-Рапия колун жулуп алып тез, тез басып бөлмөсүнө кирип эшигин бекитип диванга жата кетти. Ошол бойдон чарчагангабы таза тынч бөлмөдө өзүн эркин сезе уйкуга кеткенин билбей калды.Эртең менен ойгонсо күн көтөрүлүп калган экен. Ордунан туруп жуунуп таранган соң "издейм сени" аттуу гезит бурчуна жарыя жаза баштады. Ал өзү чоңойгон балдар үйүн даана, так билбесе да өзү жөнүндө жазылган катты тарбиячысынан алып ушул кезге чейин катып жүргөн эле. Ошол катты алып өзгөртпөй кагазга түшүрдү. Ал катта мындай деген жазуу бар эле."Мени кечирип койгула, ушул наристемди бага албадым, анткени менин ата-энем билип калса балалыктан кечип, өзүмдүн да абийрим төгүлөт, ушуну төрөгөнчө орус кемпир Валя апанын үйүндө бекинип жаттым. Мен алданган шордуу кызмын. Менин ким экенимди билбей эле койгонуңар дурус. Кызымдын атын өзүм Арууке деп койдум, анткени менин аруу махабатымдан жаралган. 1967 ж. 20-декабрда төрөлдү. Мендей алсыз, аргасыз, арсыз энесин билбеген бойдон калсын"" Бейтааныш бейбак" 1975ж. 23-декабрь." Эгерде ушул катты бир кезде жазып таштаган аял азыр болсо менин катыма жооп берсин. Сиз издебесеңиз да, бир кездеги балдар үйүнө таштап кеткен кызыңыз издейт, апаке! Жүзүңдү көрүп үнүңдү уккум келет. Мени балдар үйүнөн жакшы адамдар багып алып эч нерседен кем кылбай бакты. Азыр алардын көзү өтүп кеткен. Өз энемди көргүм келет. Мени баккан ата-энем менин атымды өзгөртүп Рапия деп коюшкан экен.Рапия Анарбаева.Дарегим: Бишкек шаары, Кулиева көчөсү, 33. "Рапия бир айга чейин Кулиева көчөсүндөгү квартирада өзү берген жарыянын, издөөнүн жообун күтүп жатты. Бирок бир да дарек болбогон соң кайрадан көнгөн Россияга жөнөп кетти.
#КукукЭнеЖеСойкунунТаг
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 25